Кыргызстандын элине!

Кыргызстандын саясий партияларына,
коомдук жана бейөкмөт уюмдарына!
КАЙРЫЛУУ
Кылым карытып, миңдеген жылдардан бери жашап, уулу Урумга, кызы Кырымга жетип, өнүгүп, өзүнүн маданияты-адабияты менен дүйнөгө таанылган кыргыз эли азыр өз тарыхындагы эң оор учурун өткөрүп жатат. Кыргыз эли айтылуу "Манас" келгенге чейин бир чабылып, бири Кангайга кетип, бири Ооганга кетип тентисе да, Кудайдын буйругу менен 1990-жылы өз эгемендүүлүгүн жарыялап, башкаларга тең болдук десе да, азыркы абал туңгуюкка туш келгенибизди көрсөтөт.

Элдин жашоо мүмкүнчүлүгүнүн, мамлекеттин күч-кубатынын көрсөткүчтөрү - бул мамлекеттин саясий жана экономикалык абалы, элдин социалдык корголушу. Эгерде мурунку мезгилде майда, алсыз мамлекеттерди жана элдерди күчтүүлөр согуш менен, күч менен багындырып, басып алуу жолу менен ээлеп ала турган болсо, азыр андайдын эч кимге кереги да жок. Глобализация мезгилинде күчтүү мамлекеттер жана элдер дүйнөлүк, эл аралык укук системаларын өзүнө гана пайдалуу болгудай түзүп алышып, аз элдерди жана майда мамлекеттерди финансылык, экономикалык көз карандылыкка салып, ошонун негизинде аларды өзү үчүн иштетип жана саясий көз карандылыкка алып барууда. Бул үчүн эл аралык финансылык институттар (ДБ, ЭАВФ) жана трансулуттук корпорациялар, ишканалар аркылуу, инвестиция берүү аркылуу багындыруу жолуна өтүшкөн. Мындай абал официалдуу түрдө колония кылуудан көрө, көз каранды, марионеттик бийлик орнотуп коюп, ошолор аркылуу саясий башкаруу жүргүзүп, экономикасына ээлик кылууга толук шарт түзөт.
Кыргыз мамлекети, кыргыз эли азыр мына так ушундай абалда турат. Кыргызстан совет мезгилиндеги экономикасы өнүккөн агрардык-индустриалдык республикадан соода-оюн-зоок өлкөсүнө айланды. Кыргыз мамлекетинин официалдуу сырткы карызы 2,5 миллиард АКШ долларын түзөт. Бул ар бир кыргыз, жашынан карысына чейин 500 АКШ долларынан же кыргыз акчасы менен 20 миң сомдон ашык карыз дегенди билдирет. Мынча карыз болгон менен, ошол акчага кыргыз өкмөтү көзгө көрүнөөрлүк ишкана же өндүрүш кура албады. Бул карыз жеп-ичкенге гана кетти.
Ошол эле мезгилде бул карыздардын көбү кыргыз экономикасын талкалоого да багытталды. Анткени карыз берип жаткандар өз кызыкчылыктары үчүн ошондой шарттарды коюшкан. Мисалга "Кумтөр" кенин эле алсак, ал дүйнөдөгү эң чоң алтын кени деп эсептелет. Ошол кенди ээлик кылган уюмда Кыргызстандын үлүшү араң 30%ды түзөт, калганы чет элдердики. Ошон үчүн 15 жылдан бери бул кенди иштетүүдөн Кыргызстан чеке жылытаарлык пайда көрбөй келет. Кыргызстандын бардык башка кендерин пайдалануу мындан да жаман абалда турат. Демек, Кыргызстандын кен байлыктары кыргыз элине кызмат кылбай калган. Ал эми "Песак" программасына кирген башка 28 чоң ишкананын бирөө да бүгүн оңолмок турсун иштебей калган.
Азыр Кыргызстанда мамлекетти түзүүчү болгон, титулдук улут аталган кыргыз элинин турмушу Кыргызстанда жашаган бардык башка элдердин турмушунан төмөн. Кыргызстандагы финансы булактары, ишканалар, жердин көпчүлүгү жана дээрлик бардык кен байлыктар кыргыз эместердин жана чет элдиктердин колунда, жумушсуздардын бардыгын жалаң гана кыргыздар түзүшөт.
