Жаман айтпай, жакшы жок

"Схема"
2005 -жылдын мартындагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Курманбек Бакиев ал кездеги, өлкөнү демократиялык багытта өнүктүрүү маанисиндеги берген убадаларынан тайып, авторитардык режим орнотууга багыт алды. Бул менин эле эмес, миңдеген адамдар бүгүнкү күндө айтып жаткан сөз.

Өлкөдө өткөрүлгөн акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулар, добуштарды уурдоо, шайлоо жыйынтыктарын фалсификациалоо болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, Европа биз үчүн эшигин ичинен илип алгандай эле болду. Ал эми коррупциябыздын чектен чыгып кеткенине нааразы болгон орус өкмөтүнүн башчысы В. Путин да катуу нааразычылык билдиргенине караганда, таяныч катары карап келген улуу коңшубуздун маанайы деле биз үчүн анчалык ачык эместей. Мыйзам бузууларга каршы чыгып, акыйкаттыкты талап кылган оппозиция өкүлдөрү болсо куугунтукталып, алды камалып отурат. Туш-тушка каңгып аткан жакыр элибиз башчысын шайлап, жерине ээ болмок тургай, эс учун жыя албай жаткан кези. Бул бүгүнкү күндүн эч ашыкча боёк сүртүлбөгөн чындыгы.
Не кылалы, ынтымагыбыз жок, ыкшоо болгонубуз үчүн атка минерлерибиз ушинтип элге кызмат кылбай эле жеке керт баштарынын байуусун көздөп кетишпедиби. Мындайча айтканда өзүбүз күнөөлүбүз десек туура болчудай. Эсибизге келбесек ушинтип барып мамлекеттүүлүгүбүздү жоготууга деле жетип калган сыяктуубуз.
Аппетит тамактануу учурунда келет демекчи, бийлик башындагыларга мындай жагдай майдай жакан белем, эми минтип такыр кеткис болуу жолуна түшүп, мураскер тандоо менен алектене баштады. Өйдөкүлөрдүн баш мыйзамга киргизип жаткан жаңы долбоорун айтам. Орто кылымдан калган, бийликти атадан балага мураска калтыруу салты, азыркы заманга, демократиялык нормаларга жатпай тургандыгы көзгө илинбей атканы, баягы "жардынын коногу, жамандын бойдогу билет" дегендей эле болуп жатат окшойт.
Ошентип, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору ЖКга келип түштү, реформага тиешелүү өзгөртүүлөрду талкуулайбыз деп турган коом, аргасыздан мураскерлик маселесин талкуулай турган болуп калды. Күздө башталган реформа деген уу-дуунун баары тактыны кантип, кимге өткөрүү үчүн жасалган сыяктанып... Башкача айтканда Бакиевдин административдик реформасы анын өзүнүн мөөнөтсүз кызматтан кетүүсүнө келип такалган сыяктанат. Эл оозунда болсо "шайлана элек жатып кетем дегенсигени эмнеси (?), чын эле абалы начарбы?" деген сөздөр андан көп. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөрүүлөрдүн арасынан 52-беренеге байланыштуу ызы-чуу чындыгында эле көңүлдүн сыртында калчу маселе эмес.
Президент бир балээ болуп кетип, милдетин аткара албай калса, ордуна спикер андан кийин өкмөт башчы (бул экөө элдин элегинен өткөн, анча мынча легитимдүүлүгү бар эле го) президенттин милдетин аткарат, деген Баш мыйзамдагы беренени алып салып, ордуна президентин кеңешмеси кимди көрсөтсө ошол такка отурат дегендери, бийликти эчкимге бербей, жакындарыма берейин, Бакиевдер түбөлүк бийликте отурсун деген далалат экени кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Ал эми жаңы өлкө башчысын дайындай турган президенттин кеңешмесинин мүчөлөрү кимдер? ЦАРИИнин анабашы- президенттин карачечекей уулу, катчылыктын башчысы, аппаратынын жетекчиси, Мам.кеңешчиси, Мам.министри, анан спикер менен Өкмөт башчысы болуп ушу жети адам, балким сот бийлиги тараптан бирөө жарымы кошулуусу мүмкүн, азырынча кеңеш курамы бекий элек эмеспи..
"Токтоткула, мунуңар жарабайт!" деп каршы болгондор жок болсо, президенттин кеңешмесинин жети-сегиз мүчөсү, "Максим болсун" деп кол көтөрүп коёрунда деле шек жок. Мураскер болот деген Максим Курманбекович болсо учурда жетинчи кабатка отуруп алып практикадан өтө баштагандай, өкмөт башчысын оң жагына, калгандарын сол жагына отургузуп алып. Кыскасы, алар үчүн баары эле ойдогудай өңдөнөт. Бирок, бирогу К.Салиевичтин бир туугандары макул болсо дегеним да. Болбосо мамлекеттик күзөттүн башчысы Жаныш Бакиев процестти башка нукка буруп жиберүүгө же өзүм болом деп чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Эми, ошол өзгөрүүгө болгон түркүн божомолдордун бири: чукул кырдаал түзүлүп, ажобуз немис жергесине дарыланууга кетип, анан милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой баратса, Азербайжан же Түркмөн ыкмасына салып мураскерди отургузууга аракеттер көрүлөт шекилдүү. Мисалы, Гейдар Алиев ыраматылыкты тоңдургучка салып коюп, Илхом Алиевдин мураскерлик маселеси бир жаңсыл болгондон кийин элге угузуп, жерге бергендиги аңыз болуп айтылып келет.
