Кыргыз гезиттери



  Окурмандар рубрикасынан: "Саламатсызбы, "Назар"...

Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору
Кенжебек Арыкбаевге
Урматтуу Кенжебек, биринчиден сөз баштаардан мурун, сизди жана сиз жетектеген жамаатты келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайбыз, ишиңерге ийгилик каалап, калемиңер бүгүнкү күндөй мокобой, курч бойдон калуусун каалайбыз!
Чынында бул заман бир түшүнүксүз заман болуп калды десек жаңылышпайбыз, кайсы бирин айталы, кыргыздар айткандай айтып отурса арман көп. Кыргыз элин Акүйдөгүлөр менен көкүйдөгүлөр кыйнап бүтүштү го чиркин! КТР деген немени көрү отурсаң жөн эле биздин экономикабыз Америка экономикасына жетели деп калгандай. Тилинен чаң чыккан Акылбек Жапаровду угуп отурсаң биз жыргап жашап жатыптырбыз. Оппозиция болсо мисалы, Атамбаев, Текебаев, Исаков, Шерниязов, Кадыровго окшогондор кыргыз элинин чыккынчылары окшобойбу. Биздин күйгөнүбүз жанагы Коркмазов деген генералдык наамды алганда ой, бир түтөбөдүкпү. Мурда дунган улутундагы Насизага жана өзбек улутундагы А.Сабировго дагы генералдык беришкен. Кенжебек, айланайын, койчу деги, чынында азыр ушуларды жазып отуруп башымдын "давлениясы" көтөрүлүп кетти. Биздин кайрылганыбыздын себеби, жакындан бери "жыл мыктысын тандайт" рубрикасын окуп, өзүбүздүн оюбузду билдирип коёлу деп чечтик. А баса, унута электе айтып коёюнчу, өткөндө биз айылдагылар сүйлөшүп отурсак, "Назар" гезити Бакиевдердики экен, дегенине мен "жок, булар эркин, элдик гезит" деп мелдеше кеткенбиз бир койго. Эгерде ушул биздин макаланы чыгарбасаңар анда мен бир койго утулдум жана уят болдум. Ошондуктан, биздин макаланы чыгарсаңар ошол койду буйруса чогуу жеп каларбыз. Кыскача айтканда, жылдын "мыкты депутаты" катары өзүбүздүн жердешибиз Кубанычбек Кадыров татыктуу деп эсептейбиз. Себеби, ал азыр жаш, келечеги алдыда, үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгам деп, запкысын тартып жүрөт. Бирок, биз ага айтаарыбыз: "Кубанычбек, эч качан сынба, кыргыз эли, касиеттүү Көл эли дайыма сени менен бирге, сенин кыйынчылыгың убактылуу!" дегибиз келет.
Сизден сураныч ушул макаланы жарыялап койсоңор...

Тоң району:
Боконбаев айылынын
тургундары: Соронкулов Ж., Жаныбеков Т., Турганбеков М., Турдугулов С.
Редакциядан: Урматтуу ушул каттын автору бул биздин Жаңы жылдык саныбыз болгондуктан, сиздердин жөнөткөн катты оңдоосуз жарыяладык. Ал эми, сиздер талашкан мелдешке жообубуз бул: "Назар" гезити эч кандай Бакиевдин да, башка бийлик өкүлдөрүнүн да гезити эмес. Гезиттин биринчи бетинде жазылгандай "Назар" элдик гезит, сиздер сыяктуу карапайым окурмандарыбыздын гезити. Андыктан, сиз ич-ара талашкан мелдеште уттуңуз. Демек, кой сиздики.





  Жок эмес, бар маселе

Динди жамынган "дилгирлигибиз" кайдан чыкты?
Биз, кыргыздар ислам динин кабыл алган убактан бери, исламга өтө катуу берилгенибиз ушул акыркы жыйырма жылда туу чокусуна жетти десем жаңылбайм. Өкүнүчтүүсү бул дагы чек болбойт баштанат.
Билишимче "даабатка" чыккандардын баардыгы "Мечитке баргыла" деп үгүттөшөт. Мечитке барбай үйдө намаз окуса болбочудай. "Эмнеге эле элдин баарын мечитке баргыла деп үгүттөп, милдеттүү түрдө мечитте намаз окуткулары келип жатат" деген мыйзамдуу суроо туулушу мүмкүн? Ислам дининде пенде кайсы жерде намаз окуса да, чын дити менен улуу Алла Таалага берилсе шарияттын талаптарына ылайык экени белгилүү. Ага карабастан, жаш-карыларыбыздын баарын мечитке чогулткусу келип, мажбурлап намаз окуткулары келип жатышкандардын мынчалык эмнеге кызыкдар экени түшүнүксүз.
Жаш-карылар эле эмес жеткинчек уландарды, бешиктен бели чыга элек секелектерди да үгүттөп мечитте намаз окууларын талап кылгандарды көрүп жатабыз. Мечитте жөн гана намаз окулуп тарап кетишпейт экен. намаздын аягында "Баян" айтылып, ал баянды намазга жыгылган эл милдеттүү түрдө угуулары абзел экен. Албетте "Баян" шарияттын чегинен чыкпаган, ислам дининин жактары менен коштолгон баян. Дегеле ислам динине шек келтирип, "мечтке барбагыла, намаз окубагыла" деп тескери үгүттөөдөн алыспыз.

