Кыргыз гезиттери



  Сертшоокумдар

Кантебиз?
Калп сөздөрдүн ырбаганын кантебиз,
Чын сөздөрдүн ыйлаганын кантебиз?
Кырчокуга чыгып алып, кекейип,
Кымбатчылык кыйнаганын кантебиз?
"Алың канча, бирдиги жок кыргыз!"-деп,
Акчабайлар ырдаганын кантебиз?

Ак жеринен "ыш" болгонду кантебиз,
Азап күнгө туш болгонду кантебиз?
Намаз окуп этегине бийликтин,
Намыс билбес сүткөрлөоду кантебиз?
Кокту-колот, коңулдарга сунулган,
Колоңсолуу бут-колдорду кантебиз?

Бөктөр чикти алдаганын кантебиз,
Бөтөндөрдүн арбаганын кантебиз?
Парламенттин күнү тууп, туйтунуп,
Парасатсыз сайраганын кантебиз?

Түнү-күнү түк сестенбей "тарп" жуткан,
"Дүжүрлөрдүн" чардаганын кантебиз?
Адилетке арсыз Жалган ычкына,
Азуу тишин кайраганын кантебиз?

Түңүл жана шүгүр

Эсирме берген бекерден түңүл,
Эл сүйбөс кургак чеченден түңүл.
Бийликти мактап, чындыкты сөккөн,
Билерман сөрөй көсөлдөн түңүл.

Эмгексиз келген беленден түңүл,
Эл мүлкүн мүлжүп жегенден түңүл.
Билсе да өзүн: чамасын-чаркын,
Президент болом дегенден түңүл.

Арсактап күлгөн Жалгандан түңүл,
Айтылбай калган армандан түңүл.
Беш жүз кой багып, өлгөнүн жеген,
Пейли тар, питир байлардан түңүл

Акүйчүл картаң "жакшыдан" түңүл,
Акимчил айыл башчыдан түңүл.
Ага-ини уулун акылман туткан,
Амалкөй алтын тактыдан түңүл.

Болбостон чыккан жаңжалдан түңүл,
Балдардан пара алгандан түңүл.
Сакалдан барк-сый күткөнгө өткөн,
Сары ооз момун "чалдардан" түңүл.

Бүтүндү жарып бузгандан түңүл,
Өз тилин өгөй туткандан түңүл.
Ата-апа, элин көзүнө илбей,
Ашыра жутуп, кузгандан түңүл.

Чатактан түшкөн олжодон түңүл,
Чамасы чала молдодон түңүл.
Куу-шумдардан ыраак бол деген,
Кубатым-күчүм - Кудайга шүгүр!

Аман КӨЧӨРБАЙ уулу,
Талас району, Бердике баатыр айыл өкмөтү, Арашан айылы,
Кыргыз улуттук жазуучулар жана
журналисттер Союздарынын мүчөсү




