Жер кетти

"Анклав"
22-январда Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү Казакстандын ээлигинде турган эс алуу жайларын ижарага берүү жөнүндөгү эки өкмөт ортосундагы келишимди мыйзамдуу бекитти. Ошентип, Казакстан утушка ээ болуп, Көл кылаасындагы 4 эс алуу жайына ээлик кылмай болду. Кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлдүн чок ортосундагы 58,8 гектар жерди кыргыз парламенти Казакстан мамлекетине 49 жылга ижарага берүүгө макул болду. Мамлекеттик мүлк министри Т.Турдумамбетовдун билдиргени боюнча казактар ижарага алган жердин ар бир гектары үчүн 24 миң сом ижара төлөйт имиш. "Ушунчалык да берешендик болобу? Алтындай жердин бир гектары үчүн 24 миң сом алуу күлкү келээрлик, бир чети күйө турган иш" деп, парламенттеги СДП фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаеванын каңырыгы түтөп айтканын андагы басымдуулук кылган "ак жолчулар" этибарга да албады. Ал тургай "Ак жол" фракциясынын айрым депутаттары өлкөнүн жеринин тагдыры чечилип жаткан андагы талкууну токтотуп, келишимди жактырууну эртерээк добушка коюуга өтүнүп да киришти. Ошентип, парламенттин коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевдин: "мага бул келишимде кандайдыр бир кызыкчылык бардай сезилет. Болбосо эмне үчүн мурда белгиленгенден көп жерди берип жатабыз?" деген суроолуу ойлору ачык жообун таба албай, ошол эле фракциянын карыя депутаты Бейшебек Акуновдун: "49 жылга ижарага берилген жер Казакстанга биротоло кетти окшобойбу" деген үшкүрүгү менен коштолуп кала берди. Ал эми, социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун пикиринде: "Эми, ушул ижарага берилген жер Казакстандын мыйзамына баш ийет. Жакында алар ошол 58 гектар жердин баарын бийик тосмолор менен коргондоп алат. Ал жерде бир дагы кыргыз мыйзамы иштебейт. Ошентип, өзүнчө эле Казакстан анклавы пайда болот"...
Анысы ал, эртең эми казактардыкындай болгон качан болсо газ маселеси менен коркуткан көл жээгинде төрт пансионаты бар Өзбекстан да дал ушундай маселени койбойт деп ким айта алат? Уже койду. Жаңы жылдан кийин дал ошол газ боюнча Ташкенге барып келген Кыргызстандын өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун алдына Өзбекстан өкмөтү Ысык-Көлдөгү алардын 4 пансионатынын башын ачып алуу маселесин көтөрдү.
Анклав демекчи, буга чейин жогорудагыдай башка өлкөлөргө 49 жылга деп ижарага берилген кайсы жерлерибизди кайтарып ала алдык? Мисалы, Өзбекстан менен Тажикстанга берген жерлер. Ошол эле Сох, Шаймерден, Ворух. Ал жактагы жергиликтүү эл Сохту кереметтүү, Баткендин борбору болчу жер эле деп азыр да тамшанып айтып келишет. Ошол Сох 1950-жылдардын ортосунда Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилген. Бирок, кайтарып берүү убактысы келип калган мезгилде, тагыраак айтканда 1999-жылы Өзбекстандагы Ислам кыймылынын боевиктеринин Кыргызстанга кирип келгенин себеп кылып, өзбек тарап Сох анклавына өз аскерлерин киргизип, чычкан өтө алгыс абалды түзүп алган. Андан ары маселени өз тарабына толук чечүү үчүн, газ түтүктөрүндө авария болду деген шылтоо менен 2001-жылы, кыштын кыраан чилдесинде Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон. Ошентип, кереметтүү Сох "соодага" түштү. 2001-жылдын февралында Кыргызстандын андагы өкмөт башчысы К.Бакиев менен Өзбекстандын премьер-министри У.Султановдун ортосунда Сох боюнча жашыруун меморандумга кол коюлуп, анклав Өзбекстандын негизги территориясынын бири болуп калды. Бул жөнүндө убагында ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз бийлигинин жетекчилеринин отставкасын талап кылып, "кыргыз жерин жашыруун сатып жиберди" деп айыптап чыгышкан.
Ошол сыяктуу эле Фергана өрөөнүндөгү эң кооз аймактын бири, дем алуу органдарынан жабыркагандар үчүн дартка даба болгон Кыргызстандын Шахимардан деген жери да убагында ижарага берилген. Бүгүн ал жер да Өзбекстандын өз жерине айланган...

Нурдин АСАНОВ