Тамакты даамдуу кылган туз дечү элек Күнүмдүк тамак-аш жаатында эмнени көп керектейбиз? Албетте, шекер менен тузду. Бирок илимий чөйрө ашыкча туз адам организминде кыйраткыч күчкө ээ экенин далилдери менен тастыктап келет. Эларалык илимпоз-аалымдардын эсеби боюнча, ашыкча туздун айынан болгон адам жоготуусу 400 жүргүнчүнү батырган аэробустун кыйроосуна барабар экен. "Эгерде тамак-аш өндүрүүчүлөр өз продукциясындагы туз өлчөмүн эки эсеге азайта турган болсо, жылына 150 миң адам өмүрүн сактап калганга болот" дешет. Туз эмнеден турат? Америкада жана Европа чөлкөмүндө тамак-аш оромуна ичиндеги азыкта туз өлчөмү канчалык экенин так белгилеп берүү талап кылынат. Туз - натрий хлоридинин тиричиликтеги аталышы болгондуктан өзгөчө натрий өлчөмүнө маани берилиши керектиги баса белгиленет. Себеби, бул элементтин адам үчүн зыяны ашыкча көп экен: денеде ашыкча суу топтолуп, тамырлар тарып, кан басым жогорулайт, гипертония өсөт. Натыйжада жогорку кан басым атеросклерозду күчөтөт, жүрөк кагышында кыйынчылык пайда болот: ишемия, инфаркт, инсульт; бөйрөктөр иштешинде жетишсиздик келип чыгат. Ошондуктан, натрий өлчөмү - 2400 мг деген көрсөткүчтөн ашпашы керек. Өзүбүздүн күнүмдүк ченем-өлчөмүбүз менен бере турган болсок, бул - бир чай кашык - 6 грамм туздагы өлчөм. Пендечилик кылып бул ченемге баш ийбейбиз да, тамак жасап жатканда көз болжолу менен урабыз, дүкөндөрдөн даяр азык-түлүк, жарым фабрикаттарды тузун эмес, курамын окуп койбостон сатып алабыз. Окуган күндө да, биринчиден, бул багытта маалыматыбыз аз; экинчиден, тамак-аш өндүрүүчүлөр ушул ченемди сактай тургандыгына кепилдик жок. Ал эми жогоруда аталган дүйнө бөлүктөрүндө бир адамдык үлүштөгү тамакта (порция) натрий өлчөмү күнүмдүк норманын канчасына туура келери так жазылат экен. Маселен, тез татымды - "фаст-фудду" сүйгөндөр бир чизбургер менен белгиленген норманын жарымынан көбүн - 52%ын пайдаланып койгон болот. Англияда тамак-аштар боюнча улуттук агенттиги жогорудагы сандык көрсөткүчтөрдөн тышкары "светофор" ыкмасын сунуш кылган: курамында тузу көп тамак-аштар - кызыл, орточосу - сары, аз өлчөмдөгүсү - жашыл белги менен сатыкка коюлат. Бул ыкма эл көп керектеген азык-түлүктөгү шекердин, майдын чен-өлчөмүн билүүдө да колдонулат. Ички рыноктогу өндүрүүчүлөр да "кызыл тизмеге" илинип калгандан качып, пайдалуу тамак-ашка басым жасашат экен. Натрийдин ордуна - калий Бизде жогоркудай талаптар болбогондуктан, башка амалдарга кайрылууга туура келет. Маселен, мындайда калий менен магний мыкты жардамчы дешет. Бирок, тилек-каалоолорубузга карабай, учурда бул эки элементтин ордуна натрий 1,5-2,5 эсеге көп колдонулат экен. Бул теңсиздикти жоюу үчүн дарыгерлер натрийдин пайыздык өлчөмү калий жана магний менен азайтылган тузду сунуш кылышат. Бул тажрыйба убагында Австралияда сынактан өтүп, курамынын 65%ын - натрий, 25%ын - калий, 10%ын магний түзгөн тузду пайдаланган кан басымы жогору адамдардын, дарыга байланган гипертониктердин абалы жакшырып, жакшы жыйынтыкты көрсөткөн. Тилекке каршы, мындай туз жалпы колдонууга чыга элек. Бизге сырттан келип жаткан туздарда калий жана магний пропорциясы жогорку көрсөткүчтөрдөн бир аз төмөн, баасы да ошого жараша коюлган. Тазаланган (рафинаддалган деп окуп калабыз го) деген, жалаң химикаттар бийлик кылган туздан таптакыр пайда жок, анын курамында натрий 97-98%ды түзөт. Ошол себептен... Магний, калий жана башка табигый кошулмалардан арылтылып, акактай аппак тузду алганда, эске алып коюңуз: табигый курамы сакталып калган туздар кымбат турат. Маселен, кол эмгеги менен жыйналган деңиз тузу 500 сомдон 2 миңге чейин барат. Алар көзгө анча жугумдуу көрүнбөйт, бирок бозомук түстөгү тузду "туздун гүлү" атап коюшат. Кызгылтым түстөгү Гималай тузу деп сатылгандар болот экен, баасы жогоркудан бир аз төмөнүрөөк. Дүйнөдө папуастардын ыкмасы менен жасалган кара туз баарынан кымбат турат экен. Аталган эл туздуу деңиз суусуна чыланган дөңгөчтөрдү жыйып келип күйгүзүшүп, алынган туздуу күлдү тиричилигинде пайдаланышканын убагында Миклук-Маклай жазып калтырган. Кара тузду колго жасаса болот, ал үчүн чоң-чоң туз бүртүктөрүн сууга көпкөн геркулес, ал болбосо, кара нан, капуста жалбырагын, көк-сөк (петрушка, укроп ж.