Карыялар кайрылышат

Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздүн баш мыйзамына 1994-жылдын 30-январында, 1996-жылдын 17-декабрында, 1998-жылдын 17-октябрында, 2003-жылдын 2-февралында жана "Конституциянын жаңы редакциясы" делип 2007-жылдын 21-октябрында, кыскасы, 15 жыл аралыгында 4 жолу өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргиизилди. Мындай жорук дүйнөнүн бир да өлкөсүндө болбосо керек. 1993-жылы даңазалуу парламент иштеп кабыл алган таамай Конституциянын тамтыгы кетирилди.
Өткөн жумада, 14-декабрда өлкө президенти "Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү" керек деген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Парламент тарабынан ал кабыл алынса, анда азыркы күчүндө турган Баш мыйзамдагы: Президент, кокус, өз милдетин аткара албай калган учурда, өлкө башчысыз калбасын деп, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал да аткара албагыдай болуп калса, Премьер-министр аткара тургандыгы толугу менен жокко чыгарылып, маселени бүт бойдон мамлекет башчы башкаруу реформасы деп киргизген жаңы түзүм - Президенттик кеңешме чече турган болот, мындайча айтканда, ага президенттин милдеттин аткаруучуну тандоо укугу ыйгарылат. Ачыктан-ачык көрүнүп тургандай бул деген - президенттик бийликти аткаруу башчылыгын атадан балага мурастоону, үй-бүлөлүк мансапты мыйзамдаштырууну көздөөгө алган Конституцияга өзгөртүү, кошумча киргизүү деген кезектеги бешинчи жолку айла-амал. Жалпы элдик тагдыр маани маселеге кайдыгер кароого эч кимибиздин акыбыз жок. Элдик Кеңеш кыймылынын борбордук комитетинин мүчөлөрү - биздин айткандарыбыз эске алынабы, алынбайбы, ал өзүнчө маселе, бирок Конституциялык сот жана мыйзам чыгаруу бийликтерине кайрылып, өз пикирибизди айтуу зарылчылыгын аткарбай коё албайбыз.






Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун судьяларына
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарына
КАЙРЫЛУУ
Жогорку Кеңештин кароосуна делип, Кыргыз Республикасынын Президентинен келип түшкөн "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жатат. Буд долбоорго негиздемеде "бул мыйзам долбоору Президенттин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын жөнгө салууга өкмөттүн түзүмүн жана курамын уюштурууга багытталган" деп айтылган.
Берилген долбоордо Конституциянын 46-беренесинин 1-пунктунун 6) подпункту "Президенттик кеңешмени жана башка кеңешүү органдарын түзөт, алар жөнүндө жоболорду бекитет",- деп көрсөтүлгөн. Бул, Президент өзүнүн алдында бир кеңешме органын түзгөнгө укугу бар болот деп түшүндүрүлөт. Ал эми Конституциянын 52-статьясынын 1-пунктунда "Жогорку Кеңешинин төрагасы" деген сөздөр, "Президенттик кеңешме аныктаган адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын" деп көрсөтүлгөн. Тексттин өзүндө көрсөтүлгөндөй, эгерде мамлекеттин башчысы отставкага кетсе, же өз милдеттин аткара албай калса, бүт өлкөнүн тагдырын Конституциянын негизинде шайланган адамдар чечпестен, кеңешме гана бере турган орган аныктаган адам чечет дегенди билдирет.
Президенттин бул сунушун Конституциялык сот, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары колдосо, сунуш конституциялык нормага айланат да, анын негизинде Курманбек Салиевич Бакиев Президенттик Кеңешменин мүчөлөрүн дайындап туруп, өзү ден соолугуна байланыштуу отставкага кетип калса, анда өзү түзгөн Президенттик кеңешме анын өз баласын Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу деп аныкташат. Натыйжада биз мамлекет башчысынын бийлиги атадан балага мурасталып өтчү Конституциялык жеке бийликти, башкача айтканда, хандыкты орнотобуз.
Мындай иш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын рухуна, Кыргыз элинин демократия болгон умтулуусуна, каалоосуна жана үмүтүнө каршы келет! Биз, Конституциялык соттун судьялары жана Жогорку Кеңештин депутаттарына ушунун баарын түшүнөт деп ишенебиз жана каршы добуш беришин талап кылабыз.

Элдик кеңеш кыймылынын Борбордук комитетинин мүчөлөрү.
Чолпонбаев М. Ш.
Токталиев А. Т.
Тургуналиев Т. Т.
Нургазиев Ч. Н.
Мамыралиев Д.
Нарбеков О. Н.
Уметалиев Ө.
Шадыбеков Д. Ш.
Баары 21 киши кол койду.




