Короз кыйкырбаса деле таң атат...

Оо-позиция!
...Роза Отунбаева эжебиз айтып жатпайбы, "Украинадагы шайлоого байкоочу болуп барып келдик. Эли да, саясатчылары да өтө оптимисттик маанайда экен. Айрыкча оппозициялык маанайдагы саясатчыларынын жөн эле сүйлөп койбостон, өз өлкөсү үчүн өлүмгө баруудан да кайра тартпай турган аракеттерин көрүп тамшандым" деп. "Өсө турган өлкө ушундай болот турбайбы" деп үшкүрүнөт эжебиз. А биздечи? Социализмден капитализмге өткөн "эгемендик" кемесине түшкөн учурдан бери тизмектеп көрсөң, деги эле Кыргызстанда кыргыз оппозициясы эмне иш жасап кыйрата алды? Эгеменбиз деп карапайым эмес, калк каймактары жыргаган жеңишибизди айтсак, аныбыз СССРдин таркашы менен бир терезе сынып же бир тамчы кан агып этпей дапдаяр пайда болду да калды. Ошол 90-жылы биринчи бийлигибиз да СССР деген үлкөн өлкөнү каптаган жалпы толкундун шарапаты менен алмашылды. Бийликке демократ Акаев келди. Бүгүнкүлөргө салыштырмалуу элди жумшак башкарды. Бирок ошол жумшактыгы өзүнүн түбүнө жетти. 2005-жылкы март окуясынын "трагедиялык" каарманы бир гана Акаев болуп калды. Ал эми бир кезде анын айланасында жүргөндөрүн дээрлик көпчүлүгү жаңы бийликтин айланасында жашоолорун жапжакшынакай улантып келишет, өмүрүндө Акаев дегенди билбегендей...
Ошол март окуясын кээ бирлери айтып келет, эл жеңди, авторитардык бийликти кулатты, бул оппозициянын күчү деп. Жообун бөлөгүрөөк өңүттө издеп көрсөк. Чындыгында эле Акаевдин бийлигинин тушунда, өзгөчө акыркы учурларда өлкөнү ким башкарып жатканы түшүнүксүз болуп калган. Баары даяр, социалдык жеңилдиктери көп СССР деген кемеден түз эле эгемендиктин бекер кайыгына түшкөн эл чынында эле 15 жылдык башкаруудагы Акаев бийлигинен тажай баштаган. Жаңы нерсени күтүп калган. Деги эле адам баласынын табияты ушул экен - бир нерсенин көпкө кайталанышынан тажап кетет. Өзгөчө кыргыздар. Дал ушундай учурда, ошол өткөн бийликтин эң негизги катасы - парламенттик шайлоо болду. Орустардын жакшы сөзү бар, "жадность губит фраэра" деген. Так ошондой болду. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон азаматтар шайлоо марафонунан четтетилип, ар бири өз округунда өз аброю үчүн чоң иштерди жасап кирди. Бар байлыгын чачып, карапайым элди көтөрдү.
Ошентип ар бир округда алардын демилгеси, финансылоосу менен көтөрүлгөн нааразычылыктар бүт өлкөнү каптады. Эл деген сел экенин, алар бир толкуса, эч ким токтото албастыгын ушундан көр, кургак турган жыгачтай араң турган көпчүлүккө "ширеңкенин бир талы" жетти. Өлкө дүрт этип кетти. Албетте, мындай өңүттө чоң державалар да тим турбады. Өз кызыкчылыктарын алар да пайдаланып кетишти.
Көп өтпөй жаңы келген бийлик убадаларынан тайый баштаганда, 2006-жылы ноябрда айрым азаматтар таза тилеги менен баштаган "Реформа үчүн" кыймылы түзүлүп, көпчүлүктү Ак үйдүн алдына алып келди. Арасынан оппозиция терисин жамынгандар кылкылдап турган андагы элдин таза тилектерин пайдаланып, арткы эшик менен кирип, уялбай-этпей өздөрүнүн жеке мүдөөлөрүн чечип алышты, бири премьер-министр болуп дегендей. Арадан алты ай өтпөй, апрель митинги пайда болуп, "темир генерал" аталып жүргөн Кулов темир сөздөрүн айтып жатып, калк кайрадан аларды колдоого келди, сыры кетсе да, сыны кете электир деген үмүт менен. Карапайым эл ал жерден да алданды, тепселенди, өздөрү алып келип тиккен боз үйлөрү талкаланды, алды ал митингдин күнөөкөрлөрү болуп кесилип да кетти. Уюштуруучулары болсо кызматка көтөрүлдү. Ошентип, "эл" дегендердин сатылуу доору башталды. Далайлары "сатылды".