б.), квас коюусу менен аралаштырып, катуу ысытылган меште капкара болуп күйгөнчө кармап, анан майдаласаңыз, тамакка өзгөчө даам берген туз алынат. Ашыкча убаракерчилик десеңиз, анда төмөнкү кеңештер ашыктык кылбас: o тамак даярдап жатканда туз ордуна көк-сөк кошуңуз; o куурулма тамакка чеснок, имбирь, калемпир, лимонду пайдаланыңыз; o кошумча даам бергич кошулмалардан (приправа, кубик) баш тартыңыз; o балык жана деңиз тамак-аштарына лимон согун пайдаланыңыз; o эт тамактарга - кызыл вино, балыкка - ак винодон кошуңуз. Аш болумдуу болсун десеңиз... Атайын иликтөө тобу жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, ашказан-ичеги жана кант диабети сыяктуу эл көп жабыркаган оорулардын бирден бир себепкерлери деген азык-түлүк түрлөрү боюнча атайын адистерге суроо салышкан.Бирок зыяндуулук даражасы беш баллдан бир баллга чейин белгиленген төмөндөгү тамак-аш тобун бардыгыбыз үчүн зыяндуу экен деп ойлобош керек. Ал жеке организмдин кайсы тамакка артыкчылык берилгенине жана жеке саламаттыкка жараша болот. 1-орун: 12 балл Чипси, бул тез татым азыкты даярдоо технологиясы рак оорусуна өбөлгө түзгөн канцероген майларын пайда кылат. Лимонад, ашыкча ичүү зат алмашуу процессин бузат, жасалма аш боектору аллергия кылат, көмүр кычкыл газы - ашказан суусунун кычкылдуулугун жогорулатып, гастритке алып барат. 2-орун: 7 балл Фаст-фуд, тез татым, алар: беляши, хачапури, пирожки, картошка-фри, гамбургер..., даярдоодо өсүмдүк майы кайра-кайра ысытылып пайдаланылгандыктан, зыяндуу канцероген майлары көп болот. 3-орун: 6 балл Арзан колбасалар, курамында жасалма аш боектору, жыт бергичтер жана адам өмүрүнө коопсуздугу такталбаган заттар, башка эч бир табигый кошулма жок. Ышталган азыктар, мындай ыкмада даярдалган эт жана балык тамак-аштарында канцероген майларынын эң күчтүүлөрүнүн бири - бензопирен болот. Кетчуп жана майонез, майонез курамында канцероген, жасалма транс-майлары учураса, кетчупта крахмал, жасалма кошулмалар, денсоолукка кооптуу эместиги такталбаган кошулмалар бар. 4-орун: 4 балл Өстүрүү шарты бузулган жашылча-жемиштер, нитрат пайдаланылган же өнөр жай ишканалары, автожолдор сыяктуу зыяндуу заттар бөлүнүп чыккан жайларга жакын жерде өстүрүлгөн жашылча-жемиштер да бензопирен жана башка канцерогендерге бай болот. Консерванттар, консерванттардын курамында баш ооруну чакырган, тамырларды тарытып, зат алмашууну бузган уулуу зат - натрий глютаматы кезигип калат. 5-орун: 3 балл Маргарин майы, зыяндуу канцероген-трансген майлары бар. Кондитер азыктары, ашыкча майлуу жана таттуу түрлөрү ашыкча май жана кант өлчөмүн жогорулатып, зат алмашууну тез бузат. 6-орун: 2 балл Кофеин азыктары, кофенин бир күндүк өлчөмү - 2-3 чыныдан ашпашы керек, энергетикалык суусундуктарды күнүгө ичкенге болбойт. Ашыкча ичүү - нерв системасын жабыркатат. 7-орун - 1 балл Үй консервациясы, технологиясы бузулуп даярдалгандары организмдин ууланышына алып келет. Балмуздак, жасалма коюуланткычтар жана жыт бергичтер колдонулгандыктан, зат алмашуу процессин жайлайт. Бетти даярдаган Салима Жакшылык кызы P.S. Кийинки сандарыбыздан гранд-ашпоз Абир Коңуровдун тамак-аш жана тамактануу маданияты, табияты тууралуу кеп-кеңештерине күбө болосуздар. |