Окурмандар жазышат

Айтматов мени "Бостонсуң" деген эле
Ар бир элде генийлер жаралат. Алардын бирөөлөрү тарыхта терең из калтыруу менен өз элине кубанычтарды алып келсе, экинчилери, тилекке каршы, азапты, кайгыны алып келишкен. Мындай генийлердин арасында көптөгөн улуу ойчулдар, философтор болушса, искусство менен адабияттын шедеврлерин жараткандары да алардан кем эмес.
Эл да мындай гений уулдарын унутушпай, муундардан муундарга атын чыгарып, даңазалап келишкен. Эл арасынан чыгаан тарыхый инсандар жүз жылда бир гана жаралат деген да сөз бар.
Эгерде монгол эли улуу аскер башчылардын бири Чыңгысханды жаратса, кыргыз элинен улуу ойчул, гуманист, адабияттын классиги, адам рухунун "инженери" Чыңгыз Айматовду жаралып отурат. Ал - өзүнө бүт дүйнөнү батырган, жер шаарынын элинин атынан чыгып сүйлөгөн, чынында эле дүйнөлүк масштабда таанылган улуу сүрөткер, философ.
Анын аты менен дүйнөдө кыргыз эли таанылган жана мамиле аныкталган. Анткени Ч. Айтматов өзүнүн элүү жылдан ашуун чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк адабияттын казынасына зор салым кошо алды.
Мен бул макаламды элибиздин гений уулуна арнап отурганым тегин жерден эмес. Ч. Айтматовдун чыгармалары биздин ар бирибиздин турмушубуздагы айныксыз чындыктын фактылары менен сугарылган. Ошондуктан анын каармандарынын өмүр жолу - ар бирибиздин өмүр жолубуздай. Анын үстүнө мен аны менен жолугушуп баарлашуу бактысына да ээ болгонмун.
Чыңгыз Төрөкулович менен алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын он жылдыгына арналган салтанатта бетме-бет жолугуштум. Мен ага чейин эле дүйнө жүзүндөгү миллиондогондор сыяктуу анын чыгармаларынын окурманы, күйөрманы жана айрым чыгармаларына рецензиялардын автору элем.
Мени менен сүйлөшүп жана менин жазгандарымды барактай отуруп, бул улуу жана бир эле убакта эң жөнөкөй адам мен үчүн күтүүсүздөн: "Сен Бостонсуң" деди.
Мен анын өтүнүчү боюнча айрым жазгандарымды калтырдым. Ошол кечеде Чыңгыз Айтматов кыргыз музыкасынын классикасы болуп калган "Эсимде" аттуу ырды башка өңүттө, тагыраак айтканда юрист, коомдук ишмер катары белгилүү кыргыз кызы Чолпон Баекова ырдай тургандыгын жарыялады. Ал болсо бул ырды өтө таланттуу аткарды. Ырды угуп жатканда менин эсиме жаш кезимде ушул ырды мен да аткарып, байге катарында гармошка алганым түштү.
Ооба, убагында менде да үн бар болчу. Бирок, өкүнүчкө жараша, айдоочу болуп иштеп жүрүп бензинден улам аны жоготком. Антсе да азыр деле кээде кыргыз, орус, украин жана өзбек тилдеринде ырдап калам. Бул эми кеп кезеги келгенде айта кеткеним.
Чыңгыз Төрөкуловичтин "Советская Киргизия" гезитине 1962-жылдын 5-майында жарыяланган "Светоч эпохи" аттуу макаласындагы төмөнкү сөздөр эсимде: "Адамдар кылымдар бою чындыктын кушун издешкен, кылымдар бою көктү карап: "Чындык кана?" деп сурашкан жана алар дүйнөдө чындык бар экендигине дайыма ишенишкен...
Бүгүн бул сөз биз үчүн өзгөчө маңызга, өзгөчө мааниге жык толгон, ойчул тарабынан бул да кокусунан айтылбаган. Ал адамдарга өтө кооптуу, өтө олуттуу ойлорду мураска калтырган: "бизди дүйнөдө эмне күтүп турса да, адамдар бул дүйнөдө туулуп жана өлүп жаткан учурда..." Акыйкаттыкты жана Адилеттүүлүктү сактоо керектигин ("Ак кеме" повестине кириш сөздө).