Эл аралык эксперттердин байкоосунда кыргыз эли эл катары, кыргыз мамлекети мамлекет катары жоюлуп бараткандарга кирет. Мунун эң тастыктуу көрсөткүчтөрү болуп, кыргыз элинин миллиондон ашык эмгекке жарамдуу бөлүгү башка мамлекеттерде тентип, кээ жерде кул катары сатылып, күнкор болуп жүргөнү, бийлигибиздин туруктуу, көз карандысыз саясаты болбой, күндө бир күчтүү мамлекеттин этегине жабышып турушу, транс улуттук ишканалардын кыргыз экономикасына терең кирип кетиши, өндүрүштүн жоктугу, жумушсуздук, элдин социалдык корголбогондугу, эң көп жана арзан электр энергиясына ээ болуп туруп, анын баасы өтө кымбат болушу, пенсиялардын жана эмгек акыларынын жашоону камсыз кылбагандыгы далил болууда.
Ошол эле мезгилде кыргыз жери башкаларга четинен сатылып, сатылбаганы көмүскөдө берилип, тарып, азайып баратат, кыргыз элинин тили жоголуп, дили бузулууда.
Буга эмне жана ким күнөөлүү! Эл деген аккан суу, кайда бурса ошол жакка агып кете берет. Демек мамлекеттеги саясий башкаруу күнөөлүү.
Алгач, кыргыз эли эгемендүүлүк алганда, 1993-жылы ошол кездеги легитимдүү парламент өзүнүн легитимдүү Негизги мыйзамын - Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган. Бул Конституция мамлекетте элдин бийлигин жарыялап, ал бийликти тең салмакташкан үч бутакка бөлүп, ортосуна калыс арбитр болгун деп Президентти койгон. Бирок ал Президент Конституциянын талаптарын одоно түрдө бузуп, мыйзамсыз референдумдарды өткөрүү жолу менен авторитардык саясий режимге жол ачкан, үй-бүлөлүк бийликти орнотууга аракет кылган. Анын бул ишине каршы болгон эл көтөрүлүп, Президент качып кетүүгө аргасыз болгон. Анын ордуна элди алдоо жолу менен келген азыркы бийлик элдин мүдөөсүн толук бойдон четке кагып, бүгүнкү күндө авторитардык системаны, өтө коррупцияланган үй-бүлөлүк башкарууну орнотту. Кыргыз эли өз бийлигинен четтетилди, Кыргызстанда эл мүдөөсү болгон, эзелтеден канына сиңген демократиянын жыты да калган жок.
Демек, азыркы милдет - эл бийлигин, демократияны калыбына келтирүү. Ошондуктан азыркы оппозициянын негизги милдети - кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоо; Эл бийлигин жана демократияны калыбына келтирүү, ал үчүн 1993-жылкы Кыргыз Конституциясын калыбына келтирүү.
Өлкөнү авторитардык системадан, үй-бүлөлүк башкаруудан кутултуп, экинчи мындай бийлик келбей турган, элге жана элдик демократияга таянган, социалдык багыттагы саясий режимди түзүү эсептелет. Саясий сис-тема кандай болууга тийиш?

Борбордук башкаруу
органдары
1993-жылкы Конституция калыбына келтирилгенден кийин, ошол Конституциянын талаптарына ылайык Президент жана Жогорку Кеңеш шайланып, жаңы Өкмөт түзүлүп, жаны шайланган Жогорку Кеңеш гана Конституцияга азыркы мезгилдин талаптарына ылайык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши керек. Ал өзгөртүүлөргө ылайык Президент Конституциянын гаранты, өлкөнүн символу, бийлик бутактарынын ортосундагы калыс арбитр катары Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана соттордун ишине түздөн-түз кийлигишүүдөн четтөөсү керек.
Жогорку Кеңеш 105 округдан шайланган депутаттардан туруп, аларды кандидаттыкка саясий партия гана көрсөтүп же өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен 5 жылга шайланышы керек.
Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруудан сырткары көзөмөл жүргүзүү укуктары берилиши керек.
