Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Жылдын адамдары
Жылдын саясатчысы
Чындыкты айтуу азыркы учурда өтө опурталдуу болуп барат. Бирок "сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, анда коомго жарыкты ким чачат?" деп, убагында чыгыш ойчулу Назим Хикмет айткандай, ЖК депутаты Роза Отунбаева өлкөдө кандай гана калпыс иштер болбосун же парламенттеги эл мүдөөсүнөн оолак маселелер каралып жатканда ачуу болсо да акыйкат пикирин тартынбай айтып келе жаткан саясатчы. Айрым "башын кумга катып алган" эркектерден айырмаланып, Роза Исаковнанын эл үчүн жасаган аракети көпчүлүк окурмандардын добушу менен "Жылдын саясатчысы" номинациясына татыктуу татыган саясатчы экенин жарыялап, бүгүнкүнүн Жаңыл Мырзасына жолборс жылында жоон топ ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!


Жылдын жетекчиси
Жетекчилик касиет ар бир эле жетекчиде жетиштүү боло бербей окшойт. Далайлары "таанышың болсо танкасың" ыкмасы менен портфель кучактап жүргөндөр. Анысына деле мейли, "ак мышык болобу, кара мышык болобу, чычкан алса болду" деп, көз жумгуң келет, эгер ошол жетекчи өз ишинин майын чыгарып иштеп кетсе. Бүгүнкү бийликтин айдыңында өз ишин билген жетекчилер жок эмес. Бар. Кээ бирлери саясаттан өзүн оолак алып, дыйкандай тер агызып иштеп жүрөт. Андайлардын бири Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев. Убагында борборубузду жетектеп, "гүлдөтөм" деп канчалары күпүлдөп келген. Ишинен сөзү көп болду, далайларынын. Ал эми Нариман мырза, борборду толук гүлдөтпөсө да, гүлдөгөнгө тете иш жасап жатат. Дагы да жасайт деген ишеничтебиз. Төкмө акын Жеңишбек Токтобеков жазгандай, чынында эле "Китмин деп мурда жүргөндөр, кичине мэрге жетпеди". Ушул өңүттөрдөн соң, Нариман Түлеевди "Жылдын жетекчиси" деп атадык.


Жылдын партиясы
ХХ кылымдын токсонунчу жылдарында түптөлүп, эл менен кошо ысык-суукту тартып келе жаткан, өзүнүн басып өткөн тарыхы бар партия. Жетекчиси жалпы кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал демократ, социалист, оппозиционер, парламентке төрт ирет катары менен шайланган инсан - Өмүрбек Текебаев.
Биздин бир айга чукул жүргүзгөн "Назар" жылдын мыктысын аныктайт" деген сурамжылообузда да, окурмандардын көпчүлүгүн ушул өңүттөрдөн улам, "өлкөдө акыйкаттын, чындыктын таңсыктыгынан улам, учурда "Ата Мекен" партиясына үмүт артабыз" деген маанайдагы пикирлери басымдуулук кылды. Далайы аталган партияны туу тутаарына күбө болдук, "Ата Мекен" социалисттик партиясы "Жылдын партиясы" деп көпчүлүктүн добушу менен аныкталды.


Жылдын маалымат каражаты
"Азаттыктын" азаттыкты чагылдырган маалыматтарын миңи болбосо да, тогуз жүзү точно айтылган чындык экенин угармандар тана албас. Өйдөкүлөргө же өйдөкүлөргө кызмат кылгандар аталган радионун үнүн басыш үчүн, бул маалымат булагынын үнүн элге жеткирбөөгө канча тоскоолдуктарды кылышты. Жыштыктарын уламдан-улам бир толкунга алмаштыргандан талбады. Бирок, агын сууну канчалаган таш менен тоссо да, ал тосмодон агып чыккандай, "Азаттык" сүйүктүү угармандарына кандай жыштык болсо да өз үнүн угузупт келет. Чөлдөгү суусаган жолоочудай, "Азаттыктын" кабарларын эл кайдан да болсо таап алып угуп жатат. Мындай көрүнүш чындыкка суусаган жерде гана ушундай болот. Биз да аталган радиодо иштеген кесиптештерибизге акты ак, караны кара деп айткан калыстыгыңардан тайбагыла дегибиз келет.