Анын каармандары - элден чыккан адамдар, карапайым эмгекчилер жана Мекенин сүйүшкөн улуу рух ээлери. Алар жакшылыкка үндөө жана жамандыкты жана абийирсиздикти жектөө менен биздин мезгилдин жаркындыгына жана тазалыгына ишенишет… мына ошонун урматына жашашат, азап тартышат жана күрөшүшөт.
"Чындык менен акыйкаттыкты" издөөчүлөр Танабай, Бостон, алгачкы мугалим Дүйшөн, жаңы кудайды издөөчү Авдий Каллистратов бул айтылгандарды тастыктап турат. Булар өздөрүнүн акыйкат экендиктерине ынанышкан, жаңы коомду курууга активдүү катышышкан, же Авдий сыяктуу акыйкаттыкты өжөрлүк менен издешкен адамдардын жаркын образдары, анткени акыйкаттык менен чындык баарынан жогору эмеспи. Айтматовдун каармандары ак ниеттүүлүккө, чынчылдыкка укукту коргошкон, бирок, тилекке каршы, өз принциптерине туруу алар үчүн жөнөкөй болгон жок.
Айтматовдун бардык каармандары гуманизм принциптери боюнча жашашат, жакшылыктардын үстөмдүк кылуусу үчүн күрөшүшөт, бирок бул алар үчүн оңойго турбайт, шарттар жана курчап турган адамдар аларга кысым көрсөтүшөт.
Мен үчүн Айтматовдун каармандары жакын адамдарым, турмуштагы сапарлаштарым болуп калышты. Өзүмдүн аракеттеримде жана кылык-жоруктарымда мен Айтматовдун каармандарынын -Дүйшөндүн, Танабайдын, Эдигейдин жана Бостондун аракеттерине жана кылык-жоруктарына окшош нерселерди таптым. Буларды жөн гана окшоштуктар эмес, андан чоң нерселер деп ойлойм. Өзүмдүн эс тарткан курагымдан бери мен принципиалдуу жана таза болууга умтулдум. Финансы-экономикалык жана контролдоочу кызматыма жараша да, ага чейин катардагы айдоочу болгонумда да мен чарбасыздыкка, коррупцияга жана паракордукка каршы күрөштүм, жөнөкөй калктын кызыкчылыктарын коргодум. Жетекчи адамдардын кемчиликтерин таптым, иштин кызыкчылыктары үчүн алардын кызматтарына жана наамдарына карабастан конференцияларда, чогулуштарда жана гезит-журналдардын беттеринде сындадым.
Тилекке каршы, менин мындай аракеттеримдин бардыгы кайра өзүмө тийип, аз жерден соттолуп кете жаздадым, анан да мени жок кылууга аракеттеништи. Мына ушулар жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө мен "Ак көңүлдүүлүкпү же социализмдин идеяларына берилгендикпи?" деген макаламда жазганмын.
Кол арага жарагандан баштап эмгектенүү мен үчүн кубаныч болуп калды. Акыл эмгеги болобу же кара жумушпу, өзүмдү аябастан күндөп-түндөп иштей берчүмүн. Ар кандай тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткарчумун, дайыма жогорку жоопкерчиликти сезип турчумун!
Орто мектепти аяктагандан кийин Рыбачьедеги "Автовнештранс" бирикмесинде слесарь, айдоочу болуп иштедим. 1961-жылдын 12-апрели - Юрий Гагариндин биринчи болуп космоско учкан күнү, Советтер Союзунун чоң жеңиши эсте калды. Ошол күнү темир жол станциясынан ЗИС-5 маркасындагы автомашина менен эртең мененки саат 5ке чейин ар бири 60 тонналык 4 вагондогу кантты ташыганмын. Гагариндин космоско учушу мени кубандырып, кошумча дем берди, мен Мекенимдин патриоту болуп кайра жаралдым. Эң башкысы эч ким мени бул ишим үчүн мактабады, жылуу сөз айтпады.
Украинадан жана Өзбекстандан финансы-экономикалык билим алгандан кийин мен республиканын Финансы министрлигинин борбордук аппаратында өз эмгек жолумдун экинчи бөлүгүн баштадым. Сегиз жылда башкармалыктын начальниктигине чейин жеттим.
