Кышкы чыйрыгуу

Он үчүнчү спикер же "сынган бутак"
Айтибай Тагаев
2008-2009-жылдары
Жогорку Кеңештин төрагасы

2007-жылга чейин кыргыз парламенти Орто Азия эмес, Азия чөлкөмүндө эң күчтүү, эң демократиялуу деп айтылып келген. Далай өлкөлөр тамшанчу. Убагында журналисттер да чындыкты ошол жерден издеп, сессия учурларында атайы пресса үчүн деп бөлүнгөн жерде бут коерго жер калбай калаар эле. Бүгүнчү? Элдин атынан шайланып келгендери чын болсо, "момунтип элдин мүдөөсүн талашып жатабыз, эл үчүн момундай иш жасадык, биз бийликтин эмес, элдин таламын талашып жатабыз" деп орчундуу кайсы нерсесин айта алат, азыркы "сенаторлор"?
Ошол Азия тамшанган атактуу эгемендиктеги кыргыз парламенти, ага төрагалык кылуунун тизмеси боюнча санай келсек оңтойсуз деп эсептелген "он үчүнчү" санга туш келген он үчүнчү спикери дайындалганда анын кадыр-баркы айрыкча кеткенин мыйзам жаатында жүргөндөр көп эле айтып жүрөт. Ошол эле өкмөттүн бир топ мүчөлөрү экс-төрага Айтибай Тагаевдин спикерлик орун үчүн адашып тандалган фигура экенин кобуранып жүргөндөрүн далай эле эшиткенибиз бар. Баарыдан да Баш мыйзамда президенттен кийинки эле эл атынан сүйлөгөн, өлкө элинин үнүн мамлекеттик бийик трибунада чагылдырган, мамлекеттин үч бийлик бутагынын бири болгон Жогорку Кеңеш минтип ушунчалык алсыз болуп калганы, жалпы эл үнүнүн алсыз болуп калганыбы?..

Нурдин Асанов