ТАлант тагдыр

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны:
"Асанкалый сөздүн гүлүн тандаган обончу эле"
- Белгилүү обончу, аткаруучу Асанкалый Керимбаевдин сиз менен болгон чыгармачылык байланышы жөнүндө кеп козгосок дедик эле. Кантип таанышып, мамыр-жумур болуп кеттиңиз? Эмне байланыштырып, эмне бириктирип турду деп ойлойсуз?
- Биз таанышкан учур өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Асан Асанкалый бололек , Асан болуп турган мезгилге туура келет. Мен Памирден келип, "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеп аткам, обончулардын кезексиз пленумунда таанышканбыз. Ыраматылык Рыспай баш болгон, Калыйбек Тагаев төш болгон обончулар менен көзмө-көз ошондо учурашкам. Пленум өттү, катышкандар тарады, бирок менин жанымда Асан калыптыр. Ал искусство институтунда окучу. Көңүл түшүп, жылдыз жарашып калса өзүнөн-өзү эле дос болуп кетет экен кишилер. Ошо кезде "Кайдасың" деген обону чыгып, уккандын кумарын кандырып, жер жарып турган учуру эле. Менимче, бизди чыгармачылык байланыштырды окшойт.
- Азыр сиз айтып өткөн "Кайдасың" деген обондун жаралыш тарыхын айтып бербейсизби?
- Ошо кезде "Кайдасың" жүрөк эзип, жан куйкалап, ооздон да, эфирден да түшпөй турган. Кары дагы, жаш дагы, соо дагы, мас дагы ушуну ырдачу. Ушу ыр менен күн чыгып, күн баткандай, күлкүгө тойбогон күлгүн кездин күбөсү, эркеси да эле. Ашыкем (Айталиев) "Сен кызык обончу экенсиң, килейген эки акындын ырына бир обон чыгарып, анан биринин атын айтпай, бирин айттырып жүрөсүң. Андай болсо экөөбүзгө эки башка гонорар төлө"-деп тамашалап калчу. Анын чындыгы бар эле. Ошол "Кайдасыңдын" эки түрмөгү Ашыкеники, экөө Какен Алмазбековдуку эле. Тагыраак айтканда, Биз жүргөн айлуу түн кайда? "Биз үзгөн жыпар гүл кайда? Көзүңдөн секет болоюн, Көрүнүп койчу бир кайра" дагы бир түрмөгү менен Какендики болсо, "Тамаша кыял сөз айтсам таарына түштүң тез эле", "Тымызын ичим тызылдап, сагындым сенин күлкүңдү" дегени Ашыралы Айталиевдики эле. Эмне үчүн эки акындын эки башка ыры бир ыр болуп калганын түшүндүрүп бералчу эмес. Менимче, эки акындын ушул эки ыры Асандын ошол кездеги бороондой боздогон армандуу абалын толук чагылдырып турган болуу керек. Өз оюн, өз күйүтүн ушул ырлардан тапкан Асан, тапканына сүйүнүп, эрээркеп, алар кантип биригип, бир ыр болуп калганын байкабай калса керек. Асандын айтымында мектепте окуп жүргөндө ак бантикчен бакыраң көз кыз менен кат жазышып, ал кештелеп түйгөн бет аарчы арнап, өзү айткандай "Ойдаайт" болуп жүргөндө , аны армияга алып кетет. Келсе, ким бирөөлөр ала качып кетиптир. Жер сыйпалап таппай калат. Анан асман-айга атырылган ашыклык алоосу, көөнөрбөс көкүрөк дарты ушул обон менен дүйнөгө келет. Жагоолуу кушун издеген жаш жүрөктүн арманы көкөлөп жүргөн кезде, баягы балбылдап тийген күндөй болуп жолугуп калат. "Мен ажырашып кеттим" дейт кыз. Аты Айнаш эле. Көктөн тилегени жерден табылган Асан "кел, анда экөөбүз баш кошуп алалы, мен үйлөнө элекмин" дейт. Экөө ошентип бирге түтүн булатып калышты.
- Асан агайдын эки аял алганынан кабарыбыз бар. Биринчи жубайы менен кай себептен ажырашып кетти эле?
- Экөө үч-төрт жыл чогуу жашады, бирок, баштан чукак болушту да, бала көрбөдү. Анын үстүнө Асан атак-даңктуу, эрте келет, кеч келет дегендей. Жаш жубай ошону да көтөрө албады окшойт. Балким, ортодо баласы болсо данакер болуп, ажырашпай калат беле.
- Обончунун айтылуу акын Алыкул Осмоновдун"Сулууга" аттуу ырына чыгарган обону жөнүндө эмне айталасыз? Акындын поэзиясына Асанкалый аганын кайрылышы мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?
