кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
27-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик башкаруу системасына сиздин көз карашыңыз...
2-бет
Кыргызстан тарыхый тандоонун алдында
3-бет
Жалал-Абаддын бир күндүк губернатору Файзулла Рахманов изделүүдө
5-бет
АКШ Бакиевдин криминал бийлигин колдогонбу?
6-бет
Коом окуянын маанисин сезүүдө
7-бет
Ак иштечүлөр четте калбаса
8-бет
Токмоктогу табышмактуу сырлар
9-бет
Бакиевге барып келген жаштар
10-бет
Азык-түлүк тартыштыгы болбойт
11-бет
Эл баатырлары
12-бет
Элдик баатырлар
13-бет
Митингге барганыбыз, келечекке кадамыбыз
14-бет
Эдил КОЖОШИЗИ
Кандуу жол

16-бет
Айымдар тагдыры



  Бир собол

Парламенттик башкаруу системасына сиздин көз карашыңыз...
Конституция долбоору кечээ талкууга коюлду
Марс Сариев, саясий серепчи:
- Парламенттик башкаруу системасы эң ылайыктуу, анткени мен башка жолдку көрбөй турам. Албетте, бул көп убакытты талап кылат.
Бирок, жыйынтыгы жемиштүү болуп, Кыргызстан бутунан туруп кетет деп ойлойм.

Равшан Жээнбеков, "Ата Мекен" партиясынын төрагасынын орунбасары:
- Парламенттик бийликке өтүшүбүз керек. Анткени анын эки артыкчылыгы бар. Биринчиси, түндүк-түштүк ажырымын бириктирет. Экинчиси, канчалык пикир келишпестик, эки ача көз-караштар болсо да, дискуссияга барабыз.

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
- А. Акаевдин президенттик мезгилинен бери Кыргызстан саясий тажрыйбанын майданы болуп келет. Бирөө президенттик кылам дейт, дагы бири парламенттик деп жатат. Биз заманбап Конституция же мамлекеттик түзүлүштүн башка бир формасы сактап калат деген жалган ойдун туткунунда келебиз. Биздин катачылыгыбыздын өзөгү - туура эмес Конституцияда же мамлекеттик түзүлүштө эмес, мамлекеттик бийлик татыксыз адамдардын колунда болуп жатканында. Биз бул жолку эсеп менен сегизинчи Конституцияны кабылдап жатабыз. Бул арсыздыктын белгиси, себеби биз бир дагы мыйзамды баалабадык, Мыйзам чегинде иштегенге үйрөнбөдүк. Убактылуу өкмөттүн куткаруучу жол катары парламентаризмди көрсөтүп жатканы - ишке ашпаган куру кыял. Парламентарийлер өлкөнү көтөрүп кетет дегенге ким ишенет? Кыргызстан эгемен тарыхында профессионал парламентарийлерди көрдүңөрбү? Өлкө парламенттик болушу үчүн дагы 20-30 жыл талап кылынат. Азыр биз парламентаризм боюнча тажрыйбабыз жок туруп, өлкөнү башкаруунун элементардык ыктарын билбегендерге бийликти карматканы турабыз.

Шайлообек Дүйшеев, акын:
- Президенттик башкаруу болобу же парламенттик система болобу, баары бир жакшы болот деген ойдомун. Бирок, бүгүнкү күндүн биринчи суроосу-- Курманбек, Жаныш, Акматтар кармалабы, мына ушунда. Чындык, акыйкаттык мына ушулардын кармалып, мыйзам чегинде жооп беришинде.

Клара Ажыбекова, "Кыргызстан коммунисттик партиясынын" лидери:
- Чынын айтканда президенттик башкарууга же парламенттик башкарууга багыт алганыбыз туура деп айтып келгенибиз менен, парламенттик башкарууну практика жүзүндө көрө элекпиз. Парламенттик же президенттик башкарууда ошол бийлик башына келген адам мекенчил, чыныгы эл-жеринин көйгөйүн чече билген адамдар болсо, өлкө тез эле кризистен чыгып, жумушсуздардын саны азаят. Парламенттик башкаруу болсо баары жакшы болот деп жатышат. Мейли, аны да көрөлү. Мен социалисттик системаны колдойм.






Яндекс.Метрика