Жылдын акыны
Эл арасында акындар көп. Акынмын деп өзүн-өзү атап жүргөндөр андан көп. Бирок, жашоонун күрөө тамырын, коомдун карайлаган чындыгын, ак менен караны таамай айырмалап айта билген, кара кылды как жарган акындарыбыз саналуу. Алардын бири - Тургунбек Бекболотов .
Ушул акыныбыздын ырларына үңүлсөң булактай тунук, тоонун абасындай таза, чаң басып калган көөдөнгө намыс тамчылаткан саптар - курч саптар.
Ушундай ойлорду айтып жатып, Дагы бир алп акын Ш.Дүйшеевдин бир айтканы эске келет. Анда Шакем: "акындар эч качан поэзияны алдаган эмес, алдабайт дагы. Саясатчылар да саясатка ошондой мамиле кылса, заманыбыз башкача болмок" дейт. Чын сөз, калыс сөз!
Айталы дегенибиз, бу өтүп бараткан уй жылында "Назар" гезити жана үн кошкон окурмандар тобу Т.Бекболотовду "Жылдын мыкты акыны" деп атады. Аман бол, бар бол, акын!


Жылдын депутаты
Бүгүнкү кыргыз парламенти, анын дарамети жөнүндө кимдер гана жазган жок. Өзгөчө, эки айдын ичинде пайда болуп, эл арасында космостук ылдамдыкта кадыр-барк "топтоп", анын натыйжасында элдин добуштарын "чыныгы жеңиш" менен "утуп", парламенттин басымдуу бөлүгүн ээлеген "Акжол" партиясы жөнүндө айта берсе арман бир эмес, миң аттын башындагы жалынан көп.
Бирок, "куттуу жер кур болбойт" дегендей, ошол азыркы парламенттин ичинде кумдагы мончоктой жалтыраган, эл таламы үчүн аз болсо да саз иш кылган фракциялар, фракция ичинде Эл өкүлү деп ишенимдүү айтчу эл депутаттары бар. Алардын бири, социал-демократтар партиясынын атынан шайланып келген депутат - Иса Өмүркулов. Өкмөт мүчөлөрү деле айтып калат, кайсы бир мыйзам долбоорун өткөргөнү барганыбызда "Ак жолдогу" далай депутаттарга салыштырмалуу Иса Өмүркуловдун аргументтери көп учурда ынанымдуу чыгат, аталган маселени чемичкедей чагып да бере алат деп. Окурмандар арасында дагы ушул сыяктуу ойлордун басымдуулугунан улам, Иса Өмүркуловду "Жылдын депутаты" деп атадык.


Жылдын ишкери

Совет Сакебаев, "Абдыш-Ата" коомунун жана "Абдыш-Ата" футбол клубунун президенти
Убагында "Ак жол" партиясынан депутат болуп келип, ал жердеги иш өзүнө жага бербедиби, элге ишкерлигим менен эле эмгегимди өтөйүнчү деп, мандатын тапшырды да, көнгөн ишине баса берген. А чынында, Совет мырзаны өз ишин билген мыкты ишкер десек да толук жарашат. Аны жакындан билгендер тапканын сандыгына эмес, далайын "элге жумшайт" деп айтып келет. Бир эле эмгегин алалы, учурда Совет Сакебаев демөөрчүлүгү менен Кант шаарын спорт шаарчасына айландырып салды. Анын көмөгү менен "Абдыш-Ата" футболдук клубу күндөн-күнгө такшалып, өлкөбүздөгү белдүү клубдардын бири болуп барат. Мындан тышкары шаарчадагы миңдеген кары-картаңдарга, жаштарга өз көмөчүн көрсөтүп келет. Биз да кыргыздын Совет сыяктуу тың, ак ниет, таланттуу ишкерлери көп болсун дээр элек.


