Саясий сатира

"Куш келипсиз, жолдас Шушаков!"
Бул жанрдын анабашы - кадимки иним Султанбек Жумагулов (Акторпок). Илгери "Асабада" жүргөндө башын ачып берген. Окуган сайын боорум эзиле каткырып, жыргап калчумун. Кайнаган турмуштун өзүн берип, саясатты эл тили менен чагып, киши мүнөзүн, ой-тилегин, жүргөн-турганын, кебете-кешпирин, үрп-адатын, деги койчу, укмуштай ачып берээр эле. Кийин негедир мунусун жазбай калды. Жазса да мурдагыдан мокоп калгандай. Ак үйгө баргандан бери момоюп эле жоошуп калыптыр. Эми, ушундай өнөгөлүү өнөрдү жерге калтырбай, өзүм эле каткыра бербей, башкалардын да көңүлүн көтөрүп койсомбу дегендеги кербезим…
Автор

- Бу Баткенге кеткен мурдагы биздин балакай спикердин дегинкиси мага жагат. Ананайын, болпоюп деле боруму жакшы. Баланыкындай бал тили менен: "аңүңү, маңүңү" деп койгондо, тимле элжиреп, кризис-мризисиң бүт унутулуп, жарпың жазыла түшөт. Бакыйүп деле тиги ажылдаган жепутаттарды тыйып, иштетейин, бу каражемсөөлөрдү жибитейин деп, ушуну атайын отургузуп койгондур дейм да. …Эй, көк чайыңы шоркуратпай укчу, неңди..., Такшто кутурба да, көппө. Тамаша, эй ука, тамаша! Тарс эткендин баары тамаша-а, аха-ха-ха. Жок дегенде шу базарда тилибизди тибиретип алалы да. Башка жерде саясат айтыш кыйын, эки жерде үчтөн эсептегенде алты тамга биригип туруп, тыкчу жагына тыгып салышат, азырле. Же Сыргактай сырайта чаап, Медеттей өрттөп жок кылып коюшат, неңдилер десе, былайттар, суволуштар! Айбан болуп кетишеби, буларың, ыя?! Илгери кокондор деле суроо-сопкут алып, бий-болуштарды ортого салып, тергеп-тескечүкен. Анан гана асчусун асып, атчусун атып дегендей… Буларыңды карабайсыңбы, тимле Африкадагы кишижегич зулуштарго! Астапырылла! Дагы кимди садага чалышааркен, ыя? Кимди чалса да өзү аман болгойле. Алманиясына дагы кетип калбаса болду Ой, кетпей эле репормосун арылдатып атпайбы, деги гезит окуйсуңде сен, былайт? Ишенбесең интернетти кара, машташкан аткаминерлерди тимле итерип атат. Кой, жаагыңды бас, садага чабылалекте! Тиги эки жерде үчтөн эсептегенде алты тамга эки жактан тыңшап атыр, балким.
…Эмне дедиң, ыя? Ушагыңдыбы же шушагыңды дейсиңби? Аха-ха, хи-хи-хи, ыхы-хы-хы, оху-уу! Өх, өлүп кала жаздадым, жаагыңды баса турчу, эй, дем алайын. …Эстеп айтпаймбы. Илгери ырматалык ЫС-ЫС-ЫС-ЫР кезде Маскөөдөн Кутахов деген маршал Алматыга келет десе, казак баурдастар чакчалекей түшүп калбайбы. Кайсы бетибиз менен бамилясын атайбыз деп. Анан да, айрапортко бамилясын жазып алып, "Куш келипсиз!" деп, плакат кармап туруш кереккен. Айласы кеткен казактар акыры "Куш келипсиз, жолдас Шушаков" деп жазып коюптур. Анан самолеттон түшкөн Кутахов плакатты көрүп, "Ой, мен Шушаков мес, Кутаховмун да?" дептир. Анда Алматынын биринчи катчысы маршалды акырын колтуктап, четке чыгарып туруп, абалды шыбырай чечмелеп берсе, Кутахов айрапортту жаңырта каткырган дешет. Ошону эстебедимби, жанагы "ушагыңды" "шушагың" деп угуп алып, хе-хе-хе…
Эми жанагы, минеле? Репормо дейби, бийликти бөлүшөлбай атышат дейт го? …Атаңдын башы! Сопсонунле бөлүшүп, заматта бүткөрүп коюшпадыбы, бир аптадале. Катчылыкты катынга башкартып коюшуптур, шол ургаачы эми Кыргызстанда бийликтеги эркек аттууну бүт башкарат экен. Эркек калбай калгансып, ургаачыны башкартып койгону эмнеси, ыя? Эй, көкмээ! Илгери, Манастан бериле бизди катын башкарып келбедиби, тажик катынчы, тиги, Санирабига. Аны Каныкей деп алышпадыбы... Эл башкарбаган эле Турдакун аксакалдын Кулжеке кемпири дешет го. Ыраматылык байкуш, ыймандуу киши экен. Тизесин жылаңачтап кыска юбка кийип алган Майрашкага окшоп тайраңдамак турсун, дегеле бар-жогун билгизбей, эл көзүнө көрүнбөй, үйдөн чыкпай, ысык чайып демдеп, эт кесмесин даярдап кою-у-уп, анан, түн ортосуна чейин пленумдарда жүргөн Турдакун акени күтүп отура берчу дешет, Кулжеке апаны.
Йе, болду эми жаагыңды бас! Тим эле саясий серепчи болуп кетсең да. Тажатып ийдиң, мазгини чиритип. Андан көрө "гарилкаңдан" куй, Шайлообек айткандай "ашказанды азганатып, арсалаңдап арак ачып". "Бул бөтөлкө мага калган, бул бөтөлкө сага калган…". А саясатыңды урдум, айтканга саясатың деле калбады го, баары мынабу мен сатып отурган тапичкелердей сатылып-сутулуп, бирин-бири аңга түртүп, атып-жутуп… Эй, бүгүн он беш түгөй тапичке саттым, ошончүн алып ийели!
Садырбек Чериков