Анан бир жолу ошол кездеги финансы министри Алиаскар Токтоналиев мени кабыл алып, Түп райфинбөлүмүнүн башчылыгы кызматын сунуштап, оюмду сурады. Бир аз мезгилден соң министрдин талабы боюнча шаардын борборундагы үч бөлмөлүү квартирамдын турак-жайга өтө муктаждарга берилишине макулдугумду бердим. Бул боюнча көптөр мени келечекти ойлобогонум үчүн жемелеп да үлгүрүштү. Бирок мен турак-жайды алып калууга аракеттенбедим, ага абийирим жол бербеди (Бул жөнүндө "Слово Кыргызстана" гезитинин "В конце недели" тиркемесиндеги "Трайбализм опаснее коррупции, страшнее мафии" макаламда белгиленген).
Мен жетектеген финансылык жамаатка 14 жыл аралыгында СССРдин мамлекеттик мекемелери арасында эң мыкты финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрү үчүн 9 жолу байгелүү орундар берилген жана өтмө Кызыл Туу тапшырылган.
Анда райондун финансы, экономикалык иштери үчүн жооп берсем да, мени жалпысынан райондун ийгиликтери да кабатырлантчу. Окуурмандар ар кандай ойлошу мүмкүн. Бирок, бул көрсөтмөлүүлүк эмес болчу, мен аны жеке кызыкчылыгым же карьерам үчүн жасабадым. Чынын айтканда, мен ал кезде коммунисттин позициясынан улам гана ошентчимин жана партиялык ар бир тапшырманы, ал кандай гана татаал болбосун, ак ниет, кыйшаюусуз аткарчумун.

(Уландысы бар)

Сатынды Самыкбаев,
Айтматов клубунун мүчөсү,
КРнын финансы контролунун отличниги





Бир жолу партиянын райкомунун бюросуна төл өнөктүгү боюнча маселени даярдоо үчүн айдоочусуз УАЗ-469 автомашинасы менен түнкү саат бирде чыгып, Түп районундагы Миң-Булак менен Тасма кырка тоолорунун ортосунда келе жатканда жарга автомашинам кулап кетти. Эшиги басып калып, дем алууга мүмкүн эмес, бензин бетиме тамчылап жатты. Мен машинанын кайсы бир бөлүгүнө таянуу менен күчүмдүн жетишинче түрттүм, бактыма жараша, машина менден ары жылды. Бир жарым метрлик кар бар жарда таң атканча жатып, андан чабандар тартып чыгарышты. Көкүрөгүмдү сыздаткан ооруга карабастан өзүмдүн ден-соолугума жана күчтүү организмиме ишенип короолорду кыдырып, малчылардын абалы менен таанышууну уланттым. Кийин врачтардын аныктаганы боюнча көкүрөгүмө залака кеткен экен. Грузияга барып дарыланып чыктым.
Мен короолордо болгонумда чабандардын балдарынын түнкүсүн койлордун туутканасы менен жанаша жерде төшөккө оронуп-чулганып жатышканын көрүп, аларды аягандан жүрөгүм сыздады. Ал эми ата-энелери түн уйку, күн тынымын билбей короо-сарайда жүрүшчү...
Белгилүү болгондой, ал кезде өзгөчө эт, сүт жана башка продукцияларды өндүрүү боюнча пландарды аткарууда ар кандай амалдарга, айрым учурларда мамлекетти жана элди алдоого, аягында келип кылмыштуу иштерге барышчу. Менин төмөндө айткандарым аны тастыктап турат.
Айрым райондордо жалпысынан 100 койдон 112ден козу алуу милдеттенмелери берилүүчү. Ал аткарылгандыгы, атүгүл ашыкча аткарылгандыгы боюнча рапорттор берилүүчү. Бирок иш жүзүндө 70-80ден эле козу алынуучу. Бул кошуп жазуулардын эсебинен айрым чабандардын көрсөткүчтөрү жүзүнө 199га чейин жетип жүрбөдүбү!
Чабандар малдын ашыкча өлүмү үчүн өз койлорун кошуп беришчү, айрымдары соттолуп түрмөлөргө отурушту. Ал эми малдын өлүмү тоют даярдоону талаптагыдай уюштура алышпаган ыкшоо чарба жетекчилеринин айынан болуучу.
Эт өндүрүү планынын аткарылбаганын жашыруу үчүн отчеттордо ысык тамак уюштурулган катары көрсөтүлүү менен чабандардын эмгек акыларынан белгилүү бир суммалар кармалып калуучу. Жетекчилер сүт жана башка продукцияларды өндүрүү боюнча да ушундай амалдарга барышчу, натыйжада негизинен малчылар жабыр тартып калышчу.
