Француздар эң уйкучу эл
Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму отуз өлкөнүн күнүмдүк убаракерчилигин таразага салган. Алардын тактаганы боюнча, француздар эң уйкучу эл: 530 мүнөтү уйкуга кетет, узагырак тамактанышат: күнүнө өз маалында ичилген тамакка эки сааттан сарпташат, жылына 1459 саатты ишке арнашат. Америкалыктардын 518 мүнөтү уйкуга, бир жарым саатка жетпеген убактысы тамактанууга, жылына 1800 сааты ишке жумшалып, спортко анчейин көңүл бурушпайт экен. Италиялыктар болсо, 498 мүнөттү уйкуга, 114 мүнөттү тамактанууга, 61 мүнөттү жуунуп-тазаланууга, жылына 1536 саатты жумушка кетиришет. Корейлер сергек эл болуп чыккан: 469 мүнөтү уйкуга кетсе, 71 мүнөттү тазалыкка арнап, жылдык убактысынын көбүн ишке сарпташат. Телевизорго көп убакыт короткондор бош убактысынын 48%ын арнаган мексикалыктар болуп чыккан. Болгону 28% убактысын жумшап ченем менен көргөн, бардыгына так эл немистер экен.


Гаитиде кайрадан жер титиреди
Гаитиде 6,1 баллдык күч менен жер дагы силкинди. Жергиликтүү убакыт боюнча таңында болгон. Очогу өлкө борбору Порт-о-Пренстин түндүк-батышында - 56 чакырым жерде катталган. 12-январдагы зилзалада адам курмандыктары бирде 100 миң, бирде 200 миң делип, расмий маалыматта 75 миң деп айтылып, 3 миллион адам үй-жайсыз калганы такталса, бул жолку жаңы кыйроолор жана адам курмандыктары боюнча так билдирмелер жок. Уранды астында аман калгандарды куткаруу иштери токтобостон жүрүп жатат. Баарынан жаманы - ар жактан келген жардам, көзөмөлгө карабай, талкаланган дүкөндөрдү тоногон бандалар пайда болуп, келген гумжардамга да ээ кылбай жатышыптыр.


Эң кичинекей менен эң узун
Стамбулда дүйнөнүн эң кичинекейи Хи Пингпинг (74,61 см) менен эң бойлуусу Султан Косен (264, 5 см) кезигишти. Кытайлык Хи 20 жашта, бой өсүшүн токтоткон физиологиялык өзгөчөлүктөр менен төрөлүп, эң кичинекей адам катары Гиннес китебине катталган. Түрк баласы Султан Косен болсо 27 жашта. Ал алгач баскетболдо ойноп, буттары ооруп баштаганынан ал кызыгуусун таштоого аргасыз болгон. Бой өсүшүнө жооп берген гормондун ашыкча болушуна себепкер шишик эки жыл мурун хирургиялык жол менен алынып салынгандан кийин гана боюнун өсүшү токтогон.


Орустар - чемпион
Россия фигуристтери Юко Кавагути менен Александр Смирнов Таллинде өтүп жаткан Европа-2010 чемпионатында 213, 15 балл - мыкты көрсөткүч менен чемпиондукту жеңип алышты. Үч жолку континент, учурдагы дүйнө чемпиондору германиялык жуп Алена Савченко менен Робин Шолковду мүз үстүндөгү катачылыктарынын айынан 1,43 баллдык айырма артта калып, күмүш медаль тагынышты. Үчүнчү орунга да россиялык жуп Мария Мухортова жана Максим Траньков көтөрүлдү.


Таттуу таңсык болот
"Дүйнөнү кызыкчылык башкарат" дегендей көрүнүштөрдүн бири дешет көтөрүлгөн шекер баасын иликтегендер. "Эларалык банкирлер" аталган "көмүскөдөгү аалам кожоюндары" дүйнөлүк рыноктогу баа салмагын учур кызыкчылыгына тууралап тургандыктан, шекер баасы бизде эле эмес, океан ары-бери жагындагы өлкөлөрдө өсүп жатыптыр. Маселен, Англияда акыркы жыйырма жылда сакталып келген баадан да жогорулап өсүптүр. Бул азыкка эң башкы таңсык өлкө Индия, ага катар эле Египет, Индонезия, Пакистан жана Филиппин өлкөлөрү сатып алуу көлөмүн көбөйтүшөрүн жарыя кылышкан. Жеткирүү баасы 1,5%га жогорулап - тоннасы 755 доллар болуп, 1989-жылдын январынан бери байкала элек рекорддук көрсөткүчтү жаратыптыр. Серепчилер суроо-талап дагы өссө, шекердин жетишсиздигине алып келет деп жатат.


Барак Обама - официант
АКШ ажосу социалдык теңдик үчүн өмүрүн арнаган Мартин Лютер Кингдин туулган күнүн өзгөчө белгиледи. Вашингтондогу социалдык көмөккө муктаждар менен иш алып барган уюмдардын бирине келип, түшкү тамакты жасашып, алтүгүл келген адамдарды тейлеп да жиберди. Келгендерге тамакты президент колунан алары айтылбагандыктан, айрымдары маңдайында өлкөнүн биринчи адамы турганына ишенбей да жатышты. Стол үстүн коюштурууга Обамага жубайы Мишель жана кыздары Малия, Саша жардам берди.


Египетти суу каптады
Соңку 16 жылда байкалбаган нөшөрлөгөн жамгырдан Синай жарым аралы жана Египеттин түштүк провинцияларында сел жүрүп, жолдор жарактан чыгып, Шарм-эль-Шейх аэропортунун иши бир канча сутка токтоп калган. Акыркы маалыматтар боюнча 12 адам каза болгон. Сел агымы Синайдын түштүгүндөгү жана Асуана районундагы 45 турак жайды алып кеткен. Курорттук мейманканалар жарыксыз калып, маанилүү Каир-Шарм-эш-Шейх автотрассасы жабылып, экскурсиядан кайткан көптөгөн туристтер ортодо камалып калган. Синоптиктер жакынкы күндөрү жамгыр кайта жанданат деп жатышат.


Алланы АКШда соттойбу?
Мурдагы теннисчи Анна Курникованын апасы Алланы АКШ соту он жылга эркинен ажыратканы турат. Палм-Бичтеги үйдүн экинчи кабатынан кулап түшкөн беш жашар уулу Аланды кароосуз калтырып, энелик милдетине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгы үчүн деген айып менен. Полициянын билдиргени боюнча, бала 4,5 метр бийиктиктен кулап, канжалап, буту-бели жабыркаган абалда ооруканага жеткирилген. Азыр абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул факты катталар менен апасы Алла Курникова кармалып, суракка алынган. Баласын жалгыз калтырып, иштери менен кетип жатканда, колуна мобилдик телефонду берип, эшиктердин баарын бекитип кеткенин айткан. Учурда окуя жагдайы такталып-аныкталып жатат.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы