Үн кошуу:
"Манасты" кыргыз коргой алабы?
МАНАСЧЫНЫН МЕКЕНИ
КЫРГЫЗСТАН ЭКЕНДИГИН КИМ ТАНАТ ?!
"Манасты" дастан кылып оозго алып, айтып жана бүгүнкү күнгө чейин жеткирген кыргыз элинен чыккан манасчылар экендиги талашсыз. Ал эми манасчылардын мекени, уюткусу Кыргызстан экендиги айныксыз чындык болсо дагы, бүгүнкү күндө аны суроолуу маселеге айлантып жаткандар пайда болууда. Андыктан мына ошол маселенин тегерегенде аз да болсо сөз козгомокчубуз.
Тарыхый жана саясий шарттарга байланыштуу Кыргызстандан сырткары кыргыз элинин чоң диаспорасы Кытай Эл Республикасынын Чыгыш Түркистан өрөөнүндө жашап жаткандыгы белгилүү. Мына ошол себептүү, азыркы күндө "Манас" дастаны айтылып жана улам бир жаңы вариантта жаралып жаткан жерлер бул - Кыргызстан жана Кытайдын Чыгыш Түркистанындагы кыргыздар отурукташкан аймактары. Айтаарыбыз иреттүү болушу үчүн алгач ирет кытайлык кыргыздардын манасчыларына назар бөлүп көрөлү.
Кытай Эл Республикасындагы манасчылардын дээрлик бардыгы Шинжаң уйгур автоном районундагы Кызыл-Суу кыргыз автоном областы менен Шинжаң уйгур автоном районундагы Иле казак автоном областындагы Текес, Шаты кыргыз автоном оодандарынан болот (Кытайдын административдик-аймактык тартиби боюнча область райондун карамагына кирет).
Кызыл-Суу кыргыз автоном областындагы эң көрүнүктүү манасчы - Жусуп Мамай (черик уруусунан) болсо, Иле казак автоном областындагы эң көрүнүктүү манасчы - Сатыбалды Аалы (бугу уруусунан) эсептелинет.
Албетте, бул эки манасчыга чейин деле кыргыздар отурукташкан Кытай жергесинде (чындыгында, ал жерлер түбү кыргыздардын жери болгон, буга бирден-бир далил катары азыркы күнгө чейин сакталып калган жер аталыштарын-топонимдерди айтсак болот) Жусупакун, Ыбырайым, Эшмат, Эшимбай, Темир сыяктуу манасчылар да өмүр сүргөн.
Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном областына караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылдын 4-майында жарык дүйнөгө келген Жусуп Мамайдын жазуусу (айтуусу эмес) боюнча азыркы күндө 8 муундан (бөлүмдөн) турган "Манас" дас-таны кыргыз, кытай тилдеринде китеп болуп жарык көрдү - "Манас" - 50 миң сап ыр, "Семетей" - 37 миң сап ыр, "Сейтек" - 25 миң сап ыр, "Кененим" - 34 миң сап ыр, "Сейит" - 11 миң сап ыр, "Асылбача-Бекбача" - 30 миң сап ыр, "Сомбилек" - 11 миң сап ыр, "Чигитей" - 12 миң сап ыр. Ошентип, Жусуп Мамайдын толук варианты 210 000 сап ырдан турат (кээ бир маалыматтар боюнча 265 000 сап ырдан турат). Бул жагынан алганда Жусуп Мамайдын варианты, бөлүмдөрү жагынан башка манасчылардын кагазга түшкөн варианттарына салыштырмалуу көбүрөөк болгону менен, көлөмү жагынан кыргызстандык манасчылар - Мамбет Чокморовдун вариантынан бир кыйла аз (Мамбет Чокморовдун варианты - 397 557 сап ырдан турат) жана Саякбай Каралаевдин вариантынын жарымын эле түзөт (Саякбай Каралаевдин варианты - 500 553 сап ырдан турат).
