Кыргыз гезиттери


п»ї
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
Ак куу
Мындан жыйырма жети жыл мурун - декабрдын жыйырма экисинде Жер эне Таттыбүбү аттуу перзентин койнуна алыптыр. Болгону отуз жети жыл гана өмүр ыроолонгон кыргыздын Чолпон жылдызынын сапары армандуу соңуна чыкканын анда кайдан билиптирмин. Баарын кийин билдим, айтылуу Соң-Көл сулуусунун кайгылуу баянын кийин уктум...


Жолон акын сөз кылган ажал, талант, убакыт кармашында Таттыбүбү жеңүүчү болалбаптыр. Балким, жеңип чыгуу бактысы анын маңдайына жазылбаган чыгар. А бирок... Бирок, таланты ташып жаркып чыга келгенде шоруна "өргө сүйрөгөнүнөн" да "көргө сүйрөгөндөргө" көп кезигиптир. Анын көрөр күнүн, ичер суусун талашкан ошол адамдар мүмкүн азыр да бардыр. Ал эми ушул күнү жоготтук эле деп эске алып турган Таттыбүбүнүн "эл артисти" деген наамы жок үчүн Ала-Арчадан жай берилбей, Бишкектин тээ түштүк-батышындагы Орок айлындагы бейиттен жай тапканына жыйырма жети жылга аяк басыптыр. "... Ал биздин сахнага кокусунан учуп келип калган кереметтүү ак куу болчу. Анын баркына жетип баалай албагандан соң, арабыздан көздөн кайым болуп учуп кетти. Биз болсок, анын талантын дале баалабай келатабыз". Бул сөздөр Таттыбүбүнү убагында ар кыл сөздөн, "атак-даңк" талашып, жаштайында жайлагандардан коргоп калгысы келген, кийин өзү коргоочуга зар болгон, тепкиде, тепсендиде калтырылган Бакен Кыдыкеева эжебизге таандык экен. Бул алп талант да Таттыбүбүдөй ажал, талант, убакыт кармашында сынып бериптир.

***
Таттыбүбүдө кимдир бирөөнүн түнү уйкусун, күндүзү тынчын алгыдай жан талашуу деле болбоптур. Болот Шамшиев Таттыбүбү тууралуу бир эскерүүсүндө анда табигый талант жана сулуулук гана болуп, карьера - жогорулоо деген түшүнүк анын жандүйнөсүндө жашабаганын сөз кылыптыр. Кинодо эпизоддук, экинчи пландагы дегендерин кошпогондо, көрүнүктүү эки гана ролду - Ак Мөөр менен Уркуяны ойногонун, ал ойнобой калган каармандар деп Жамийла жана "Саманчынын жолундагы" Алиманды айтыптыр. Анын элеси калган тасмалар деп санап көрдүм: "Кызыл алма", "Арман", "Аккуулар конгон айдың көл", "Солдатенок", "Сүйүү жаңырыгы"... - ондой тасма, сахнада жараткандары жүзгө чамалап барат экен. Анын аткаруусунда бир жагынан күчтүү, экинчи жагынан назик образдар жаралыптыр. Эч биринен тартынчаак мүнөздү байкабадым. Анын өсүшүнө жагынбастыгы, анан жулунбастыгы кедерги болсо керек деп койдум.

***
Өнөр шыбагасы ченемсиз берилген үйбүлөдө өсүп-чоңойгон кызда башкача адамдык табият болмок эмес. Үч уулдан кийин төрөлүп, артынан ини ээрчите келип, жалгыз кыз - таттуу кыз болуп, чоң атасынан Таттыбүбү атын алган наристе боюна жакшы сапаттарды гана сиңирип бой жеткенинен шек саноо да мүмкүн эмес. Көз ачып көргөн адамдары - чоң атасы Турсунбай, атасы Мырзалы, апасы Калыйбүбү да өнөр адамдарынан болушканы, алардын үйү кудайдын куттуу күнү сөз баккан, өнөр сыйлаган адамдардан куру болбогону эле көп нерседен кабар берип жатпайбы. Анын жашоосу башкалардын көралбастыгынан гана талкаланыптыр. Өнөргө байланган он беш жыл ичинде не деген гана жоруктардан жабыркап азап чекпеген. Алдап-соолап "сен жана сен" деп калп алкап ичиркендери аз келгенсип, кээде анын бөлмөсүнө эртелеп келип арактан чачып, кийимдерине куюп сиңирип, анан ары өтүп, бери өтүп, "дагы ичип келиптир" деп сөздү айтып ызалантышчу тура. Агасы Нуркан карындашынын бир жолу телефон чалып үйүнө чакырган окуяны айтыптыр. "...Столдун үстүнө тамак-ашын, шампанын коюп коюптур. Ошондо кургурум минтип айтты: "Нукен, мен театрда иштеген он беш жылдын ичинде биринчи жолу (!) женсоветтен быйыл түштүм. Ошону белгилеп коёлу деп чакырдым" деп. Он беш жылда биринчи жолу! Айдай кызды акыры бирди эмес, миңди куруткан ошол көралбастык алып тыныптыр. Ушул экен армандуу Аккуу баяны, ушул экен Жолон акындын айтканы:
Жаш тагдырга биз кайдыгер
караппыз,
Сулуулукту туш-тушунан
талаппыз,
Сыймыгыбыз колдон учуп
кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү
аяппыз.