Ислам дининде жаман жолго басуу жөнөдө бир дагы сөз жок экени белгилүү. Кудайдын барадарларын мажбурлап намаз окутуу дагы айтылган эмес. Тек гана беш убак намаз окуу, орозо тутуу, ата-энени сыйлоо, бул дүйнөдөн набыт болуп кеткендерге куран түшүрүп туруу, мунжу-жакырларга, жетим-жесирлерге жардам көрсөтүп жүрүү, аң-сезимди тумандаткан шараптарды ичпөө ж.б.д.у.с. мусулман адамынын парзы экени айтылган.
Ошондой болсо да, түшүнүксүз жактары көбөйдү.
Үйүнө кеч келген, он жашка чыгып чыкпаган баласынан атасы, эмнеге мынчалык кечигип келгенин сураса "Мечитке намаз лкуганы балдар менен баргам, намаздан кийин, баян айтабыз кетпегиле, силерди очишение кылабыз деп жибербей коюшту" деп жооп берет баласы. Оозунан эне сүтү арыла элек, бул дүйнөдө билип-билбей пенделик күнөө кетирмек түгүл, жашоонун жакшы-жаманын аңдап түшүнө элек, тунуктугу сүттөй ак болгон баланы "тазалоо" кимге, эмне үчүн кажет болду экен? Мыйзамдуу сурообу?
Орто мектепти жаңы бүтүрүп, борборубузга жогорку окуу жайына билимин улантуу үчүн келген кыздын тууганы намазга жыгылып жүргөндөрдөн экен. Келген күндөн тарта, тиги жаш кызды намазга жыгуу үчүн, үй ээлери менен кыздын ортосунда кадимкидей күрөш башталыптыр десек жаңылышпайбыз. Себеби, "намаз окусаң, алтын шакек, алтын сөйкө алып беребиз" деген үгүт иши күнү түнү жүрүп турган экен.
Мындай мисалдар толуп жатат. Мурунтан арактан башы арылбай, пенделик, күнүмдүк көр тирилик менен алпурушуп, билип-билбей күнөө кетирип, уурулук кылып, үй-бүлөсүн унуткандар, бала чакасын бакпай жүргөндөр намазга жыгылышып, жакшы жолго түшкөнүн көргөндө кубанбай койбойсуң. Албетте, арактын артынан түшүп, үй-бүлөсүнө тынчтык бербегендер оңолуп жатканы жакшы жышаан. Ислам дини жаман жолго баштабасын жалпыбыз билебиз.
Ыраматылык Совет заманында "атеизм" өкүм сүрүп, кудай жок деп келгенбиз. Азыр ошентип келгенибизди "туура эмес" деп кыйкырып, "эгемендик" колубузга тийди, муну кылган кудай деп жатабыз. Кубанып, кубанычыбыз койнубузга батпай, эсибиз ооп, тегерегибиздеги болуп жаткан окуяларга көп көңүл койбой калдык. Көңүл койгондордун алы-күчү жетпей калды.
Бирок туурасын айтсак, ошол "туура эмес заманда", окуучу балдардын алдынан мугалии чыга калса, четке чыгып, жол бошотуп, баш кийимин колуна ала калып, салам беришчү. Улуулар сүйлөп жатканда кичүүлөр сөз талашчу эмес. Аксакалдарыбыз кара кылды как жарган калыс болчу. Келин, кыздарыбыз ыймандуу болчу. Кыздарыбыз "көчө" бойлоп кетмек турсун, кыска көйнөк кийгенден ийменчү, андай "балает" ооруу түшүбүзгө кирчү эмес. Автобустарда улуу адамдар тикесинен тик туруп, жаштар орундуктарда отуруп, бошотпой коюу деген түшүнүк дагы жок болчу, ж.д.у.с.
Бул айткандарымды мурунку муундагылар жалганга чыгарышпайт деп ойлойм. Ал эми азыркы жаштарыбызга жомок болсо керек. Азыр заман башка дешет. Мурункулар жөнүндө уккулары да келбейт.
Мына, "туура заман келди" дейли. Мактанган туура замандын балдары кандай?
Билишимче азыркы окуучуларыбыздын арасында, алдынан чыга калган мугалимге салам айтмак түгүл, сүзүп жыгып өтүп кеткенден да кайра тартпагандар бар. Маршруткада орун берүү чанда кезигишет, көзүн жумуп калп уктаган жаштарыбыз оголе көп. Кайым айтышкан жаштарыбыздан ийменип, көзүн ылдый салып, күнөөлүү кишидей басып кетүү карыларыбыздын адатына айланган. Уудай тилин узарткан келиндерге теңелбеген кайын энелер көбөйдү. Сойкулукту кесип кылган кыздарыбыздын саны күн санап эмес саат сана өсүп жатат.
Совет заманында, намазга жыгылгандардын саны саналуу гана убакта, айтылган жаман адаттарыбыз канчалык деңгээлде эле? Элдин жашоосу кандай эле?
Азыркы даабатчылардын заманында, жетишип, кыйрап маданияттуу болуп кеттикпи? Айтылган "Баяндарыбыз" жаштарыбызга жакшы тарбия берип жатканыбы?
Ушул кейпибиз менен жүрүп отурсак, эртең "ислам" мамлекетин курабыз дегендер баш көтөртпөйт деп эч ким кепил боло албайт. Ислам динин жамынган "дилгирлерибиздин" кылык, жоругу тескери дагы күмөн...

Түмөнбай САРИЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыддын адамы"
2-бет
"Заманыңды бил, анте албасаң, ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болоор".
3-бет
Президенттер
4-бет
мы, против !
5-бет
"Демократия" аралчасында
6-бет
Башчылар жаңылса, баарынын жаңылганы
7-бет
"Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт..."
8-9-бет
Жылдын адамдары
10-бет
Кадыров жылдын "мыкты депутаты"
"Назар" гезитине жана "Назар" гезитинин башкы редактору

11-бет
урскалар да
ыйлашат, кубанышат...

12-бет
"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"
13-бет
Сертшоокумдар
14-бет
Жигитке - жетимиш өнөр...
16-бет
Артистердин айылында