Күн бүгүн

"жолборс жылында кабыландай кайраттуу болуп, чындыкка тике карайлы!"
АЛАЙЛЫК АКСАКАЛДАРДЫН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУСУ
Урматуу мекендештер! Калайык калк кадырман журтум! Бугүн биз, алайлык аксакалдар, ак элечек энелер, тактап айтканда улуу муундун өкүлдөрү, бүткүл Кыргызстан элине кайрылуу менен чыгып жатабыз.
Алайдын ардактуу атуулу, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, генерал сыймыктуу уулубуз Исмаил Исаковго чыгарылган буйрутма сот өкүмү чак түштө жанган чагылган сыяктуу Алай элин эле эмес, бүтүндөй коомчулукту ойго салып, түйшөлтүп турган учуру. Белгилүү болгондой генерал И.Исаков азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына, коррупцияланган башкаруу системасына каршы экендигин, мындан ары мындай бийлик менен иштеше албастыгын ачык айтып, ез каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин, жалган жалаа, жөнү жок айып тагып, 9 айга созулган сот мынтип буйрутма өкүм менен аяктап отурат. Биз мындай сот өкүмүн И.Исаковго карата жасалган саясий буйрук, мыйзамды одоно бузуучулук, карасанатайлык деп эсептейбиз. И.Исаковго коюлган күнөөлөрдүн бири да сот жүрүшүндө аныкталбаганы белгилүү, анткени биз кабардар болуп турдук.
Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эле оор саясий жана социалдык абалдан чыга албай, коңшу мамлекеттер менен теңата боло албай койду. Түбөлүк жаратылыш тартуулаган мөңгүсү бар, алкынып аккан Нарындай дайрасы туруп, Токтогулга суу толбой, элге энергия жетпей, баа төлөмдөрү чегине жетип, күнүмдүк жетишпеген көр турмуш көйгөйүнөн көңүлү чөгүп, калктын калың катмарын жакырчылык кокодон алып муунтуп келет. Эл байлыгын талап-тоноп, ез кызыкчылыгына пайдалангандар, жер-суу, тоо-таш, кен байлыктарга көз арткан шылуундар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жерлерибиз чекесинен коңшуларга кетип, кен-байлыктарыбызга башка элдер кожоюн болгону аз келгенсип, бүтүндөй кыргыз тарыхын камтыган көөнөрбөс көркөм мурасыбыз Манасты да тарттырып олтурабыз. Куру убада, кургак сөз, обу жок жагынуучулук, ашкере кошоматчылык күндөн күнгө кулачын кенен жайып, адилетсиздик өкүм сүрүүдө.
Байлыгыбыз чачылып, жер-сууларыбыз сатылса, уул-кыздарыбыз уясына кайрыла албай, көр оокаттын айынан көрүнгөн жерде күн өткөрүп, калыс сүйлөгөндүн кабыргасын кайыштырып, баш көтөргөндү башка чаап, эл-жердин таламын талашып таамай айткан эр-азаматтарга саясий айып тагалып, жалган жалаа менен түрмөгө тыгып жатса эртеңкиден эмнени күтсө болот? Бир бүтүн эл болуп, баш көтөрүп, чыркыраган чындыкты ачык айтууга мезгил өзү мажбурлап турат.
Бүгүн Алайдын уулунун башына түшкөн адилетсиздик эртең Таластын, Чүйдүн, Нарындын, бүрсүгүнү Аксынын, Акмандын, Кара-Кулжанын эр-азаматтарынын башына түшпөйт деп ким кепилдик бере алат?
Жок! Нарк-насилдүү, түпкүлүктүү кыргыз калкым! Бийликтин ар кандай арамза айла-амалдарына алданып, элибиздин эртеңкисине, келечегибизге кайдыгер карабайлы. Бир келип, бир кетчү байлык, бийлик, мансапка жеңдирбей уюткулуу кыргыз журтунан урпактарга кең келечек калтырып, мекенчил эр-азаматтарыбыздын кайратына бөгөт койгон бийликке баш көтөрүп, тике карап калыс сөзүбүздү айталы. Кеч болуп кала электе ойлонууга, ойгонууга чакыралы. Бөтөн эл, башка жерден келгендер кыргызга эл болуп бере албастыгын, капчыгы толгондо кайрылбай кетээрин мезгил көрсөтүп жатат го. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" - демекчи, биздин байлыгыбыз дагы, бийлигибиз дагы өз элибизге, жүрөгү эл деп соккон мекенчил эр-азамат уул-кыздарыбызга таандык экенин дагы бир жолу тактайлы. Баш кесмек бар тил кесмек жок. Келгиле калайык калк кадырман журтум, ачуу чындыкты ачык айтып, акыйкатсыздыктын алдын тосолу. Жаңырган жолборс жылында, кабыландай кайраттуу болуп, чындыкка тике карайлы.