- Залкарыбыз Алыкул Осмоновдун "экинчи өмүрү" өтө узак жана байсалдуу болуп атканын, акындын ырларына чыгып аткан кийинки обондор далилдеп келет. Ошонун бири "Сулууга". Кызык, тарых да, тагдыр да кээде кайталанат. Ушул обон чыгардан мурун Асан - Асанкалый болуп элге алынып калган эле. "Бир жүрөктү бөлүп экиге, кайдан түштү укмуш чагылган" дегендей, туң сүйүүсү, алгачкы аялы Айнаш менен ажырашкан соң, "Муңдашым Мунар кайдасың?"(сөзү А.Токомбаевдики), "Кусалык" (сөзү Ж.Мамытовдуку), деген арман, күйүткө, үзүлбөгөн үмүткө жык толгон обондорун чыгарып, ал элге өзүнчө бир өзгөчө окуя, чыгармачылыктын бир жакшы жемиши катары белгиленип турган кези эле. Жүрөгү өрттөнүп, уккандын да жүрөгүн өрттөгөн бул обондор ага чек эмес эле. Ал түтөп, күйүп турган күйүткө. "Жүрөгүмдү куйкалаган кусаны баса турган ыр жазып берчи"-деп көп келе берди. Анын арманга күйгөн жалынын баса турган ыр жаза албасымды туюп, күндөрдүн биринде жогоруда айткан "Сулууга" аттуу ырды кагазга көчүрүп, келгенде өзүнө окуттум. Бопбоз өңү албырып чыкты. Кан басымы көтөрүлүп кетти.(Ал каткырып, көбүрөөк күлүп койсо деле кан басымы көтөрүлүп кетчү.) Кызарып-татарып:;Дал өзү, дал өзү.."-деп далдайды. "Ырахмат" деди. "Ырахматыңды Алыкулга айт" дедим. Ошондо чочуп жүрөт"Бул ыр Алыкулдукубу?" деп... Акын Алыкул да сүйгөнү, биринчи аялы менен бөлүнгөндөн кийин жазган ушул ырды. Жашоодон, сүйүүдөн көңүлү калган акын "Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында" деп, жакшы сүйүү отуз жаштан кийин жоктугуна кайгырган. Асанкалый да ошондой., издешпей табылган опокшош тагдырга кабылып, ыр менен обон бирин-бири толуктап, таяныч-жөлөк болуп, бир жүрөк, бир үнгө айланып обо жарды. Ыр менен обон бири-бирин жылдап, кылымдап күтүп, акыры арзышканын тапкан эки жүрөктөй бирине-бири эрип, күйүттөн күлкү күтүп, кайгыдан каткырык угуп, ыраазылыкты, үмүттү коштоп, жүлүндү сыздатып келатат. Сөзү обонуна жарашкан мындай обондор бизде аз эле.
-Сиздин "Энекем" аттуу ырыңызга да керемет обон жаратты эле?
-Менин "Күн жол" ырлар жыйнагымдагы "Энекем" деген ырымдагы: "кыйшайсам түзөтүп турарым, кырсыктан колдогон тумарым, кырк жылы кабарсыз кетсем да мен, кыйкырып алдымдан чыгарым"деген түрмөктү литодон (ал убакта ушундай өзүнчө цензура бар эле) жиберишпей койгон. "Сен кырк жылы кайда барат элең? Социалисттик коомдо энесин таштап эч ким кырк жылга кетпейт. Азыр армияга үч эле жылга алат" деген. Китеп чыгары менен ыраматылык Үсөн Сыдыков обон чыгарды. Бирок, ал ырдалбай калды. Кийин кайра куруунун шамалы жүрүп, социалисттик коом коогаланып турган мезгилде "Жан кисе" ырлар жыйнагыма жанагы жаңжалдуу "Энекем" деген ырымды толук жарыялап чыгардым. Бир күнү Асан келип "Энекеме" обон чыгардым деп ырдап берди. Мен "ушул ырга Үсөн Сыдыков да обон жараткан" десем, "Анда бул куплет жок болчу да" деп, баягы ыр түрмөктү көрсөтүп атпайбы. Көрсө ага так ушул куплет жагыптыр. Ушундан эле анын сөзгө, ырга болгон мамилесин, түшүнүгүн билсе болот. Композитор, акын үчүн кээде бир ыр түрмөк эмес, үтүрдүн туура же туура эмес коюлганы да маанилүү. Ошондой эле көрдүңбү, бир эле түрмөк да обон жаздырат экен.
-Агайдын үйүнө чалып алалбадым. Үйбүлөсү жөнүндө айта кетсеңиз?
- Кийинки аялы Дамирадан Асанкалыйдын үч уулу бар. Улуусу Жаннатбек кыргыз телевидениесинде иштеп жүрдү. Азыр Казакстанда экен. Ал жактан КВН менен Москвага чейин барып жүрөт. Көргөндө "тулпардын туягы" деп коём ичимден. Дамира аларды тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай окутуп, татынакай тарбиялап келатат.

Маектешкен
Кубаныч Зайнидинов