Жогорку Кеңештин көзөмөл укуктары:
Өкмөттү дайындоо жана анын отчетун угуу, эгерде канааттандыраарлык болбосо, отставкага кетирүү;

Өлкөнүн бюджетин мыйзам менен бекитип, анын ар бир тыйынын элдик көзөмөл комитетин түзүү жана ал аркылуу көзөмөлдөө;
Башкы прокурорду дайындап, ал аркылуу мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;
Улуттук банктын башчысын бекитип жана ал аркылуу акчанын жүрүшүн көзөмөлдөө аркылуу жүзөгө ашырылат.
Анын ичинде элдик көзөмөлдөө комитетинин структураларынын ар бири административдик деңгээлде болуп, башкы органы Жогорку Кеңештин алдында түзүлүп, ага гана баш ийет. Жергиликтүү элдик көзөмөл комитетинин органдары жергиликтүү элдик кеңештердин алдында түзүлүп, жергиликтүү кеңештерге жана жогору турган элдик көзөмөл комитеттерине баш ийүү менен иш жүргүзүп, ар кимиси өз деңгээлиндеги башкаруу органдарын эл атынан көзөмөлдөп турат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана 2 мүчөсү гана Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан түз дайындалып, калган мүчөлөрү шайлоого кандидаттарын көрсөткөн саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүп, Президент тарабынан бекитилиши керек. Ушундай эле тартипте Президентти шайлоо учурунда областтык, райондук жана участкалык шайлоо комиссиялары, Жогорку Кеңешти шайлоо учурунда округдук жана . участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүшү керек.
Мамлекеттик башкарууда Президентке жана Жогорку Кенешке берилген ыйгарым укуктардан башка башкаруу иштеринин баарын Өкмөт жүргүзүшү керек.
Сот бийлигин Конституциялык сот жана Жогорку сот жүргүзүп, анын ичинде Конституциялык сот Конституциянын гаранты болуп, аны бузуулардан коргошу керек. Ал эми калган иштер Жогорку сот тарабынан жүргүзүлүп, ал Пленумдан, Президиумдан жана коллегияларынан турушу керек.
Пленум эң жогорку сот органы болуп, коллегиялардын кароосунан өткөн өтө маанилүү иштерди Жогорку соттун төрагасынын жана анын орун басарларынын сунушу менен кароосу керек. Мындай иш сот системасында иштерге бирдей мамиле кылууга, чечим чыгарууда бир тартипке алып келет. Президиум болсо, Жогорку соттун уюштуруучулук жана чарбачылык иштерин жүргүзөт.
Соттун чечимдерин аткаруу Өкмөт тарабынан бул милдетти бир министрликке тапшыруу же атайын орган түзүү аркылуу жүргүзүлмөкчү.
Судьялар беш жылдан кем эмес профессионалдык стажы бар, адвокат болуп жана прокуратурада иштеп келген юрист адистерден Жогорку Кеңештин жактыруусу менен Президент тарабынан мөөнөтсүз убакытка дайындалышып, ал эми иштен өз арызы же атайын мыйзамда көрсөтүлгөн шартта гана бошотулушу мүмкүн. Бардык соттордун төрагалары жаңы шайланган Жогорку Кеңештин алдында өз кызматын өткөрүп берип, ошол эле соттордогу судьялардын ичинен жаңы дайындалышы керек.

Жергиликтүү өзүн өзү
башкаруу
Ар бир айыл жана шаар өзүнчө болуусу керек. Ар бир айылда айылдык курултай тарабынан ачык добуш берүү менен айыл башчы, ар бир шаарда шаардык курултай тарабынан шаар башчы шайланат. Андан сырткары, көзөмөл жүргүзүү жана башчы менен бирдикте иш жүргүзүү үчүн айылдык, шаардык элдик кеңештер түзүлүшү керек.
Экономикалык жана географиялык шартына ылайык айылдар жана шаарлар областтарга (райондорго) биригет. Аларга тийиштүү эл ошол областтардын, райондордун элдик кеңешин шайлашат, ал кеңештердин макулдугу менен Өкмөт тарабынан акимдер дайындалышат. Акимдер Өкмөткө жана жергиликтүү кеңешке баш ийүү менен, ошол жердеги аткаруу бийлигин жүргүзөт. Ошентип бийликтин үч гана тепкичи болот. Алар: айыл, шаар башчылары - областтын, райондун акими - Өкмөт.
Ар бир баскычтын өз бюджети болууга тийиш. Аны түзүү жана булактары мыйзам менен аныкталат. Анын ичинде ар бир айыл жана шаар өзүнө гана баш ийген (муниципалдык) ишкана түзүүгө укуктуу. Бул ишканалардан түшкөн кирешелер, жер салыгы, жергиликтүү салыктар жана республикалык салыктын 30%ы жергиликтүү башкарууга калууга тийиш. Бул жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну кармоого жана жергиликтүү маселелерди чечүүгө багытталат,
Бир нече айыл жана шаар областтан, райондон кичине болгон административдик округга биригүүсү мүмкүн. Бул административдик округда округдук сот (азыркы райондуктай), округдук прокурор жана округдук милиция бөлүмү болушу мүмкүн. Бул деңгээлде башка бийлик органдарын түзүү максатсыз. Булар областтык (райондук) органга баш ийишет. Бул иш-чара азыркы күндөгү бюрократиялык, көп тепкичтүү башкарууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
Ар бир айылда жана шаарда өзүнүн коомдук тартипти сактоочу органы -милициясы, айыл соту (мировой судья) болушу керек.
Ушундай саясий система гана экономиканы жандандырып, социалдык маселелерди чече алат. Бул система менен Кыргызстандын бүт кен байлыктары мамлекеттин менчигине кайтарылып берилип, аларды кыргызстандыктар же үлүшү 50%дан ашпаган чет элдиктер катышкан кошмо ишканалар гана иштетүүгө укуктуу боло алат. Ошондо кымбат кен байлыктарын (алтын, күмүш, платина ж.б.) иштетүүдө, мамлекетке ал ишканалардын тапкан пайдасынын Кыргызстанга тиешелүү үлүшү жана салык төлөмү арендага пайдалануу үчүн 45 жана 90 жылга берүүнү, жер пайдалануу укугун сатууну жана сатып алууну, кен байлыктарын жана аларды иштетүү укуктарын сатууну жана сатып алууну жокко чыгаруу керек. Жер, кен байлыктар жана бардык кыймылсыз мүлктөр Кыргызстандын гражданы эместерге менчикке берилбеши керек.
Элдин, эмгекчилердин жана ишкерлердин иши, демилгеси мамлекет, Өкмөт тарабынан толук колдоого алынып, алар өз ишин өркүндөтүүгө уюштуруучулук, салыктык, финансылык жана башка жардамдар берилүүгө тийиш, башкача айтканда эл Өкмөт үчүн иштебей, Өкмөт жана мамлекет эл үчүн иштеши керек.
Бийлик социалдык коргоону башкы багыт кылып, бюджеттик мекемелерде иштегендердин, өзгөчө элдин ден соолугунун сакчылыгында турган жана болочок муундарды тарбиялоочу врачтардын жана мугалимдердин жашоосу мамлекеттик көзөмөлгө алынып, алардын эмгек акысы жана пенсиялары керектөө корзинасынын деңгээлинен жогору болууга тийиш.
"Кыргызстанды сактоо" патриоттук кыймылы жана "Элдик Кеңеш" кыймылы ушул милдеттерди аткарууну мойнуна алат жана ушул багытты туура көргөн, бүгүнкү бийликке нааразы болгон, Кыргызстандын бардык атуулдарын, саясий партияларын, коомдук жана бейөкмөт уюмдарын программага кошулууга чакырат.
Бийлик жана байлык элге! Эл бириксе, көл болот, көл каптаса, сел болот!
- Чолпонбаев М.Ш. - "Кыргызстанды сактоо" париоттук кыймылынан,
Чурмуков А. - "Элдик кеңеш" кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы,
Мамыралиев Д. - "Элдик кеңеш" кыймылынын аксакалдар кеңешинен,
Нурматова Р. - "Кыргызстанды сактоо" патриоттук кыймылынан,
Болотов А. - "Кыргызстанды сактоо" патриоттук кыймылынын координатору,
Момбеков С. - "Элдик кеңеш" кыймылынын тең төрагасы,
Чондоев О. - "Элдик кеңеш" кыймылынын тең төрагасы.
Байланыш телефон: (0772)-762-505.