Кыргыз гезиттери


п»ї
  Артистердин айылында

"2009-жыл сиз үчүн кандай жыл болду?"
Абдылда Иманкулов:
- Жаңы жылдык окуялардан эсте калганы Ошто театрда иштеп жүргөндө болгон. Мен Аяз Ата болуп, мектеп окуучулары менен бирдикте концерт коюп жатканбыз. Ортодо бир аз тыныгуу алып, театрдын директоруна кирип, тост сүйлөп, мына-мына ала коебуз деп турганда, кыздар "Аяз Ата, сизди балдар күтүп атат" деп чуркап келишти. Шашып кетип шампанды сакалыма төгүп алдым да, шаша-буша балдарга чуркап жетип, балаты айлантып беттеринен өөп жатканымда бир бала катуу чочуп: "Аяз Атанын сакалы арак жыттанып атат" - деп катуу кыйкырган.

Айчүрөк Иманалиева:
- Эсимде калган Жаңы жыл алтынчы класстагы балаты. Балерина Айсулуу Токомбаеванын кийинип, бийлеп чыкканын бир концертте көргөм, аны туурап, ошол балатыда балерина кийимин кийип бийлеп чыгып, ыр-бий, костюм жагынан биринчи орунду алгам. Чоң сахнаны аттагандан кийинки окуя - мен, Алина, Мерген үчөөбүз жаңы элге алынып келатканда бир жаңы жылды көчөдөн тосконбуз, жөн тоспой, мушташып тосконбуз. Ошондо Мергенди эки-үч бала төпөшкө алып, ага болушуп мен мушташкам. Алина болсо жылуу сөз менен жайгарып, ошол эле замат жарашып майрамды бирге өткөргөнбүз.

Фарида Карбосова:
- Бул жыл мен үчүн үзүрлүү жылдардан болду. Бир өкүнүч кылганым - ушул жыл эсебинен чыгармачылыгымда эч кандай иш кылалган жокмун. Уй жылын жалаң тойлордо, жакшылыктарда өткөрдүм. Жаңы жылга даярдыкты эми көрүп баштайм. Бүгүн үйгө балаты, өзүмө жаңы кийим алам. Жаңы жылды жаңы кийим кийип тосууну өзүмдүн эң жакшы сапатым деп эсептейм. 31инде үйдө бир туугандарым менен тосом. Аларга бешбармак жасап, жаңы жылдык чакан белектерим берем. Жигитиме да жакшы бир белегим бар, бирок ал азырынча сыр боюнча калсын... Өзүм болсо, белекке француз атырын алганды жакшы көрөм.

Борончу Кудайбергенов:
- Негизи майрамдарда артист менен милиция иштейт эмеспи. Бул жылды үйдөн эмес, талаадан тосмой болдум. Себеби, 28-декабрдан 2-январга чейин ар бир айдын алтысындагы Аралаштын салттуу концерти Ошто боло турган болду. Ошого байланыштуу үйбүлөмө керектүү нерселерди, белек-бечкектерин алып, кеткенге камылга көрүп жатам. Үйдү кооздогонго келсек, биз бала кезде кагаз шакекчелер менен, шыпка кебезден кар жаадырып илип кооздочубуз. Анан телевизордун маңдайында Кремль саатын карап, он экини күтүп алчубуз. Шампандан кичинеден уурттап-татып койчубуз. Ата-энебиз Аяз Ата белек алып келет десе, аябай ишенип күтчүбүз. Мени өкүндүргөнү - азыркынын балдарында андай баео сезим жок, ишенишпейт.

Асел Турдалиева:
- Бала кезде Жаңы жылды аябай күтөр элек. Аяз Ата белек таштап кетет дегенге аябай ишенчүбүз. Өзүм жомок каармандарынын кийимдерин кийгенди жактырчумун. Апам өз колу менен Красная Шапочканын кийимин тигип берсе, аябай кубанып кийгем. Кийин Снежинка болом дегенимде, азыркыдай кийим жок, марлини крахмалдап катыртып, балатыга ошону жамынып баргам. 31-декабрь күнү биздин көчөнүн балдары тоого чыгып, отту чоң жагып жаңы жылды тосушар эле. Апам жиберчү эмес андайда, бир жолу суранып жатып барганмын. Ошол жолкусунда дөңгөлөктөрдү жагышып, түтүнүнө ышталып, оозу-мурдум көө болуп келгеним эсимде.