  О-уу, Ормонов!

"Ак жолдун" депутаттары дүйнөлүк гана эмес, кудайдын "мыйзамына" да өзгөртүү киргизүүнү көздөйбү?..
Учурда диний экстремизм-аша чабуучулук деп эле айгайлап, аны таратуучуларды издеп, сөгүп-сагып эле калабыз. Же аларды ачык айталбай баягы эле тыюу салынган же чет элдик уюмдарды тепкилеп, бар жалааны аларга жаап эле жатып калуудабыз. Алар болбосо баары эле оң болмок кыязында… Аша чабуучулукка чакырган үндөөлөрдү жаап-жашырып, туш-тараптан кулак, көз чыгарып биздин расмий динчилдер таптаза, акылман деп көшөрөбүз. Көшөргөндө да болгон чындыкты бурмалап, акты көк дешке дейре көгөрө жортобуз. Эми болсо жаттардан эмес, өзүбүздөн эле киши өлтүрүүгө, ыймандуулар каапырларды өлтүргүлө өңдүү үндөөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү коштогон жаңы КУРАН котормосу чыкты. Анын котормочусу киши өлтүрүүнү исламга жан үрөй жабыштырган Шамсуддин Абдыкалык уулу. Бул котормочу башынан эле аша чабуучулукка жакын жазмакер экендигин билебиз. Буга таңданбай койсок деле болот. Бирок, эң эле кооптуусу да, кызыктуусу да, ушундай адеп-ахлактык кылмыш (ойноштук) үчүн, дегеле адамды өлтүрүү өңдүү чакырыктар камтылган Куран котормосун каржылаган, долбоордун жетекчиси, демөөрчүсү белгилүү "АК ЖОЛ" фракциясынын жетекчиси, абройлуу дагы бир депутаты экендиги көп пикирлерди жаратат… Эми депутаттар дүйнөлүк мыйзамды кой, кудайдын "мыйзамына" өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактап жатышабы деген ойлор туулбай койбойт.

Эрнест Абдрахман

Редакциядан: Бул тууралуу гезитибиздин кийинки сандарынан депутат мырзалардын капчыгынан каржыланган каапыр-мусулман чатагына, кыргынына түздөн-түз үндөгөн өтө кооптуу басылмага карата далилдүү анализди окуп каласыздар…