Ысык-Көлдө өзүн-өзү билген заманбы?...:

КЕП ЮСАИДдеби
ЖЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТӨБӨЛДӨРДӨБҮ?...
Ысык-Көл областынын губернатору Кыдыкбек Исаев мырзага
АЧЫК КАТ
Биздин кайрылуубуздун жөнү төмөнкүчө: албетте, адегенде жергиликтүү башкаруучулук болгон Түп районундагы Арал айылдык округунун жаңы шайланган башчысы Батырканов Асанга төмөндө айтыла турган маселе боюнча Сары-Дөбө айыл башчысы Черикчиев Жеңиш Жумашовичтин гуманитардык жардамды таркатууда кетирген олуттуу кемчиликтери, элди катуу нааразы кылган, өзүм билемдикке салган иш-аракеттери тууралуу кайрылганыбызда, ал Черикчиев менен дагы эле иштеше бере тургандыгын баса белгилегендигинен улам,кыскасы айыл округ башчысы эч чара көрө албастыгын түшүнгөнүбүздөн соң сизге гезит аркылуу кайрылып отурабыз.

Урматтуу губернатор, өзүңүз билгендей, акыркы жылдары Америка эли ЮСАИД уюму аркылуу кыргыз элине азык-түлүк гуманитардык жардамын берип келет. Мына ушул гуманитардык жардамды, мындайча айтканда кайрымдуулук үчүн аманат азык-түлүктү өз дарегине эч кыянатсыз жеткирип, бөлүштүрүүдө өзгөчө Түп районуна, Арал айыл округуна караштуу Сары-Дөбө айылынын айыл башчысы Черикчиев Жеңиш Жумашович өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип келет. Тактап айтканда мурдагы өкмөт башчысы Б.О.Мамытов мурунку социалдык фондунун жетекчиси жана катчысы, ошондой эле Сары-Дөбө айыл башчысы Черикчиев Жеңиш элге келген азык-түлүктөрдү көбүнчө өзү каалаган адамдарга, өзү билгендей таратышкан, гуманитардык жардамды алууга шарттары туура келген үй-бүлөлөр ала албай калып жатканына карабай, тууган-туушкандары, жакындары, өң тааныштарынын дээрлик эч бирин көз жаздымда калтырган эмес.
Өзүм билемдикти ушундан көрүңүз, айрым бир адамдардан бекер берилген жардам алгандыгы үчүн 10 сомдон 100 сомго чейин акча алган. "Бул бекер жардамга келген го, акчаларды эмнеге чогултуп жатасың" дегендерге, айыл башчысы Черикчиев "гуманитардык жардамды алып келген адамдарды коноктоого жумшайм" деп күпүлдөп, элден кыйнап акча чогултуп алган. Айыл башчысына акча бергенин тастыктаган 91 адам кол койгон.
Урматтуу губернатор, каржы каатчылыгын, дегеле башкасын кой эми гуманитардык жардамды да акча берип, же паралап алуу адаты пайда болгонбу? Же, биздей карапайым калкты эмне кыла алат, сыга берели саясаты колдонулуп келеби? Эгерде жергиликтүү башкаруучулар билгенин жасашса, аларды өйдөңкүлөрү теске сала албайбы?
А түгүл, айыл башчысы Черикчиев өз чөнтөгүнөн берип жаткансып, азык-түлүктү ар кимге ар кандай бөлүштүргөн. Маселен: аталган айылдын тургуну каралашаар жакын тууганы, энеси жок эки баланы жалгыз эптеп багып жаткан Эрназаров Жыргалга 100 кг. ун берүү ордуна 50 кг. ун, 20 литр суу майдын ордуна 10 литр суу май, 15 кг. буурчак берүү ордуна 10 кг. буурчак берген. Ошондой эле Сегизсариева Айнагүлгө да ошондой жарым-жартылай жарытпай берген. Ошентип, Черикчиев калгандарын "табакташтары" менен кечинде өз ара сарпташкан бейм. Арал айыл өкмөтүнө караштуу Арал, Мин-Булак, Сары-Дөбө айылдарынын тургундары айыл өкмөтүнө кайрылганда, "Американын берген кайыр-садакасына эмне өлүп бара жатасыңар" деп оңураңдай жооп кайтарышкан. Эгер ошол жардамга "өлүп" баратсак, эмне өздөрү өлүмдөн жаман кудай алдындагы чоң күнөөлөрдөн болгон аманатка кыянатчылык кылышат?
Кыскасы, Сары-Дөбө айыл башчысы Черикчиев Жеңиш Жумашовичке бул эмне кылганың десек "билген жериңерге барып, арыздангыла, Американын берген кайыр-садакасына эч ким кийлигише албайт, колуңардан эмне келет" деп кыйкырып чыккан. Ал эми азыркы жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы Батырканов Асанга жогорудагыдай элди катуу нааразы кылып келген кемчиликтери үчүн ишинен алып, ордуна татыктуу жаштардан коюп берүүсү маселесин койсок, мен ал киши менен мурда-кийин жакшымын, дагы иштеше берем деп эч кандай чечим кабыл ала албастыгын билдирген. Эмне жеке тааныштыгы же жеке кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан жогорубу? Бизче бир адамдыкынан көрө көпчүлүктүн, элдин кызыкчылыгы өйдө болсо керек. Ошондуктан, ушундай айыл башчыларынын өзүм билемдигин тескей тургандар бар чыгаар деп сизге кайрылып отурабыз.
Урматтуу Кыдыкбек мырза, ушундай өзүм билемдиктерди иретке салып, жаштарга, татыктууларга көңүл бөлөр деп ишенебиз.
(Ал гана эмес айыл башчысы Черикчиев Жеңиш Жумашович Сары-Дөбө айылындагы жаңы конушка дүкөн салуу үчүн берилген жерди да көп жылдан бери өз пайдасына пайдаланып келет).