Ал эми түркмөнбашы, маркум Сапармурад Ниязов оо дүйнө салганда, мыйзамдуу түрдө өлкө башчысынын милдетин аткаруучусу боло турган парламенттин спикери камака алынып, күтүүсүздөн эле "тиш догдур" вице-премьер-министирликке чейин көтөрүлгөн Бердимухамедов мураскер болуп чыга келди. Ошондо, "кызын күйөөсүнөн ажыраштырып алганы үчүн" деген күлкү келээрлик шылтоо менен камакка алынган спикерди колдоп бир да түркмөн депутаты үн катканга жараган эмес.
Ал кездеги түркмөн парламенти да, туура бүгүнкү биздин "акжолчулардай" "ляппай" деп турган парламент эле. Ошондой жагдайды пайдаланган Сапармурад Ниязовдун күзөт кызматынын башчысы, улуттук гвардиянын командачысы спикерди камап, калгандарын коркутуп атып түркмөндөрдүн бийлик башына азыркы президентти Бердымухамедовду алып келген делет.
Көп узабай Бердымухамедовду бийликке алып келген, ошол күзөт кызматы менен улуттук гвардия кол башчысы кызматтан алынып, көзү "тазаланганы" тууралу маалымат тараган. Мындай окуялар жашоонун кайталанма катаал мыйзамдары десек да болот. Анткени, бийликке бекип, кудайга мурду жетип деңкейе түшкөн соң, качандыр бир кездеги, бирөөлөргө жалынып-жалбарып атып бийликке келүүсүнүн эскерткичтеринин күнүгө көзүңдү "көзөп" туруусун ким кааламак эле. Бул бийликтеги эң кир ыкма, элге эмес, күчкө таянгандар жасоочу ыкма. Бирок, андай иштин аягы убактылуу жеңишти камсыз кылган менен, келечеги жаман нерсе менен аяктаарына карт тарых күбө. Ошол эле Бериянын тагдыры...
Алар го алар, эми минтип кыргыздар дагы мураскерлик маселесине келип такалдык окшойт. Азербайжан менен Түркмөндөн ашып кайда барат элек, менталитетибиз бир эмеспи. Андыктан биз деле алардыкынын ар жак бер жагындагы "сюжетти" жаратабыз го. Эгерде эле, элдин кыжырдануусу чегине жетип, 2005- жылдагы сценарий ойноп кетпесе. Анан калса баалардын асмандашы, турмуштун оорлошу стабилдүүлүктү жарып жибериши да толук мүмкүн, анын үстүнө түркмөндөргө караганда кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл эмеспизби.
Серепчилердин алды, ишенимдүү түрдө Максим Бакиевди мураскер деп атап салышты. Ал болсо президенттикке ат салышуу курагына толо элек, 32 жашта. Баш мыйзамыбызга жашка байланыштуу өзгөртүү сунушталбагандыгына караганда Курманбек Бакиев чукул арада бийлигин өткөрүп берет деп айтуу да кыйын. Эгерде аракеттин баары Максим үчүн жасалып жатат дей турган болсок, анда бул долбоор - алдын алып, алдуу - күчтүү кезде мыйзамды бышырып коюп, үч жылдан кийин баласына бийликти өткөзүп бериш үчүн жасалууда десек да болчудай. Ал эми кокустан милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калуу жагдайы бар болсо, анда Максим атасынын ордун баса албай калат, бирок бийликтегилер андай шартты дагы карашып, башка жакындарынын талапкерлиги каралгандыр деп божомолдоого болот.
Кандай болгон күндө дагы биз демократиялык багыттагы өнүгүү жолунан чыгып, артка кеткенибизди моюнга алуубуз кажет. Анткени, мыйзамды көзгө илбеген заманда жашоо өтө кооптуу. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей, адамдын укугу турмак өмүрү тыйынга арзыбай калып, өлкө башчы тандайбыз деп жаткан жогорудагылардын бирөө жарымы садага чабылып кетиши да мүмкүн. Керек болсо, бул жагдай Бакиевдердин үй-бүлөөсү үчүн деле өтө кооптуу, үлкөн коңшу мамлекеттер (мисалы орустар) чындап киришсе, бийликти колдон жулдуруу коркунучу да бар. Тынч эле парламент аркылуу бийликти сактап калуу жолу турганда, мындай аңгекке бара турган жолду кайсы "акылман" ойлоп тапты болду экен? Балким, ушундай "схеманы" чийген авторлор чындап эле коюндарына котур ташын катып жүргөндөр болуп жүрбөсүн?

Сабыр МУКАНБЕТОВ