Кокуй күн

Кыргыз улутун талкалашууда
Ааламда жашаган ар бир улуттун өзүнө тиешелүү болгон ички баалуулуктары бар. Ошол баалуу байлыктары менен өзүн-өзү сактап, жоголуп кетпей жер жүзүндө жашап келет. Тарыхка үңүлсөк, миңдеген улуттар жоголуп, мен деген мамлекеттер урап түшкөн. Бирок, өзүнүн тегерегиндеги чакан улуттарды жоготуп, өз таасири менен өзүнө сиңирип алуу системасы дале болсо ийгиликтүү иштеп келет. Баскынчылардын алдында калган ички түзүлүшү начар улуттар өзүнөн өзү жоюлуп, узун тарыха жашаган бекем түзүлүштөгү элдер бүгүнкү күнгө чейин жоголбой сакталып келди.

Алардын бири - кыргыздар деп көкүрөк кере кесе айтсак, эч качан аша чаппайбыз. Карт тарыхтын барактарына көз чаптырсак, кээде өз түндүгүбүздү көтөргөнгө жетишип, кээде бирөөлөрдүн карамагында жан сактап келгенибизди көрөбүз. Бирок, ошондой катаал күндөрдү башыбыздан кечирсек дагы, улутубузду жоготпой, бүгүнкү күнгө жеттик. Атургай, түндүк көтөргөнгө дагы жетиштик. Кыйын күндөрдө бизди баалуу, нарк-насилдүү салтыбыз, көөнөрбөс маданиятыбыз сактап келди. Мындай маданиятты жоюуга 70 жыл орустар дагы жан үрөгөн экен. Ал ийгиликтүү жемишин берип, кыргыздын бир өңүрүн орусташтырганга жетишиптир. Тилекке каршы алар тиккен саясат бүгүн дагы тамырын кенен жаюуда. Аны өлкөдөгү ар бир жаран акылы менен туюп, жон териси менен сезип отурат. Ошон үчүн бүгүн кыргыз өзүн сактап калуу сыноолорунун дагы бирине тушугуп отурат деп айтсак толук болот. Муну улутка күйгөн бир ууч топ гана эмес, дүйнөлүк аброю бар уюмдар дагы кулак кагыш кылып келүүдө. Булардын баары жөн жерден чыккан сөз эмес. БУУ дагы терең иликтөөнүн жыйынтыгында үстүртөн байкоо салып айтып жатат. Өлкө ичинен караган адамга деле улут жоголуу жолундагы коркунуч ачыктан ачык эле байкалууда. Кыргыз эли мамлекеттеги титулдук улут болгонуна карабай, колониялдык саясаттагыдай эле кемсинтилип келүүдө. Экономикалык, социялдык жагын айтпаганда дагы өз тили тийиштүү деңгээлде колдонулбаганы ачык эле көрүнүүдө. Кичине жыйындарды мындай коёлу, Кыргыз өлкөсүнүн башында турган Президент катышкан мамлекеттик үлкөн жыйындар орус тилинде өтүп жатат. "Эртең биз бийликке келебиз" деген сол жээктеги оппозициянын да бул жаатта аша чабаары жок. Жыйындарынын дээрлик көпчүлүгү орус тилинде өтүп жатканына күбө болуп келе жатабыз. Анан ушундай элитасы, каймагы бар улуттун эртеңкиси барбы деген суроо "мен кыргызмын" деген ар бир жарандын жүрөгүн оорутпай койбойт экен.
Улуттун демин өчүрүп, кадырын түшүргөн жагдай саясий өңүттө дагы жанданды. Дүйнөлүк ааламдашуу менен удаа улутту ыдыратуу, басынтуу багытына азыркы кадр саясатын дагы кошсок болот. Чала кыргыз, кыргызчаны түк билбеген же улуту бөтөн адамдар Кыргыз мамлекетинин чечүүчү кызматтарыга келиши, улуттук аң-сезимдин талкаланышына алып келээри турган иш. Улут, тил, дин деген нерселер артка сүрүлүп, адам болсоң эле кыргыздарды башкара берсең болот деген түшүнүк таңууланууда. Мындай экспериментти иш жүзүнө ийгиликтүү ашыргандарга дагы күбө болуудабыз. Улуттун негизин калыптандырган маданиятка болгон мамиле дагы солгундады. Маданият министрлиги жоюлуп, агенттикке айланып отурат. Улуттук идеологияны көтөрөт деген максат менен түзүлгөн Мамлекеттик катчылык түп орду менен жоюлду. Анын кереги жок экен. Демек, мындан кыргыз идеологиясынын кереги жок дегенди түшүнсөк болот. Ал эми кыргыздын идеологиясы иштелип чыкпаганына ал кызмат эмес, анда иштей албаган адамдар айыпкер болсо акылга сыйымдуу болбойт беле. Улуттун уңгусуна балта чаап, кыргызды келекелеген нерсеге быйыл жайында дагы туш болгонбуз. Ал өлкөнүн борбордук аянтына Манастын душмандарынын айкелинин орнотулушу болду. Бул дагы колониялдык саясат туткунунан жаңы чыгып, көкүрөгүн көтөрө албай турган кыргыздын түшүнүгүнө терс таасирин тийгизбесе, эч качан оң жыйынтыгын бербеши айдан ачык. Мындай нерселерди улутка душман адам жасабаса, жөн адамдын колунан келбейт. Эртеңкисин эл арасында көргөн инсан, жогорудагыдай пастыкка эч качан барбайт. "Билбей калды, туура эмес жасады" деп унутта калтырып, кырдаалды жайгарганы менен, жыйынтыгы улуттун кайдыгерлигине алып барат. Муну бөркүңүздөй эле көрө берсеңиз болот.
Буларды карап отуруп, улуттун эртеңки келечегин ойлонуудан айбыгасың. Башка улуттар жогото албаган кыргызды "өздөн чыккан жаттар" жоюп, "50 жылда жоголот" делген дүйнөлүк уюмдун божомолун биздикилер ишке ашырганы турат бейм. Жерин кемиткени аз келгенсип, салт-санаасын сатып, үрп-адатын талатып, каада-салтты тонотуп, нечен кылым сүйлөп келген Манастын тилин жоготобу деген жаман ойго аргасыздан жетеленет экенсиң.

Зулпукаар САПАНОВ




  Алайдан ажого

Генералга эркиндик!
Алай - Ааламдын ачкычы. Чындыгында кыргыз деген улуу эл эчен жолу чайпалса да төгүлбөй, төгүлсө да түгөнбөй келе жатканына ушул уютку сымал тоолук элдин салымы чоң экени тарыхтан белгилүү. Кыргызга көз арткан чоочун элдердин да тоолуктардан тайсалдап, "кап, ушулар болбогондо" деп ичтеринен тынганы бар. Тоону беттеп жашаган, тоо жүрөк элдин куйругун бийлик бүгүн басып алды. Муну мен бүгүнкү жетекчилердин жолунан адашып, ооматынын кеткени, алысты көрө билбегени деп ойлойм. Айтылуу Алымбек датка, Курманжан датка өткөн Алай жергесинин атын сыймык менен атап, урматтаган кулуну Исмаил Исаков ак жерден камалып отурат. Башка бийлик өкүлдөрүндөй болуп оозу-мурдунан чыккыча ичип-жеп, кашкулактай семирип, асман тиреген үй салып же жыл сайын төшөк жаңыртса да эл мынчалык күйүп-бышып жан кейитмек эмес. Эл үчүн иштеген бирден бир министр бүгүн минтип камалып отурса, эртең мындай күн ар бир кыргыздын башында экенин жон терибиз менен сезип, ойлоно турган кез келди. Ансыз деле азыркы бийликтин былыгы чегине жетти. Эгер бир эле И.Исаков болсо да эл анчалык жерге түкүрмөк эмес. Айланабызды басмачылык, мойну жоондук курчап алганы аз келгенсип, кымбатчылык ар бир үйдүн босогосунан төрүнө чейин араанын ачып кирип келди. Кыргыз эли, айрыкча тоолук эл, мындай басынтууга чыдап баш ийип отуруп калган эмес.

Урматтуу
Курманбек Салиевич!
Бул да болсо сиздин жана биздин башыбызга келген бир сыноодур. Эң негизгиси, 2005-жылы 24-мартта аянтка чыккан элдин үмүтү акталбай калды. Сизди ошол күнү жана ошого чейинки шейит кеткен уулдарыбыздын арбагы ойлонтпойбу! Алымбек датка атабыздын, Курманжан датка апабыздын арбагынан коркпойсузбу?
Алайлыктар жөн отуруп калбайт. Анткени, Исмаил Исаков тоолук элдин арасынан чыккан кыраан уулдарынан. Исаковдун артында Алай деген эли, касиеттүү жери бар экенин сезбей жатасыз, Курманбек Салиевич! Исмаил Исаков акталып, эркиндикке чыкмайын өлүмдөн да кайра тартпайбыз. Биздин генералды эркиндикке чыгарыңыз!

Сүйүн ЭРГЕШОВА,
Алай району

P.S. 13-январдан тарта КСДПнын Бишкектеги баш кеңсесинде БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков баш болгон тогуз адам мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганына наразылыгын билдирип мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштады.

Учурда Исмаил Исаковдун кичи мекени болгон Алай районунда генералды коргоо комитети түзүлүп, Сопу-Коргон айылында боз үйлөр тигилип 150 адам ачкачылык акциясын баштады.