Азоого чалма

И.Исаковдун соту- коррупциянын тазалыкка чабуулу
Исмаил Исаковго байланыштуу тергөө жана соттук териштирүүлөр дээрлик бир жыл жүрдү. Тергөөчүлөр генералды Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техника жоголду, баласына квартира берди жана аскердик майрамдарды белгилөөдө бюджеттин каражатын пайдаланды деп айыптап жатат. Сөзүбүз куру болбош үчүн ар бир айтылганга жүйөө жана фактыларды келтирели.

Соттук териштирүүдө болсо алардын бири далилденбей калды. Аскердик прокуратура айласыздан Балыкчыдагы техникалар боюнча коюлган айыпты алып салууга да аргасыз болду. Ал эми Исаковдун уулуна квартира берилиши боюнча чатак алда качан эле чечилип, өзүнүн баасын алганы белгилүү. Квартира чатагы үчүн коргоо министринин мурунку орун басары Борис Югай жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Убактылуу жашоо үчүн Куралдуу күчтөрдүн капитаны Руслан Исаковго берилген квартира мамлекетке кайтарылды. Бул иштин баары ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаковдун жеке тапшырмасы жана аракети менен ишке ашырылган. Бул сотто дагы бир ирет тастыкталды.
Бирок, Исаков президенттин саясатын сындап, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткенден кийин "токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет" дегендей жогорудан тапшырма катуу болгондон прокуратура кылмыш ишин козгоп чыкты... Аскердик майрамдарды белгилөөгө каражат бөлүү боюнча айыптоо жөн эле күлкү келерлик. Анткени ал майрамдар мурдатан эле майрамдалып келген жана азыр деле майрамдалууда.
Мына ошентип, бул соттук иштер, Башкы прокуратура, Аскердик прокуратуранын текшерүүлөрү Исмаил Исаковдун өтө таза экендигин далилдеп, айкындап чыкты. Жылдап жүргөн текшерүүлөр Исаковдун "куйругу калбырсыз" экенин көрсөттү. А мамлекетте эмне болуп жатат? Мамлекеттин башындагылар эмне болуп жатат? Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду. Мамлекет башындагылардын үй-бүлөлүк бизнеси тууралуу орус өкмөт башчысы Владимир Путинге чейин сөз кылууда. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов айткандай, Кыргызстанды мамлекеттик масштабда коррупция каптады.

Бул коррупция эмнеден көрүнүп турат?
Кыргызстанда жакынкы убакта эле аты-жыты белгисиз болгон MGN GROUP (жетекчиси Евгений Гуревич АКШ жараны, мүмкүн Израилдин дагы) деген компания Социалдык фонддун активин "кереметтүү күчтөрдүн" (албетте жетинчи кабаттагы) таасири менен башкарууга алууга жетишип, ал аркылуу өлкөнүн стратегиялык ишканаларына Гуревичти баш кылып, бүт командасын жайгаштырды. Гуревичтин өзүнө аты да, заты да окшош Роберт Генкин, Михаил Надель, Елисеев деген сыяктуулар "төрө" учурда. Мына ушулар энергетика, алтын, насыя, бюджеттик төлөмдөр сыяктуу финансылык агымдардын үстүндө отурушат. Булардын бардыгы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен байланышта экени айтылып келет. Андай байланышсыз алардын өлкөнүн финансылык жана башка кан тамырларына отуруп алуусу мүмкүн да эмес..
Мына ушул жерде коррупциянын тазалыкка чабуулу көрүнүп турат. Мафиялык топту түзгөн космополиттер үчүн мекенчилдиктин кереги жок. Алар кайсы жерде акча тапса, ошол жердин канын соруп, андан кийин кете беришет. Муну Россиянын Борис Ельцин башкарган учурдагы тарыхы, андан кийин акыркы кризис учурундагы АКШнын абалы айкын көрсөтүп турат. Ошол космополиттерди тобу азыр Кыргызстанда иштеп жатат. Генерал Исмаил Исаков болсо мекенчил, улуту үчүн күйгөн инсан. Аны биз макалабыздын төмөнкү бөлүгүндө фактылар менен далилдеп беребиз. Ошондуктан жогорудагы көрүнүш байкап туруп, Кыргызстанда мафия мекенчилдикке чабуул коюп жатат деп кесе айтабыз.

Өкүмзорлуктун акыл-эске чабуулу
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө акыл-эси бар адамга айкын болду, Исмаил Исаковго коюлган айыптар жасалма экени. Анткени коюлган айыптардын бирөөсү да далилденген жок. Тескерисинче, күбөлөр Исмаил Исаковго "урматтуу министр" деп кайрылып, аны менен кызмат кылганына сыймыктанганын билдирип жатышты. Маселен, генерал-майор Орузбаев, полковник Мухамеджанов Исаковдун ишин тарыхый катары баалап, аны келечекте тарых баалап аларын билдирди. Бирок, прокурор Тимур Карабаев Исаковду сегиз жылга эркинен, генералдык наамынан ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону, жүз миң сом айып пул салууну талап кылды.Мына ушул жерде өкүмзорлуктун акыл-эске чабуулу байкалып турат. Бул- таза экендигине карабаймын, менин өкүмүм зор, кааласам камаймын деген позиция. Бул өкүмзорлук эмей эмне? Эми Исмаил Исаковдун мекенчилдигин, улуттун кызыкчылыгы үчүн күйгөн инсан жана саясатчы экенин үч-төрт факты менен далилдеп берүүгө аракет жасайлы. Ал үчүн өткөн окуяларга жана алардын учурундагы Исмаил Исаковдун аракеттерине токтолууга туура келет.

Биринчи факты:
1999-жыл. Баткен окуясынын учуру. Анда Исмаил Исаков Коргоо министринин орун басары. "Сакалчандардын" чабуулуна байланыштуу ошол кездеги коргоо министри Мырзакан Субанов эс алууда жүргөн Исмаил Исаковду чакырып, Баткенге барууну буйруйт. Исаков Баткенде "сакалчандарга" каршы операцияны жетектөөгө киришет.
Дароо түнкү дүрбү сыяктуу шаймандарды алдырып ( алгач аскерлер андай шаймандарссыз барган) , аскерлерди тоодогу мерчемдүү жерлерге жайгаштырат. "Сакалчандарды" талкалоо жана аларды ылдыйга түшүрбөө боюнча чараларды көрөт.
Бирок Мырзакан Субанов аскерлерди түзгө түшүрүү, операцияны милиционерлерге өткөрүп берүү тууралуу буйрукту Исаковго берет. Исаков аны аткаруудан баш тартат. "Эмне үчүн биз "ключевой" жерлерди таштап, ылдыйга түшүшүбүз керек? Биз операцияны аягына чейин чыгарып, "сакалчандарды" жок кылышыбыз керек деген маселени коет Исаков.
Бирок Субанов жогорудан буйрук болгонун айтып туруп алат. Көктүгүнөн кайтпаган Исаков аскерлерди түзөңгө түшүрүү, позицияларды калтыруу тууралуу буйрук берүүдөн баш тартып, андай буйрукту министр катары Субанов бере аларын эскертет.
Субанов аскерлерди түшүү, операцияны токтотуу буйругун берет. Исаковду командачылыктан бошотот дагы Бишкекке учуп кетет. Исаковду сен эртең учасың деп коет.
Баткендеги күчтөрдү башкаруу үчүн Бишкектен генерал Шамкеев жөнөтүлөт. Бирок Шамкеев Баткендеги аскерлер турган базага келбей, жапон геологдору жайгашкан лагерге барып, түнү менен колго түшүп калат...
Ошентип аскерлерди ылдыйга түшүрүү, операцияны токтотуу буйругу "сакалчандардын" ылдый түшүп келүүсүнө Шамкеев баш болгон жоокерлерди, жапон геологдорун барымтага алуусуна шарт түзөт.
Түзүлгөн мына ушундай жагдайга байланыштуу Мырзакан Субанов эртеси күнү Баткенге кайра келүүгө аргасыз болот. Бирок Исмаил Исаковдун жүзүнө тик карай албай калат...

Экинчи факты
2005-жыл. Март ыңкылабы. Исмаил Исаков Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.
Бишкектен качкан Акаевдер Казакстан, Москвадан аскердик жардам алууга аракеттенет.
Ыңкылаптан кийин Кыргызстан АКШ, Батышка ооп кетет деп чочулаган Москва, Екатеринбургдан бир нече ИЛ-76 учагы менен "спецназды" камдайт. Алар учуп чыгышат. Алгачкысы келип конуп, калгандарын кабыл алуу боюнча даярдоо ишине киришет.
Бул маалымат Исаковго жетип, ал Россиянын Кыргызстандагы ошол кездеги элчиси Евгений Шмагинди жана аскердик атташесин чакырып эскертүү берет. Эгерде ИЛ-76 учактары Манаска же Кантка коно турган болсо, ал кол салуу катары бааланып, ошого жараша мамиле болоорун ачык айтат жана ошол замат элчинин көзүнчө танктарды аба майдандарга жылдыруу, аба күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун берет...
Екатеринбургдан учкан ИЛ-76лар кайрадан кайтып кетүүгө мажбур болот. Акаевдин планы ишке ашпай калат.
Бул окуя Исаковдун мекенчилдиги, көк жалдыгы жана кыргыз мамлекетинин ар-намысы үчүн эч нерседен артка кайтпастыгын көрсөтүп турат.

Үчүнчү факты
Ыңкылаптан кийин Россиянын коргоо министри Сергей Иванов Кыргызстанга келет. Аны Кыргызстан коргоо министри Исмаил Исаков тосуп алат. Экөө бир автоунаага отуруп, жол ката сүйлөшүп келет. Сергей Иванов орус тарап берип жаткан жардамдар тууралуу айтып, мактана кетет.
Бирок ага жооп кылган Исаков орустар эмес, "Улуу Россияга Кыргызстан жардам берип жатканын" айтат.

Төртүнчү факты
Исмаил Исаков 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткенден кийин аны менен "тил табышууга" бийлик аракет жасаган. Чек ара кызматынын башчылыгы жана башка кызматтар бир эмес бир нече жолу сунушталган. Бирок генерал үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция кыргыз калкына кандай зыян, азап алып келип жатканын көрүп, саясатты өзгөртүүгө чакырат. Саясат өзгөрсө, ыңкылаптын идеалдарына, максаттарына кайтуу болсо гана кызмат жөнүндө ойлоого болоорун белгилейт.
Бийликте болсо союлун көтөрүп согуудан башка айла калбай калат.
Сот менен коркутушту. Жалгыз уулу Руслан Исаковду чет жакта тентитишти. Эми мына сегиз жылдык түрмө, генералдык наамды алуу, үй-мүлкүн конфикациялоо менен коркутуп жатышат.
Бирок генерал чегинбей, кайрадан келечегине түз карап, эгерде камашса "түрмөгө "строевой шаг" менен кирип барарын" айтып жатат.
Бул - Кудай алдында, абийринин алдында, элинин алдында өзүнүн таза экендигине жана өзүнүн позициясы туура экендигине ишенген инсандын позициясы.
Мына ушуларды байкап туруп, Генерал Исаковго чабуул-бул коррупциянын тазалыкка, мафиянын мекенчилдикке, өкүмзорлуктун акыл-эске чабуулу деп бекем айта алабыз.
Акыркы маалыматтар боюнча, Курманбек Бакиев Аксы окуясынын "каарманы", азыркы мезгилдеи Аскердик соттун башчысы Чубак Абышкаевге юстициянын "генерал-майору" деген наамды берди. Бул "аванс" Абышкаевге 17-декабрда чечимди "биз каалагандай чыгарасың" деп берилди дегендей шек бар.

Айданбек Ташкенбаев
Редакциядан: Кечээки сот процесси И.Исаковдун адвокаты Бекназаровдун кайнатасы каза болуп, жактоочунун процесске катыша албай калгандыгынан улам, кийинкиге жылдырылды