  Турмуш тамчылары

Жетим күчүктөр
Редакциядан: Алтын адамдар айылда жашайт…
Былтыркы жылдын ноябрь айынын орто чендери эле. Бешим бир топ ооп калган. Талаада жайылып жүргөн койлорумду чогултуп Фрунзе айылын четтеп Сокулук тарапка өтчү трассага жакын жерде элем. Эмнегедир бир кара түстөгү иномарка даңгыр бош жолдо шуулдабай чыгыш тараптан акырын келатты. Бузукпу деген ой кетти. Айылга жакын жердеги кесилишке жете бербей акырындап кайра арт жакка бурулуп, жолдун койлор жайылып жүргөн жагына токтоду. Менден жол сурайт окшойт деген ой кетип токтоп калдым. Бирок мага көңүл бурбай эле машинанын арт жагына өтүп, багажникти ачып бир нерселерди чыгара баштады. Анан бир саргыч ит багажниктен жерге секирип түштү. Тиги кишинин чыгарып жаткандары күчүктөр экен. Болгондо да төртөө. Чиновник кебетелүү, курсагы костюмун тиреген ал адам шаша машинасына отурду да газды баскан бойдон, бир коркунучтан качкандай шуу койду. Күчүктөрдүн энеси 150-200 метрдей машинанын артынан ээрчий чуркап, бирок жетпесине көзү жеткендей тык токтоду да, башка чапкандай кайра артка чуркады. Күчүктөр да энесинин артынан томполоңдоп чуркап жөнөшкөн. Энеси аларды ээрчитип жолдун четиндеги буталуу жыгачтын түбүнө токтоп туруп турган бойдон эле балдарын эмизе баштады.
Эси-дартым ошолордо болуп жатып койлорумдун Залкардын ташып кете элек жүгөрү паяларына жайылып кеткенин байкабай калыпмын.
Ошол күндүн калган убагын эмнегедир бушайман болуп, иномарканын ээсинин кылган жоругу, канчыктын, күчүктөрдүн тагдырларынан оюм алыс кете албай өткөрдүм.
Турмуштан көп эле адамдар байкашса керек, ит эч качан ээсин таштабайт, кыйынчылык менен коркунучтан алынын жетишинче куткарууга аракет кылат, керек болсо жанын аябайт. Андай иттер жөнүндө көп эле угуп, окуп жүрбөйбүзбү... Ушул жерде жаш кезимде өз башымдан өткөргөн бир окуя эсиме кылт дей түштү.
***
Сегизди бүтүп, жайкы каникулда Манапбай деген көп жылдан бери колхоздун коюн баккан тагамкында Көкзоо жайлоосунда жүрөм. Көкзоо өтө бийик, таштуу зоо эле. Эл ага "асма зоо", "жасалма зоо" - деп кошумча ат коюп коюшуптур. Ал эми ошол жердеги жайлоо Көкзоо жайлоосу делет экен.
Бир күнү Салпагай деген менден төрт жаш улуу баласы экөөбүзгө тагам: "койлор Көкзоонун башында, күн бүркөлүп келе жатат, экөөң эртерээк барып үйгө жакындатып айдап келип койгула"-деди. Өзү атчан Саримбай деген койчу ооруп калган экен. ошонукуна кетти. Биз шашпай жөнөдүк, Алапар үчөөбүз. Койлорго жеткенде күн кичине күүлөп жаап, туман каптап келди. Койлорду Көкзоонун башы менен капталдатып айдап жөнөдүк. Бизден бир аз алдыда, койлорду чогулта айдап бараткан Алапар бизге чуркап келип, тычсыздангандай арты-алдыбызга өтүп кыңшылагандай үн чыгарып жиндене баштады. Арт жагыбызга карай салсак эле эки ит жакын жерге келип калыптыр. Салпагай аке "ата эле ата, карышкыр"-деп кыйкырып, мени чурка деди. Калтырак басып, бутум тушалгандай. Ыйлай баштадым. Оозума Алапар кириптир, кыйкырдым. Андан башка бизди сактап калчу жан жок экени башыма келе түшкөн окшойт. Тиги аталап кыйкырып жатат. Алапар бизге койлор тараптан чуркап келди да кичине токтой калып, дагы ызырынгандай кыңшылады да, биздин арт жагыбызга өтүп кетти. Койлорду ташкороого киргизип көптөп санашты. Түгөл эле экен. Бирок, Алапар келбей калды, дайыны жок. Тургандар аны карышкырлар тытып кетти го деп кобурашат. Тагам аябай капаланды, эрте барбайсыңар деп баласын камчы менен жонго тартып жиберди. Жанындагылар арачылабаса токмокту көбүрөөк жеп калат беле ал байкуш. Таяжеңем "киргиле үйгө шөмтүрөбөй"-деп бизди киргизип кетти.
Жатаар мезгил келип калганда бир-эки жолу мылтык атылып, анан эле Бек деген жылкычы келип, "Көкзоонун түп жагынан ит улугандай болду, барып келели" деди. Тагам экөө эки мылтык асынып, эки асма чырак алышып ошол жакка кетишти. Биз жатканыбыз менен уктамак кайдан. Бир убакта Алапарды атка өңөрүп келишти. Баарыбыз кайра туруп сырткы кемегеге чоң от жактык. Алапардын башы канаган, тулку бою да кандуу, тура албайт, оокатты да карабай койду.
