экс-спикер эмне дейт

Мукар Чолпонбаев,
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы:
"Өлкөнүн бүтүндөй тагдыры бир адамдын колуна өтүп баратканын эл сезбей жатат"

Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин
жалгыз булагы.

(Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинен)

- Мукар мырза, жакында ЖК төрагасы кызматтан кетти. Ал жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып келет. Дасыккан мыйзам чыгаруучу катары бул көрүнүшкө сиз не дээр элеңиз?
- Айтибай Тагаевдин кетээри тууралуу мурунтан эле көп айтылып келаткан болчу. Бирок, ошондой болсо дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү жаңы долбоордун Жогорку Кеңешке түшүшү төрагага кандайдыр бир башкача маани берип калды. Себеби, бул жерде азыр төрага эки милдетти аткарыш керек эле. Биринчи милдет, төрага президенттен келип түшкөн сунушту Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп кете алабы же кете албайбы, Тагаев ошону аткарганга жарайбы же жарабайбы? Бийлик мына ушундан чочулады. Демек, жакшы даярдалган адамды алып барып, эң негизги бүгүнкү милдет - ошол долбоорду өткөрүп кете турган төрага керек болуп калды, Жогорку Кеңешке.
Ошол себептен А.Тагаевди кетирүү, анын ордуна башка адамды коюу маселеси келип чыкты. Тагаевдин кетишинин экинчи себеби, өзүңүз билесиз, азыр башкы бийликке даярданып жаткан ханзадабыз болуп жатпайбы. Анан ханзада болгондон кийин Жогорку Кеңешке болобу, өкмөткө болобу, мамлекеттик башкаруу структурасынын бардык жерлерине ал өзүнүн адамдарын коюуга аракет кылыш керек. Мына ошондой маанилүү маселелердин бирден-бири - ЖК төрагасы биздин ханзадага жакын, өтө ишенген адам болууга тийиш.
Анткени, алдын ала биздин байкообузга караганда Президенттик кеңешменин - кеңеш берүүчү органдын курамы президенттин өзүнөн, Жогорку Кеңештин төрагасынан, премьер-министрден жана президенттик администрациясынын астында ачылган институттагы кызмат адамдарынан турат. Эгер эртең Курманбек Салиевич өзүнүн кызмат ордунан баш тарта турган болсо, анын ордун ким ээлейт деген маселе пайда болгон кезде, эч кимиси кыйналбай, кысталбай, "Биздин ханзадабыз анын милдетин аткарат" деп айта турган адамдар болуш үчүн бул даярдык деп да айтсак болот.

- Сурообузду ошол Конституциялык реформага бурсак. Азыр оппозициялык күчтөрү сындап атышпайбы, "биринчи конституция өзгөрбөй туруп башкаруу системасы жаңыланды" деп. Чын эле бул жерде мыйзамдуулук маселеси бузулган жокпу?
- Мыйзамдуулук түздөн-түз бузулган. Биздики, орустар айткандай, араба аттын артынан жүрбөстөн, азыр араба атты сүйрөп калды. Анткени, Бакиев алдын ала баарын тең түзүп алып, анан андан кийин гана мыйзамдаштыруу жүргүзүп жатат. Президенттин институту жөнүндөгү, ал институттун ичиндеги кызмат адамдары жөнүндөгү жоболору менен таанышып чыктык. Бул жерде азыр өкмөттүн кыла турган эч кандай иши жок болуп калды.
Мына өзүңүз карап көрүңүз, ошол институт ичинде анын аппараты, анын секретариаты, андан сырткары мамлекеттик министри жүрөт. Эмне, калган министрлер мамлекеттик эмес бекен? Анан коопсуздук боюнча кеңешчи, анан Борбордук өнүктүрүү агенттиги деп койду. Мына ушулардын бардыгы бүт бийликти толук бойдон ошол жерге чогулуп калгандыгын айгенелеп турат. Баарын ошолор чечет.
Мындай башкаруу болуп турган кезде бизге өкмөттүн деле, Жогорку Кеңештин деле кереги жок, чынын айтканда. Мисалы Борбордук өнүктүрүү агенттиги бүт экономиканы толук тейлейт экен дагы, кадр маселесин толук чечет экен. Өкмөт эмнени чечет?
Ал эми коопсуздук боюнча келген кеңешчиси бул бүт күч органдарынын баарын, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн баарын тейлейт делет. Андай болсо өкмөт эмне иш алып барат. Тышкы иштер министри болсо бүт тышкы саясатты аныктайт жана ошону иш жүзүнө ашырат экен. Мына ушул сыяктуу көп нерселер айтылган. Кыскасы, бул жерде бир адамдын бийлиги мындан ары орноду деп ачык эле айтсак болот. Конституциябыздын биринчи беренесиндеги "Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бутагы" деген чоң мыйзам бузулганы турат. Себеби, элдин үнү болгон Жогорку Кеңеш эч нерсени чечпей калды. Өлкөнүн тагдырын кеңешме дегени чечмей болгону өтө өкүнүчтүү.

- Конституция жаңыргандан кийин парламенттин, өкмөттүн легитимдүүлүгү тууралуу маселе келип чыгат эмеспи. Кандай ойлойсуз, азыркы бийликке парламентти таратып, өкмөттү кайра куруу пайдалуубу?
- Бул жерде менимче, азырынча өкмөттү кетирип, кайра жаңыртуу жөнүндө маселе болбоого тийиш. Анткени, азыр бааларга болгон тарифтер 1-январдан баштап ишке киришет да. Киришкенден кийин нааразылык элде дагы күчөйт. Азырынча эл анын коркунучун көп сезе элек, өзгөчө кыргыздар. Ал эми нааразылык билдирип аткан кыргыз эмес улуттар болуп атат бүгүнкү күндө. Азыр кыргыздар ойгоно элек. Анткени, алардын чөнтөгүнө эч ким тие элек.
Ошентип, элге каршы иштердин баарын өкмөткө жасатып алып туруп, анан аларды "сабап" туруш керек.
Элдин нааразычылыгы мына ошолорго тийип, өтө күчөй баштаган кезде бийлик издейт, буга ким күнөөлүү дегенди. Көрөсүңөр, ошондо айтат, өкмөт күнөөлүү турбайбы деп. Өкмөт ошон үчүн гана түзүлүп атат бүгүн. Элге каршы мыйзамдарды, ошондой иштердин баарын өкмөткө жасатып жатат азыр. Ал эми Жогорку Кеңештин легитимдүү эмес экендигин биз башынан бери эле айтып келатабыз. Анткен себеби, бул жерде биринчиден жалаң фальсификациянын негизинде шайланып келген Жогорку Кеңеш болсо, экинчиден "Жаңы өкмөт" мыйзамсыз түзүлгөн. Ошондуктан аларды таратуу, таратпоо, легитимдүү-легитимдүү эместиги жөнүндө башка проблема болууга мүмкүн эмес. Андан кийин Жогорку Кеңешти биздин мамлекеттик башчыбыз кайсы күнү кааласа, эмне себептен экенин элге түшүндүрүп отурбай эле таратып жиберүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

Элеонора
Бейшенбек кызы