Кат куржундан

Үч айылдын үмүтү үшүп турат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек
Салиевич Бакиевге Нарын дубанынын Нарын районунун Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил айылдарынын жашоочуларынын кайрылуусу

Урматтуу Курманбек
Салиевич!
Бул кайрылуу калемдин сыясы менен эмес, үч айылдын он миңден ашык калкынын көз жашы менен жазылып жатат.
Сиз, 2008-жылы жана 2009-жылы президенттик шайлоонун алдында Нарын жергесине барганыңызда биздин арыз- муңубузду кунт коюп угуп, сөзсүз аткарыларына кат-кат убада берип кеттиңиз эле. Бирок, Сиз убадаңызды аткарган жоксуз. "Хандын сөзү өлгөнү, өзү өлгөнү" дейт эмеспи элибизде.
Арыз, арманыбызды айтып барбаган жерибиз, какпаган каалгабыз, чертпеген эшигибиз калган жок.
2008-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун кабыл алуусунда болдук. Шашпастан айткан көйгөйлөрүбүздү кунт коюп укту. Бүткөрүп берем деди, бирок а киши дагы бүтүргөн жок.
Жогорку Кеңештин депутаты, нарындык Нарынбек Молдобаевге өз балабыз деп кайрылганбыз. Нарындын кулуну, биздин маселебизди туура түшүнүп, жакындан жардам берет деп үмүттөнгөнбүз. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок. Баягы эле убада байкуш убара. Берген убадасын аткарган жок.
Ошол кездеги айыл, суу чарба, кайра иштетүү министиринин орун басары Кенжебаевде болдук, ал киши статс катчы Касымовго жиберди. Анысы суу чарба департаментинин ген.директору Б.Кошматовго жиберди. Б.Кошматов болсо "адис балдарды жиберем, дефект акт түзүп, ремонт жасап беребиз" деп, жылуу-жумшак узатып койду.
Райондун жогорудагы үч айылында он миңден ашуун калк жашайт. Ошол калктын 2431га сугат аянттары Он-Арча - 1 жана Он-Арча - 2 деген туруктуу насостук станциялардын жардамы аркылуу сугат суулары менен камсыз болот. Же болбосо бардык жашоочулардын турмуш-тиричилиги ушул эки насоско байланышкан десем жаңылышпайм. Бул насостук станциялар өткөн кылымдын 1973-1974-жылдары курулуп ишке киргизилген. Ошол жылдардан бери насостук жабдуулары бир да жолу алмашылбай 36 жыл бою үзгүлтүксүз иштеп, бизди сугат суулары менен камсыз кылып келе жатат. Тактап айтканда бул жабдуулар экинчи эмес, үчүнчү мөөнөтүн өтөп жатышат.
Натыйжада насостордун жабдууларынын эскиришинен, сугатка берилүүчү суу да жыл өткөн сайын азаюуда. Ошондой эле кийинки жылдары бул жабдуулар ылдам-ылдам бузулуп калууда. Райондук суу чарба башкармасынын кызматкерлери, суу чарба департаментинен берилген насостордун моторлорун алмашып келишет, бирок насостордун корпустары жешилгендиктен сууну соруп чыгара албай жатат. Мунун натыйжасында, сугат аянттарыбыз, жазгы-жайкы мезгилдерде сугат сууларынын тартыш болгондугуна байланыштуу, толук кандуу суу ичпей калып жатат. Сууга толук канбаган айыл чарба өсүмдүктөрүбүздүн түшүмдүүлүгү эң начар болууда. Төрт жылдан бери сепкен үрөндөрүбүздү ала албай, айдап, сепкен чыгымдарыбыз толугу менен акталбай калып жатат.
Урматтуу Президент Курманбек Салиевич Бакиев !
Эгерде, Нарын жергесине келип, биз менен болгон баарлашууңуздагы жалпы элдин көзүнчө бизге берген убадаңызды унутуп калсаңыз, эскертип коюуну эп көрдүк.
Жогорудагы үч айылдын элинин көз жашы, арыз-арманы, көкүрөктөгү муңу сизди ойлондурат деп дагы бир жолу ишенгибиз келет.

Асмат Жумакадыров,
Нарын району,
Миң-Булак айылы