Мындай көз боемочулуктар, кошуп жазуулар жөнүндө республиканын биринчи жетекчилери да билишчү, бирок унчугушчу эмес, анткени аларга ээлеген кызматтарын сактап калуу, жогорку сыйлыктарды алуу маанилүү болгон.
Ошол кездеги жетекчилик каалагандай, республикада койдун санын 14 миллион башка жеткизсек, кыргыздардын 60%ы чабан, сакмалчы, демек, жыйырманчы кылымдын "кулдары" болуп калышмак.
Союз кыйрагандан кийин республиканын бардык булуң-бурчтарынан согуштагыдай талкаланып-бузулган короо-сарайлардын кирпичтери, жыгач-таштары, темирлери Бишкек шаарына вагондоп ташылып келинди. Ал эми республикага келген кредиттер менен гранттар кумга сиңген суудай жок болуп жатты. Ошол эле мезгилде кыска убакыт аралыгында Бишкекте хан сарайлар курулуп калды.
Мына ошентип элдик байлыктын эсебинен алдым-жуттумдар байышып, "жаңы кыргыздар" - миллионерлер пайда болушту.
Ушул жерден ал кезде республиканын коопсуздук министри болуп турган Ф. Куловдун экономикалык кылмыштар тарабынан келтирилген зыяндардын суммасы 1 миллиард сомдон ашуун, анын ичинен эл депутаттары тарабынан келтирилгени 140 миллион сом деп тастыктоосун келтире кетейин. Анын сөзүндө чындыктын үлүшү бар.
КРнын Финансы министрлиги системасынан кийин мен контролдоочу органдарда, мисалы өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы инспекциясында иштедим. Кызматттык милдетим боюнча КРнын ИИМинин жана УККсынын жана алардын кызматкерлеринин өтүнүчтөрү боюнча финансылык кылмыштарды, көз боемочулуктарды териштирдим. Ошентип жоголгон кредиттик, гранттык жана финансылык ресурстардын арасында сүңгүп, бир нече миллион сомго жеткен кемчиликтерди ачтым.
Мен мында адаттагыдай эле бул өтө татаал, жагымсыз ишке баш-отум менен кириштим. Менин мындай ашыкча күжүрмөндүгүм өзүмө тийди. Кыйноолор, уулантуу менен көзүмдү тазалоо аракеттери болду.
Мына ушул жерден төмөнкүлөрдү айта кетүү орундуу. Дал мына ушул финансылык-экономикалык хаос мезгилинде өлкөнүн башкы контролдоочу органы - КРнын Эсептөө палатасын күчтөндүрүү зарылчылыгы келип чыкты. Бирок, тилекке каршы, анын курамы даярдоочулардын, курулушчулардын жана башкалардын эсебинен куралып жатты. Мына ушул жана башка терс көрүнүштөр боюнча Эсептөө палатасынын ошол кездеги төрагасы маркум М. Садыркуловго маалымдадым. Ал болсо, аныма көңүл бурмактүгүл, мени кабыл алып да койгон жок... Тескерисинче, пенсия курагына 1 жылдай калганына карабастан кыскартууга тушуктуруп, буга чейинки эмгегим бааланбай калды.
Ага да кейибестен күнүнө 200-300дөн кирпич куюп, өз колум менен там салдым. Бул мурдагы тапшырып кеткен кирпич квартиранын ордун баскандай болду. Бирок, эч себепсиз мындай кызматсыз калуум мен үчүн гана эмес, үй-бүлөмө да моралдык чоң сокку болду. Кичүү кызым ыйлап да жиберди.
Адаттагыдай эле жарандык активдүүлүктү көрсөтүп экс-президент Аскар Акаевге өлкөнүн экономикасында жана финансысында болуп жаткан хаос жана башка терс кубулуштар жөнүндө ачык кат жаздым. Бул темада "Слово Кыргызстана" гезитинин "Конце недели" тиркемесинде 1998-жылдын 9-январында "К бюджету с любовью и компетентностью" аттуу макалам жарык көрдү.
