тилкесмей заман

Журналистти алтынчы кабаттан ыргытып жиберди...
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустамбек) Алматыда клиникалык ооруканада оор абалда эсине келе албай жатат. Г.Павлюк 16-декабрда Алма-Атага барып, "Казакстан" мейманканасына орун алган. Бирок, ал ошол күнү Алматы шаарынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдынан табылган.
Геннадий Павлюк мурда "Аргументы и факты" гезитинин өкүлү, "Белый параход" гезитинин башкы редактору, "Комсомольская правда в Кыргызстане" гезитин жетектеген. Окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген псевдоним менен белгилүү.

"Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Ө.Текебаев журналистти кимдир бирөөлөр алтынчы кабаттан ыргытып жибериши мүмкүн деп билдирди.
- Өмүрбек мырза, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматы шаарында алтынчы кабаттан ыргытылышы мүмкүн деген маалымат бердиңиз, эмнеге таянып минтип айтып жатасыз?
- Биз бир нече күн мурун эле Павлюк менен телефон аркылуу байланышканбыз. Павлюктун алдыда көздөгөн бир топ долбоорлору тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бул интернет сайт, интернет газеталарын чыгаруу тууралуу медиа долбоорлор болчу. Ал оптимизмге толгон маанайда сүйлөшкөн. Алдында чоң пландары бар эле.
Ошондой адам өзүн-өзү өлтүрүү үчүн Алматыга барбайт деп ойлойм. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ал кимдир бирөөлөр менен жолугушканга барган. Мейманканага токтогон, ал жерден аны белгисиз кишилер бир жакка алып кеткен. Ал ыргытылган үй күнүмдүк батирге берилген үй болуп чыкты.
Мен мунун баары алдын-ала атайын коюлган тузак, айла-амал болгон деп эсептейм. Долбоорлору тууралуу сүйлөшүү, каржылоо жөнүндө убадалар менен белгисиз бирөөлөр аны Алматыга алдап чакырышы мүмкүн деп ойлойм.
- Сиз Геннадий Павлюкту канчадан бери билесиз жана эмне үчүн аны менен кызматташууга кызыкдар элеңиз?
- Геннадий Павлюкту мен көп жылдан бери билем. Акыркы жарым жылдан бери биздин партия менен тыгыз иштеп жаткан. "Ата Мекен" деген интернет газетаны ачып, анын жетекчиси болууга белсенип киришкен.
- Ал гезит "Ата Мекен" партиясынын гезити беле?
- Жок. Бул партиялык гезит эмес. Патриоттук гезит катары "Ата Мекен" деген аталыштагы интернет газета эле. Ал боюнча өз билдирүүлөрүн да тараткан болчу. Акыркы бир нече айдын ичинде бүгүнкү бийликти сындаган, жүргүзүп жаткан реформанын накта маңызын чагылдырган интервьюларды жана макалаларды жазып кеткен.
- Геннадий Павлюк сиздин партиянын мүчөсү беле?
- Ал биздин партиянын мүчөсү эмес, бирок биздин идеяларды бөлүшүп, чогуу иштеп жаткан биздин азаматтардан.
- "Ата Мекен" партиясынын өзүнүн интернет баракчасы бар да. Эмне үчүн башка журналист менен кызматташып, медиа долбоорлорду баштоону көздөдүңүз эле?
- Партиялык газета, партиялык сайт баары бир бир жактуу партиянын кызыкчылыгын көздөйт. Ал эми эч бир партияда жок Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустамбек) ар кандай көз караштарды чагылдырган интернет сайт ачсак деген максаты бар эле. Биз аны колдоп чыктык. Ал бир гана "Ата Мекен" партиясы эмес, көрүнүктүү саясатчылардын, окумуштуулардын тигил же бул маселе боюнча көз караштарын чагылдырып турган, көз карандысыз басылма ачсам деген оюу бар болчу.
- Соңку маалымат боюнча "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү Алматыга камданып жатыпсыздар. Максатыңыздар эмне?
- Алматыга биздин гана партиянын мүчөлөрү эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар Павлюктун ал-ахыбалын сурап, зарыл болсо колдон келген жардамды көрсөтүүгө жөнөп жатышат.
- Журналист Павлюктун сабалышына Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы саясатчылар, кыймылдар менен байланышы себеп деп ойлойсузбу?
- Мен бул саясий заказ мүнөзүндөгү кылмыш деп ойлойм. Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган кезектеги кол салуу.

Гүлайым Ашакеева,
"Азаттык"

P.S. Алматы шаардык кылмышты иликтөө полициясы адам өлтүрүү аракети деген негизде кылмыш ишин козгоду. Аны Казакстандын ички иштер министринин орун басары өз көзөмөлүнө алып, он күндүн ичинде кылмыштын бетин ачууга аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.