email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Падышалар
Падышалар тарыхты билишпейби?
Жомок көрүп же көзгө илишпейби?
Эптеп эле бийликке жетип алып,
Эртеңине түкүрүп жүрүшпөйбү?

Падышалар тагында сыйкыр барбы,
Шыбышты угуп, укпаган кыйкырганды?
Туюктардан жол издеп жүрбөсүн деп,
Туулгандан канаты кыркылганбы?

Калптын басар жолуна Чынды төшөп,
Падышалар көтөрбөйт сынды дешет.
Жакырлардын терисин сыйрып алып,
Жакындарын чапандуу кылды дешет.

Калк башынан өткөрүп не заманды,
Жер оодарып, кырылды же таланды.
Коктулардан жыйылып кайра чыккан,
Тууга айлантып алышып жеке адамды.

Эл көтөрсө ошентип падышаны,
Так үстүндө тайраңдап калышабы?
Кумарына бийликтин мас болушуп,
Бүгүнкүсүн эртеси танышабы?

Падышалар бек болсо убадага,
Элин салбайт түйшүккө, убарага.
Калыс жана адилет өкүмдарлар,
Калган окшойт жомокто, уламада.

Ач көз, жалак падыша "элим" дебейт,
"Элим" деген падыша элин жебейт.
Сөөгү сөпөт болсо да кылым өтүп,
Падышанын күнөөсү жеңилдебейт.

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