Эми Жусуп Мамайдын кантип жана кандай жолдор менен "Манас" дастанына кайрылып калгандыгы тууралу кеп козгоп, сөзүбүз ишенимдүүрөөк болушу үчүн оболу анын өзүнүн колу менен жазып берген маалыматтарына көз чаптыралы:
"Кээ бирөөлөр манасчы болуу үчүн белгилүү бир сыйкырчылык жөндөм керек же Алланын амири менен уктап калганда оозуна буудай кылып "Манас" эпосун куюп коюу жолу менен, болбосо "Манастакы" сыйынган каармандардын образы түшүнө кирүү аркылуу жөөлүп түшүркөп барып, эртеси "Манасты" шар айтып кала турган абалдар болот деп карайт, же ошондой жоромол кылат экен. Айтпаса да "Манасты" үйрөнүп айтып жатканыңда түшүңө кирери сөзсүз. Бирок бир кайып күч менен эле "Манасты" айтып, манасчы болуп калуу оңой эмес.
1934-жылы агам Балбай кара булгаары кайыш куржунду биздин үйгө алып кирди. Куржундун ичин ачып мындай деди: "Мына, сегиз урпак "Манас". Мындан мурун сага бирден китеп берип жүрдүм эле. Бүгүн баарын сага берейин". Анан бул китептерди жыйнаш чараларын мындай айтты:
"1916-жылкы чоң качкында (Улуу Үркүндү айтып жатат. - Т.Б.) келген элдерден угуп, ар кандай киши "Манасты" канча билем десе ошончо жазып алдым. Кээ биринде кол жазма бар экен, аны сатып алдым. Мен жазгандарым, ар кимден сатып алгандарым Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык (Балык манасчы Үркүндө Кытайга барышы эч мүмкүн эмес эле, себеби ал 18-19-кылымдарда жашап өткөн. - Т.Б.), Найманбай ата-бала, сарыбагыш Мамыркан молдо сыяктуу кишилер көп болгон. Айтылган сөздүн көбү бирдей окшош. Тыныбектин айтуусундагы "Семетей" басмадан чыккан экен. Семетейдин Үргөнчкө барып суу кечкен жери бар. Калганы жыртылып жок экен. Тыныбектин баласы Актандан алдым (Ал китеп "Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку" деген ат менен 1925-жылы Москвадан "СССР элдеринин борбордук басмасынан" жарык көргөн. 184 беттен турган жөнөкөй боз мукабалуу бул китеп кара кыргыз илим комиссиясы тарабынан чыгарылып, араб ариби менен басылган, кийин бул китеп кириллица арибинде 1994-жылы "Ала-Тоо" басмасынан Бишкектен чыккан. - Т.Б.).
Сагымбайдын айтуусу боюнча Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып Манаска келгиче болгон аралыгын ак молдо Ыбырай (фольклорист Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967) жөнүндө сөз болуп жатат. - Т.Б.) жазган экен, Чалбай аркылуу Ат-Башыдан алдым.
Энесай боюндакы Кал Мамайдан тартып Семетейге, Сейтекке чейинкилерин Какшаалдакы кытай кыргыздарынын жомокчусу Жусупакун Апай уулунан өз колум менен алдым. Кириштирдим, кураштырдым. Көп аракет кылдым. Жер, эл, баатырлардын аттарын жомок боюнча алдым.
1917-жылы чоң энемдин иниси болгон Ыбырайым таганы көчүрүп келип жайдын күнү киши жок жерде жаздым. Кыштын күнү айрым тамга кирип алып, сен он жашка чыкканда бүтүрдүм (Жусуп Мамайдын жашын айтып жатат, демек 1928-жыл. - Т.Б.). Ыбырайым тагам болсо жарымын кеп, жарымын ыр менен айтты. Мен көбүн ырга айландырдым.