Айнура Салахидинова:
- Өтүп бараткан жыл мага жакшы ийгиликтерди алып келди. Келе жаткан жылды жакшы үмүт, ой менен, кудай буйруса, күтүп жатам. Жыл сайын турмушка чыгам деп убада кыла берчүмүн, бул жолу сөзсүз чыгам деп жатам. Жаңы жылды өзгөчө тосуп эсте калганы - мындан эки-үч жыл мурда "Байсуу" кафесинде ырдап жүргөндө болгон. Негизи ар бир жылда эле 12де үйдө болуп калчумун. Бир жолкусунда эжем экөөбүз кеч чыгып калып, ары чуркап, бери чуркап такси таппай, он экини жолдон тосконбуз. Жакындарыма тартуулоочу белектеримдин бири - "Фантазия" деген салатым. Өзгөчөлүгү жашылчалардан бир гана кызылча, калганы жемиштерден - алма, банан, жаңгактан аралаштырып, соңунда йогурт кошуп коем.

Кубик Калыков:
Жаңы жыл үйбүлөлүк майрам болгондуктан, балдарым менен 10-декабрдан бери даярдык көрүп келатабыз. Ар бир өткөн жылга эч качан аттиң деп өкүнбөш керек. Бала кезде, атам раматылык, мугалим киши эле, бизге комуз чертип, жомок айтып берип Жаңы жылды тосор элек. Ал убакта телевизор деген айылда саналуу үйдө эле болчу. Биздин үйгө телевизору көргөнү келишчү. Негизи белек алганда өтө чоң деле албайм. Убагында күмүш, алтын алып бергем. Быйыл Бета Сторес-2нин ачылышы болот экен, ошол жакка өздөрүн алып барып, жаккан нерсесин алып берем. 31-декабрда көчөгө чыкканды жактырбайм. Үйдө болом. Каалоом - бул жыл тынч, жакшы жылдардан болсун.




  Ак сүйүүнүн дайрасын кечип...

Тадж-Махал
"Менин бейишиме кир"
(Тадж-Махалдын кире
беришиндеги жазуудан)
Тадж-Махал алоолонгон махабаттын армандуу элесине арналган күмбөз. Сүйүүнүн улуулугу, анын закымы, бактысы, азабы камтылган ал күмбөздө. Анын кыскача тарыхы бул: моголдордун падышасы Шах Джахан сүйгөнү Мумтаз Махал менен кол кармашып өткөргөн 17 жыл аралыгында 13 балалуу болушат. Бири-бирин ардактаган бул бактылуу үйбүлөнү бир жылдан кийин кайгы басат. 36 жаштагы жубайы Мумтаз 14-баласын жарыкка алып келип көз жумат. Түгөйүнөн айрылган Шах сүйүүнүн улуулугун, өчпөстүгүн даңазалоо үчүн жубайынын урматына Индиянын керемет жерлеринин бири болгон Агра деген шаардын жанындагы дайранын жээгине жер жүзүндө жок эң кооз күмбөз тургузат. Аны курууга Чыгыш дүйнөсүндөгү колунан көөрү төгүлгөн жыйырма миңден ашуун мен деген усталар тартылат. Жыйырма эки жыл курат алар күмбөздү.
Кийин Шах Джахан карып, алдан-күчтөн тая баштаганда, бийлигин өзүнүн карачечекей уулу тартып алып эле тим болбостон, атасын өмүрүнүн аягына чейин зынданга каматат. Шах камалган ал зындандын терезесинен Тадж-Махалдын гана имараты көрүнүп турчу экен. Ал жерде Шах Джахан сүйүүнүн илеби соккон, өмүрлүк жубайынын сөөгү коюлган Тадж-Махалды карап 9 жыл отурган экен. Анан көзү өтүп кетет.
Андан бери беш кылымга жакын мезгил өтсө да, эл күнүмдүк бийлик үчүн баарына барган Шахтын уулун дале жек көрүү менен кеп кылып, ал эми Шах Джаханды акылдуу башчы катары айтышып, ага таазим кылуу менен махабаттын символуна айланган бул ыйык жайды көрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер тынбай агылып турат. Сөз соңунда белгилейин дегеним, мындай ыйык жайды миң ирет жазсаң да жарашып, жазыла да берчүдөй...

Эльнура Дүйшеева







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында










??.??