Бүгүнкү күндүн эртеңи бар

Жашоосу кымбат - Кыргызстан
Эх жаштык! Жаштык!... Сенин демиң, жалтанбаган өрт мүнөзүң менен ийгиликкке жетишсем деп канчалаган жаштарыбыз аракеттенип келет. Бүрдөп келе жаткан өмүр чексиз болуп сезилип, оргуп аккан күч ар күндү тунук сезим менен коштоп, жаңы күндөн көп нерсени күттүрөт. Жаштык бул улуу күч , алдыга умтулууга шашылган күч десем жаңылышпасмын.

А, бирок бүгүнкү күндө өзүнчө эгемендүү мамлекет болгон өлкөбүздүн жаштары көптөгөн маселелерге туш болуп жатканын кимден жашырабыз?
Сыртынан карасаң баары ойдогудай…Жаштардын күлкүсү жаңырганын байкайсың. Биринен бири өтүп, татынакай кийинип жүргөнүн көргөндө баары жыргап жүргөндөй сезилет. А бирок "тышы жалтырак, ичи калтырак"- дегендей, алар татыктуу билим алып жатты бекен же болбосо сессиясын жабыш үчүн күндөп-түндөп иштеп жүрөбү? Окусам деле, окубасам деле акча берем деп же иштээрге иш таппай, бөлмөсүндө уйку менен күн кечирүүдөбү? Модага айлантып чылым чегип, мүнөттүк жыргалга батып, ден соолугун болушунча бузуп жаткандарга эмне деп айта алабыз?
Жаштар проблемасынын алкагында негизги көйгөйлүү маселе бул наркозаттарга берилүү, тышкы миграция, жумушсуздук жана башкалар...
Булардын ичинен Кыргызстан үчүн эң башкы көйгөйлүү маселе бул жумушсуздук. Көптөгөн жаштарыбыз Кыргызстандан өз ордун таба албай жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрүдө ар кандай жумушта эмгектенип жатышат. Кыргыз мамлекети үчүн бул көйгөйлүү маселе өтө кооптуу, анткени кыргыз жаштары өкмөткө ишенишпейт. Кыргызстандын келечегине ишенимин жоготкон. Айрымдары өз келечегин кыргыз жергесинде элестете алышпайт. Ар бир атуул, өзгөчө жаштар, патриот болушу керек эле. Бирок мамлекет үчүн, кыргыз эли үчүн мекенчил болуу аздык кылат. Ал үчүн иштеген туруктуу ишиң менен сенин алган маянаң да мекенчил болууга өз салымын кошушу керек эле дээр элем. Тилекке каршы, биздин эгемендүү мамлекетибизде мындай шарттар жок. Күндөн, күнгө эмес, эртең мененки баа менен кечки бааны салыштырып болбойт. Жашоонун өзү кымбаттап бара жатат, а бирок ушул шартка ыңгайлуу маяна жогоруладыбы? Мүмкүн… анча-мынча пайыз кошулгандыр. А бирок базардагы туруктуу баа сакталбай жатпайбы!
Мамлекеттин жүргүзүп жаткан жаштар саясаты канчалык өзгөртүлүп атат дегенибиз менен бүгүнкү күндөгү демейде биз келечек муун дегендердин маселелерин чече алдыбы? Өкмөттөн эч нерсе күтпөгөн жаштар, тагдырга баш ийип олтуруп калбастан жашоого умтулуп, тиричилик өткөзүшүүдө. Мындай көрүнүш канчага чейин созулат? Качан эмгекке жарамдуу кыргыз жарандары боордош казак элине, орус элине жана башка коңшу мамлекеттерде эмес, киндик кан тамган өз мекенине эмгек кылат. Мамлекет жакыр, Казакстандыкындай же мунай жок деп өзүбүздү актайбыз. Бирок ушундай жакыр мамлекетте жаштар маселесин көңүл жаздымда калтырган, элеттеги элдин эмес, жеке өзүнүн келечегине кам көргөн, эрбеңдеген экономиканы, саксаңдаган саясатты кеп кылгандар бардар жашоо кечирип жатышпайбы? "Келечек жаштардын колунда", "алар биздин келечегибиз",- деп сөз арасында айтылып эле жүрөт. А бирок ошолорго тийиштүү шарт түзүп бергендер барбы? Жок. Андан көрө пенсияга чыкса дагы кирип-чыгып иштегенине курсант же "пенсияга чыгаарыма аз калды, бул иштин пайдубалын биз түптөгөнбүз" деп жаштарга орун беришпейт. Күркүрөгөн күз келип аш-тойдун учугу уланганда андайларды иштен табам деп ойлобо. Акасинин-үкасинин, небере, жээн, жерге жээгинин тойлорунан колу бошобойт.
Коррупциянын, контрабанданын, ырайымсыздыктын чордонуна айланган мамлекетибизди жакшыртуу, дүйнө элдеринен бизди айырмалантып турган тилибизди жандантуу, бөбөктөрүбүздүн келечегин жакшыртуу биздин милдетибиз го, курбулар. Өзүбүз үчүн эмес, өлкөбүзгө кызмат кылып, чечкиндүү кадамдарга умтулалы.