1917-жылы Арзыкан бийдин айылында Кара-Чийде бир топ кишилерди калыс коюп, Сагымбай менен Жусупакундун өткөн айтышында, көпчүлүктүн сөзү, көз карашы, өзүм да Жусупакунду жактырып, айтканын толук алдым.
Тыныбектин "Семетейинин" көбү жок. "Казактардын бузулушу", "Сыр коргондун камалы", "Байтайлактын өлүмү", "Коңурбайдын Семетейди өзү чакырып барып, өлтүрөм деп өзү өлүшү", "Күрпүлдөктөгү Кызылуюк дөө", "Жалгыз көздүү Мадыкан", "Жамгырчынын өлүмү", "Буурулдун бутунун сынышы", "Гүлчоронун Жубатайды өлтүрүшү" буларды Жусупакундун айтуусу боюнча "Семетейге" коштум" - деген эле Балбай агам.
Улуу-Чаттагы чоң жомокчу Эшмат ага айтчу: "Жусупакун Апай, сарыбагыш Сагымбай Орозбак (бул жерде туура эмес айтылган, Сагымбай Орозбаков саяк уруусунан болот. - Т.Б.), мен Эшмат - үчөөбүз жомок үйрөнөбүз деп Жапыйдын уулу Тыныбектин балтасын чаап, жылкысын багып, калтасын кагып, төрт жыл жүрдүк. Сырт эли, черик эли Сагымбай менен Жусупакунду жомок айттырып жүрүп, жомокчу атандырды. Биздин чоңбагыш андай иш менен кери жок".
Мен Балбайдын жазган жазмасынан үйрөндүм. Толук эмес. Бешинчи урпак Сейитимдин тегин таштап айтыпмын, эми жазып толуктадым. Эшматтын айтуусунда: "Сагымбай молдо эле, жуптап шыбыргактатып айтуучу эле. Жусупакун айтканда сөздүн агымына карай аракетин өзгөртүп элди кызыктырчу экен".
Мен айткан бул "Манас", агам Балбайдын ар кайсы варианттарды улап жазганы. 1978-жылдан бери карай улам унуткан жеримди эстеп, толуктап олтуруп бүгүнкү күндө сегиз урпак "Манасты" алгачкы иретте кагаз бетине түшүрүп болдум" (Жусуп Мамай. "Мен "Манасты" кандай айтып калдым?" "Манас" эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. - Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).
Эми Жусуп Мамайдын жогоруда айткандарын жокко чыгарбай, бир аз да болсо талдап өтөлү. Кыргыз элинде ар качандан бир качан "аян алмайын адам манасчы боло албайт" деген терең ишеним өкүм сүрүп келген. Бул ишеним ортодогу СССР доорундагы атеизмдин катаал саясатында да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эмес. Азыркы күндө болсо манасчылык өнөрүнүн келип чыгуу маселеси расмий илим тарабынан колго алынып жатат. Эгер элдик ишенимге таяна турган болсок, анда "Манас" дүйнөсү тарабынан аян алмайын, арбак дааруу процессинен өтмөйүн, адам "Манас" айта да албайт, нагыз манасчы да боло албайт. Ал эми Жусуп Мамайдын мисалында, ал "Манасты" агасы Балбай Мамайдан (1893-1938), Жусупакун Апайдан (туулган-өлгөн жылдары белгисиз), Ыбырайымдан (туулган-өлгөн жылдары белгисиз, Ыбырайым Абдрахманов эмес), Тыныбек Жапый уулунан (1846-1902), Сагымбай Орозбаковдон (1867-1930), Сагымбай Орозбаковдун вариантын кагазга түшүргөн Ыбырайым Абдрахмановдон ар кандай жолдор менен алынган кол жазмалардан, китептерден окуп, анан "үйрөнгөнүн" айтып жатат. Эгер "үйрөнүү" деген сөздүн төркүнүнө үңүлө турган болсок, ал окуп, угуп же көрүп, эс тутумуна сактап, анан ошол окуп, угуп, көргөнүн өзүнө сиңирип, алымча-кошумчасы менен кайрадан турмушка ашыруу дегенди билдирет? Бул жагынан алганда, Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрканасы салттуу же классикалык түрдөгү манасчылык өнөрдөн кескин айырмаланып турат. 1916-жылкы Улуу Үркүнгө чейин Ала-Тоодон Кытайдын Чыгыш Түркистанына каттап турган же Улуу Үркүн маалында аргасыздан качып барган манасчылардын дээрлик бардыгы сабатсыз болгон (Сагымбай Орозбаковду эске албаганда). Алардын ичинен элдин зор кадыр-баркына ээ болгон: Акылбек (1840-?), Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу (1863-1925), Дыйканбай Тойчубек уулу (1873-1923) аян алып, салттуу түрдө айткан манасчылар эле. Ал эми Ыбырайым Абдрахмановдун Сагымбай манасчынын оозунан жазылып алынган "Манастын" айрым окуяларынын кол жазмаларын Чалбай аттуу киши аркылуу Жусуп Мамайга берип турганы (Сагымбай манасчынын уруксатын албай туруп), ачыгын айтканда түшүнүксүз.