  Эстутум

Мурдатан айтылчу сөз, аттиң ай, айтылып калды аябай кеч...
"Ар бир адамды эстегенде көз алдыңа анын качандыр бир мезгилдеги абалы тартыла түшөт. Ал бара-бара кеңейип, эсиңе жакшыбы, жаманбы из калтырып, ички дүйнөңдү бүлүктөндүрөт" дептир, Сүйүмкан эже илим жолунда кездештирген адамдар тууралуу кебинин башында. Мен үчүн да өзгөчө таасири бар адам болгон бул эжейимди жок дегенге оозум барбай турат. Жылдарды ыкшоолукка багындырып, мезгилге уттурдум. Сизди өлбөчүдөй көрсөм керек. Ооруп жатат деп бир уккам, дарыланып ооруканага жатып чыкты деген кабарды да кулагым чалган. Барып көрбөдүм... Анан эле "эжейиң өтүп кетти"деген жаман кабарды уктум...
Алгачкы студенттик күндөрүбүздө "Тил илимине киришүү" деген сабактан берип калдыңыз. Баш терибизди байкайын дедиңизби, мектеп программасынан деп берген суроолоруңузга чала-чарпыт жооп болгонго нааразыланганыңыз эсимде. "Билгениңерди бир аз буруп сурап койсо эле, билбей калган болосуңар да" дегендей сөз айткансыз, биздин "деп аталат" деген "стандарттык ой жүгүртүүбүзгө" кабатыр болгонсуп. Негизи башкасын айталбайм, бирок, биздин группа бүтөр-бүткөнчө чабалдыгынан жазган жок окшойт. Сиздин сабакка чандабыз эле даяр болбосок, унчукпай келип, унчукпай кеткендерибиз көп болду. Ага да астыртан бушайман болчусуз. "Баарынан эмне кыйын билесиңерби?" - дедиңиз бир күнү. Биз жактан жооп болбогондон кийин: "Күндө Адам болуу" деп, өз сурооңузга өзүңүз жооп кылдыңыз, түшүнүшөр дегендей кыйытып... Андан кийин башка сабактардан да берип жүрдүңүз. Өзгөрбөдүк, ошол бойдон бүттүк окшойт.
Окууну бүтүрүп жаткандагы бир жоругубуз эстен кетпейт. Экзамен баалары, практикалык сабак жыйынтыктары, мугалим колдору коюлбай калган жерлерин толуктап, бүтүрүп зачеттук китепчелерди тапшыргыла деп калышты деканаттан. Биздин студенттер сүрдөгөн мугалимдерге, анын ичинде Сиз да барсыз, киргенден тартынып, шыпылдатып өздөрү окшоштуруп кол коюп өткөрүп коюшту. Анан чатактын баары Сиздин колуңузга келгенде чыкты. "Эжейдин колун билебиз го, аныкы эмес. Чакыр, кирсин" - деп бир катар фамилиялар аталды. Же аларыбыз барып берсечи. Ары тартышабыз, бери түртүшөбүз, таптакыр деканатка жеткизе албай койдук. Эптеп киргиздик. Чыккандан кийин сурамжыласак, тамашалап: "Ач тиги терезени, секир" дептирсиз да, "Ай, мен ушул эле жердемин да, тирүү элемин го. Өзүмө эле койдуруп койсоңор болмок" - деп, сыртыңыздан сүрдүү көрүнгөнүңүз менен, баягы токтоо калыбыңыздан жазбай сөз айтыпсыз...
Эми... колуңуз эмес, өзүңүзгө зар болор күнгө тушугуптурбуз, Сүйүмкан эже. Бул дүйнөнү таштап кеткениңизге ишенгибиз келбесе да, айла жоктон жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун дегенди айтып отурабыз. Жаркын элесиңизге бул жолу учкай кепти арнадык, Сиз жөнүндө айтып берер сөзүбүз дагы алдыда...







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында










??.??