Ушакпы, чынбы?

Америкалык "The New York Post" гезити жакынкы эле санында, жеке маалымат булактарына таянып, "айтылуу гимнастка, Мамдума депутаты Алина Кабаева Владимир Путинден балалуу болду" деп жазып чыккан. Андагы маалымат боюнча, уул төрөлүп, Орусия ажосунун урматына Дмитрий атын алган. Жаш эне досторуна эне болуу бактысын, дагы балалуу болгусу келген калоосун сөз кылган имиш. Кабаева менен Путин гимнастка спорттук карьерасына чекит койгон 2006-жылга чейин эле жылуу мамиледе болгондугу жазылат. Эске салсак, "Московский корреспондент" гезити 57 жаштагы Путин Людмила Путина менен ажырашып, 26 жаштагы Кабаевага үйлөнөт экен деген имиштерди жазып жибергени үчүн жабылган. Баса,"The New York Post" гезити россиялык салмактуу маалымат каражаттары төрөлгөн наристе тууралуу сөз кылбай жатканына таңкалыптыр.


Охо, айды да сатып алыштыбы?

Израилде буга чейин дүйнөлүк сот практикасында кезикпеген иш каралып жатат. Өзгөчөлүгү - Жер планетасынан тышкары жаткан кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу жана аны сатуу укугу боюнча. 2005-жылдан бери чуусу бүтпөгөн бул иш Ириттин Айдан деген неме 4 миң кв.метр жер тилкесин сатып алганынан башталган. Ал:" сатып алып шылдың кепке калдым" деп, Израилде Айдагы жер тилкелерин сатуу менен шугулданган CrazyShop интернет-дүкөнүнүн кожоюндары Хагай Наве менен Даниэль Яронду сотко сүйрөп, моралдык чыгымы төрт жылда өсүп, азыр 35 млн шекел (9,3 млн долларга) талап кылып жатат. Негизи күнөөлөнүп жаткандар - ортомчулар. Айдын чыныгы ээси - Денис Хоуп деген америкалык бизнесмен. Ал 1967-жылдагы БУУнун мамлекеттердин космос мейкиндигин изилдөө жана пайдалануу принциптерин караган Макулдашуусунан юридикалык кынтык таап, Айды, ага кошуп Күн системасындагы 8 планетаны өзүнө жаздырып алган.


Сталинди небереси коргоп...

Сталиндин небереси Евгений Жугашвили чоң атасына сөз тийгизгендерди, утпаса да, сотко бергенден тажабайт экен. Жай айында "Новая газета" басылмасын "Правда ГУЛАГа" деген макала үчүн сотко чакырып, 10 млн рубль төлөтүп алам дегенде, сот канааттандырган эмес. Бул жолу "Эха Москвы" радиостанциясынын кызматкери Матвей Ганапольскийдин: "Сталин 12 жашынан балдарды атууга берсе болот деген Указга кол койгон. Кайсы акмак аны коргоп сөз айта алат?" деген сөзү соттошууга себеп болуп жатат. Евгений намысына тийген бул сөз үчүн да 10 млн рубль сурап жатат.


Тимошенкого кол салуу даярдалганбы?

Украинанын бир басылмасына Юлия Тимошенконун жансакчыларынын начальниги Алексадр Б-ко "темир айым" 6-7 жолу кол салуунун курмандыгы болуп кала жаздаганын айтып берген. Анын айтымында, бул максатта жалданган адам сырттан келген да, бирок алдын ала колго алынган иш-чаралардан улам мүдөөсүн ишке ашыра албай калган. Ал эми Тимошенко болсо, Ющенко менен Янукович биригип алып, ага каршы иштеп жатышканын жар салды.


Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө...

Миллиардер Прохоров ааламдагы эң кымбат деп эсептелинген Франциядагы Villa Leopolda вилласын сатып алуудан баш тартып, алдын ала төлөнгөн акчаны сот аркылуу кайтарып алууга белсенүүдө. 2008-жылы франциялык миллиардер айым Лили Сафрага таандык вилланы 347 млн фунт стерлингге (568,2 млн доллар) сатып алмак болуп, алдын ала 35 млн стерлингди (60 млн доллар) төлөп берген. Бирок анын беделине доо кетирген айрым жагдайлардан улам, "кечирим сурашмайынча сатып албайм" деп чыккан. Анын көңүлүн алып, иш бас-бас болсо да, соңку оюнан кайткан эмес. Лили Сафрандын адвокаттарынын "Франциянын мыйзамы боюнча алдын ала төлөм бизде калат" дегенине макул болбой сотко кайрылды.


Көк роза көрдүңбү?

Японияда былтыркы күздөн бери сатылып жаткан көк роза жаңы жылдык белектердин алдыңкы сабынан түшкөн жок. Эске салсак, "Аплодисменты" деген аталышты алган бул роза табигый - башка гүлдүн генин аралаштыруу жолу менен алынган. Кыйынчылык менен жаралганы анын бир талына эле коюлган баа далилдеп жатат. Ал алгач кадимки розалардан 10 эсе кымбатка - эки-үч миң иенден (22-33 доллар) сатылса, жаңы жылга утурлай баасы дагы көтөрүлүп барат.

Даярдаган
Салима Жакшылык кызы