Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Жигитке - жетимиш өнөр...

Эң мыкты дебют,
эң мыкты сценарий,
эң мыкты операторлук иш
Кино жаратуу процессинин ыргагы режиссер, актердук курам жана оператордун колунда экенин кино чөйрөсүнүн адамдары жакшы түшүнүшөт. Оператор-монтажер Алмаз мына ушундай жөнөкөй эмес кесиптин ээси. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин коомдук илимдер институтунда магистратурада окуп жатат. Үч бир туугандын улуусу, карындашы, иниси бар. "Атам көрбөй кеткен ийгиликтериме апам кубанып, биздин маңдайыбызда аман жүргөнү мен үчүн чоң байлык", - дейт Алмаз.


Апасы кубангыдай ийгиликтерин мурда угуп жүрсөм да, бул жолку баарлашуубузда жыйырма төрттөгү Алмаздын соңку мезгилдеги жетишкендиктери бир чети ичим жылыса, бир чети таңкалдым. Өзү көчөт талант экенине карабай эларалык аренада Кыргызстан жүзүн татыктуу таанытып жатканы "Азаматсың" деген гана мактоого татып турду. Кыргыз жаш кинематографисттеринин "Үмүт" фестивалында "Башка" фильми менен "Эң мыкты сценарий", ушул эле тасмасы 2008-жылы ШКУнун "Ысык-Көл" кинофестивалында "Эң мыкты дебют" деп табылып, кийин Ульяна Коновалованын "Саламатсыңбы, күнүм" тасмасында "Эң мыкты оператордук иш", Кыргызстандагы Интерньюстун ММК арасындагы "Умтулуу-2009" сынагында Алижан Насировдун "Кыштоо" фильми үчүн "Эң мыкты телевидение оператору" ж.б. бир катар сыйлыктарды алып отурат. Декабрдын орто ченинде Стамбулдагы "Айдын Доган" фестивалында ушул акырында атаган тасманын режиссеру экөө "Эң мыкты даректүү фильм" номинациясын жеңип кайтышты.

- Беш-алты жылдан бери катышып келаткан бул фестивалдан ар жылы ар кыл жыйынтык менен кайтчубуз. Быйыл натыйжалуу жыл болду: төрт тармак боюнча барган эмгектер мыкты деп табылды. Мен операторлук кылган Алижан Насыровдун "Кыштоо" деген даректүү тасмасы "кыйын шарттарда адам жана экология темасын терең драматургиялык мазмунда ачып бергени үчүн" мыкты аталды. Ушул тасманы жаратуу үчүн экөөбүз Чоң-Алайдын деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте турган, сууктугу -40°С болгон Жайылма деген кыштоосуна жетип, топоз менен күн кечирген үйбүлөнүн эки күндүк турмушун тасмага салып кайтканбыз. Албетте, бул жерде биздин көркөм жетекчибиз Артыкбай Сүйүндүков агайыбыздын салымы зор. Бизди тез пайда үчүн жеңил теманын артынан түшпөй, тереңден ой жүгүрткүлө, кылган ишиңерди сүйө билгиле деп үндөдү, үйрөттү. Анан, албетте, университеттин түзүп берген шарттары да өзүнүн ролун ойноду.
- Операторлуктун техникалык кызматкер катары каралышына макулсуңбу?
- Жок. Операторлукту телевидениеде техникалык кызмат катары карашат. А мен бул адистик өзүнчө чыгармачыл топто экенин ишенимдүү айта алам. Оператор кино болобу, видеотасма болобу, фильм маңызын экранга алып чыгат. Атмосфераны түзүү, актердук чеберчиликти көрүүчүгө жеткирүү, стиль жана жанр картинанын берүү оператордун иши, анын чыгармачылыгынын өзөк тутуму. Бекеринен дүйнөлүк практикада оператор фильмдин авторлошу, көркөм чечилишине жооптуу катары каралбайт да. Албетте, сьемка аянтчасында режиссердун сөзү, анын көз карашы чечүүчү болуп, негизги ыргак анын колунда болот...
- Демек, келечекте режиссер таңсык оператор болом дечи...
- Генерал болгусу келбеген солдат болбогондой эле, мен да бийиктиктерди багындыргым келет. Кадыржан Кадыралиев агайдын эле ишмердигин алалычы. Ал кишинин өзү менен баарлаша элекмин, бирок ал оператор болгон "Бакайдын жайыты", "Тайгак кечүү", "Көксерек", "Жамийла", "Отко таазим" тасмалары - ар биринде ар башка окуя, ар кыл кейипкерлер, бирок ар биринде кайталангыс чеберчилиги байкалып жатат. Каармандын психологиялык абалын, ар бир сезим-кыялды өсүш абалында кармап, предмет, интерьер, пейзажды ыңгайы менен толуктап бере билгендиги, иш стили мага ары кызыктуу, ары сабак боло турган бай казына. Анан биздин окуу жайдагы билим алуунун бир артыкчылыгы - бизди универсалдуу профессионалдык даярдыкта чыгарат. Мисалы, камерасын да тартабыз, сценарий жазуунун жана режиссердук иштин да табиятын билебиз.
- Алдыда фильм жаратуу планың бар турбайбы?
- Оюм бар. Мени эмне тынчсыздантырат: окуу жай азыр кандайдыр бир кино мектеби катары кабыл алынып, бизге кошумча жоопкерчиликти жүктөп жаткандыгы. Ашыкча түйшүк деп тынчсызданып жатканым жок, Акжол Бекболотов, Стамбулбек Мамбеталиев, Наргиза Маматкулова, Ульяна Коновалова ж.б. окуу жайга сыймык алып келип, устаттарын кубантып жатканда, биз ошол планканы кармап калалабызбы деп. Буйруса, Акжолтой Бекболотов менен бирге Кыргызстандын атынан 14-20-февралдарга чейин өтүүчү Берлин фестивалынын алкагындагы Таланттар Кампусуна катышууга мүмкүнчүлүк алдык. Келишибизде кандай кабар кайтканыбызды сөзсүз кабарлайбыз.
- Биз дагы силерге ийгилик каалайбыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы




  Чемпиондор лигасы

Чүчүкулак кармашты
18-декабрда УЕФАнын Ньон шаарындагы штаб-квартирасында чүчүкулак өткөрүлүп, аны спорттук телеканалдар түз эфирде көрсөтүп турушту. Европанын Чемпиондор лигасынын сегизден бир финалында жекеме-жеке таймашчу атаандаштар төмөнкүдөй аныкталды:

"Штутгарт" (Германия) -
"Барселона" (Испания)
"Олимпиакос" (Греция) -
"Бордо" (Франция)
"Интернасиональ" (Италия) -
"Челси" (Англия)
"Бавария" (Германия) -
"Фиорентина" (Италия)
ЦСКА (Россия) -
"Севилья" (Испания)
"Лион" (Франция) -
"Реал" (Испания)
"Порту" (Португалия) -
"Арсенал" (Англия)
"Милан" (Италия) -
"Манчестер Юнайтед" (Англия)

Бул атаандаштар өз ара эки ирет беттешип, жеңгени Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыгат. Алгачкы таймаш тизмеде биринчи көрсөтүлгөн команданын талаасында өтөт.
"Кара кыздын агынан эмес, багынан" дегендей, чүчүкулак кандай түшсө, ошого топук кылууга туура келет. Алдын ала кайгыруунун же кубануунун зарылдыгы жоктур. Анткени эчен электен өткөн 16 тандамал команда гана ушул чекке жетип отурат.
Москванын ЦСКАсы үчүн УЕФАнын элчиси, белгилүү футболчу Эмилио Бутрагеньонун колу жеңил болду шекилди. Ал сырдуу сандыктан "Севилья" деген жазуусу бар шарды сууруп чыкты. ЦСКАга мындан оңтойлуу атаандаш табылбас, бирок, армиячылардын жаңы машыктыруучусу Л.Слуцкий испандарды фаворит атады.
"Манчестер" менен "Милан", "Челси" менен "Интер" бетме-бет келгени дөө-шаалардын айыгышкан күрөшүн аныктайт, Англия менен Италия сындуу футболдук өлкөлөрдүн кубатын ырастайт. "Интердин" азыркы устаты Ж.Моуринью өзү мурда машыктырган "Челсиге" каршы күрөшө турганы да кызык. Жаңы жылга чейин "Миландын" курамына кошулчу Дэвид Бекхем өзү таалим алган "Манчестердин" дарбазасына чабуул жасайт.
"Лиондун" президенти Жан-Мишель Аулас түз эфирде мындай деп билдирди: "Чемпиондор лигасы футболдук бардык мелдештерден эң жогору турат. "Реалга" каршы "Сантьяго-Бернебауда" ойноо биз үчүн чоң сыймык. Чүчүкулак чоң сынакка кабылтса да, чейрек финалга чыгууга кудуретибиз жетет. Ушул чекте былтыр бизге туш келген "Барселона" кийин соңу чемпион атанган".
"Штутгарттын" президенти Урих Руф чүчүкулакка кабатыр экенин жашырган жок: "Бизге эң күчтүү атаандаш - "Барселона" туш келди. Мындан мурда эки жолу беттешип, экөөндө тең уттуруп койгон элек. Ошондон жыйынтык чыгаруубуз зарыл".
Айтор, Чемпиондор лигасындагы аламан жарыш артта калды. Жекеме-жеке сайыштар 9-мартта башталат. Ар бир кошуун ага дейре өз оюнчуларын баптап, кылмергендерин таптап турмагы.

УЕФА ошол эле күнү Европа лигасы үчүн дагы чүчүкулак өткөрдү. Мында он алтыдан бир жана сегизден бир финалда таймашчу атаандаштар белгилүү болду.
32 команданын ичинен аты биринчи чыккан Казандын "Рубини" Тель-Авивдин "Хапоэли" менен күч сынашмай болду. Буга адистер жакшылыктын жышааны катары баа берүүдө. Ырасында, Донецкинин "Шахтеруна" туш келген бриттердин "Фулхэмине" караганда жөөттөрдүн жүүнү бошураак эмеспи.
Эгер "Хапоэлдин" эбин тапса, Россиянын чемпиону сегизден бир финалда "Виляреаль"-"Вольсбург" жубунун жеңүүчүсү менен беттешет. "Шахтерду" же "Фулхэмди" алдыда "Аякс" же "Ювентус" күтүп алат. Аттиң, украиналык көмүрчүлөрдүн жолу катаал болуп калды көрүнөт. Антпесе, былтыр Европа Кубогунун эң акыркы ээси болгон "Шахтер" быйыл Европа лигасынын эң биринчи жеңүүчүсү аталса, кандай гана куп келишер эле!

Акбар Рыскул





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында





Яндекс.Метрика