Улуу жазуучу жана коомдук ишмер катарында Чыңгыз Төрөкулович Совет доорунун өнүгүүсүнүн татаал драматургиясын жана ички кризисин, ошондой эле өзүнүн республикасындагы дагы өксүктөрдү макалаларында чагылдыруу менен аларды алдын-ала көрө билген. Ал коммунизм идеологиясынын күчүн жана чабал жагын, анын идеалдарынын жана баалуулуктарынын карама-каршылыктарын, терең кризиске кептелген идеологиясы менен моралын ачып берген. Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн Бостон, Эдигей, Танабай, Дүйшөн сыяктуу көптөгөн каармандарынын азыркы турмуштун айдыңынан сыртта кала тургандыгына, баардыгын, анын ичинде ар намысты жана абийирди да, сатууга жана сатып алууга негизделген мыйзамдарды кабыл алышпай тургандыгына жүрөк ооруткан. Алар кара мүртөздүк менен келише алышмак эмес, жакшылыктын жана адилеттүүлүктүн принциптерин коргоого аракеттенишмек.
Турмуштун кандай гана катаал жагдайлары болбосун жана коом канчалык өзгөрбөсүн, замандын улуу жазуучусу жазган сүйүү, теңчилик, боордоштук жөнүндө эң сонун кыялдары бар адамдар жөнүндө чыгармалар кылымдар бою абийирдин, тазалыктын, ар намыстын жана эмгекчилдиктин символу, эталону бойдон калмакчы.
Ал жарандарды абийирге, ар-намыска чакыруу менен инсанды руханий, гармониялуу өнүктүрүү жөнүндө көп жазды. Биз мурдагыга караганда таптакыр башкача, карама-каршы көз караштагы жана аныкталбаган идеологиядагы капиталисттик түзүлүшкө кайра кайтканыбызда аны төмөнкү суроолор түйшөлткөн:
- Баардыгы ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн, ажайып нерселерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп, материалдык жыргалчылыктарды көздөп калганда абийир жана ар-намыс жөнүндө, руханият жөнүндө, бийик адеп-ахлактык баалуулуктар жөнүндө кантип сөз кылууга мүмкүн?
- Руханий нерселерсиз вакуумду эмне менен толтурабыз?
- Азыр эң төмөнкү чекке жеткен руханий потенциалды жоготууну кантип токтотууга болот?
- Бийликти кантип аруулантууга, заманбап байлардын мамлекеттик акырдан жем жешин кантип токтотууга болот?
Себеби, сөз менен иштин дал келбөө, өзүнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө башкалардын эсебинен жетишүүгө умтулуу процесси жүрүүдө. Руханий нерселерди меркантилдүү, майда, материалдык гана нерселер: акча, бийлик менен алмаштыруу жүрүүдө.
Анын үстүнө баары - бедел да, абийир да, кызмат да, ар-намыс да, башкалары да сатылууда. Мен өзүмө жалпысынан коомду кантип айыктырууга болот деген суроону койдум. Же туңгуюктун чеги жокпу жана ага кулоо чексизби? Баардыгын Гегелдин: "Баары акыл чегинде, баары жакшы, эч ким эч нерсеге күнөөлүү эмеспи..." деген сөздөрү менен актоого болобу?
Жалпы түрк тилдүү элдердин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов баарын түшүнчү жана төмөнкүлөрдү айткан: "... баары тез кулатылган мезгилде бүтүндөй жашоо бардык татаалдыктары менен алмаштырылат, ал өзү окуялардын мындай бурулушуна даяр эмес болуп чыкты жана бүгүнкү күнгө чейин жетекчиликке алып келген өлчөмдөр менен критерийлер бүгүнкү күндө жараксыз жана бардыгына жаңыдан кароого ат үстүндө үйрөнүү зарылдыгын белгиледи…".
Өкүнүчкө жараша, ушул эле кыргыздардын арасынан өз макалаларында анын чыгармаларын ар кандай баштан-аяк жамандашкан айрым интеллигенттер ("бакырчактар") да чыгышты, бирок улуу сүрөткер алардын "үргөндөрүнө" көңүл бурбады жана Улуу Жибек Жолу менен жүргөн кербен сыяктуу өз жолу менен эки жакка кылчайбай кете берди...
Кыргызстандын эли аны өзүнүн Улуу уулу катары эсептеген жана эсептей бермекчи, аны бүтүндөй КМШнын аймагындагы элдер өз жазуучусу катары сүйүп окушкан, аны менен сыймыктанышкан.
Ал бүтүндөй жер жүзүнүн окурмандарынын сүйүктүү адамы болгон жана болуп кала бермекчи.


Сатынды Самыкбаев,
Айтматов клубунун мүчөсү,
КРнын финансы контролунун отличниги.
P.S. Калем акысын гезиттин эсебине калтырамын.