Жылдын талапкери
Бул инсан жөнүндө учурда бир тараптуу ойду канчалык жаадырганыбыз менен, бир чындыкты моюнга алышыбыз керек. Ал - жайкы саратанда өткөн президенттик шайлоо. Анда, акыйкат деп сүйлөгөн оппозиция жээгиндегилер бийликке альтернатива болуп чыкчу кабыланын таппай, ары-бери тызылдап, айлалары кетип турган маалда, Атамбаев эртеңки күнү, жеке кадыр-баркы кандай гана абалда калаарын сезсе да, ошого тобокел кылып, күркүрөгөн күчү бар мамлекеттик машинага каршы туруп, жол баштап берди. Ачык айтканда оппозициянын абийирин жапты. Ал эми ошончо күч, ошончо финансылык мүмкүнчүлүктөрүн чачып, кыргыз оппозициясына дагы бир жолу ишенген, аларды колдоп жаткан миңдеген адамдардын үмүтүнө суу сээп, шайлоо бүтөөрүнө 4 саат убакыт калганда "ойт" бергени, ага не себеп болгону, табышмак, бир караган адамга кечиримсиз. Анын чыныгы себеби али күнгө чейин айтылбай келет. Ал сыр да убагында айтылар. А биз жогорку айтылган ойлорду тизмектеп отуруп, Алмаз Атамбаевди мүмкүнчүлүгү чексиз бийлик менен тирешке чыккан эрдигинен улам "Жылдын талапкери" деп атоого негиз болду.


Жылдын туткундары
Аңги барып алтындай кызды зордуктап салды. Анын азабынанбы... аны баккан чоң энеси асынып өлдү (?). Эл оозунда элек жок эмеспи, "асынып эмес, асып кетти" деген сөздөр дагы айтылып жүрөт. Бул эле окуя эмес, күрт улутундагылардын мындан башка чектен чыккан мамилелерине кыжырданган эл, орус-кыргызына карабай көтөрүлдү. Петровкадагы ушундай "беспределге" каршы үн чыгарган элди колдоп, ошол тараптын кулундары катары акыйкаттын тебеленгенин ачык айта коебуз деп элдин алдында турган үч азамат - ЖКнын экс-депутаты, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов "Бишкек-Ош жолун тосуп, башаламандык уюштурду" деген кине менен жарым жылдан берип абакта...
Башкача формада, жалпысынынан жогоркудай эле өңүттө, бирок саясий боек сүртүлгөн беренелер менен, өз укугун, өз добушун коргоп чыккан карапайым 19 көлдүк жарандарыбыз да саратан жайдан бери камакка алынып, "уруусу күч болсо, ээси доого жыгылган" абалда.
Жаңырган жыл жогоруда аталган азаматтар үчүн жакшылыктын жылы болсун. Көкөрүрөгүңөрдө акыйкаттын оту өчпөсүн дегибиз келет.


Жылдын эң мыкты адамдары

Эл бүгүн суу башы болсо да, суудан чыкчу жарыгы толук күйбөй, үшүп-шишигенине карабай, ага кошул-ташыл болуп, азык-түлүк продукциялары асманга чыгып, алган пенсия менен маянасы алты күнгө жетип-жетпей, кокус ооруп калсаң ийне сайганга спирти жок, спирти болсо шприци жок, акчаң жок болсо аркы дүйнөгө аттана бер абалындагы саламаттыкты сактоо камкордугуна да кайыл болуп, "эл дегендер" эл ырыскысын мүлжүп, коррупция кокодон алып, мыйзамың каалашынча буйдалмайланып, сот-потуңдун таразасы "ташбака" болуп, "кайда барсаң - мамайдын көрү" заманда жашап жатса да, абалың кандай десең, жакшы дегенден башканы айтпаган карапайым элдин эркине таазим!!!
Алардан өткөн мыктылардын мыктысын көрө албадык. Бар болгула!-дегибиз келди. Бүгүнкү ачкан курсак эртең тоюнуп, жарыгың эртең жанаар. Өзүбүз үшүсөк да, жан дүйнөбүз үшүбөсүн. Учурда силерден өткөн эң мыкты адамдарды биз көрөлбай турубуз!







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында





Яндекс.Метрика