1917-жылы Балбай Мамай Жусупакун Апайдын айткан "Манасын" жактырып, кагазга толук түшүрүп алганын иниси Жусуп Мамайга баяндап жатат. Ал эми Жусупакун Апайдын устаты Тыныбек Жапый уулу экендигин эске алсак, Тыныбек Жапый уулу Ала-Тоолук болуп келип чыгат. Анын жаштык кези Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө өткөн жана ата-теги Ысык-Көлдүн тес-кейин, төрүн жердегендиги маалым. Ошол эле мезгилде Тыныбек Жапый уулу Ысык-Көлдүн төрүн жердеген, 18-19-кылымдардын залкар манасчысы Чоңбаштын (Нармантайдын) шакирти болгондугу да белгилүү.
20-кылымдын башында, тагыраак айтканда, 1916-жылкы Улуу Үркүнгө чейин манасчы Чоюке Өмүр уулу өз айылынан - Ысык-Көлдүн төрүнөн чыгып, Кытайдын Түркистанына барат, ал жерден Жусупакун Апай манасчы менен жакындан таанышып, эл кыдырып бирге "Манас" айткан. Чоюке Өмүр уулунун бир тууган иниси Азиздин (Азиз Өмүр уулу 1870-1970) уулу Шаабай Азизов манасчынын (1927 (1924)-2004) айтуусу боюнча: "Чоюке атам "Манас", "Семетей", "Сейтектен" тышкары Манастын кийинки урпактары "Эр Сарык", "Алымсарык, Кулансарык", "Кененим", "Акаяр", "Акжол" баатырларды да айтчу экен". Тилекке каршы, "Манастын" бул бөлүмдөрү Чоюкеден жазылып алынбады. Чоюке атасы айткан "Манастын" бул кийинки бөлүмдөрүн Шаабай Азизов өзү да айтчу.

Анын бир мисалы, ал өз колу менен 151 беттен турган Сейтектин уулу "Эр Сарык" бөлүмүн жазып, 1961-жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган.
Буга дагы бир мисал, Саякбай Каралаевдин варианты. Чоюке Өмүр уулунун шакирти катары эсептелинген Саякбай Каралаевдин айтуусунда "Манас", "Семетей", "Сейтектен" сырткары, 15 186 сап ырдан турган Сейтектин уулу "Кенен", Кенендин уулдары "Алымсарык, Кулансарык" бөлүмдөрү да Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкерлери тарабынан 1947-жылы жазылып алынган эле (СК, КФ, 960-инв., 146-инв.).
Ошентип, Жусуп Мамайдын жазып чыгарган сегиз муундан турган "Манас" дастаны Ала-Тоолук, башкача айтканда, азыркы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн чегинде туулуп, өмүр сүргөн жогоруда аты аталган манасчылардын оозунан агасы Балбай жазып калтырган кол жазмалардын негизинде түзүлүп жазылган вариант эмес-пи?