Кундуз Исмаилова




  Кыргызстандын "Сибиринде"

Нарынды тейлеген губернаторлор намыска жарадыбы?
Эсил кайран СССР кулап, губернатор деген термин пайда болгону, теңир тоолуктар губернаторго жарыбай койдук. Башкасын айтпаганда да кечээки кеткен Ж.К.Азыловду эле алалычы. Чиркин жигит ошол СССРдин убагы болсо, бир "откорм совхозго" эле ортозаар директор болчу жигит экен. Үйүрүнөн адашып калган жаныбарча, келди да кете берди. Анан кандайча президентибиз К.С.Бакиев "Даңк" медалын берип, далыга таптап, посолго "пошол" кылганын түшүнбөй калдык.
Анан А.Касымалиев келди. Аксакалдар айтышат эмеспи, жаман да болсо өз улагыңдан теке сал деп. Теңир тоонун кулуну эле. Көптү күткөнбүз. Жыл айланып иштеген жок. "Акжол" партиясына алгылыктуу "очко" алып бере албай, Салымбековдон сартча сөгүү угуп, саясаттын сары улагы болуп, садагага чабылып кете берди.
"Каттани"-деген каймана аты бар Суваналиевдин келиши Нарын элине чоң ишенич жараткан эле. Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат болуп, ишине катуу киришкени да чын болучу. Ошондо мурунку оппозициянын короосун "шыпырган", "Агым" газетасы "Каттанини" катыра мактаган макаласын да жарыялап жиберген эле. Чоң койдун керчөөсүндөй Нарындын бармак басым базарын тартипке салганы жөнүндө. Ошол Ө.Суваналиев тез эле тартипке салган базарды, сегиз жыл Нарындын мэри болуп иштеген Б.Боогачиев тартипке сала албаганы да чын болучу. К.С.Бакиев Нарынга барып эл менен жолугушканда топтошкон аялдар Б.Боогачиев мэр болуп иштей албайт, кетсин деп кыйкырып чыгышкан эле. Ошондон көп өтпөй Нарында мэр шайлоо болду. Шаардык кеңештин депутаттары колдобой, Б.Боогачиев мэрликке өтпөй калган. Себеби: Нарын шаардык жылуулук берүүчү ишканасынын башчысы Жапаралиев Бакыттын өлүмү, мамилелеш, санаалаш депутаттарга катуу тийген өңдөнөт. Ошол кезде "Каттани" менен мэр Б.Боогачиевдин алмак-салмак жемелөөсү, иштен кет маанисинде опузалоолору, жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Б.Жапаралиевдин жүрөгүнөн приступ болуп, өлүмүн тездеткени жөнүндө айың кептер азыркыга чейин айтылып жүрөт. Каарданган "Каттани", Б.Боогачиевдин мэрликке өтпөй калышын, "ушулар жасады"-деген ушакка алдырып, өзүнүн аппарат жетекчиси А.Т.Апсаматовду, иштегенине эки ай боло элек, облборшайкомдун төрагасы М.Кадыркуловду кызматтарынан шыпырган эле. Өкүнүчтүүсү: мээлегенине жетпей, мэрге өтпөй калган Б.Боогачиевди, эми аппарат жетекчисине алып келгени болгон. Эсеби маселен: экс аппарат жетекчиси А.Т.Апсаматов эмки аппарат жетекчиси Б.Боогачиевден ат чабым алыс жүргөн жигит эле. Интеллект деңгээлиби, потенциалыбы, кыскасы бардык жагынан. Аппарат жетекчисинин кызматы үчүн Б.Боогачиевден "Каттани" 20 миң "бакс" алыптыр деген имиш, кичинекей Нарындын ичине жел менен кошо тарап кеткени бар эле. Президенттик шайлоодо "Каттани" К.С.Бакиев үчүн жакшы эле жан үрөдү. Теңиртоолуктар А.Атамбаевди колдоп, К.С.Бакиевди беш пайыз да колдобой койгону чын болчу. Эсеби маселен: Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө бюллетендерди саноо учурунда К.С.Бакиевди колдоп, беш пайыз да добуш берилген эмес. Ошондо шефи "Каттанинин" каарынан корккон айылдаш кулунубуз, областтык ГФРЭнин жетекчиси Б.Исраилов, райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси, айылдаш кулунубуз С.Ж.Нурмамбетовдор туугандыктарын туу тутуп, айылдаштыгын бетине кармап жатышып кетишкенин танышса да, комиссия мүчөлөрү тандыра коюшпас. Албетте жогорудагы иштеринен кийин "Каттани" кашыктап чогулткан абийирин дамбалына чейин төгүп алганы да чын болучу. Ө.Суваналиевдин кызматтан кетиши өлкөбүздө ар кандай сөздөрдү жараткан эле. Чындыгында президентибиз К.С.Бакиев үч жолу чакыртып, Менделеевдин мезгилдик таблицасындагы 16 элемент катылган Жетим Тоону, анан Ак-Сайдан да кытайларга жер берүү жөнүндөгү документтерге кол коюп берүү жөнүндө суранган экен. Төртүнчү жолу президент чакыртканда, кабинеттин ачкычын секретаршасына тапшырып, машинасын минип кете берген экен. Ошондон кийин бөксөрүп калган абийири кайра толуп, Нарындын эли Ө.Суваналиевди эл үчүн зор эмгек жасаган кадимки "Каттани" катары эскерип жүрүшөт.
Ал эми Жети-Өгүздө аким болуп турган Т.Чекиевдин Нарынга губернатор болуп келишин, теңир тоолуктар Жетим-Тоодон жана Ак Сайдан айрым жерлерди кытайлыктарга берүүгө кол коюу үчүн жиберилген К.С.Бакиевдин "десанты" катары кабылданып жатканы да чындык. Т. Чекиев "Каттаниче" жигиттикти туу тутабы же сайпаначылыкты туу тутабы мезгил көрсөтөөр...

Асмат ЖУМАКАДЫРОВ,
Нарын району,
Миң-Булак айылы