БЭКтин катары бекемби?

Эмил Каптагаев, Бириккен Элдик Кыймылдын төрагасынын орун басары:
"Үй-бүлөлүк башкаруу жок болмоюнча, өлкөдө өнүгүү болбойт"
Мукар Чолпонбаев баштаган жаңы оппозициялык уюмдун пайда болушу БЭКтин ичиндеги ыдыроону билдиреби? БЭКтин саясий күч-кубаты кетип алсырап бараткан жокпу? Мына ушундай маанидеги суроолорго Бириккен Элдик Кыймылдын төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев жооп берет.


- Эмил мырза, Мукар Чолпонбаев баш болгон бир катар инсандар БЭКтен чыкканын жарыялап, өзүнчө жолго түшүштү. БЭКтин жетекчилеринин бири катары буга сиз кандай баа бересиз?
- Менин оюмча бул жерде бир аз жаңылыш кабар болуп атат. Билишимче Мукар Чолпонбаев жана БЭКтин башка мүчөлөрү кыймылдан чыктык дешкен жок. Алар "биз жаңы кыймыл түзүп атабыз" дешти. Бул эки башка нерсе.
Демек, бул оппозициялык майданда ар кандай кыймылдардын пайда болушун биз колдошубуз керек. Анткени азыркы шартта ошол эле жаңы кыймыл түзүп аткандардын ичинде БЭКтин ишине катышып жүргөндөр да, катышпай жүргөндөр да бар. Бийликтин жасап аткан саясатына каршы пикирдеги адамдар кандай кыймылга бириксе дагы, ошону биз колдошубуз керек деп ойлойм.

- БЭК азыр аракетке жөндөмдүүбү?
- Ары айтабызбы, бери айтабызбы бүгүнкү күндө саясий майданда, айрыкча оппозициялык майданда БЭКтен башка бир аракетке жөндөмдүү күчтү көргөн жокмун. Жеке саясатчылар бар, мисалы ошол эле М. Ниязов, Т. Сариевдер жүрөт. Бирок бир топ саясий кыймылдарды, партияларды бириктирген жалгыз кыймыл бүгүнкү күнү - БЭК.
И.Исаковдун, А. Жекшенкуловдун, Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, Рыскуловдордун соттолуп атышынын өзү эле анын аракетке жөндөмү бар болгондугунун далили.
Муну биз дагы, чет өлкөлүк эксперттер дагы, бийлик дагы өзү мойнуна алып турат. БЭКке карата болуп аткан кысымдын өзү, анын аракетке жөндөмдүү экенинин далили.

- Эмил мырза, бүгүн-эртең Конституциялык Сот Конституцияны өзгөртүү же ишке ашкан өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоорун карай турган болууда. Сиз кандай чечимди күтүп жатасыз?
- Учурда айрым адамдар 93-жылкы Конституцияны кайра алып келебиз деп атышпайбы. Бүгүнкү күнү биздин мамлекетте Конституцияда эмне жазылганынын эч мааниси жок. Кеп ошол Конституцияда эмне жазылса да ошону сактап, ошону ыйык тутууда болуп атат. Мына азыркы мамлекеттик ички структуралардын өзгөртүлүшү, ошол эле президенттин баласын өлкөдө даражасы боюнча алтынчы орунга дароо секиртип, бүт өлкөнүн казынасын карматып коюшунун өзү Конституцияда жазылган эмес.
Бүгүн президент өзү колун коюп, ант берген Конституцияны тебелеп-тепсеп, конституциялык төңкөрүш жасап атат. Кеп ушунда, кеп Конституциянын ыйыктыгын сактап, ошону менен жашоону камсыз кыла алганыбызда. Биз Конституцияга каалаган нерсени жазып койсок дагы, бүгүнкү бийлик каалаганын жасап атат, Конституцияны карап да койгон жок, Жогорку Кеңеш да караган жок.
Конституциялык Сот бир эмес, эки жолу жыйындарга, митингдерге болгон чектөө Конституцияга каршы деп чечим чыгарса дагы, Жогорку Кеңеш үчүнчү жолу кайра ошондой эле мыйзам кабыл алып атат. Мунун өзү бизде Конституциянын эч кандай мааниси жок деген гана белги. Ошон үчүн Конституцияны кандай бычып, кандай тиксе дагы бул бийлик өзүнүн азыркы жолунан кайтпайт.

- Конституцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдүн максаты, мазмуну тууралуу баарыбыз эле айтып атабыз, бул атадан балага бийликти менчиктеп өткөрүп берүү деп. Сиз бул ойго кандай дейсиз?
- Жакында, 24-мартта ошол эле революциянын беш жылдыгы болот. Ошол революцияда эки максат коюлган - үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны жок кылуу. Ошол революциянын беш жылдыгын майрамдап атканда ошол эле президент башында турган азыркы бийлик элге эмне деп айтат. Мына ошону карашыбыз керек.
Бүгүн айта турган бир дагы сөзү жок. Үй-бүлөлүк башкаруу миң, эки миң эсе өсүп кетти, коррупция жогорку бийликтин деңгээлинде турса, азыр базардын ичи, жөн жерге чейин тамырлап кирип кетти. Мына ушул эки маселе боюнча БЭКтин пикири бир эле. Үй-бүлөлүк башкаруу жок болмоюнча, өлкөдө демократиялык принциптер орномоюнча, эч кандай өзгөрүү, өнүгүү болбойт.

Айданбек Акмат уулу,
"Азаттык"




  Акыйкат издеген

Алай кабарларынан
Ушу тапта Алайдын Сопу-Коргон айылында тогуз адам ачкачылык жарыя-лап, наар татпай отурушат.

***
Сопу-Коргон айылынын тургундары өз айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз митингин мыйзам чегинде уюштурууга уруксат сурап кат жазышты.

***
Алайлыктар Акыйкатчынын, ошондой эле Оштогу бир катар коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чаранын катышуучулары аларга И.Исаков токтоосуз акталбаса, Бишкекти карай атчан жана жөө жүрүшкө чыгаарын билдиришти.

***
И.Исаковду коргоо боюнча Ош облустук комитетинин төрагасы, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын штаб башчысы Манас Эргешов генералдын башын азат кылууну талап кылган мөөнөтсүз акциялар жакын арада Ош жана Өзгөн шаарларында башталаарын жарыя кылды.

Учурда күч органдарынын өкүлдөрү алайлыктарды үймө-үй кыдырып, жашоочуларда "көчөгө бейчеки бассаңар, камайбыз, соттолосуңар!" деп опузалап, атүгүл кээ бирлеринен түшүнүк кат жазууга мажбурлашканын алайлыктар өздөрү билдиришти.

"Назар"-пресс