Азоого чалма

Исмаил Исаков:
"Мага козголгон кылмыш иши - саясий заказ"
(И.Исаковдун Бишкек гарнизондук аскер сотунда сүйлөгөн акыркы сөзү)
Урматтуу сот!
Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Акүйдүн жетинчи кабатында отурушуп "заказ" бергендер кыбаасы кана, бизгн каршы чыккандар жанан сындагандар, ушундай болот деп маашырланып отурушат.
Ушундай көрүнүш Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык-элдик бийликтин ордуна үй бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.
Прокуратура өкүлдөрү, ушул сотко катышып жаткан айыптоочулар мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнүн ордуна Бакиевдин жеке кызыкчылыктарын коргогон, мыйзамга каршы келген буйруктарын, тапшырмаларын кынтыксыз аткарган, алардын саясатын сындаган, өз ой-пикирлерин ачык айткан жарандарды жазалоо куралына айланып калганы өкүнүчтүү.
Алардын, мына ушундай жолго түшүп калганын оппозициялык күчтөрдүн, партиялардын мүчөлөрүнө, алардын жетекчилерине болгон аракеттери, Ноокат, Балыкчы, Петровка окуялары, алар боюнча соттун жыйынтыктары, азыркы Петровкадагы сот процесстери жана залда отурган айыптоочулардын мен тараптан мыйзам бузуулар жок экендигин билип, көздөрү менен көрүшүп, ички дүйнөлөрү менен туюп туруп, соттук иликтөө учурунда күбөлөрдүн бардыгы Исаковдун кылмыш иштерине тиешеси жок, анын аракеттери мыйзам чегинде дегендерине карабай, мени 8 жылга жазалоону, үй-мүлкүмдү, генералдык чинимди алууну талдап кылышкандары, жогоруда айткандарды тастыктайт. Жалпы элди да ушундай жыйынтыкка келүүгө аргасыз кылат. Андай болбосо "министрдин милдетин шалаакылык менен аткаргандыктан аскер техникалары, тетиктери сатылып, жоголуп 20636 аскер бөлүгүнүн согуштук, мобилизациялык даярдыгына, Кыргызстандын коопсуздугуна жана мамлекетке 3млн. 862 миң сомдук өтө чоң зыян келтирилди" - дешип, Кыргызстандын элине эле эмес, дүйнөлүк коомчулукка бир жылдан ашык жарыя кылып, мамлекеттик телерадиолордон кайталап бердирип мени карабалайт болучу. Исаковдун күнөөсү жок экендигин иш козгогон тергөөчүлөр билген эмеспи? Техникалардын бардыгын мен кеткенден алты ай өткөндөн кийин 2008-жылдын ноябрь айында аскер бөлүгүнүн эсебинен чыгарып коюшканын билишкен жок беле? Баарын билишкен. Алардын максаты техникаларга түз жооп бербеген, күнөөсү жок Каюмовду атайын отургузуп, мени каралоо гана болгон. Ошондуктан мага козголгон кылмыш иштин түбү ушул залда каралып жаткан маселелерде эмес, кечеки бийликтин жүргүзгөн саясатына болгон көз карашымда экендигин бир эле биз эмес, мамлекеттик айыптоочулар өздөрү техникалар боюнча күнөөнү менден алып коюшуп, ачыктан ачык көрсөтүштү.
Жогорудагы айтылган сөздөрдү далилдөө катары мага каршы кылмыш иш эмне себептен козголду эле? Мына ошого токтоло кетсем.
Маалым болгондой, 2008-жылдын 10-октябрында Коопсуздук кеңештин катчысы болуп иштеп турган убакта президент Бакиевге төмөнкүдөй арыз менен кайрылган элем:
Ал арыз орус тилинде жазылгандыктан ошол бойдон окуп берейин.
Президенту Кыргызской Республики Бакиеву К.С.
Уважаемый Курманбек Салиевич!
