Үн кошуу: Талкуу

Манас кыргызды коргогон, кыргыз "Манасын" коргой алабы?
Манас эпосу туурасындагы кеп коомчулукту бушайманга салууда. Улут үчүн күйгөн интелегенция катар-катар билдирүүлөрдү таратып, расмий бийликтен жооп ала албай отурушат. Бул жаштардын талкуусунда дагы айтылды. Дегеним, элдин, мамлекеттин эртеңки келечеги болгон жаш муун дагы бул маселеде кайдыгер эместигин билдирип, коомчулукка коңгуроо болуп кагыла баштады. Булардын катарын жүздөгөн, миңдеген жаштар толуктаарына же булардын пикирин колдооруна шек жок. Анткени, биз Манастын урпактарыбыз.


Кабарчы: - "Манас" эпосун ЮНЕСКО кытайлык кыргыздардын мурасы катары каттагандан бери коомчулуктун бир бөлүгү тынчсызданууда. Бирок, эмнегедир алардын катарында жаштар аздай сезилип тургансыйт. Же "Манастын" тагдыры XXI кылымдагы кыргыз жаштарына кызыксызбы? Андай болбосо, "Манасты" кантип сактап калабыз?

Аркарбек Мамытов, окутуучу:
- "Манасты" сактап калууда, фонд түзүү керектигин турмуш көрсөтүп отурат. Тез арада фонд түзүп, манасчылар айтып кеткен кол жазмаларды чыгааруунун айласын көрүүбүз керек. Эгер Манас менен сыймыктанганыбыз чын болсо, бир сом болсо да салымын кошуп, ар бир кыргыз колунан келген жардамын бериши керек. Бирөөлөрдү карап отурган менен маселе чечилбей калчудай болуп калды. Эгер биз 180 миң саптан турган "Манас" китебин толук чыгарсак, биздики экендигин далилдеген болоор элек. Ушуга чейин Манасыбыз бар деп көкүрөк какканыбыз менен манасчылар айткан варианттардын бирөөнү дагы толук жарыялай элекпиз. Бул биздин Манаска болгон кайдыгерлигибизди, шалаакылыгыбызды көрсөтүп турат. 1995-жылы Манастын миң жылдыгы өткөндө эки манасчынын үчтөн томун араң чыгарганбыз. Ошол бойдон калып кетти.
Жаштардын үн катпай жатышын Манас жөнүндө маалыматы жоктугунда десек болот. Баардыгы үстүртөн гана билет. Ыр түрүндөгүнү окубаса да, жок дегенде кара сөз менен жазылган А.Жакыпбековдун "Теңири Манасын" окуп коюшса болмок. Аны да азыркы жаштар окубайт. Экинчиден, билим берүү системасына киргизилген эмес. Негизи бала бакчадан тартып, ЖОЖдорго чейин МАНАС окутулушу керек. Жаштар "Манас" окууда эле эмес, баарына кайдыгер болуп калды. Элди кайдыгерлик каптап турат.


Айбек Бузурманкулов, банк кызматкери:
- "Манасты" сактап калганга жан үрөшүбүз керек. Ансыз биздин элдигибиз кайсы. Жараткандын бизге болгон сыноосу болушу ыктымал. Анткени, кыргыз ушинтип чукулап ойготмоюн, кенебей жата берген калк экендигибиз жашыруун эмес. Кудай Манас аркылуу кыргыздын рухун көтөрүп, бир уучка бириктирип, намысын козгогону турабы дейм. Себеби, Манас элге гана керектиги далилдене баштады. Коомчулук, эл канчалык бушайманга түшүп, кыжаалат болуп жатса дагы, бийлик ачык позициясын билдирбей жатат. Эгер Президент өзү баш болуп ЮНЕСКОго кат жолдосо, салмактуу, таасирдүү болмок. Тилекке каршы, андай болбой калды. Бирок, алакан жайып отуруп берүү да туура эмес, эч бир токтобостон Манасты сактап калуунун аракетин көрө беришибиз, учурдун талабы. Экинчиден, коомчулукта ЮНЕСКОнун өзүн сотко бериш керек деген сөздөр да айтылууда. Алардын бул кылганы улуттун намысын тебелегендикке жатат дешүүдө. Себеби, 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы өтүп, БУУ муну кабыл алган. "Манас" эпосун дүйнөлүк шедевр катарына кошкон. ЮНЕСКО БУУнун алдындагы бир уюм. Анткени туура болбой калды. Кытайдын бул аракети туура эмес экенин бир топ мамлекеттер да айтып жатат. Бирок, биздикилер үнчыкпаганына түшүнө албай турам.

Мирбек Усупбеков, ишкер:
- Манасты тарттырып отуруп калбашыбыз керек. Жаш балдардын оюнунда күчтүүсү баарына ээ болот, ошондой болгондой сезилип жатат. Кезинде кыргызды коргогон Манасты, биз коргой албасак, бабалардын арбагы кечирбейт. Биздин мактанаар жан дүйнө байлыгыбыз, ишенээр баатырыбыз, туу тутар аскабыз - Манас. Аны кандай жол менен болсо да ордуна коюп, кыргыздыкы дешибиз керек! Экинчиден, Манас жомок эмес, тарыхтагы инсан. Тарыхта болгондугун дүйнө жүзүндөгү жер аттары далилдеп турбайбы. Бирок, биз далилдеген күндө дагы кытай менен кыргыздардыкы деп катталаарын угуп, бушайман болуудамын. Чындыгында мындай болбошу керек.


Максат Кубанычбек уулу, "Акшумкар" мүчөсү:
- Ар бир элдин, улуттун мактанаар байлыгы болот. Буга эки мисал келтирейин. Кытай сепили, француздардын Эйфель мунарасы бар. Бизде болсо эч качан көөнөрбөй турган Манас деген руханий байлыгыбыз бар. Дүйнөдөгү эч бир улутта мынчалык көлөмдөгү оозеки айтылган мурасы жок. Ошол эле Кытайдын сепилин же Эйфель мунарасын кыргыздардыкы деп ЮНЕСКОго жөнөтсөк алар кандай ахвалда калышмак. Эли түп көтөрүлө кыйкырып чыгышмак. Манастын талашка түшүшүн, кыргыз үчүн Кудайдан келген сыноо деп билем. Эл эми эсине келээр. Баарына кайдыгер болуп калбадыкпы. Ата-бабалар кан төгүп отуруп, муундарына мураска калтырган жерине түзүк ээ болалбаганыбыз аз келгенсип, эми дүйнөнүн эч бир элинде жок улуу эпосубуздан айрылганы отурабыз. Биздин намысыбызды тебелеп, тепсеп жатса дагы башыбызды көтөрбөгөнүбүзгө арданам. Манаста айтылган бири миңге татыган кыргыз калган эместей. Же ошол намысыбызды ойгото албай, көр оокаттын деңгээлинен чыгалбай отурабыз. Эгер Манастай болгон мурасыбыздан айрылсак, орду толгус эң чоң жоготуу болот. Кудайдын сыноосу дегеним, учурда бийликте канчалык мекенчил адамдар отурганын далилдеп койду. Ушуга чейин бирөө да унчукпаганы, алардын жүрөгү кыргыз деп сокпогонун, эл үчүн кыпындай дагы күйбөгөнүн көрсөттү. Элибиз ушуну көрүп, билип, өз жүрөгү менен бир жыйынтык чыгарат.

Керим Мурас