Ооба, мойнубузга алышыбыз керек, "биздин "Манасыбызды" ким тартып кетмек эле?" деген энөө, камаарабас, ары коймаарек мүнөзүбүзгө салып келдик. Акыры ошол мүнөзүбүз шорубузду катырганы турат. "Манастын" 8 муунун айткан Чоюке манасчыбыз деле болгон экен. Макул, ал манасчыбыз өмүр сүргөн жылдары жалпы кыргыз эли сабатсыз, жазууга шарты, мүмкүнчүлүктөрү да өтө тар, төмөн экен дейли. Бирок, ошол эле жылдары кытайлык Балбай Мамай Кытайга Ала-Тоодон барган-кеткен манасчылардын оозунан чып-чыргасын калтырбай баарын жазып алып, куржун-куржун кылып сактап, иниси Жусупка табыштап жатпайбы. Бул Балбайдын күжүрмөндүк, өжөрлүк менен кылган эмгеги атан-төө көтөргүс. Балбай Мамай жеке өзүнүн аракети менен "Манас" эле эмес, кыргыз элинин башка да оозеки чыгармачыгынын кол жазмаларынын жеке фондусун түзүүгө үлгүргөн. Ал ал дейли, ал эми кийин Чоюкенин баласы (Чоюкенин инисинин баласы. - Т.Б.) Шаабай Азизов деле ошол атасы айткан 8 муунду айтчу эле го. Анын айткан "Эр Сарык" менен "Кененим" дастандарын эчен ирет мен өз кулагым менен эшиткен элем. Ал кечээ жакында эле 2004-жылы арабыздан кетти. Анын айтканын убагында толук жазып ала албай, бизди кайсы жин урду экен? Ооба, ал манасчыбыздын кырс кыялы бар эле? Зор руханий дөөлөттү өзүнө сиңирип алып жүргөн мындай адамдардын кыялына түтө албай, бизди кесир чалды. Ал айткан ""Манас", "Семетей", "Сейтек" ("Эр Сарык" бөлүмү өзү тарабынан жазылып тапшырылган. - Т.Б.) бөлүмдөрү Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкери Ж.Орозобекова тарабынан жазылып алынып, калган "Алымсарык, Кулансарык", "Кененим", "Акаяр", "Акжол" бөлүмдөрү өзү менен кошо кете берди. Бул маселеге эмне мынчалык терикти дээрсиңер. Кептин баары мына ушунда жатпайбы. Кытайдын бүгүнкү бирден-бир бетке кармаган көзүрү мына ушунда: "Биздеги (кытайлык кыргыздарда) 8 муундан турган "Манас", силерде жок! Ал эгер болсо, чыгарбайт белеңер эбак китеп кылып. Кыргызстандыктар "Манасты" жаш балача эркелетесиңер, бирок эч кимиңер аны бакпайсыңар" (КЭРдеги Шинжаң уйгур автоном районундагы "Тил жана котормо" журналынын башкы редактору Макелек Өмүрбай менен маектешкендегимдеги анын сөзү, 2009-жылдын ноябрь айы). "Чындын түбү чын чыгат, чыңырыгы бек чыгат" дейт элибизде. Мунусунда чындык бар. Бирок, дагы бир чындыкты унутпайлы, кайталап, баса белгилеп кетели - Жусуп Мамайдын 8 бөлүм кылып жазган "Манасы" түбү кайдан барды экен? Ошол эле Тыныбектин, Дыйканбайдын, Акылбектин, Сагынбайдын, Чоюкенин айткандары эмеспи? Кайдан, качан, ким аркылуу келгендиги тууралу Жусуп Мамай өзү деле ачык айтып жатпайбы. Андай болсо, ал жеке эле Жусуп Мамайдын варианты деп айтуу туурабы? Мүмкүн бул вариантты, бир канча манасчылардын оозунан жазылып алынган бириктирилген вариант катары эсептөө керекпи?