В последнее время, Вас все больше и больше окружают бывшие "алгинцы" и "белошапошники" господина Акаева, которые привели его к бегству из страны.
Кроме того, не оправдались те ожидания, которых мы добивались во время и после революции по улучшению жизни граждан нашей республики.
Все больше и больше откатываемся назад, особенно по вопросам энергетики. Кроме того, выражаю несогласие с Вашей кадровой, внутренней и внешней политикой. Генералы, истинные патриоты, которые не покладая рук добивались поднятия авторитета Вооруженных Сил и в целом страны, остались выброшенными, такие как генерал Орузбаев К.К., генерал Югай Б.А., Атамбаев А.Ш., Ниязов М.Д., Мадумаров А.К., Асанов Б., Каипов М.Т., Абдылдаев М.Ю. и многие другие.
Все чаще наблюдаются принципы авторитаризма, растет коррупция среди судебных и правоохранительных органов, взяточничество, что ведет не к защите интересов простых граждан, а во благо тех, у кого "денежные карманы".
В течение пребывания в должности Секретаря Совета безопасности Кыргызской Республики, я постарался оказать огромную помощь по устранению выявленных недостатков, однако существующая система не дает возможности устранить эти недостатки.
В связи с этим прошу моей отставки.
С уважением,
Секретарь Совета безопасности
Кыргызской Республики
И.Исаков
10.10.08 г.
Ошол учурда жазылган арыздын мазмунуна көңүлүңүздөрдү буруп, бүгүнкү өлкөбүздө болуп жаткан азыркы абалыбызга байкоо салып көрүүгө чакырам.
Ыңкылаптан кийин жарандарыбыздын турмушу жакшырдыбы, деги ички саясатта эмнелер болуп жатат?
- Бийлик системасындагы тең салмактуулук таптакыр жоюлду, бир кишинин өкүмзордугу үстөмдүк кылып, мамлекеттик бийлик бир үй-бүлөнүн менчигине айланып, Баш мыйзамга беш жылга жетпей төртүнчү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө;
- Соттор көз каранды, парламенттин үнү өчүп, "одобрямска" айланды;
- паракорлук, коррупция өсүп, адам укугу тебеленип, сөз эркиндигине чек коюлууда. Журналист Г.Павлюктун өлүмү буга далил эмеспи?
- Жарым миллиондон ашык кыргыз жигиттери жана кыздары жумушсуздуктун, зордук-зомбулуктун айынан четте жүрүшөт. Жөн кетпей качып кетип жаткандары канча!? Кетпей калгандары ичкилик, баңгичиликтин тузагына илинүүдө;
- Калктын үчтөн бир бөлүгүнүн жакырчылыкта жашаганына карабай баалар күндөн күнгө өсүүдө;
- Каркыра кетти, сууну жутушту, эми Жетим- Тоону кемиргени калышты;
- Улуу "Манасыбызды" кытайларга тарттырганы аз келгенсип, борборубуздун чок ортосуна кыргыздарды чилдей таратып, кыргынга алгандардын эстеликтерин койгонго да үлгүрдүк.
Энергетика тармагы оңолдубу? Жок. Бул тармактан ар жылы 4 миллиарддан ашык акча казынага түшпөйт. Ал үчүн бир дагы жетекчи жоопкерчиликке тартыла элек. Четтен келген "шылуундардын" расчетторун элге таңуулап, жылуулук менен ысык суунун бааларын бир нече жүз пайызга жана өздүк баасы 3 тыйын турган 1 кВт электр энергиясын 1-январдан 1 сом 50 тыйынга көтөрүштү. Анысы аз келгенсип, энергия тармагын кыргыз элинин байлыгын шылуундарга сатканы, аларга жиликтеп бергенге жакындап калдык. Бул өз элине каршы саясат десек жаңылышпайбыз. Эгерде бийлик эл үчүн иштесе, анда электр энергиясынын баасын 1 сом 50 тыйынга көтөргөндүн ордуна 1 кВт электр энергиясынын баасын 50 же 60 тыйынга түшүрүп, электр тармактарын мамлекеттин карамагында гана калтырат эле. Ошондо бийликтин саясатын бардыгыбыз колдоого алмакпыз. Тилекке каршы, бийлик башка жолду тандап алды. Алардын шылтоосу - "каражат жетпейт" деген куру сөз. Эгерде каражат жетпесе, анда өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, губернатор, акимдер ж.б. атка минерлер канчалаган каражаттарды коротуп, мамлекеттин эсебинен машинелерди минип эмне кылышат? Кыскартпайбы? Жетекчилери дагы катардагы жарандардай коомдук транспорт менен же жеке менчик машинелери менен жүрүшсө, өз эсептеринен машинелерине май куюшса, ошондо билишет эле турмуштун кандай экендигин.
Президент өзү дагы азыркы президенттин институтуна кирген аппараттарынын, сакчыларынын санын көбөйткөндүн ордуна жок дегенде 60-70% кыскартса жакшы болмок. Илгери Усубалиев Т. Масалиев А. бир эле сакчы менен, бир машиненин коштоосу менен жүрүшкөндөрүн эл жакшы билет, ошол учурда аларды эл шайлады беле? Алардын аппараттарында иштегендердин саны көп беле? Кыскасын айтканда, элдерди кыйнабай эле каражат табуунун жолдору абдан көп.
Кадрларыбыз кандай?
Жалаң өз кызыкчылыгын ойлогон, жегенден башканы билбегендер алдыга суурулуп чыгышты. Кээ бирлери кыргыз тилин, дилин билбеген чет өлкөлөрдүн жарандары. Эмне, алардын ордуна Кыргызстандын жарандары - кыргыз, орус, казак, өзбек жана башка улуттардын өкүлдөрү иштей албайт бекен? Биздин жарандарга ишеним жокпу? Эмнеге өз жарандарыбызга иш бербей тентитебиз дагы башка өлкөлөрдүн жарандарын көкөлөтөбүз?
Тышкы саясаттын туура эместигин кылымдар бою ынтымакта, тууганча жашап келген коңшу Өзбекстан чек араны бетон менен тостуруп, Израиль менен Палестинанын ортосундагыдай адам өткүс дубалдарды куруп, бирдиктүү энергетикалык алкактан жайында эмес, кычыраган кыш алдында чыгарын жарыя кылды.
Коңшу өлкөнүн бул чечими кандай кейиштүү жагдайларды жаратарына түштүктө жашаган туугандарыбыз, анын айрым райондорунун элдери көрө башташты, дагы көрүшөт. Орус премьери Путиндин айткандарына токтолбой эле коеюн.
2005-жылы элге берген убадалар аткарылбай калды. - Саясатыбыз туура эмес дегеним үчүн саясий куугунтук башталып жасалма кылмыш иш козголуп, сот процесси да аяктап калды. Мен айткандардын эмнеси туура эмес? Калпы барбы? Өзүңөр салыштырып көргүлө.
Бекеринен "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат" делбесе керек. Биз айтпасак, чындыкты ким айтат?
Урматтуу сот!
Министр болуп турганда, орун басарларым жана кол алдымда кызмат кылган аскер кызматчылары менен (бул жерде дагы менин катарымда экөө отурат) Кыргыз армиясынын деңгээлин жогорку тепкичке көтөрүүгө жетиштик. 2006-2007-жылдары, кыскасын айтканда, эки эле жылда 419 аскер кызматкери үйлүү, квартиралуу болушту. Аскер техникалары оңдолуп, учкучтарды алып келдик. Жоокерлердин күжүрмөн даярдыктары артты, жашоо-турмуштары жакшырды, бардык шарттар түзүлүп, мамлекетке ишенүү сезими пайда болуп, алардын духу көтөрүлдү. Бул иш үчүн сыймыктанабыз!
Ошону менен бирге кемчилдиктер да болбой койгон жок. Аларды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүп, өз убагында оңдоп турдук.
Сиз азыр менин аткарган иштерим же убагында кол алдымда иштегендердин кетирген кемчилдиктерин өзүм оңдогонум үчүн эмес, жогоруда айтылган чындык сөзүмө өкүм чыгарасыз. Өзүңүз жүргүзгөн соттук иликтөөдө бул жерде отурган айыптоочулар, менин коргоочуларым, сотто катышып жүрүшкөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана сот процессине катышкандар, мага койгон дооматтардын жасалма экендигин, суу кечпегенин өз көздөрү менен көрүшүп, кулактары менен угушту. Сиз соттук иликтөөнү адилет, мыйзам чегинде өткөрдүңүз. Ал үчүн биз сизге ыраазычылык билдиребиз. Мындан кийин да "Сот адилеттүүлүгүн сот чечет. Судьялар көз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет" - деген Конституциянын 82-83-беренелерине таянсаңыз, биз адилеттүү чечим чыгарына ишенебиз. Эмне себептен дебейсизби?
Техникалар боюнча. Айыптоочулар мени бир жыл каралашып, коюлган айыпты өздөрү алып коюшту. Мен кеткенден алты айдан кийин болгон иштерди мага илиштен уялышты окшойт же күбөлөрдүн көбүрөөк болуп калганынан коркуштубу?
Квартира боюнча. "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, баласына өзүнүн буйругу менен квартираны бердирген" - деген доомат да четке кагылды. "Ошол квартира берилсин" деген буйрук эмес, ал "квартираны берип койгулачы" - деп суранбаганымды дагы, "Бишкеккурулуштун" гендиректору Молдобаев, генералдар Борубаев, Югай ж.б. кызматкерлер ушул жерде ачык-айкын тастыкташты. Балама "туура эмес квартира берилген" - деген маалыматты угар замат өзүмдүн буйругум менен 2007-жылдын сентябрь айында квартираны ордуна койдурганым, коргоо министрликтин карамагына өткөрүлгөндүгү, мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегендиги, ал квартирада башка аскер кызматкери жашап жаткандыгы ушул жерде такталды. Өкмөттүн буйругун мен эмес, мурунку жетекчилер, тагыраак айтканда, 2005-жылдын 22-мартында "Бишкеккурулуш" менен 5 сотых жер үчүн 4 млн. сомго келишим түзгөндүгү, мага өкмөттүн буйругу менен тааныштырылбагандыгы дагы такталды. Ошентип, министр катары аскер кызматчыларынын кызыкчылыгын коргоп, мыйзамдуулукту сактап, милдетимди так аткарып, мамлекетке менден мурунку министр убагында түзүлгөн келишим боюнча 4 млн. сомдун ордуна, 5 сотых жер үчүн, 5 квартира (ошол учурдагы баалар боюнча 3,8 млн - 4, 5 млн. сом) ага кошумча 1 млн сом алдырып, мамлекетке 800 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин пайда алып келгеним сиздерге ушул жерде далилденди. Министрдин ушундай иштери кылмышпы? Бирөөгө коркунуч барбы? Мамлекетке зыян келтирилдиби? Кылмыш кодексинде мындай иштерди "кылмыш" дебегенин сиз жакшы билесиз.
Фуршеттер боюнча. Мыйзамдарда бекитилген аскер кызматчыларынын салтанаттуу жыйынга катышкан ар бир гарнизондун, жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн, Шанхай кызматташтык уюмунун, мамлекеттик органдардын жана чет элдик элчиликтердин өкүлдөрүнө, салтанаттуу жыйындан кийин отургучу жок тамак берүүгө (фуршет), аскер калеми конкурсунун жыйынтыгы менен сыйланган журналисттерге, эл аралык 8-март майрамында Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин атынан депутат айымдарга гүл бергенге жана Жаңы жылда аскер кызматчыларынын балдарына белек бергенге сарпталган каражаттар, Коргоо министрлигинин өзгөчө счетунан, өкмөттүн "өзгөчө счеттор" боюнча токтомунун негизинде, атайын ошондой иш-чараларга жумшала турган 22 156 астыңкы беренесинин 22156100 - өкүлдөр үчүн чыгым жана 22156900 - башка беренелерге кирбеген жана башка чыгымдар үчүн деген беренелердин эсебинен берилгендиги, каражаттарды айлык-акысына, тамак-ашка, соцфондго ж.б. тиешеси бар беренелердин эсебинен берилбегени, бөлүнгөн каражаттар жогорудагы иш-чараларды аткарууга түздөн-түз колдонулганын соттук иликтөөдө өзүңүз уктуңуз, күбөлөр дагы аны тастыкташты, ага тиешелүү документтерди биз сизге тапшырганбыз. Ошолор боюнча Эсеп палатасынын жана Каржы министрлигинин текшерүүсүндө мыйзам бузуулар жок экендиги жөнүндөгү алардын текшерүү жыйынтыктарынын актыларын биз сизге бергенбиз, сиз аны окудуңуз.
Мамлекеттик айыптоочулардын жана прокуратура өкүлдөрүнүн "ошол учурда айлык акыдан - 8,7 млн., соцфонддон - 1, 94 млн., тамак-аштан - 30 млн сом карызы болгон, майрамдарды өткөргөндүн ордуна карыздарына бериш керек эле" - деген дооматынын мыйзамга туура келбегени төмөнкү негиздер менен такталды:
1) министрликтин андай карызын өзгөчө счеттун эсебинен, министр өзүнүн демилгеси менен бергенге укугу жана андай эреженин жоктугу, мыйзам да уруксат бербегени;
2) өзгөчө счеттон, жогорудагы айтылган карыздарына бериш үчүн атайын "Республикалык бюджет мыйзамына" өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши керектиги;
3) айыптоочулардын айткан карызы 2007-жылдын аягында же 2008-жылдын май айына эмес, 2008-жылдын октябрына экендиги. Министр Исаков 2007-жылы жана 2008-жылдын май айына чейин жогорудагы иш-чараларды өткөрүп жатып, 2008-жылдын октябрь айында карыз болорун, ага чейин которулуп кетерин билбегени. Андай болорун бир эле кудай билсе керек. Кыскасын айтканда, "атамдын өлөрүн билгенде алдына саман салам элем" - дегендей болуп жатпайбы же элге айта берсек, эптеп каралай берсек боло берет дешкенби. Бул эпизод дагы техникалардан айырмасы жок болуп калды. Мына сизге алардын жазган справкасын дагы бир жолу далил катары берип коеюн.
4) эң негизгиси, ошол өзгөчө счеттон берилген майрамдарды өткөрүүгө жана башка иш-чараларга жумшалган каражаттарды өкмөттүн 2007-2008-жылдардагы бюджеттердин аткарылыштары жөнүндө өзүнүн токтомдору менен бекитилди, ошону менен бирге Жогорку Кеңеш дагы 2007-2008-жылдардын бюджеттеринин аткарылыштарын бекитип, Президент колду коюп, мыйзам катары кабыл алышты. Кабыл алынган токтомдордо жана мыйзамдарда жогорудагы кемчиликтер, тагыраак айтканда, "Коргоо министрликте майрамдарды ж.б. иш-чараларды өткөрүүдө каражаттар өзгөчө счеттон мыйзамсыз берилген" - деп да айтылган эмес. Демек, мен жасаган мыйзамдуу иштер дагы бир жолу мыйзамдаштырылды. Токтомдордун жана мыйзамдардын көчүрмөсүн сизге бергенбиз, сиз таанышып чыксаңыз керек. Ошол токтомду жана мыйзамдарды туура эмес деген айыптоочулардын дооматына түшүнсө болобу? Анда азыр мени эмес, токтомдорду кабыл алган өкмөттүн мүчөлөрүн, мыйзамдарды кабыл алышкан Жогорку Кеңештин депутаттарын жана мыйзамга кол койгон Президентти жоопко тартыш керек, "туура эмес кабыл алдыңар" деп. Прокуратурага кабыл алынган мыйзамдарды "туура эмес" - дегенге укуктар берилгенби? Менин ишим боюнча ошондой болуп жатпайбы. Конституциянын 77-беренесинде прокуратуранын милдети так жазылган: "КР мыйзамдарынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдүк жүргүзүшү керек" деп. Алар Конституцияда жазылган милдеттерин так аткарышса, эчак эле менден бул эпизодду алып коюшу керек эле. Министр катары мыйзамдарда бекитилген майрамдарды, мамлекеттик органдарга жүктөлгөн иш-чараларды так аткаргандыгым баарыңыздарга маалым болду, каражаттар мыйзамдын талабына ылайык сарпталган, мамлекетке зыян келтирилбегендигим тастыкталды.
Күнөөнүн жоктугуна карабай айыптоочуларга тапшырма катуу берилсе керек, болбогон нерсе үчүн сизден, мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана үй-мүлкүмдү, генералдык чинимди алууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, маңдай терим, адилет, таза ишим менен офицердик өмүрүмдү арнап тапкан кадыр-баркым, генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда бүгүнкү байлыктары аз келгенсип Бакиевдерге менин аскердик ар-намысым, кадыр-баркым болгон генерал-лейтенанттык чиним жетпей жатса керек.
"Байлык, бийлик колдун кири" деп, бекер айтышпаар. Бийлигин мурда өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле өз эрким менен генерал-лейтенанттык чинди да өткөрүп берейин. Мүмкүн, ушундан кийин бийлик элди кордогонун, тентиткенин, күнөөсүз камаганын, кыргыз элинин байлыктарын, жерлерин саткандарын, башка өлкөлөргө бергендерин токтотоор. Ушул эле керек болсо.
Сиз дагы адилет эмес өкүм чыгарып, элдин каргышына, Кудайдын каарына калбаңыз. Жөөттөр айткан экен "Кудай берди эле, кайра кудай өзү алды" - деп. Кудайдын колдоосу, өз эмгегим менен алдым эле, ушул жерде отурган айыптоочуларга берип коюңуз, сүйүнчү кылып, айгайлап алып барып беришсин, "буйругуңузду аткардык"- деп жүздөрү тамылжысын. Булар мага жалган күнөө коюшуп, аскердик ар-намысын булгашты, элге берген антын бузушту. Качан аскер адамдары Мекенине, элине эмес, бийликте отургандардын үй-бүлөсүнө кызмат кылышкан? Биз бүгүн кулчулук же феодалдык коомдо жашап калдыкпы? Же ошондой заманга кетип бара жатабызбы?
- Кечиресиз, булардан көрө жетекчиңиз Абышкаевге бериңиз. Аксы окуясында Акаевдин буйругун абдан жакшы аткарган. "Заказдарды аткарууда тажрыйбасы зор" - деп, Бакиев К. Аскердик соттун башчылыгына "менин ишиме көзөмөл жүргүзүп айтканымды так аткарсын " - деп дайындоо менен жакында генералдык чинди бекеринен бербесе керек, болбосо мыйзам боюнча кызматта эки жылдан кем эмес убакытта иштегенден кийин гана генералдык чин берилиш керек эле. Менин погонумду өзү алып барып берсин... Исаков "өзү берди " - деп.
Албетте, сизге чечим чыгарыш абдан кыйын. Буйрукту ак үйдөкүлөр тымызын берип коюшуп өздөрү билмексен болуп, "сот өзү чечет, биз, сот ишине кирише албайбыз" дешип жылуу кабинеттеринде отурушат. Ал эми мобуреки айыптоочулар "айт" дегендерин айтышты. Азыр элдин көзүн карай албай отурушат, мага жалган күнөө коюшуп, элдин каргышына, кудайдын каарына калышты.
Биз терең ишенебиз, мыйзамга каршы келген буйруктарды бергендер жана аларды аткаргандар ким болбосун, эртедир- кечтир эл алдында болбосо дагы, кудайдын алдында жооп беришет. Мындан кийин жалпы эл ушундай көрүнүштөргө кайдыгер мамиле кылбаса керек. Бүгүнкү зордукка, өзүм билемдикке, өз элин кордогон, элдин ой-пикирин эске албаган саясатка бөгөт койбосок, эртең кеч болуп калат. Бүгүн биздин, эртең силердин үстүңөрдөн иш козгоп- кордой баштайт. Бүрсүгүнү силерди колдой турган бир дагы жаран калбай калат. Коркунуч ар бирибиздин үйүбүздүн босогосуна келди, террор жана репрессия күчөдү, улутубуздун жоголушуна бийлик шартты толук түздү.
Качан гана Кыргызстанда жалпы элдин кызыкчылыгын ойлогон, эл үчүн кулдай болуп кызмат кылган, мыйзамдуулукту ыйык туткан бийлик орномоюнча, элдин турмушу эч качан оңолбойт, адилеттүүлүк болбойт, адам укугу дагы тебеленет, прокуратуранын өкүлдөрү азыркыдай мыйзам бузууга, үй-бүлөнүн буйругун аткарууга барат, балдар-кыздарыбыз башка өлкөлөргө жумушсуздуктун айынан ата-энелерин, тууган-уруктарын, эң негизгиси Ата Мекенин таштап кетет. Ошондуктан, эл - эгемендиктин ээси жана бийликтин жалгыз булагы экендигин түшүнүп, уйкудан көздү ачып, кошоматчылыкты, уруучулукту токтотуп, бийликти менчиктештирүүгө жол бербей, улуттун кызыкчылыгын туу туткан элдик бийликти түзүүгө аракет кылалы. Бүгүнкү бийликтин өз элине болгон мамилесин көрүп жатасыңар. Булар үчүн адамдарга кылмыш ишин козгоо, аларды күнөөсүз камоо (башка зомбулуктарын айтпаганда), оюнчук эле болуп калды, мыйзамдарды бузуу, өздөрүнүн түшүнүгү менен иштөө адатка айланды.
Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете: "Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу болот" деген экен. Ошондуктан биз дагы күн сайын аракеттенип, мыйзам чегинде күрөшөлү, мыйзамдарды бузганга жол бербейли. Ошондо гана мамлекет элге тиешелүү проблемаларды эффективдүү чечет, мамлекеттик органдар эл үчүн иштейт, өлкөдө, мыйзам бузуучуларга баш калкалаганга бир сантиметр дагы нейтралдык зона калтырылбайт, бүгүнкүдөй кордук, зомбулук, үстөмдүк жана өзүм билемдик болбойт, өлкөдө мыйзамдуулук орнойт.
Сөзүмдүн акырында, Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын, менин аракеттерим мыйзамдарда бекитилген жана мыйзамдарда мамлекеттик органдарына милдеттенилген иш-чараларды так аткаруу болгон. Мен тараптан мыйзам бузуулар болгон эмес, кызматымды өз кызыкчылыгым үчүн кыянат пайдаланган эмесмин, мага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп эсептеймин. Сиз кандай өкүм чыгарасыз, ал сиздин ички дүйнөңүз жана моралдык-нравалык ынанымыңызга жараша болот. Эгерде бийликке көз каранды болсоңуз, албетте, алар берген буйрукка жараша чечим чыгарасыз. Айып этпесеңиз, эсиңизге сала кетейин, орустардын жакшы сөзү бар: "Не берите грех на душу" деген. Жалган жалаага кошулуп, Кудай алдында күнөөгө батпаңыз. Сизди дагы бир жолу адилеттүүлүккө чакырам, өзүңүздүн ыйык болгон аскер формаңызды сыйлап, абийириңизди, ар-намысыңызды булгабай, мыйзамга гана баш ийиңиз. Элдин жаман назарынан, Кудайдын каарынан коркуңуз.




