Сөз кадырын билгендерге

"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
Келаткан жаңы жылың менен Кенжебек уулум!
Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун.
Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Назар" гезитиңердин санын калтырбай окуйм.
Бөрү замандагы элдин көкүрөк көйгөйлөрүн чагылдырган гезитиңерге мен да бир ой-пикиримди жөнөтүп жатам.
Эгер ылайык тапсаңар, балким жарык көрүп калса 80 жаш курагымда бир жеңилдей түшөт белем.
Редакция жамаатына аскадай бекем ден-соолук, арчадай жашыл көңүл, дайрадай узун өмүр берсин деп, ак дилден автор.


"Кылычынан кан тамганды, сөзүнөн бал тамган жеңиптир"-дейт казак макалы. "Тилиң барда тил дөөлөт, тирилигиң бир дөөлөт" дейт кыргыз элде.
Адам өмүрү кыска, кыска өмүрдү урматтап сыйлаган улуу адамдардын айткан акыл-накыл сөздөрү нуска. Сөз өмүрдүн гүл азыгы.
Жанга жагымдуу, кулакка угумдуу, бойго сиңимдүү сөздү көптү көргөн көсөм, ой-туюму терең, дүйнө таанымы кенен, акылы күзгүдөй тунук адам гана айта алат. "Сөз сүйлөсөң так сүйлө, элек сөзүң эм болот, андан жерге кут конот", "Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл" дейт элде. Сөз карыбасын, үн талыбасын. Нускалуу сөз дөөлөт. Ал адамдын керт башына урмат сый алып келет, зоболосун көтөрөт, укум тукум урпактарга тарбия-таалим калтырат.
Улуулук нускалуу сөздөн билинет. Даана айтылган акыл накыл адамдын ажарын ачат, артында өлбөс-өчпөс кеп калат.
Бир эле улуу адамдын ысмы элди, урууну, улутту башкаларга таанымал кылат, нарк-насилин, каада-салтын көтөрөт. Андайлар өз доорунун көрөгөч, акылга дыйкан, ак-караны ажырата билген, келечекти даана сезген, каным элиме азык болсун, денем элге казык болсун деген Алла сүйгөн адамдар го.
Ошол кудайдын кудурети менен жаралган улуу кишилердин сөз кадыры эл тагдырын чечип келген. Бүгүнчү? Тартыштык жанга батып, жокчулук жондон ныгыра басып, күнүмдүк көр тирликтин азабынан алдуу-белдүү жарандарыбыз алды алдынан тарап, башка жер, бөтөн элде уулдарыбыз кул, кыздарыбыз күңгө айланды.
Узунубуз үзүлүп, кыскабыз сүзүлүп туңгуюкка баткан каар заман кайдан келди? Аны кайсы кудайдан жөө качкан, каргышка калгандар жасады? Себептерин айта берсе миң карагай, сан токой.
Кошоматчы жагынпоз паракорлордун, ушакчы кыянатчылардын доораны сүрүп турган кез. Намыс кайда? Ар кайда?
Жагынып, жасакерленүүнүн да ченем чеги бар го. "Жамандын коногу билет" дейт кыргызда.
Касиеттүү кыргыз жери ары өткөн, бери өткөн сүткор соодагерлердин тебелеп тепсеп булгап туруучу кербен сарайы эмес да.
Жан айласы, жашоонун кыйын кыстоосунан улам, киндик кан тамган жерин, туулуп өскөн ата конушун таштап, башы оогон жакка миң сандап тарап жатат жаштарыбыз. Бүгүнкү ыйман ыдыраган хаос турмушта укпаганды, ойдо жокту көрүп туруп, бу биз эмне болуп баратабыз, кайда баратабыз? Жолубуз барбы? Ким баштап баратат? деп ишенимден ажыраган калктын башы туман.
Ойлойсуң, ойго батасың: -Кыргыз, кыргыз болгону, кыргыз атка конгону кылымдар бою эркиндик эгемендикти эңсеп келген. Кастарын тиккен кас душмандын күчтүүсүн да, башкасын да жеңген. Кандуу кармаш,эрөөлдөрдө эл башчылары акыл уютуп, кеңешип кепке келип, биримдикке ынтымакка үндөгөн. Баатырлар, эр бүлөлөр ар намыс, ата журт үчүн каны жанын аркалап, каны көөкөрдө, башы канжыгада болгон.
Мына ошол зарыга күткөн күнкөрсуздук, көзкаранды болбой өз алдынча эркин жашоо эгемендик кыргыз улутуна каршылашкан кармашы жок, кан төгүүсүз өзү келди, кудай берди. Баа жеткис бактыбыз бар экен, эки тизгин бир чылбыр колго тийди.
Бирок, эгемендик эл күткөндөй болгон жок. Теңирден тескери кетти.
Өзү келген эркиндиктин наркын жеткире түшүнгөн ою терең, өрүш дүйнөсү кенен, улут дегенде ичкен ашын жерге койгон жетик, каны таза, айтканынан кайтпаган кашкөй жетекчилерден арабөк калганыбыз арман күүгө айланды. Көрсө "эркелеткен" эгемендиктин да ары жагында эсти оодарган көмүскө түшүнүктөр итабар экен. "Балык башынан сасыйт", ит турмушту багы жок кыргыз мойнуна көтөрүп турат.
Доордон доорго, кылымдан кылымга, атадан балага келаткан акыл, асыл сөздөрдү бабаң кыргыз көп айткан.
Уккан жанга улуу сөз, укпаганды темтеңдеткен кайран көз да, бошко кеткен кайран сөз. Кыргызда акыл сөз, көрөгөч көз кылымдар ашкан ташка тамга баскан.