Эртеси күнү шашке маалда коңшу турушкан эки жылкычы Көкзоонун түбүнөн баса албай жаткан чоң көкжал карышкырды кармап, оозун жыгач менен керип атка артып келишти. Алапарга жакын жерге таштап коюшса ал башын көтөрө коюп, жеп жиберчүдөй карап, ынтылганга аракет кылгандай болду. Айла жоктон кыңшылагандай үн чыгарып, кайра башын алдыга сунулган эки буттун ортосуна койду.
Иттин мертинип калгандыгы үчүн тагам бизди күнөөлөдү. Эгер биз болбогондо жалгыз ит эки карышкырга каршы барбай, койлорду үйгө кууп, өзү алардын артынан карсылдап үрүп, айдап баса бермек экен.
Эки-үч күн өтсө деле Алапар оңоло албады. Эки жамбашы кыймылсыз, алдыңкы буттары менен кичине сойлойт, тамкты карап да койбойт. Беш күн өткөндө түн ичинде жакын эле жердеги аткулактуу чуңкурга эптеп сойлоп жетип жан бериптир. Тагам Көкзоонун түбүнө жеткиртип, терең үңкүр каздырып, көмдүрүп коюп "беш жыл мурун ушул жерде журтта калган жетим күчүк эле, сөөгү да Көкзоодо калды"-деп каңырыгын түтөтүп атын бастырып кетти.
***
Кийин кыш келип калганда күчүктөрү жок эле канчыктын өзүн көрүп калчу болдум. Ар кимдин эшигине келип, иттеринен таланды жеп, анысы аз келгенсип үй ээлери да таш атып кубалап, аябай арыктап териси менен эле сөөгү калыптыр. Жаз келип калган. Бир жолу таңга маал дааратка чыксам баягы канчык биздин сарайдын артында шимшип жүрүптүр. Мени көрүп эле акыр-чикир төкчү аң жакка качып кетти. Кудай жалгап иттер да, байкашпаптыр. Намаз окуп бүтүп эле үйдөн бир нан алдым да, акырын аң жакка баратсам көрүп калып дагы качты. Адамдардын бардыгын эле мыкаачыдай көрүп калса керек. Бир аз карап турдум да алып барган нанымды бир ташка чала бастырып коюп кеттим. Он күндөй убак өткөндөн кийин койлордун артында жүрүп баягы аңдан канчыкты эки күчүгү менен көрүп калдым. Эптеп эки күчүгүн кыштан аман сактап калган окшойт. Бирин кармап калайын деп кубаласам, жетпедим. Жолдун батыш тарабындагы саздактан топ камышка кирип жоголушту. Алардын тагдырлары жөнүндө кайра ойлоно баштадым. Эптеп аларды кармаш керек деген бүтүмгө келдим. Бул оюмду ошол саздак тарапта жашаган бажама айтсам, билем, көрүнө калып жүрөт эки күчүгү менен. Бирок, саздак тараптан кармоого аракет кылбаш керек, качам деп көлгө түшүп өлүп калышат-деди да, бир аздан кийин сиз аларды кармап эмне кылмаксыз, үч итиңиз бар го деди. Бечараларга убал, багып койсом бирөөлөр алат да десем, "бусурман" деп күлүп калды. Андан бир жума өтпөй эле бажам келип "жезде баягы канчыкты биздин үйдүн тушунда машина тебелеп кетиптир, өлүгүн кашаттан ары түртүп таштадым" десе болобу. Эмнегедир селдейе түштүм. Ошол канчыкпы десем ошол канчык деди. Анча ишенгим келбей, түштөн кийин ошол башат жакка өтсөм чын эле мен көрүп жүргөн канчык экен, кургур. Эми эки жетим күчүктөр жөнүндө санааркай баштадым. Өз балдарыма, коңшулардын балдарына эскертип, эгер ээрчишип жүргөн эки күчүктөрдү көрсөңөр дароо мага айткыла, сүйүнчүсүн берем дедим. Сүйүнчүнүн ээси акыры бажамдын улуу баласы болду. Күчүктөрдү баягы энеси ээрчитип келүүчү аңдан көптөп атып зорго кармадык.

P.S. Бул окуя жөнүндө жазайын деген оюм жок эле, канчыкты балдары менен жолго таштап кеткен иномарканын кожоюнуна кыжырым келип тим болгонмун. Ноябрдын жыйырмасындагы "Назар" гезитинен "Эрегишүү" деген материалды окуп алып өз балдарын итче камкордук көрө албаган бир топ эле ата-энелердин (ата-эне болбой куруп калышсын) кишибиз деп жашап жүргөндөрү кыжырымды кайнатып, бир жыл мурун өткөн окуяны кагазга түшүрүп, окурмандарга сунуштоону чечтим. Татыктуу ата-эне өз канынан жаралган балдарынын тагдыры үчүн керек болсо өз тагдырларын садага чабуулары абзел эмеспи.

Кашкабай АЛИШЕРОВ,
Сокулук району, Фрунзе айылы
Институт көчөсү үй 8, кв. 1





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында