Ташбака кыбырайт, а өмүр зымырайт, зымырайт...

Дубайда дуулдаган Мамакеев
Мамбет Мамакеев деген аксакалыбыз кезегинде "Акаевден башка кыргызга ажо болчу адам жок" деген фразанын авторлорунун бири болуп, ал тургай Акаевдин колунан "Кыргыз Эл Баатыры" наамын алган. Мыкты хирург экени ырас. Ушу киши эки айча мурда "Кыргыз Туусу" гезитине Максим Бакиев тууралуу укмуш макала жазган. "Максимдин көзү тимеле укмуш экен. Кудум эле балам Канатчигимдин көзүндөй" деп... Ошол аксакал жаңы жылда Дубайга барып, ой-даа эс алып кайтканын илимпоздордун чакан олтурушунда жар салыптыр. Мамбет аксакалдын Дубайга барганынын дагы бир мааниси бар экен. Ал жакта уулунун күчтүү бизнеси, турак-жайы бар имиш. Андыктан өз үй, өлөң төшөгүндө эс алды десек болот. Кызыгы, уулунун Дубайдагы бизнесинин гүлдөшүнө баягы "көз" тууралуу сөзү катуу таасир этип жатканын эшиттик. Чиркин, аксакал кантип жашашты билет, ээ?




КСДП Бешимовду мандатынан ажыратууга неге кызыкдар?
КСДП өз депутаты Бакыт Бешимовдун мандатын тартып берүү үчүн ЖоКеге кайрылуу жолдоду. Муну араң турган "Акжолчулар" шып илип кетип, "эки жума ичинде маселесин чечебиз" деп шымаланышууда. Кай жагына чечилээр экен? Мындай кайрылууга ЖоКе регламентинин шарты боюнча отуз күн эч себепсиз сессияга катышпаса мандатынан ажыроо мүмкүнчүлүгү себепкер имиш. А, Бешимов болсо 1-сентябрдан тарта өз ишине кирише элеги чын. "Акжолчулар" болсо "баса белгилеп коёлу, КСДП өзү сунуштады, өздөрү кызыкдар экен" деп кымыңдап туру. Айталы дегенибиз, бул жерде "иттин өлүгү" жатканы ачыктан ачык десе да болчудай. Бешимовго катарлаш эле качкан Кадыров боюнча эч сөз жок да, Бешимовдун гана орду, мандаты КСДПга өтө зарыл болуп калыптыр. 30 күндүккө такаса Кадыров да каралышы керек эмеспи...


Украина уу-дуусу Кыргызстанга келеби?
17-январь күнү Украинада президенттик шайлоо өтөт. Азырынча Россия жөлөп-таяган талапкерлер Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко сурамжылоо боюнча алдыда. Ал эми 2004-жылдын саргылт ыңкылаптын баш баканы, учурда Украина ажосу Ющенко үчүнчүдө экен. Биздин, атургай эл аралык саясий серепчилердин божомолунда "Эгер Украинада бийлик алмашса, сөзсүз Кыргызстанга таасири тийет. Анткени бул жерде Украина бийлиги эле эмес Россия, АКШ маселеси чечилет. 2005-жылдагы Кыргызстандагы төңкөрүш түздөн-түз Украина, Грузияда болгон төңкөрүштүн таасири аркасында болгону анык" дешет. Чындап эле. Биздин өлкө өз алдынча кадам жасай албасы кечээки Исаковдун сотунан улам да айгине. Себеби, грузин баш баканы Саакашвили жыл башында бир топ оппозиционерлерин кескин түрмөгө тыкты эле, бизде биринчи кылып Исаковду согушту.


Барымтадагы аскерлер, баш чулгаган башчы
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ибрагим Жунусов Ала-Бука чегара постуна 2-январь күнү Өзбекстандын 20 жараны кирип келип, 2 аскерибизди байлап, алып кеткендигин айтып чыкты. "Ал аскерлерибиз аликүнчө кайтарыла элек" дейт, эл өкүлү. Чатак Өзбекстандын малы биз тарапка өтүп кеткендиктен чыгыптыр. Буга улай депутат Асылбек Жээнбеков да биздин бир жаран сууга тор салып отурса, өзбектердин аскерлери аны да кармап кеткенин айтып чыкты. ЖоКеге барган чегара кызматынын башчысы бул суроолорго ачык жооп айтпай күңк-мыңк этип, "териштирип атабыз" деген. Тобоо, 15 күндөн бери аскерлерин эми эстеп, али эч чара көрбөгөн жетекчилерибиз бар экен, эй!


"Ар-Намыстын" айрылышындагы Феликс Кулов
Темир генерал атыккан кадимки Феликс Куловдун "Ар-Намыс" партиясы эки айрылыш жолдо туру. Тагырагы партия анабашчысы Феликс мырза ажого кол куушуруп, андан улам машина белек алып, чачпагын көтөрүп жүрсө, экинчи "Ар-Намысчы", болгондо да "Ар-Намыс" партиясынын түштүк региону боюнча координатору болуп жүргөн Бөдөш Мамырова оппозиция очогу болгон БЭК түзгөн "саясий куугунтуктагыларды коргоо "комитети" дегенге мүчө болуп кирди. Кызыгы, кечээги Исмаил Исаковдун сотунан соң Бөдөш айым Алай району боюнча "Исаковду колдоо комитетин" түзүп, аны жетектөөдө. Ана, "Ар-Намыстын" жүзү. Кимисине ишенебиз? "Ар-Намыстын" жүзүн каягынан издесек болот?.. Не болсо да аялзатынын өкүлү болуп туруп "Ар-Намысын" эркекке караганда тебелеп-тепсетпей, эл тарапта жүргөн Бөдөш Мамырова эр экен.


Дырылдаев "мен бармын" ураанында
"Адам укуктары боюнча кыргыз комитети" деген уюм бар. Башчысы баягы Рамазан Дырылдаев деген укук коргоочу. Учурда бул мырза да Европалап кеткен. Ишин ошол жакта жүргүзөт. Исмаил Исаковдун камалышы боюнча Дырылдаев да бийликти айыптаган кескин билдирүүсүн таратты. Ток этээрин айтканда "Исаковду сегиз жылга отургузган Бакиев уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга койгону үчүн өмүр бою түрмөдө олтурушу керек" деп чыкты. Дегени жакшы. Кеп, анын өлкөдө эмес, чет жакта жүрүп алып "мен бармын" дегенинде. Дырылдаев анчалык элине күйсө ушул жерде, АлаТоодо туруп, айтчу сөзүн айтып, ачык күрөшкө чыкса болмок. Дырылдап качып кеткен соң, "дыңкылдап" чет жактан үн салбай.

"Назар-Пресс"