Тил кесмей заман
БИРИККЕН ЭЛДИК КЫЙМЫЛДЫН
МЕКЕНДЕШТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
БИРИККЕН ЭЛДИК КЫЙМЫЛДЫН
МЕКЕНДЕШТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) белгилүү журналист Геннадий Павлюктун өмүрүнө кол салууну өтө терең нааразылык жана кооптонуу менен кабыл алды. Ал коомчулукка Ибрагим Рустамбек деген ылакап ысым менен белгилүү болуп, Кыргызстандагы саясий жана экономикалык абал боюнча көптөгөн курч макалаларды жарыя кылып келген. Бул кокустуктан болгон окуя эмес, атайын уюштурулган террордук акты деп айтууга толук негиз бар. Анткени, Бакиевдердин кланы бийликке келген 2005-жылдан бери 60 тан ашык журналистке кол салынган, алардын экөө өлгөн, ондон ашыгы ар кандай оордуктагы жаракат алышкан. Акыркы эки жуманын ичинде эле белгилүү саясат иликтөөчү Александр Князев менен орусиянын "Росбалт" маалымат агенттигинин журналисти Александр Ефграфов белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, ал эми "Ош Шамы" гезитинин редакциясына коркуткан тариздеги эки кат, ичине мылтыктын огу салынып жиберилген.
Бүгүн Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчыларды өлтүрүп, сабап, болбогон шылтоо менен түрмөгө камап, аларга карата жок жеринен кылмыш иштерин козгоп жатышат. Оппозициялык саясий ишмерлердин, журналисттердин, бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин, укук коргоочулардын жана алардын жакын туугандарынын өмүрлөрү күн сайын коркунучта. Азыркы бийлик каршы сүйлөгөндүн бардыгын колунан келишинче өлтүрүп же сабап, болбосо түрмөгө камай турганы ачык эле болуп турбайбы. Алардын максаты өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмдүү кишилерди ооз ачпас дудук кылуу, жалпы элди болсо кулак кескен кул кылуу. Бийлик террорду саясий күрөштүн куралы кылып алды. Алардын азыркы ишенгени кара күч менен зөөкүрлүк.

Урматтуу мекендештер!
Биз силерди бириккен оппозициянын катарына өтүүгө үндөп жаткан жокпуз. Ошондой эле "Бакиевдер кетсин!" деген ураан менен Бишкектин борбордук аянтына чыккыла деп чакырбайбыз.
Бирок, биз ар ким өзүн өзү өзгөртсүн деп үндөп жатабыз, болуп жаткан окуяларга карата өзүңөрдүн мамилени өзгөртүүгө чакырып жатбыз. Балким бүгүн бийлик тарабынан жасалып жаткан зомбулуктун силерге же силердин үй-бүлөөгө тиешеси жоктур. Алар бүгүн башкаларды өлтүрүп, уурдап кетип, түрмөгө камап, сабап, колу-бутун сындырып, кызматтан кубалап жатышат. А эртең эмне болот? Силердин жакындарыңар да ушундай эле зомбулукка кабылбай, алардын зордугуна дуушар болбой калат деп ким кепилдик бере алат? Бийликтеги үй-бүлөлүк клан криминал менен биригип алып коомду чырмооктой орогон жети баштуу желмогузга айланды. Жашоо-тиричиликтин бардык жактары, анын ичинде бизнес чөйрөсү дагы, алардын торуна күн санап катуу чырмалып бара жатканы айдан ачык эле болуп турбайбы.
Кыскасы, өлкөдө орто кылымдардагы жапайы жөрөлгөлөр менен криминалдык чөйрөнүн тартиптерине таянган бир үй-бүлөнүн диктатурасы орнотулуп жатат. Президент Бакиевдин жакында сунуш кылган Конституцияга өзгөртүүлөрү менен толуктоолору өлкөдө конституциялык көңтөрүш жасалып жатканын, бул иш анын өзү, балдары жана бир туугандары тарабынан басып алынган бийликти бекемдөө максатын көздөй турганын ачык көрсөттү.

Урматтуу мекендештер!
Азыркы режимге ЖОК деп айтууга мезгил жетти. Бийлик биз жол берген нерселерди гана жасай алат. Алардын бийлиги биздин кош көңүлдүк, эки жүздүүлүк жана коркоктугубуздан улам сакталууда. Эгерде өлкөнүн тагдырына жана кийинки муундардын келечегине кайдыгер эмес болсоңор башты жерге салып катпагыла, өйдө карагыла, үнүңөрдү чыгаргыла.
Бандиттик бийликке ЖОК дейп айталы!
Жаркын келечек үчүн тилектеш бололу!

БЭКтин Саясийбюросу