Элден айланса болот, ошентсе да 2009-жылы июль айында, ишенип-ишенбей турушса да, президенттик шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкерин далайлары колдоп берди. Бирок шайлоо бүтөөрүнө 4 саат калганда "баягылар" дагы чалкасынан кетип, көпчүлүктүн үмүтүнө суу себишти. Кыскасы, кыйкыргандан башка колдорунан кокон тыйын келбестигин, бекер эгемендиктин ээси болгон кыргыз оппозициясы дараметтерин дагы бир жолу далилдеди. А мындай учурда бийлик оппозициянын тактикасынын жоктугунан пайда болгон мүмкүнчүлүктү пайдалана алды. Бүгүн ал мүмкүнчүлүк кеңейип, тамыр жайып, өйдөкүлөр каалагандай тайраңдап жатат. Улут болсо улутунуп, жан дүйнөсү үшүп турат. Карапайым элди саясий эле эмес, социалдык маселелер да үстүлөрүнөн ныгырып турган кези.
Эми кечээки эле өздөрүн "БЭКпиз", оппозиция лидерибиз дегендердин учурдагы аракетин караңыз, саясий ачкачылыкка жамынып кирген кези. А чынында эле саясатта, "саясий ачкачылык" деген өтө олуттуу нерсе. Демократиялык өлкөлөрдө бул өтө салмактуу иш-чара. Бирок ошондой чоң акцияны да акциядай өткөрүп жатабы БЭКчилер? Сырттан карасаң алар Англия коллониясынын эзүүсүндө калган бир кездеги Индиядагыдай, Махатма Гандинин ыкмасына салып жаткан түрпөттө. Бирок биздикилерге салыштырмалуу М.Ганди өлкөсүнүн келечеги үчүн башын канжыгага байлап койгон, элин көчөгө алып чыгып, англичандар менен соодалашып таштап кеткен эмес. Ошонусу үчүн миллиондогон карапайым индиялыктар анын артынан ээрчиген.
Туура. Экс-коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун генералдык чини алынып, 8 жылга эркинен ажыратылышы эч бир акыйкатка сыйбай турган иш экенин баары эле көрүп, билип турат. Бийлик мындай кадамы менен көпчүлүктүн жек көрүүсүн гана пайда кылууда. Айтайын дегеним башка.
Азыр өз уулунун жок жерден камалганына каңырыгы түтөгөн Алайдын карапайым эли катуу суукка, өздөрүнүн үшүп-шишигенине, күч органдарынын ур-соккусуна кайыл болуп, акыйкатты талап кылып олтурушат. Алар Бакиевди "кетсин" деген жок, "Уулубузду бошоткула!" деп турат. Генерал камалгандан бери канча күн болду, ошол суукта турган элдин абалын бетме-бет сурап мен оппозиция лидеримин дегендердин бирөө басып бардыбы? Жок.
Борбордогу жылуу кабинетте ачкачылык терисин жамынгандардын, тойус, ачкачылыктын ак чүпүрөктөрүн башына байлангандардын башында турган Топчубек Тургуналиевдин айтымына таянсак, жыйырмадан ашык киши акцияга катышып жаткан имиш. Бир чети аларды колдоо, бир чети абалын сурайлы деп, убагында "ит бекер" менчиктештирип алган ошол Атамбаевдин "Форумуна" бардык. Барсак, Топчукенин өзү жок. Ачкачылыгын эбак токтотуп, кайдадыр сызып кеткен экен. Ачкачылык акциясында "Ата Мекендин" Алманбети менен дагы эки кишини кошпогондо, эч ким жок. Кеңсесинде БЭКчилердин желектери илинип турган менен, лидерлери эмес, андан кийинкисинин кийинкилерин көрө албадык. Ал эми ошол "лидерлердин" айрым маалымат булактарында айткан сөздөрүн, билдирүү-кайрылууларын окусаң, ышкырыктары таш жарат. Бул эми дос күйдүрүп айтчу кеп. А чын-чынында, бүгүн чыныгы оппозиция, элди артынан ишенимдүү ээрчите алган, эли үчүн чындап күйгөн улуттук лидер жок окшобойбу? Же барбы?..

Нурдин АСАНОВ