Эмесе сөз кадыры менен журт тагдырын чечкен көл өрөөнүнө чыккан акылман айкөл акелердин асыл сөздөрүнө мисал келтирейин. Анткени, акылдуу кетет дүйнөдөн сөзү калат сүйлөгөн.
"...Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоо аябайт, жаш карыңа карабайт. Жоо азабынан эл кайда барбады. Биримдик болбогон тирилик курусун. Чачкын болсок чабылабыз, бир балээге кабылабыз.
Бүтүн болбосок бөлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз" дешкен, көл бийлери Бугу элине башчы тандашат. Эл билермандары ар кандай ойдо болушуп акыры: Карга бийдин оюна токтошот.
Анда Карга аке:
- Андай болсо мен оюмду айтайын. Бу адам баласы азаптан акыл үйрөнөт, билермандарым. Биримдиги жок, чилдей тараган ырксыз элди душман четинен кырып салат. Билегибиз күчтүү болсо да тилегибиз бир болсун. Быжыраган майда бийлер болгонубуз биздин чабалдыгыбыз. Бир баш ийген чоң бийлик болбосо болбойт. Көлгө бир башчы керек. Бир башчыга баш иели. Жети өлчөйлү да бир кесели. Ал үчүн жүрүшү түз, жүрөгү таза, калктын кадырына жеткен, бардык ишти калыс чечкен, ар урукту баш коштуруп бел кылган, жалгандан чынды бөлө билген, адилеттүү, эки сүйлөбөгөн эстүү, тектүү башчынын тандашыбыз керек.
Казак туугандардын султанындай султан күтөлү. Байкап тандайлы, артында оозду кармап өкүнүп калбайлы. Өзүмчүл болбосун, өзүмчүл өрттөн жаман. Өзүмчүлдүн өчү көп болот, журт бузулат. Элден ынтымак, ырк кетет, тазаны тандайлы-деп Мендегул уулу Боромбай манапты Бугу элине султандыкка шайлашат.
"Боромбай жана Төрөтай" (122,143-бет).
Ошентип Боромбай бийликке келгенден кийин нарк сактаган кеменгер Карга аке акбоз жорго жетелеп келип:
Э, Боромбай султаным!
Бийликтин күчү бримдик,
Биримдиктин жогунан,
Калмактан качып бүлүндүк.
Жолубуздун башчысы болдуң,
Журтубуздун сакчысы болдуң
Ак урук элди курап ал,
Адилеттүү сурап ал.
Узун карап тең сана,
Баарына бирдей кең сана.
Сен түндүк биз уукпуз,
Бирде жылуу, бирде суукпуз
Кар эрибей сел болбойт,
Башчы акылман болбосо,
Калк жыйылбай эл болбойт.
Башчы акылман болбосо,
Башка журт менен тең болбойт.
Хан караөзгөй болсо өлгөнү,
Өзүн өзү тирүүлөй көмгөнү.
Жакыныңдан алыс бол,
Жалпы журтка калыс бол.
Жериңди сакта,элиңди сакта,
Элдин үмүтүн акта.
Калкыңды өмүрүң өткөнчү
билип жүр,
Мына бул боз жоргону минип жүр,-деп азил чыны айтып бата берген экен. Деги эле касиеттүү Ысык-Көлдөн жан дүйнөсү чалкып жаткан деңиз, телегейи тегиз, өзүнө караганда элдин кызыкчылыгын жогору баалаган айкөл аалымдар өткөн экен.
...Арык-Белек тукумдары нааразыланышып, чабыша турган болгондо Арыктын аксакалдары Сарт акеге кайрылышат. Сарт аке белектен Тилекмат акени, Солтонкул байды, арык тукумунан Токсобаны чакыртып белектин 105 жашка барган карыпчысыныкына барат.
Төшөк тартып калган карыя учурашкандардын аты жөнүн сурап:
- Сартты-акылдын ээси,
Тилекматты-сөздүн ээси,
Солтонкулду-малдын ээси,
Токсобаны-элдин ээси,-деп атап, чакыртып келтире албаган адамдар турбайбы, конок камын көргүлө дейт.
Аксары башыл жетелеп келгенди кайра артка кайтарып, кысыр эмдүү тай союлат. Улуу сөздүн учугу уланып, не деген жан эриткен жатык кептердин сыры ачылып, чер жазышат. Ал түнү өргүп, жайланышып жатып калышат.
Арык-Белектин чатагы тууралуу бир ооз сөз айтылбайт. Аттанаар алдында:
- Мындан ары көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү, ал кудайдын колунда. Арык-Белек уруусунда сизден улуу карыя жок. Эки урууга батаңызды берип коюңуз,-дейт Сарт аке. Ак сакалын жайкалткан алакан жайып:
- Уучуңар узарсын. Жараткан ынтымак берсин. Бир туугандар арасында муздак жел жүрбөсүн-деп бата тартат. Келатып Түп суусунун боюна ат чалдырышат. Ошондо Солтонкул:
- Эрөөлдөшүбүз дегендерге эми эмне дейбиз. Олда Сарт аке ай, эми батаны аттай албай калдык да дептир. (К.Асанбеков "Ысык-Көлдүн жети акеси"58-59-бет). Терең ой менен айтылган кары адамдын батасын эки дебей ыйык тутуп эки чабышпай калган. Болбосо бейкүнөө элдин катуудан казаны, жумшактан күлү калмак, кызыл уук болмок!

(Уландысы бар)

Сартбай Дубанбай уулу,
Улуу Ата Мекендик согушта тылдагы эмгек фронтунун ардагери, элге билим берүүнүн отличниги.
Ысык-көл облусу,
Аксуу району,
Кайырма-арык айылы