Күндүрбү
Аликбектин кадырын Алатоо билбесе, Орусия билдиби?
Ар аптанын шайшамби жана жума күндөрү болуп жаткан экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун соту белгисиз себептерден улам 2-февралга жылдырылды. Муну айрым серепчилер саясый абалдын курчуп турушуна байлоодо. Кокус Жекшенкуловго да Исаковдукундай мамиле жасалса, Алайга Кочкор кошулуп, бул бийликти түп-орду менен жоготуп жиберүүсү мүмкүн дешет. Аңгычакты Аликбек мырзага байланышкан дагы бир кеп эшиттик. Аликенин кадырын Алатоо билбей жаткандыктан Орусия тарап кол сунуптур деп уктук. Орус бийлигинин белдүү фигурасы Жекшенкуловду Мос-квага келип, бул жактагы Жогорку окуу жайлардын бирине проректор бол" деп чакырыптыр дейт. Алике азырынча буга ак да, көк да дей элек экен. Балким, "сот маселеси бир жаңсыл болсун" деп жаткандыр. Эми кашайып Аликебизди да орустарга тарттырып тынабызбы?


Табигат кырсыгы Таласта катталды
Ааламда табигый кырсыктар күн санап күч алып барат. Ошол эле Гаитидеги жер титирөө, Египет менен Израилдеги жамгырдан уламкы суу ташкын, Кытайдагы кар дүйнө элинин тынчтыгын бузууда. Үстүбүздөгү жылдын 19-январында мындай табигат каары бизди кыйгап өттү. Бул күнү Талас областынын Бакай-Ата районунун 35 чакырым алыстыктагы тоо кыркаларында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Кудай сактап, эч кандай жапа чегүү жок. Ансыз да элибиз титиреп, толкуганы турганда табигат кырсыгы Алатоону чулгабай турса экен.


Украина укмушуна арбалган Отунбаева
ЖоКедеги КСДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева, дагы бир КСДПчы Ирина Карамушкина жана "жакында Бешимовдун ордуна келет" деп, али маселе чечиле электе эле бүтүм чыгып калган "болочок депутат" Карамат Орозова Украинага барып, Киев шаарында ал жактагы ажо шайлоого катышып келишти. Роза Исаковнанын айтуусунда демократия деп Украина шайлоосун айт. Эми тимеле укмуш. Бизчилеп бир кишини үчтөн киргизмей, даяр бюллетень урмай, "карусель" оюндарын коймой түк болбойт экен. Элинин да саясый аң-сезими укмуш алдыга кетиптир. Хохолдор өткөргөн шайлоого тимеле таңдайын такылдаткан Роза эжеке бир айтып-бир түгөталбай жүрү.


"Сопу-коргондуктарды соолута албайсыңар!"
Төрт күндөн бери Алайдын Сопу-Коргонунда күнүмдүк тиричилик таптакыр башка нукка өзгөрдү. Бийликтин айдагындагы кызыл шапкечендер үч адамдын башы бириксе эле кызылдай зордук менен таратып, бөлүп жарышууда. Сопу-Коргондуктар "комменданттык саат" деген балакет башталгандан тарта мокобостон кайра курчуп, күн санап бийликке ызырынгандар саны өсүп, жарылаар чегине жетип баратканын кабарлашты. Бийлик зордугун токтотуп, Исаковду бошотпосо Акүйдү ат менен тебелетип, кандай келсе ошондой кетиребиз деген ураандар улам катуулап барат. Бу бийликтин да күнү бүтөрүнө аз калдыбы?


Митинг 3-мартка белгиленди
"Кокуй, Манасты тартып кетти" чуусу кыргыздардын шаабайын бир топ эле суутуп туру. Ушундан улам "Манасты коргоо" коому түзүлгөн. Аталган коом жыйындан-жыйын куруп атып, мурдагы күнү бир жыйынтыкка келишти. Жыйынтыгында аталган коом "кыргызмын" деген, "Манаска күйөм" деген ар-бир журт сүйөр атуулду Манасты коргоого чакырат. Манасты коргоо иш-чарасы миттинг-акциялар менен коштолуп, алгачкы акция 3-март күнү Таластагы "Манастын урпактары" уюму менен бирдикте Талас шаарында өткөрүлөт. Бул күндөн тарта ар-бир облус, район борборлорунда митингдер уланып, борбор калаада БУУнун, ОБСЕ, ЮНЕСКОнун имараттарынын алдында эл казганактап калыстык талап кылышат. Шалаакы кыргызбай, сасатты коё туруп, улут сыймыгы болгон Манасты коргоого ыкшоолонбо, эми!


Катының кайдан, кайсы уруудан?
Кыргыздын жалаң экс - чиновниктери баш бириктирип, "эл ынтымагын уруулук бүтүндүк менен сактамакчыбыз" деп шымалана киришип атышкан. Бири оң канатын, бири сол канатын, дагы бири ичкиликтин башчылыгына бекишкен. Бул жерде да кайран кыкеңдер сөз менен гана баарын кыйратып атышкан. Эми ишке өтүшүптүр. Кандай иш дебейсиңерби? Айыл-айылга бирден башчы, катчы шайлап, "урууң ким, катының кайсы уруу, кызың каякка күйөөгө тийген, күйөөсү, кудаларың кайсы уруу, балаң каяктан катын алды?" өңдүү соболдор менен элдин мээсин эзип атыптыр. Ансыз да бөлүндү, чабынды болуп, экөөнүн башы бир казанда кайнабаган кыргыз эми таза "сен тиги уруу, мен бул уруу" болуп үй-бүлөдө эрди-катын, куда-сөөк ынтымагы курубаса болду.


Ачкачылык "эстафетасынан" Алмамбет да кетти
"Атамекенчилердин" атынан ачкачылык акциясына кошулуп койгон Алмамбет Шыкмаматов кечээ "эстафетадан" кетти. Эстафета дегеним "Исаковго боштондук" ачкачылык акциясы кадимки эле бири-бирин узатуучу "таякча сымалча" айланып баратат. Өзүнчө оюн. Үч-төрт күн ачка олтургандардын ордуна жаңысы келет да, мурунку "ачкалар" тамакка кире беришет. Бул бир жумадан берки көрүнүш. Алмамбет келээр замат Топчуке "тамакка" кирген. Эми Алмаке да "карызымдан кутулдум" дедиби, же чындап ден соолугу себепчиби же "бул оюн болбой калды" дегениби, айтор кечээ гезитибиз басууга берилээрде тамак ичти. Азыр ачкачылыкта алты эле адам калды. Алар да кечээ толукталып, кошулгандагысы.


Бейөкмөт уюмдар алсырадыбы?
"Бейөкмөт уюмдар бийлик үчүн күрөшпөйт. Алардын максаты жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын ой-пикирин бийлик башындагыларга жеткирүү болуп саналат" деген "Демократия жана атуулдук коом үчүн" өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова азыр чындыгында бейөкмөт уюмдардын активдүүлүгү төмөндөгөнүн моюнга алды.


Кадырбек Темир