Дагы бир чындыкты айтып кетүү парз. Манасчынын эң негизги белгиси жана өзгөчөлүгү - "Манасты" сааттап, күндөп-түндөп оозеки айткандыгында, ошону менен бирге жаратмандыгында. "Жаратмандыгы" дегеним, үйдө бекинип отуруп алып, кагаз тиктеп жазып эмес, эл алдына чыгып, оозеки айтып жараткандыгында (бир эле мезгилде эпикалык текстти аткаруу жана ошол эле мезгилде жаратуу-төгүү процесси). Манасчынын ар бир оозеки аткарышы кайталангыс, жаңы вариант. Фольклористика илими да ушул өзгөчөлүктү тастыктайт. Манасчы - бул "Манасты" айтуучу, демек аткаруучу жана Манас жөнүндөгү дастанды жаратуучу. Ал эми Жусуп Мамайдын салттуу манасчыга ылайык мүнөздө оозеки айтылышындагы дастанды кыргызстандык эмес, кытайлык кыргыздардын да уккандыгын бир кудай билет.
Бугунун арыкмырза, белек тукумдары жердеп турган Кытай Эл Республикасындагы Шинжаңдын Текес ооданы жана ага караштуу Көк-Терек айылында 1933-жылы төрөлүп, ошол эле жерде 2006-жылы каза болгон кытайлык дагы бир белгилүү манасчы, бугунун белек тукумунан чыккан Сатыбалды Аалы тууралу сөз козгой кетели. Жусуп Мамайдын көлөкөсүндө калган Сатыбалдынын варианты көп жылдар бою колго, ал эми өзү татыктуу көңүлгө алынбай келген. Мына ошондуктан, анын вариантын жазып алуу иштери өтө жай жүргүзүлгөн. 1982-1992-жылдары 45 аудиотабакка жаздырылып алынган Сатыбалды манасчынын варианты 100 000 сап ырын түзгөн. Анын варианты башка манасчылардын варианттарынан айырмаланып, Манас-тын ата-бабаларынын баянынан турат. "Түп атабыз Түмөн кан, Түмөндөн кыргыз тараган", - деп баштап, кыргыздын Эне-Сайдан келгенинен бери Манастын 15 ата-бабасын айтат (Түмөн, Түгөй, Көбөй, Жамгырчы, Чаян, Бөйөн, Чобун, Чынкожош, Көкөтөй, Бай, Баккожо, Ырчыкожо, Нуркожо, Каракан (Орозду), Жакып). Манасчынын айтуусундагы "Манас" эпосунун айрым бир окуялары кытай тилине которулуп жарык көргөн. Ал эми азыркы күндө Сатыбалдынын варианты толук чечмеленип, китеп түрүндө чыгуу алдында турат.
Сатыбалды "Манас" айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырып жатып, мындай дейт: "1972-жылдын 11-айдын 17-күнү ушул Көк-Теректин күзгү жыйым-терим мезгили болуп, ошол күнү кызылданган кырманда уктап жатсам, бабабыз Бакай аян берди. Анан калса таятам Акылбектин үнү угула баштады. Ошондон улам, ээн жылга-жыбырларга барып, ар күнү өзүмчө айта баштадым".
Сатыбалды Аалынын аян алып, манасчылыкка келиши түздөн-түз Ысык-Көлдүн төрүнөн чыккан айтылуу Акылбекке байланыштуу. Сатыбалды Аалы Акылбектин уулу Эшимбайдын кызы Гүлбарадан төрөлгөн небере жээни" (КЭРдеги Шинжаң уйгур автоном районунун "Эл адабиятчылар" коомундагы "Манас" изилдөө борборунун башчысы Ысакбек Бейшенбек менен маектешкендегимдеги анын сөзү, 2007-жылдын октябрь айы). Демек, аты аталган манасчынын өнөрүнүн келип чыгышына негизги себеп катары Акылбек жана анын өнөрканасы болгондугу анык көрүнүп турат.
