Кыргыз гезиттери



  жыл жыйынтыгы

"Демократия" аралчасында
Жыл аяктап, учурда баары жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан кез. Кичинекей уюмдардан тарта үлкөн ишканаларга чейин ушул жылда кандай ийгиликтерге жетип, эмнеге жетишпей калгандыгы туурасында сөз болуп жаткан маалы. Биз дагы ушул жөрөлгөнү улай, мамлекетке эң маанилүү болгон саясат айдыңындагы орчундуу окуяларды бир жолу көз алдыбыздан чубуртууну эп көрдүк. Анткени, өлкө тагдыры баарыбыздын тагыдырыбыз. Мамлекетте жашаган ар бир жарандын эртеңкиси өлкө саясатына байланышкан.
Элибиздин бактысына энчиленген мамлекеттүүлүктү бекемдеп, өнүктүрүп-өстүрүү үчүн эл башчыларын шайлап келебиз. Эл тарабынан артылган ишенимди каалагандай аткарып жатабы же миллиондогон улуту бар элдер жетпей жүргөн мамлекеттүүлүктү аздектей албай кор тутуп, өлкө дегенди талап-тоноп, бөлүп-сатып, өз улутун бөтөндөргө тебелеткен жеке адамдын энчисине басып бергени калбадыкбы, эгемен өлкөнүн Конституциясында жазылган демократия деген сөз сакталдыбы сыяктуу суроолор азыр ар бир жарандын көкүрөгүндө кайталанып тургансыйт. Тилекке каршы, учурда телчигип басалбай жаткан мамлекеттин өлкө жетекчилери кылган, жасаган иштерин көрүп, демократия дегенди айтуудан айбыгасың. Айтылган сөздөрдүн баары теңирден тескери чыгып жатканын турмуш көрсөтүүдө. Дегеним, демократиялуу өлкөлөрдө эң алды сөз эркиндиги баркталып, элдин пикири эске алынат эмеспи. Бизде андай болбой баратканына быйылкы жыл дагы далил болду. Ошондой окуяларга бир кылчайып көрүңүз, окурман.

Январ айы

k Жыл жаңыраары менен Президенттин админстрация башчысы Медет Садыркулов өз арызы менен кызматтан кетти.
k Баш прокурордун "партия өлкө президентин келекелеген азил сүрөттөрдү жана сөздөрдү чыгарган" деген арызынан улам "Жашылдар" партиясына кылмыш иши козголду.
k Мурунку Коргоо министри Исмаил Исаковго кылмыш иши козголду.
k Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов Тышкы иштер министри кызматынан баш тартты.
k Карачай диаспорасынын жетекчиси, Рысбек Акматбаевдин жакын жан-жөкөрлөрүнүн бири Исмаил Кочкаровдун №8-түрмөдөн адегенде балка менен башка чабылып, анан бычакталып өлтүрүлдү.
k "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

Февраль айы

k Кыргыз өкмөтү Манас аба майданындагы АКШнын аскердик аба базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимин президент Курманбек Бакиев Маскөөдөн жар салды.
k Экс-депутат Замирбек Парманкулов камалды.

Март айы

k Эркин журналист Сыргак Абдылдаевди сабап кетти.
- "Московский комсомолец" в Кыргызстане" гезитинин кызматкерлери Елены Агеева менен Улугбек Бабакуловду уруп, тоноп кетти.
k "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов камакка алынды.
k Ош шаарында ОшТВ телеканалынын журналистин белгисиз адамдар катуу сабап кетишти.
k БЭКтин мүчөсү Темир Сариев 27-мартта бүткүл өлкө боюнча саясий нааразылык акциясы өтөөрүн ачыкка чыгарды.
k Медет Садыркулов каза болду.
k Аксы окуясын эскерип акцияга чыккандар соттолду.
k Конституциялык Сот Президенттик шайлоо быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өткөрүү жөнүндө чечим чыгарды.
k Жогорку Кеңеш болсо президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо маселесин карап, шайлоону 23-июлунда өткөрүү сунушун бекитти.
k Опера жана балет театрында Элдик ыңкылаптын төрт жылдыгына арналган салтанатка өтүп, ага президент Курманбек Бакиев катышкан жок. Жыйында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жаңы бийликтин келиши менен өлкөдө нукура демократиялык процесс жүрүп, экономикалык жана социалдык жактан өсүштөр болуп жатканын белгиледи.
k 27-мартка белгиленген оппозициянын митинги чыр-чатагы жок өттү.

