Коомдук парламентте "Кыргызстан эркин эмес өлкө" Коомдук Парламенттин резолюциясы: "2009-жылдагы шайлоо- Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү" Кыргызстан эркин эмес өлкө. Freedom House "Дүйнөдөгү эркиндик 2010: Эркиндиктин жалпы начарлашы" эл аралык уюмунун 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча жасаган ар жылдык отчетунда ушундай тыянак чыгарылган. Кыргызстандагы саясий укуктар боюнча абал 6 упай менен, ал эми жарандык укуктар боюнча 5 упай менен бааланган, эң төмөн баа - 7 упай. Эл аралык эксперттер Кыргызстан бийлиги эч кандай тоскоолдуксуз жана арт жагын ойлобостон эле жарандарды кысымга алып же басып коё алат деп эсептешет. 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоо адам укуктарын сактоо жана саясий укуктарды камсыз кылууда абал андан ары дагы начарлап бара жатканын көрсөттү. ОБСЕнин Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ ОБСЕ) өткөн шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтык отчетунда: Кыргызстан демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча ОБСЕ алдындагы милдеттенмесинин негизги көрсөткүчтөрүн аткарган жок деп белгиледи. Ал эми Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча уюмдардын Европалык түйүнү (ENEMO) болсо өзүнүн жыйынтык отчетунда добуш берүү маалында, бюллетендерди саноодо жана жыйынтыктарды чыгарууда массалык мыйзам бузуулар болгонун, шайлоонун мындай өтүшү коомчулуктун шайлоого карата ишенимин жогото турганын белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого карата аракеттер шайлоо кампаниясы баштала электе эле байкалган. Бийлик шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, ошону менен шайлоонун ачыктыгын начарлатып, шайлоо комиссиялары тарабынан ар кандай кыянаттыктардын жасалышына шарт түзө баштаган. Ошондой эле оппозициялык маанайдагы саясатчыларга, журналисттерге жана бейөкмөт уюмдардын лидерлерине болуп көрбөгөндөй кысым жасалды. Эч негизи жок жерден Коомдук Парламенттин мүчөлөрү А.Жекшенкулов, Э.Булекбаев, С.Аргымбаев жана У.Рыскулов камакка алынды, И.Исаков менен Э.Каптагаевге кылмыш иши козголуп куугунтукка алынды. Белгилүү укук коргоочулар Т.Исмаилова, А.Абдрасулова, Т.Тургуналиев, А.Сасыкбаева жана Г. Джурабаевалар камакка алынып, административдик айыпка тартылды. Өлкөдө коркуунун жана басынуунун атмосферасы атайын түзүлүп жатты, мындай абал шайлоонун жыйынтыгы алдын ала эле чечилип калган деген коомдук пикир жаратууга керек болуучу. Шайлоонун алдында "ишенимден чыккан" адамдарга моралдык жана күч колдонуу менен кысымдар көрсөтүлүп, алар жана алардын жакын адамдары кызматтан айдалып жатты. Шайлоо күн мыйзамсыздык менен өзүмбилемдиктин туу чокусу болду. Жасалма бюллетендер тутамдап жашиктерге салынып жатканы, кай бир адамдардын кайра-кайра добуш берип жатканын шайлоо комиссиялары көз жаздымда калтырып жатты. Байкоочулардын арыздарын кароодон шайлоо комиссиялары баш тартышып, соттор даттанууларды кабыл алышкан жок. Балыкчы шаарында болсо активисттердин тобунун акыйкат издеп шаардык шайлоо комиссиясына барышы бийлик тарабынан уюштурулган провокация менен аяктап, ал жерде 30 дан ашык киши камалып, алардын он сегизи конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө кылган аракеттери жана башаламандык уюштургандыгы үчүн сот жообуна тартылышты. Шайлоодон кийин дагы бийликтин коомго карата кысымы токтогон жок. Коомдук Парламент төмөнкүдөй тыянак чыгарат: o Кыргызстандагы шайлоо мыйзамы жана шайлоолорду уюштуруу тартиби демократия нормаларына туура келбейт, жарандардын шайлоо укуктарын чектейт жана өлкөдө бийликтин тынчтык жолу менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат; o 2009-жылдагы шайлоо өлкөдө адам укуктарын камсыз кылуу абалынын начарлашынын, жарандык жана саясий укуктардын чектелишинин көрсөткүчү болду. o 2009-жылдагы шайлоо пикир келишпестерге, журналисттерге, коомдук ишмерлерге, акыйкаттыкты талап кылган карапайым элге карата репрессиялардын күчөшүнө алып келди. Коомдук Парламент бийликтен төмөнкүлөрдү талап кылат: o Э. Булекбаев, С. Аргымбаев , У. Рыскулов, И.Исаков, А. Жекшенкулов, М.Бообеков, Г.Жамгырчиева, Б.Касымов жана Б.Асранкуловго карата саясий куугунтук токтотулсун. o Э. Булекбаев, С. Аргымбаев , У.Рыскулов, И.Исаков, А. Жекшенкуловдордун ишин карап жаткан сотторго жана соттун жүрүшүнө кысым кылуу токтотулсун. o Көз каранды эмес журналисттерге жана массалык маалымат каражаттарына кысым жасоо жана куугунтукка алуу токтотулсун. o Жарандык активисттерди, айрыкча жаштарды жана жогорку окуу жайларынын студенттерин куугунтуктоо токтотулсун. o Өмүрүнө жана үйбүлөөсүнө коркунуч туулганына, бизнесин тартып алуу жана башка кысымдардын кесепетинен чет жакка баш калкалап кетүүгү аргасыз болгон жарандарды куугунтуктоо токтотулсун. o Саясий жана жарандык укуктарды чектөөгө, бийликке каршы пикир айткан адамдарды куугунтуктоо үчүн күч органдарын колдонуу токтотулсун. Офицерлер менен катардагы кызматкерлер өз кесибиндеги чеберчилигин кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, мамлекетти коргоого колдонгондун ордуна, кызматтык ар намыстары тебеленип өз элине каршы күрөшүүгө мажбур болуп отурушат. o Түрмөлөргө жана башка атайын жайларга камакка алынган жарандарды күч органдарынын кызматчылары тарабынан кыйноого алуу токтотулсун. Күч органдары менен кылмышкерлер топторунун өз ара биригиши, кылмышкерлерди саясий туткундарга кысым көрсөтүп коркутууга колдонуу токтотулсун. o Коопсуздук кызматын реформалоо башталсын, аларды саясий куугунтуктоого колдонуу токтотулсун. Бардык күч органдарында демократиялык стандарттар сакталышы керек. o Өлкөнүн баш мыйзамы - Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоодо Конституциялык соттун орду кайра калыбына келтирилсин. o Күч органдарын элге каршы колдонуу токтотулсун, Алай районундагы элге карата күч органдарынын кысымы токтотулсун. o Ош облусунун Алай районундагы коменданттык сааттын киргизилишинин мыйзам ченемдүүлүгүнө баа берилсин. o Кыргызстан жарандарынын тынчтык жолу менен чогулууга конституциялык укугу кайра калыбына келтирилсин. Коомдук Парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында: o Кыргызстандагы демократиялык дөөлөттөрдү жана адам укуктарын коргоо максатында Эл аралык уюмдар менен иштөө Комитети түзүлсүн. o Эсептөө палатасы тарабынан Өкмөттүн финансы-чарбалык иштерине карата 2009-жылы жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтык отчету талап кылынып алынсын, ал жыйынтык отчету талкуулоо боюнча коомдук же парламенттик угуулар уюштурулсун. o Конституциялык укуктарды тебелеп-тепсөөгө жана калкты деморализациялык абалга дуушар кылбоо максатында бийлик органдары менен иштөө үчүн Комитет түзүлсүн. o Алай районуна баруу максатында укук коргоочулардын тобу түзүлсүн. o Жогорку бийликтеги чиновниктер тарабынан Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө карата жасалып жаткан аракеттерди талкуулоо максатында Коомдук Парламенттин атайын жыйыны өткөрүлсүн. |