Тааныш ысымдар

Саясатка катуу кирип, андан акырын чыккан Жумагазы Чоңаюу кайда?
Ал социалдык маселелерди чечүү аракетинде, "Арыш" деп аталган коомдук бирикменин төрагасы, элде жок дагы бир долбоорду жайылтып жүрөт.

"Бирдеме болуп кетпегей эле"

Жаңы доордун 90- жылдары калың элдин эсинен эч убакта чыкпайт болушу керек. Ал убакта ар кимдин көкүрөгүн эли-жери жөнүндөгү патриоттук бийик сезимдер ээлеп, жаңы доорду курууга, жаңыланууга, жер алып, отурукташууга чын дилинен үн кошуп жаткан кез эле. Борбордо жашаган кыргыздардын бир далайы көп жылдары шаарда жашаса да үйү жок, туруктуу каттоого жетпей, көрүнгөн батирлерге башпаанек кылып жүрүшкөн.
Ал кезде жөн гана жалындуу сөз сүйлөө менен чектелбестен, айтылган сөздөр иш жүзүнө ашышы үчүн жан аябай аракет жасап, кыргыз жаштарын баштап жүргөндөр да бар эле. Ошолордун карлыгачы болгон, кыргыз жаштарын жер алып, үй курууга чакырган "Ашар" козголушу демократия заманы орноордон бир азыраак мурунураак уюшулган. Жумагазы Чоңаюу ошол "Ашар" козголушун жетектеп келди. Белгилүү жазуучу Ажем Жаманкулов "Ашардын" уюштуруучусу Садыр уулу Жумагазы (Чоңаюу) тууралуу мындай дейт: -Оболу, кадимки "Ашар" козголушунан жолуккам. Анда, жалыны тышына тээп турган жаш жигит эле. Жер алабыз деп жаалданган көптүн арасында жөн эле эмес, өзү сыяктуу "турмушта түтөгөн" карапайым калкыбыздын жаштарын уюштура алга баштап жүргөндөрдүн бири экен. "Ашар" жаштары оболу түрүлө дуулдап, ошол кездеги жетекчилердин (Масалиев, Акматов, Жумагулов) шаштысын кетирген. Мындайды өмүрү көрбөгөнбүз да, көөдөн дирилдеп, көзгө жаш келди! Кылкылдаган жаштарыбызды кантип аябайлы, "бирдеме болуп кетпегей эле" деп кантип күдүктөнбөйлү! Он киши чогула албай жүргөн заманда он миңдеген адам ызалуу, дарыядай агылып келатса, болгондо да улутубуздун жалтанбаган жаштары, карапайым кыргыздын кырчындай уул- кыздары!..
1989- жылы "Ашар" козголушунун биринчи курултайы болуп, Жумагазы Чоңаюу анын төрагалыгына, Жыпар Жекшеев аткаруу комитетинин жетекчилигине шайланышты. Өкмөттүк эмес алгачкы "Ашар" козголушу ошентип түзүлгөн. КДК кыймылы андан кийин түзүлгөнүн, "ашарчылар" А. Сепишева, К. Жунушалиев, Ж . Жекшеев, С. Мурзакулов, М. Жекишев, Ч. Бекбоев, А. Таштанов алгачкы иш баштоочулардан болуп калышканын эл эскерет.
"Ашар" козголушунун алдындагы "Эрайым" коомунун жетекчиси Ракыя Жусупова ал күндөр тууралуу мындай дейт: -Жумагазы агабыз ишке билек түрүп киришкендердин бири болду. Айрымдар кыйынчылыкка чыдабай, баштаган ишин аягына чыгара албай кетип да калышты. Жумагазы аба болуп, ал кезде Үркүнгө байланыштуу да иш- чараларды аткардык. Ал бийликтин куугунтугуна да чыдады, камалып да келди. Бирок "Ашардын" ишин таштабады, азыркы "Арышты", ошол "Ашардын" улантуучусу деп эсептесек болот.
"Ашардан"- "Арышка"

Мына эми Бишкек шаарынын тегерек- чекелериндеги жаңы конуштардын саны 47ге жетти. Ал эми каттоого алына элек жаңы конуштарды кошкондо саны андан да көп болот. Жаңы конуштардын алгачкылары азыр 20 жылдык тойлорун берип жатышат.


Ал жакта жаңы муундар өсүп- чоңоюп, бир- үй-бүлөнүн эле эмес, жалпы элибиздин керегине жарап жаткан мезгили.
Бирок азыр деле жаңы конуш маселеси чечилип кеткен жок. Кийинки уюштурулгандарында же каттоодон өтпөгөн, жарыгы жок, суусу, жолу, мектеби, айтор социалдык инфраструктурасы жок, эптеп күн өткөн жашоодо калгандары бар. Биз, "Назар" гезитинин кабарчылары, Алтын казык деп эл ичинде аталган жаңы конушта болгонубузда, шаардык таштанды төкчү жайдын түбүнө кыркалекей там куруп алган, бир жагынан бейит менен коңшулаш турган, жаңы конушту мүрзөлөр менен катарлап чектеп койгон жерге туш болдук. Ал эми дагы бир кабарчыбыз кечээ жакында Ак-Жар конушунда болуп, ал жерде суу жок, жарык жок, сууну сатып ичишээрин жазып келди. Жолдор жаман, бутунан суу өтүп, кабарчы кызыбыз ооруп калды.
Жумагазы Садыр уулу (Чоң аюу) саясатка катуу кирип, андан акырын чыгып кетти деп ойлойм. Бирок ал социалдык саясаттын бир учугун чоюп жүргөнүн угабыз. Азыр жогоруда айткандай оор турмуштагы жаңы конуштардын турмуш- тирлигине жардам берүүнүн аракетинде "Арыш" аттуу коомдук бирикмени түзүптүр. Азыр ал бирикменин түзүлгөнүнө он жылдай убакыт болуп калды. Бирок бир уюмдун жаңы конуштарга тегиз жардам берүүгө кудурети жетмек беле. 47 конуш ичинен азыр Арча -Бешик, Керемет, Ала -Арча, Ак- Ордо, Ала-Тоо ж.б. 12 конушунда иштеп жатышканын билдик.
"Арыш" коомдук бирикмеси 1999- жылдан бери негизги долбоорлор аркылуу 90 млн 596 миң сом инвестиция тартып келген. Ал каражаттар жаңы конуштарга шагыл жол салуу, суу тартуу, көпүрө салуу, трансформатор, балдар аянтчаларын, кеңселерди салууга ж.б. иштерге жумшалган. Кошумча долбоорлор аркылуу 1 млн. 963 миң сом тартылган. Ал эми негизги жана кошумча долбоорлорду кошкондо 92 млн 560 миңден ашуун сом болот экен. Биздеги коомдук бирикмелердин ар бири тыштан ушунча сом инвестиция тартып келип турса, анда сонун болбойт беле!

"Бийлик кумарына азгырылбайбыз"

"Арыш" бирикмесинин колдоосу менен чет өлкөлөргө, алсак Индия, Бангладеш, Польша, Грузия, Украинага тажрыйба алмашууга барып келгендер болду.
Жумагазы Садыр уулу өздөрүндөгү иш- аракеттин багыты тууралуу мындай дейт:
"Саясатчыларды карагыдай биз бийлик кумарына азгырылбайбыз, көр оокаттан чыга албаган пендечиликтен да жогору турабыз. Жараткан өзү бизди, конуш тургундарын элибиздин шаарлашууга бет алышынын алдыңкы сабына: борбордон орун- очок алууга ажат ачкан шартта ага татыктуу жооп беришибиз парз. Дүйнө коомчулугуна өз өзгөчөлүгүбүз менен кошулсак барктуу болобуз. Ал эми азыркы жалпылаштыруу (глобалдаштыруу) шартында биз бирге жанашып, улуттук баалуулуктарыбызды өрчүтүшүбүз керек. Анын кыймылдаткычы бизде бар. Ал өз жардам тастыктамасы., анын негизинде жаралган элдик уюм- өз жардам тобу курамы. Өз жардам үлгүлөрү элибизде байыркы замандардан бери колдонулуп келатат. Алар ашар, орток, атмайы, ража, уюшма ж.б.
Ырас эле биз Өз жардам тобунун мүчөлөрүнө өз жашоосун башкаруунун алиппесин гана бериптирбиз. Анын башталгыч билимин өздөштүргөн кардарларыбыз, ошого каниет кылып, жеке муктаждыктары орундалганына каниет кылып калышкан тура. Жамааттык, конуштук жоопкерчиликти көтөрүүгө өсүп жетиле элек экен. Демек, жашаган аймагындагы маселелерди чечүүдө топ мүчөлөрүн гана эмес, бардык жашоочуларды, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жыйнактап, багыттай алуу коомдо кеңири орун ээлегенге тете болмок. Эми "Арыш" коомдук бирикмеси колдоочу уюм катары өз жардам тобунун "жогорку билимин" беришибиз керек".
Бул бирикменин өз жардам тобуна киргендер жакырчылыктан чыгуунун жолун таап, ал тургай жеке сапаттарын да ийгиликтүү ишке бурууга жардам алып жатканын белгилешет. "Ак бата" тобунун мүчөсү Динара Адылова мындай дейт: - Мурда тартынчаак элем. Ата- энеме деле пикиримди айта алчу эмесмин. Азыр чоңдорго деле тартынбай кирип маселе кое алабыз, ар кандай чөйрөдөгү адамдар менен тил табышууга үйрөндүк.
"Ала-Арча" бирикмесинин мүчөсү Анара Мамаева:- Кайда барсаң - коррупция. Ал эми таза коомду түзүү "Арыштын" ушул өз жардам тобунан башталат болушу керек деп ойлойм. Балдардын жана жаштардын өз жардам топторун көбөйтүүбүз керек.
Алматыдан келген конок, "Мөлдүр" ассоциациясынан Ляззат Ишмухамедованын " Жумагазы Садыр уулу менен иштешкенден ырахат алам. Дили таза, ишти билген жетекчи" дегени эске келет.
"Арыш" бирикмесинин он жылдыгындагы иш-чарага катышып, ушул өңдүү бир далай маалыматтарды жыйнадым. Жаңы конуш тургундары өкмөттүн эле жардамын зарыгып күтө бербей, өкмөттөн башка уюмдардын да, алсак, "арышчылардын" өз жардам топторунун жол- жобосу менен таанышып, алардын да көмөгүн көрүп калса болот турбайбы деп келдик.

Айгүл Бакеева