Апрель айы

k Өмүрбек Текебаев президенттикке ат салышпай турган болду.
k Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду. Ага "Пара менен сатып алуу" деген берене боюнча кылмыш иши козголгонун тиешелүү кызматтар тастытады.
k Бир топтон бери абакта жаткан белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков Ак үйдүн макулдугу менен убактылуу үй камагына чыгарылды.
k Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишти.
k БЭКтин президенттик орунга ат салышчу бирдиктүү талапкери - Алмазбек Атамбаев болду.
k Мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова "Ак жолдун" төрага орун басары катары, партия төрагасы - президент Бакиевге кайрылуу жолдоп, өлкөнүн бүгүнкүдөй оор кырдаалга кептелишине мамлекет башчы жооп берүүгө тийиштигин айтты.
k Петровка айылында улут аралык жаңжал чыкты. Анын жыйынтыгында "улут аралык жаңжал жаратты" деген кине менен 84 адам камалды. Арасында "Болуш" бейөкмөт уюмунун башчысы Сапарбек Аргынбаев, Норузбек Толгонбаев, Уран Рыскулов, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен "Ата мекен" партиясынын мүчөсү Турат Мадылбеков бар.

Май айы

k "Трибуна" гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковду токмоктоп кетишти.
k "Атамекенчилер" Түптө ак кепкачандардын зомбулугуна кабылды. Партия жетекчилеринин бири Милиция кызматкерлери менен кошо барган ак кепкачан жигиттер, аялдардын колун толгоп машинадан түшүрүп, каалагандай мазакташканын айтып берди.

Июнь айы

k Журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкеринен токмок жеп, көп өтпөй каза тапты.
k Журналист Абдувахаб Мониевди сабап кетти.
k Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү "Манас" аба майданында Транзиттик-логистикалык борбор түзүү тууралуу келишимге кол коюшуп, ага удаа келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялады.

Июль айы

k Фридом Хаус уюму Кыргызстан авторитардык өлкөлөр тизмесине кошулганын жарыя кылды.
k "Улуу биримдик" партиясынын лидери, Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Э.Каптагаев 20-июнда белгисиз адамдар катуу сабап кеткени боюнча билдирүү жасап, ага же анын жакындарына карата "кыянаттык иш жасалса аны уюштургандар президент К.Бакиев менен жакындары гана болот",-деп жарыялады.
k Президенттикке ат салышкан А.Атамбаев менен Ж.Назаралиев массалык мыйзам бузууларга байланыштуу 27-июлдагы шайлоону легитимсиз деп баалашты.
k БШКнын 23-июлдагы маалыматы боюнча К.Бакиев 86,28 % добушка ээ болгон. Бул төрт саат мурдагы көрсөткүчтөн 2,76% аз. Ал эми 27-июлдагы БШК жыйынында Курманбек Бакиев 76,12 пайыз добуш менен алдыга чыкканы айтылды.
k Бишкектин жака-белиндеги жерлерде чогулуп, борборду көздөй бет алган элдер куулуп-таркатылып, кыйласын милиция кармап кетти.

Августь айы

k "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов тергөө абагында саламаттыгы начарлап кеткендиктен, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй түрмөсүнө которулду.

Сентябрь айы

k Депутат Руслан Шаботоевдуку делген сөөк табылды.

Октябрь айы

k Д.Үсөнов премьер-министр болуп дайындалды.
k Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен уулу Максим Бакиев мамлекеттик кызматка келди.

Ноябрь айы

k 1-ноябрь түнү "Ош шамы" гезитинин кызматкери Кубаныч Жолдошев катуу токмоктолду.
k "Жылан" гезитинин редактору Сейтбек Мураталиев өлтүрүлдү.
k "Манас" эл аралык аэропортунун башчысы Бакыт Сыдыковду тоноп кетишти. Денесиндеги түрдүү жаракаттары менен Улуттук госпиталга түштү.
k Өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесинде электр кубатына жана жылуулукка бааны кымбаттатуу тууралу чечим кабыл алды. Жаңы жылдан тартып бир киловатт-саат электр 1 сом 50 тыйын, 2010-жылдын 1-июлунан тартып 1 сом 90 тыйын болот. 1-январдан тартып жылуулук жана ысык суунун 1 Гкалга баасы 1050 сом, ал эми 2010-жылдын 1-июлунан тартып эки жарым миң сом болуп кымбаттайт.

Декабрь айы

k "Кут" партиясынын лидери Б. Жанузаковду сабап кетишти. 61 жаштагы саясатчынын буту сынып, дене-бою көгала болгон.
k Саясат талдоочу Александр Князевке кол салышты.
- Журналист Александр Евграфовду милиция формасындагы адамдар уруп, коркутушту.
k Колу-буту буулуп 6-кабаттан ыргытылган Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустамбек) Алматыдагы ооруканада эсине келбей жатып каза тапты.
k Президент Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Зулпукаар Сапанов





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында