Башталат баары майдадан

Кумурскалар да
ыйлашат, кубанышат...
"

"Табийгат менен баарлашкан адам гана чыныгы жашоонун таттуулугун жана сүйүүнүн кереметин сезе алат"
Автор
Айыл. Сөз менен айтуунун да кереги жок. Айылдын керемет кооздугун, ажайып сулуулугун жана моокум кандырган абасынын тазалыгын ушул төрт ариптен куралган жөнөкөй сөз өзү эле айтып турбайбы. Анын сыңарындай, ар Жаңы жыл келгенде бир тууган олуялар Шаймерден, Шаматаалы, Жигитпирим аталарыбыздын улуу акеси болгон Аксаамай атабыз жердеген айылым эске түшүп, сагынычым мүнөт сайын күчөп барат.
Азыр көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынын терезесинде кечки Бишкекке көз чаптырып олтурам. Көз алдымда шаар турганы менен элесиме айыл тартылат. Түн бир оокумда терезе кырында суукка чыйрыгып эмне үчүн олтурам? Шаар менен айылды салыштырганыбы? Жок! Жөн эле өрүкзарлуу, айгул жыттуу, берекелүү Баткен чөлкөмүнүн тоолуу Катыраң жайлоосунун койнунан орун алган, эгемендүү Бөжөй айылымда өткөн балалык кездеримди элестетип, макала жазуу, илхам алуу үчүн олтурам. Бул жолку макаламды саясат, маданият, адабият, турмуш темасына эмес, жөн эле ойлосоң оюң жетпеген, көрсөң көзүң тойбогон, казсаң түбү чексиз, жазсаң калем-кагаз жеткис касиеттүү бир тууганыбыз ТАБИЙГАТКА бир аз кайрылууну эп көрдүм. Эмесе, балалык кезимдеги Жараткандын бир жандыгы болгон кумурска менен баарлашкан жарым сааттык окуямды кыскача баяндап берейин.

Жарык дүйнөгө келгенине 3 ай болгон колхоздун козуларын Айгүл-Таш тоосунан ашырып, кең жайытка жайып коюп, өтүгүмдү чечип башыма жаздап, көк шыбактын үстүнө чалкамдан таштадым. Тердеген буттарым шамалдап, шыбак жытына мыргып уктап кетиптирмин. Аңгыча бутумду жылан чаккандай ыргып турсам, уйкусуроодо бутумдун чыпалагына тикенек сайылып калгандай көрүндү. Жулуп салайын десем кыбырап калды. Көрсө, чыпалагымдын учун кумурска бекем тиштеп туруптур.
Мына тамаша. Таң калып кызыга баштадым. "Ушундай кенедей нерсе да жашоо менен күрөшөт турбайбы"- деп өзүмө-өзүм суроо берип жаттым. Алардын жашоосун үстүрттөн эмес, ичинен жакыныраак байкоого кызыктым. Япония жол салып бергенсип, Кытай жоокерлериндей тизилип эмгек кылып жаткандарына суктандым. Кызыгым артып, дагы тереңирээк байкоо жүргүзүүгө кириштим. Уюгун бузуп, үйүнүн ичин көрүүгө кызыкканым менен жүрөгүм жол бербеди. Тамакты кайдан таап алып келип жатышат деп артынан күзөтө баштадым. Бири-бирине жол бербей тыгылышкан сансыз кумурскалар 5-6 кадамдай жол жүргөндөн кийин жалгыздап тарап кетишти. Эми кумурскаларды бирден ээрчий баштадым. Бир жерди карасам, бир кумурска муштумдай эки таштын кычыгында жаткан бал аарынын өлүгүн өйдө карай сүйрөп жатат. Чоң олжо тапканына кубанычы койнуна батпай кыймыл-аракети шайдоот. Дагы бир жерди карасам эки кумурска кичинекей өлүк чегирткени эки жакка тарткылап жатыптыр. Бири-бирине жардам берип жатабы же талашып жатабы, мага табышмак эле. Ал эми бир кумурскага көңүл бурсам, кайдан тапканын билбейм, өзүнөн эки эсе чоң болгон арпа данын араңдан сүйрөп бара жатыптыр. Аны артынан күзөтө баштадым. Байкуш жандык тердеп-тепчип араң уясына жеткенде олжосун тартып алып койдум.
Мына сага, тамашанын кызыгы эми башталды. Мындай болушун кайдан билиптирмин. Баягы кумурска бир ордунда тура албай, уясын он жолу айланып, жер тепкилеп тыбырчылап жатты. Балким кыйкырып ыйлап, Кудайга жалынып, кайгырып жаткандыр. Айтор, чынында боорум ооруп кетип, олжосун кайра бердим. Таарынып калганбы же чарчадыбы арпа данын кайра албай койду. Балалык баёо сезимим кармана албай, көзүмө жаш тегеренип, кылган ишиме өтө өкүндүм. Келип-келип ушул кымындай кумурскага күчүм жеткенине кайгырдым. Бир аз шолоктоп ыйлап алган соң, баштыгымды ачтым да апам жаап берген токочтон бир үзүм сындырып алдына ушалап койдум. Аңгыча башка кумурскалар келип ушактарды ташый башташты. Бир убакта таарынган кумурсканын көңүлү шат ары-бери чуркап, бул олжолорду мен алып келдим, ташый бергиле дегенсип көкүрөк кагып жатты. Баятан бери эми акылына кирген кумурска, баякы кабыл албай жаткан арпа данын сүйрөгөн бойдон уюгуна кирип кетти.
А мен болсо таарынып калган кумурсканын көңүлүн жазганыма сүйүнүп, андан ары бал аарынын өлүгүн тапкан кумурскага бардым. Арадан 20 мүнөт өтсө да дагы эле олжосун эки таштын ортосунан чыгара албай жатыптыр. Боорукерликти түшүнүп калган жаным, аны олжосу менен кошо үйүнө жеткирип койдум. Кантип жетип калганына акылы жетпей, мени карап ишаарат кылып: "Эй, Кудай, сага ыраазымын", - дегенсиди. Чоочуп кеттим.
"- Жок, жок! Кудай ыраазы болсун, мен жөн эле себепчи болдум", - деп күбүрөдүм. Аңгыча чегиртке талашкан эки кумурска эсиме түштү. Барсам дагы дале кызыл-чеке болуп талашып жатыптыр. Чынында кумурсканын жашоосуна аралашып кеткенимденби, айтор аларга да кадимкидей сүйлөп акыл айта баштадым.
- "Минтип чоң олжону талашып олтурсаңар, үйгө жеткире албайсыңар. Андан көрө экиге бөлүп берейин, экөөңөр тең олжолуу барасыңар", - деп чегирткени тең экиге бөлүп бердим. Көптөн бери ушуну күтүп тургансып, өз олжолорун сүйрөгөн бойдон чоң жолго түшүштү. А мен дагы чоң иш кылгансып, жасаган жумушума ыраазы болуп, Айгүл гүлүн аралап кеткен акылы жок козуларымдын артынан баштыгымды көтөргөн бойдон чуркай жөнөдүм.
Бул да болсо Аллах жараткан табийгаттын мага берген жарым сааттык акыл-насааты, белеги жана түгөнгүс байлыгы болуп калды. Ушул көрүнүш жашоону, деги эле табийгатты үстүрттөн карап мамиле кылган адамдарга күлкү келээр-лик же жомок сыяктуу иш болушу толук мүмкүн. А менин балалык сезимиме карабай жеке турмушумдагы жашоого, дүйнөгө болгон көз карашымдын түп-тамыры менен оң жакка өзгөрүлүшүнө түрткү болгон кумурскаларга жана тагдырыма ушул окуяны жазып койгон Жаратканга миңден-миң ыраазымын.

Эмесе сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бул окуяны эмнеге мисал кылдым. Анткени жашоону заманга шылтап же муруну өйдө көтөрүлүп, көзүн май басып көрбөй калган инсандар көбөйбөдүбү. Алардын көздөрү бутунун астында жаткан керемет чөптөрдү, асыл таштарды же курт-кумурскаларды бери кой, адам баласын көрбөй тепсеп бара жатпайбы. Андыктан табийгатты үстүрттөн карап, мойну ылдый бурулбай, тепкичи жок шаты менен бийиктикке көтөрүлүп бара жаткан адамдар, анда-санда жерди карап койбосоңуздар канчалык бийиктикке көтөрүлгөнүңүздөрдү билбей каласыздар. Кайсыл бир убакытта сөзсүз түрдө ошол табийгаттын жерине кайра түшөсүздөр. Ооба! Ошондо, кеч болуп калган убакта, көзүңүздөрдү бакырайтып жерди карап түшкөнүңүздөргө карабай өтө катуу түшөсүздөр! Мына, ошону эсиңиздерден чыгарбасаңыздар деген эле ой-тилек. Башка эч нерсе эмес...

Азамат АЙИП




  алдыда - 2010

Кайсы эл жаңы жылды кандай тосот?
Германияда: бул өлкөдө жаңы жылда бири-бирине көп белектерди берүү менен бирге кыймыл-аракеттеринин кызыктуулугу менен айырмаланышат. Кары-жашы дебей стол, стул сыяктуу бийик буюм тайымдарга чыгып алып, туура саат 12де секирип жерге түшүшөт.
Индияда: бул күнү таң эрте туруп үй-жайын жыйнаштырып, жаңы тилек айтышып өткөн жылдагы катачылыкты унутуп, жакшы маанай менен жүрүшөт.Себеби аларда жаңы жылды кандай тосcоң жыл ошондой өтөт деген ишеним өтө күчтүү.
Шотландияда: жаңы жылды тосуп алуунун шарты өтө кызыктуу. Үйбүлө мүчөлөрүнүн бардыгы мештериние отту чоң жагышып, кирип келген жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун, өтүп бараткан жылдагы кыйынчылыктардын баары ушул от менен күйүп кетсин деп тилек айтышып, үн катпай тынч отурушат. Саат 12ге жакындап калганда үй ээси дабыш чыгарбай барып эшикти ачып коёт. Бул эски жыл чыгып кетип жаңы жыл кирсин деген түшүнүктү билдирет.
Кубада : элдин жаңы жылды тосуу салты боюнча алдын ала бокалдарга сууну мелтилдете куюп коюшат. Жыл жаңырып, саат жебеси 12ни какканда бокалдагы сууларды сыртка төгүшөт. Муну менен алар эски жылды узатып, келген жыл жакшылык берсин дешет.
Монголия: Жаңы жыл күнү дасторконду айланта конок канчалык көп отурса, ошол жыл ошончолук кемкарчсыз, бактылуу өтөт деп ишенишет.

Жаңы жылдык дасторкон

Жаңы жыл - бул эң кадырлуу үй-бүлөлүк майрам. Кең дасторкондун символу десек да болот, дегенибиз соода түйүндөрүндө азык-түлүк, белек-бечкектердин болуп көрбөгөндөй сатылып алуусу менен түшүндүрүлөт. Дасторкон ажарын ачууда кожейкелердин фантазиясы керек эмеспи, кандайдыр бир себептерден улам майрамдык дасторконду пландаштырбай калсаңыз, сиздер үчүн төмөнкү менюну сунуш кылабыз.

Жолборс салаты

Салаттын жасалышы
7 катарга бөлүнөт:
1. катарына-лосось балыгы;
2. куурулган пияз;
3. төрт чарчы тууралган
туздалган бадыраң;
4. майонез;
5. теркадан өткөрүлгөн жумуртка;
6. куурулган сабиз менен чеснок;
7. майонез
Салатка керектелүүчү азыктар:
300 гр туздалган лосось балыгы;
3 жумуртка;
2 баш пияз;
3 баш туздалган бадыраң;
3 баш чеснок;
Майонез

Кайыргүл Нуралиева