  Бириккен Элдик Кыймылдын БИЛДИРҮҮСҮ

Акыйкат үчүн тилектеш бололу!
2010-жылдын 11-январында Бишкек гарнизондук соту генерал Исмаил Исаковду күнөөлөп айыптаган өкүм чыгарды, аны 8 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратуу менен генералдык наамынан ажыратышты. Соттун жүрүшүндө Исаковко карата козголгон кылмыш иши толугу менен жокко чыкты, суралган күбөлөр бир добуштан анын күнөөсү жок экендигин тастыктап, коргоо министри болуп турган мезгилиндеги ишмерлигине жакшы бааларын беришти. Ал түгүл ишти карап жаткан судья дагы генерал Исаков коргоо министри катары армиянын согуш жөндөмдүүлүгүн айтаарлык жогорулатканын, солдаттар менен офицерлердин аскердик жигерин көтөрүп, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртканын сот жүрүшүндө мойнуна алууга мажбур болду. Соттун жүрүшүн тогуз айдан бери дыкат байкап отурушкан коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү генерал Исаков акталып чыгат деген ишенимде болушкан. Анткени сот адилеттигинин калыс жолу ушундай болмок. Биздин мекендештерибиз дагы өз элине акниеттен кызмат өтөп келген чыгаан аскер офицери Исаковко карата сот адилет чечим чыгарат деп күтүшкөн. Тилекке каршы, судья аскер прокуратурасы тарабынан коюлган негизсиз айыптоону колдоо менен акылга сыйбас өкүм чыгарды, генерал Исаков сот залынан камакка алынды.
Генерал Исаковго карата чыгарылган өкүм азыркы бийликке каршы пикирдеги адамдарды гана коркутуу үчүн эмес, учурда бийлик тепкичтеринде отурушкан чиновниктердин да жүрөгүнүн үшүн алууга багытталган. Ачыктан ачык кабыл алынган акыйкатсыз чечим эскертүү катары болуп, аларды бийликтеги үй-бүлөнүн айтканын айткандай аткарып турган кызматкер кылып тарбияламакчы. Анткени, генерал Исаковго карата кылмыш иши анын Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан өз эрки менен кетип жатып өлкөдө калыптанып жаткан авторитардык режимге, үй-бүлөлүк башкарууга, бийлик структураларындагы коррупцияга жана паракорлукка каршы экендигин ачык билдиргенине байланыштуу экенин коомчулук жакшы билет.
Генерал Исаковдун түрмөгө камалышы менен өлкөдө саясий репрессиялардын жаңы этабы башталып, андан ары ачык саясий террорго өтүп бара жатат. Бийлик мыйзам деңгээлинде жарандык эркиндиктер менен укуктарды чектеп, журналисттерди коркутуу жана сабап салуу менен өлкөдөгү сөз эркиндигин жок кылып жатат. Мамлекетибиз жардын кырына барып такалды, андан ары жагында өткөн кылымдардагы зулум замандын көлөкөсү турат. Реформанын шылтоосу менен Конституциялык төңкөрүш ишке ашырылып, өлкөдө Кокон хандыгыгын тартиби орнотулууда, мамлекеттик бийликти болсо эбак эле бир үйбүлөө басып алган.
Бириккен Элдик Кыймыл генерал Исаковдун боштондукка чыгарылышын талап кылат, ошону менен бирге өлкөгө жаркын келечек камсыз кыла турган өзгөрүүлөр үчүн күрөштү токтотпой тургандыгын билдирет.
Биз мекендештерибизди акыйкат үчүн күрөштө тилектеш болууга чакырабыз.

БЭКтин Саясий бюросу,
Бишкек, 2010-жылдын
12- январы