Курманбек Убайдылдаев
(Катка Сары-Дөбө айылынын
91 тургунунун колу коюлган)

Редакциядан: Мүмкүн бул маселе айрымдарга майда-барат иш көрүнөөр, бирок кептин баары майдадан башталчу эле…
Ысык-Көл областынын айыл округ башчыларын, социалдык кызматкерлерин тескей тургандар жоктой, болбосо бир гана Сары-Дөбө айыл башчысы эмес, Түп районуна караштуу бир топ айылдарда ушул сыяктуу көрүнүштөр күч алган кез. Жогоруда ЮСАИД жардамдарын өз билгендериндей тараткандарына нааразылык билдиргендер жөнүндө, дегеле ЮСАИД уюму жана бул маселе тууралуу дагы кеңири журналисттик изилдөө, анализдөө алдыда. Азырынча, Ысык-Көлдүн башысы Кыдыкбек мырза эмне жыйынтык чыгараар экен, күтө туралы…





  ауу, өйдөкүлөр

Терек-Суу арманын ким угат?
Токтогул районунун каймактуу жери суу сактагыч алдында калганда Карл Маркс, Өрнөк, Кара-Сакал, Сорт участка, Шевченко, Калинин, Агроном айылдарынан жана район борборунан эл Терек-Суу айылына көчүп, асты 1974-жылы, арты 1974-жылы келип отурукташкан.

Айылда эки кабат мектеп, эки кабаттуу бала бакча, эки кабаттуу оорукана, эки кабаттуу тейлөө үйү иштейт. Бул жетишкендиктерди көчүп-отурукташуу мезгилиндеги райондук аткаруу комитетинин төрагасы маркум Азимкан Козубек уулунун эмгеги деп билет айыл калкы. Учурда 4500 адам жашап, 400дөн ашык кожолук чарбасы бар бул айылдын көйгөйү - агын суунун жоктугу. Он жыл мурун 600гө жакын кожолук чарба болуп, 5000ден ашык адам жашаса, жыл сайын азаюуда.1972-жылы эле курулуп бүтүп, ушул мезгилге чейин иштеп берген М-1 насостук станция эскилиги жетип чирип, трубасы тынбай жарылып элди май айынын соңунан сентябрга чейин араң камсыз кылат.
СССР кулаганы убагында сметасы такталып, түзүлгөн Чолпон-Ата-Терек-Суу каналы долбоору курулуп бүтпөй калды. Эрте жазда эл жашылча-жемишин убагы менен айдай албай, күздө сууга жетпей, алма, өрүгүн сугарууга мүмкүнчүлүгү чектелгени түшүм да жок. Эгерде суу азабы чечилсе, айылга анар да бышмак. Ал эми тынбай жарылган трубаны райондон келип жамаганча суу токтоп, жай саратанда чаңкап турган эгинди сугаруу мезгили өтүп кетти.
Ушул маселе оңунан чечилсе, эл жыргап жашап, айылдагы турак жайлар бузулуп, аңгырап томсормок эмес. Айыл калкы канал куруу боюнча маселени жетекчилер менен болгон чогулушта, Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордо тынбай коюп келишет, бирок чечилбей келет. Насос менен берилген суунун жетишсиздиги элди айылды таштап кетүүгө себеп болууда.
Бул айылдагы дагы бир көйгөй - 1972-жылы ишке берилген калкты тейлөөчү суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип бузулуп, сынып, иштөө абалынан чыккандыгы. Мамлекеттик "Таза суу" программасына киргизилгени менен, аткарылган иш болгон жок. Кол араба менен суу чыккан көлчүк издеп жүргөн кары кемпир-чал, бала-бакыра зээн кейитип бүттү. Тийиштүү эксперттик комиссия келип иликтеп, канал казылып, агын суу алынып келинбесе, бул айылдын келечеги жоктой сезилет.
Айтылган бул маселелерди чечүү үчүн Токтогул району боюнча атайын фонд бар. Ал суу сактагычтан көчпөгөн айылдарга кызмат кылып жатат. Аны текшерсе эле, кайсыл жерге эмне курулганы белгилүү болмок.
Канал казылып баштаса, айыл калкы карап турбас эле.
Мазар-Суу айылына Кушчу-Суудан насостук станция курулуп жатат. Мурдагы долбоор боюнча келген суунун латогун сөгөткө чейин узартып, Терек-Суу айылынын М-2 насосуна кошсо, кеминде 200 га жер калкка кызмат кылмак. Муну курдуруп жаткан атайын фонддун жетекчиси С. Куччубаков да ойлонсо керек. Терек-Суу айылынын жашоочуларынын маселесин гезит аркылуу окуп, чечилишине мамлекет тарабынан иш жүргүзүлбөсө айылда уулуган ит гана калаары турган иш.

Айтымбет Буканбеков ,
Токтогул району, Терек-Суу айылы