Уманов Пайзилла
Таабалдиев Жаныбек
Турганбаев Осмон
Балтабаев Эрмекбай
Жусуев Абдибали
Мамаева Ажар
Жумабаева Ырыс
Кожомбердиева Шаани
Турганбаев Кармышак
Аринова Айгүл
Исраилова Сурма
Бекмурзаева Сонунбү
Сагынбаев Азимбек
Насипа, Жибек, Чүрөк ж.б.
Мамаев Доолотбек
баардыгы болуп 230 адам
кол койгон





Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге Алай элинин
КАЙРЫЛУУСУ
Жаңырган жылдын он биринде 9 ай бою иликтенген сот иши Алайдын ардактуу атуулу, армиянын генерал-лейтенанты И.Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарып бүтүндөй Алай элинин эсин эки кылып, толкутуп турат.
Биз генерал И.Исаковго кызмат абалынан кыянат пайдаланды дегенге тук ишенбейбиз. Анткени И.Исаков өмүрүнүн дэарлик 40 жылын армияга кызмат кылуу менен өткөрдү. Баарыбызга белгилүү болгондой армияда темирдей бекем мыйзам иштейт. Кыянатчылык, алдамчылык, кез боёочулук, алдым-жуттум, куру убада деген болбойт. И.Исаков мектепти аяктагандан баштап 2000-жылга чейин армияда кызмат кылса, качан, кайсы убакта кыянатчылыкты үйрөнүп алмак эле?
Биз генералдын так, таза ачык-айкын куулук-шумдугу жок иштегенине төмөнкүдөй далилдерди келтире алабыз. 2000-2005-жылдары Алайдан депутаттыка ат салышып башка талапкерлер сыяктуу акча, арак таратпай, ачык айтып, ак сүйлөп эле элдин ишенимине ээ болгон. Ошол шайлоолордон кийин И.Исаков элдин эсинде эл учун иштеген, таза, айтканын так аткарган инсан катары калды.
Өз кызыкчылыгын ойлоп байлык топтоп дүнүйө жыюу деген И.Исаков үчүн жат көрүнүш экенин биз жакшы түшүнөбүз. Тескерисинче элибиздин бейпилдиги, жерибиздин бүтүндүгү, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн билимин, күчүн, иш тажырыйбасын аябай, керек болсо өмүрүн да тобокелге салган мекенчил инсан.
И.Исаков генералдык наамды мурунку СССР, азыркы шериктеш мамлекеттерден тарта Варшава договоруна кирген кызматташ социалисттик мамлекеттерде кызмат кылып, Ата-Мекен алдында өтөгөн ак эмгеги үчүн татыктуу болгон. Эл тараза, эл калыс дет коёт эмеспи, чындык үчүн айтып коюш керек И.Исаковдой таза жетекчини жолуктура да, эшите даты элекпиз. Айрыкча Коргоо министри болуп турганда Армияга мурда-кийин болуп көрбөгөндөй жаңыланууну жасап, аскер кызматкерлерге, аскерлерге көргөн камкордугу айтып бүткүс тарыхта калчу эмгек. Ушундай уулубуз менен сыймыктанып, алтургай ар тараптан алкыш сөздөрдү угуп турганда минтип ак жеринен күнөөлөнүп жатканы Алай элине урулган күтүүсүз сокку катары оор кабыл алдык.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Эсиңизде болсо керек, Акаев бийлигин кулатып, Сизди мамлекет башчысына алып келүү учурундагы шайлоодо Сиз Алайга басып келген эмессиз. Анткени И.Исаковдун кичи мекени катары жакшы жыйынтык болооруна ишенгенсиз. Алай эли да генералдын урматы, убадага тактыгын, айтканын аткара билгенин эске алып, сизди бир добуштан шайлаганбыз. Мынтип бир мезгилде генерал ак жеринен түрмөгө отуруп калат деп ошол кезде ойломок турсун, түшкө да кирген эмес.
"Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" - демекчи, И.Исаковдун ачуу-чындыкты айтканы неге оор кабылданып жатат. Мен айтпасам, сен айтпасаң, анда ким айтат дегендей кечээги эле, санаалаш, үзөнгүлөш адамыңыз катары, "ийри отуруп, түз кеңешип" эл-журт үчүн чогуу-чаран иш жүргүзүп алдыга кадам шилтеп элди багып кетсеңер, эл тынч, эл ичинде өзүңөр тынч бейпил жашоо болот эле го.
Чыгыш ойчуларында мындай бир улуу сөз айтылат "сени бир жолу мактагандан оолак бол, ал эми эки жолу мактаганга түк жолобо"- деп. И.Исаковго окшоп түз сүйлөп, таза иштеген адамдар жетишпей жатканы үчүн Кыргызстан кыйынчылыктан чыга албай жатканын эске салуу менен биз Сизден мамлекет башчысы, Конституциянын гаранты катары генерал И.Исаковдун сот өкүмүн өзгөртүп тез арада актап чыгарууну суранабыз.

Бардыгы болуп
1 300 адам кол койгон