Кыргыз элинин эс тутумунда сакталып калган салттуу манасчылардын дээрлик бардыгы Ала-Тоо жергесинде (Кыргызстанда) туулуп-өсүп, Ала-Тоо жергесинде (Кыргызстанда) манасчылыкка келгендиги баарыбызга маалым.
Айталы, Манастын кырк чоросунун экөө - Үмөт уулу Жайсаң менен Ыраман уулу Ырчы баатыр Манастын көзүнүн тирүүсүндө, 7-кылымда эле "Манас" баянын жар салган эң алгачкы манасчылар катары элибиздин эсинде сакталып калган экен (Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас: Дастан. - Б.: Бийиктик, 2009.).
Кыргыз элинин тарыхында манасчылардын орду обурактуу болгон. Өзгөчө жоокерчилик замандарда манасчылар күчүнө келип, кыргыз элин козгоп, дем, кубат берип, эл-жерин коргоого үндөп, "Манас!" деп алгачкы ураан таштагандардан болгон.
Буга мисал катары 17-18-кылымдарда Жуңгар хандыгынын, Ойрот феодалдарынын, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы күрөш жүргүзгөн учурларда, Нооруз, Чоңбаш сыяктуу манасчылар чыгып, кийин алардын учугу үзүлбөй манасчылардын өзгөчө плеядасы пайда болгон: Чоодон (1835-1900), Балык (Бекмурат) Кумар уулу (18-19- кылымдарда), Акылбек, Келдибек Барыбоз уулу (1800-1880), Назар Болот уулу (1828-1893), Тыныбек Жапый уулу, Деңизбай, Байбагыш, Жандаке Байболот уулу (1853-1917). Андан улай эл башына мүшкүл түшүп, кара кийип, кан жутуп турган 1916-жылкы Улуу Үркүн учурунда, эч бир саясий куугунтуктарга, басмырлоолорго карабастан, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, СССР доорунда: Чоюке Азиз уулу, Шапак Ырысменде уулу (1863-1956), Жүгөрү Назар уулу (1864-1941), Кайдуу Сопу уулу (1865-1950), Сагымбай Орозбак уулу, Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942), Азиз Өмүр уулу, Дыйканбай Тойчубек уулу, Касымбай Бирназар уулу (1873-1943), Багыш Сазан уулу (1878-1958), Жакшылык Сарык уулу (1880-1934), Сейде Дейди кызы (1881-1946), Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961), Дуңкана Кочукеев (1886-1981), Актан Тыныбеков (1888-1951), Алмабек Тойчубеков (1888-1962), Акмат Ырысмендеев (1891-1966), Саякбай Каралаев (1894-1971), Мамбет Чокморов (1896-1973), Мамбетаалы Ашымбаев (1897-1969), Сейдана Молдокеева (1920-2006), Турдумамбет Акматалиев (1922-?), Уркасым Бегалиев (1924-1990), Кааба Атабеков (1924-2008), Шаабай Азизов аттуу манасчылар чыккан.
Жогоруда аты аталган манасчылардын ичинен "Манастын" алты муунун айткан манасчы Саякбай Каралаев эсептелинет, анын айтуусу боюнча: "Манас" - 84 513 сап ыр, "Семетей" - 316 157 сап ыр, "Сейтек" - 84 697 сап ыр, "Кенен", "Алымсарык, Кулансарык" - 15 186 сап ыр. Баш аягы бул вариант 500 553 ыр саптан турат. Дал ушул вариант дүйнөдөгү бардык элдердин эпосторунун ичинен эң көлөмдүүсү болуп эсептелинет (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Көлөмү жагынан кийинки чоң вариант Мамбет Чокморовдуку эсептелинет, анын айтуусу боюнча: "Манас" - 302 608 сап ыр, "Семетей" - 71 609 сап ыр, "Сейтек" - 23 340 сап ыр. Жалпы 397 557 ыр саптан турат (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Кийинки көлөмдүү вариант болуп Молдобасан Мусулманкуловдун үчилтиги эсептелинет, анын варианты: 203 000 сап ырдан турат (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган "Манас" бөлүгү эле 180 000 сап ырды түзөт (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда 84 манасчынын оозунан ар кандай көлөмдө жазылып алынган варианттар сакталып турат. Бул варианттардын бардыгы 20-кылымдын орто ченине чейин, СССР доорунда кагазга түшүрүлгөн эле (Шаабай Азизовдун вариантын эске албаганда).
Кыргызстандагы манасчылык өнөрдүн салттуу түрү азыркы күндө да жашап келе жатат, анын өкүлдөрү: Сапарбек Касмамбетов (1934), Уркаш Мамбеталиев (1934), Асанкан Жуманалиев (1947), Назаркул Сейдракманов (1951), Кубанычбек Алмабеков (1955), Талантаалы Бакчиев (1971), Тилек Асанов (1982), Дөөлөтбек Сыдыков (1983), Улан Исмаилов (1984) ж.б. Бирок 19-20-кылымдарга салыштырмалуу азыркы тапта манасчылык өнөр сүзүлүп кетүү коркунучунда турат.
Мына ошол себептен 2003-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган кыргыздардын төкмө акындык, дастанчылык, манасчылык өнөрлөрү "Дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу" деп Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - ЮНЕСКО жарыялаган эле.
Эми азыркы тапта, тагыраак айтканда, 2009-жылы "Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын "Манас" эпосу" деп, дүйнөдөгү бардык кыргыздардын Ата-Мекени болгон Кыргызстанды эске албай туруп, Кытай Эл Республикасы тарабынан "дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу" деген тизмесине киргизүү боюнча ЮНЕСКОго сунушталгандыгы деги кандай кадам? Ал эми кечээ жакында эле - 2003-жылы, манасчылык өнөрдү Кыргызстандын сунуштоосу менен "дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу" деп, тизмеге киргизип, кабыл алып, күбөлүгүн берип туруп, манасчы айткан "Манасты" Кытайдыкы деген сунушту кабыл алып жаткан ЮНЕСКОнун мындай жоругун кандай түшүнсөк болот? ЮНЕСКОнун бул кадамы эки жүздүүлүк эмеспи?
Тагдыр экен, учурунда Орусия менен Кытай империяларынын өкүмү менен жана кыргыздын баягы эле кенебестигинин айынан чек ара орнотулуп, кыргыз жерин Ала-Тоонун аркы-берки бети кылып, кыргыз элин кытайлык жана кыргызстандык кылып, экиге бөлүп салган эле. Ал эми Кытайдын кийинки айла-амалы: 1, кыргыздын "Манас" сыяктуу руханий зор касиетине ээлик кылуу; 2, "Манасты" талаш-тартыш обьектисине айландыруу аркылуу кытайлык менен кыргызстандык кыргыздардын, тагыраак айтканда, бир элдин ортосуна чок салып, ансыз деле тоо, чек ара бөлүп турган кыргызды эки жакка каратып салуу; 3, анан мүмкүн, экономикалык жана саясий экспансия иш-аракети аркылуу жерибизге, а түгүл элибизге да ээлик кылуу амалы тургандыр. Мына ушулардын бардыгын ишке ашырууда Кытайдын куралы катары Ала-Тоонун аркы бетиндеги кандаш кыргыздарыбыз кызмат аткарып калышы мүмкүн.
Мүмкүн минтип айтып жатып, жаңылышып аткандырбыз. Ылайым эле ошондой болсун. Ал эгер андай болбосочу??? Анда эле намысыбыздын жоктугу.

Талантаалы Бакчиев,
манасчы, филология
илимдеринин кандидаты