Евгений Сухов

"Вор в законе"
Беспалый тамагын жасап, отургучка ыңгайлашып отурмакка ойдолонуп калды. - Мына ошентип мен, Тимоха Беспалый, боз бала кезде, зонадагылардын баарынан бийик көтөрүлдүм, - мыйыгынан күлүп сөзүн улаган кары. - Эми андан нары эмне болгонун угуп тур...

11-бөлүм
Баарынан жаманы бир айдан кийин, Түндүк Уралга офицерлер жана жыйырмадай күзөт солдаттардын коштоосунда жолдош Веселовский келгенде болду. Ал зона аймагын ишенимдүү аралай басып, эгерде ал советтик системадагы түзөтүүчү-эмгек лагерлеринин таасири күч адамдарынын бири экенин билбегенде, жаңы таанылган пахан болсо керек деген ой кетмек. Үстүндөгү тельняшкасы башка бир блатарга ылайык келген алтын фиксадай эле Веселовскийге жарашып турду.
Веселовский Беспалый менен жекече жолугуу ниетин билдирди. Зонада "кызыл бурч" деп аталган, кызыл карагай менен капталган чакан үркө жыртык-тешиги калбай ышталган эле - тамеки түтүнү бир эле дубалдарына, шыбына эмес, жадагалса сумсайган лагерь пейзажы көзгө урунчу терезесине чейин сиңип калгандай.
Веселовский тартылып бүтпөгөн папиросту калай банкага күч менен жапшырды эле, ал карылуу манжалардын алдында түтүнү бир бүркүлүп барып өчтү.
- Сага кандай жардам беришти билбей турам, - деп баштады Веселовский. - Бул жерде бир гана лагерь начальниги эмес, мага да сөз тие тургандай ушундай бир кылгылыкты кылыпсың. Сага эмне деп айтылды эле? Тартипке келтирүү! Бирок мынчалык кымбатка турбашы керек болчу! Чынын айтсам, эми эмне кылышты билбей жатам... Ачыгын айтсам, бул кулак коомчулугун өзүм деле анчалык жактыра бербейм, аларды таңгак-таңгагы менен дубалга тургузмакмын. Бирок ал үчүн да өзүнчө инструкциялар керек.
- Мен советтик начальник эмес, вормун, инструкция менен жашаганга көнгөн эмесмин, - деди Беспалый чорт жооп берип.
- Ушундай оройлук үчүн башка бирөө болсо тирүүлөй чиритмекмин! - деп, Веселовский да добушун катуулатты.
- Анда эмнени күтүп жатасыз? - Беспалый кекээр жылмайып. - Холуйларыңызды чакырыңыз, бир заматта мойнум бурап коюшат.
- Э, жигит, эмнең менен жагып калганыңды өзүм да түшүнбөйм... - деди, күтүүсүз жумшак жылмайган Веселовский. - Балким, тайманбастыгың? Мен да ошондой болгом.
Беспалый өзүн үркө ичинде ыңгайсыз сезип отурду, андан да бул жерде жылуулук жок болчу. Өткөн жылдын түкүрүк тоңгон кышкы түндөрүнүн биринде чеки иш кылган беш блатнойду лагерь начальниги "кызыл бурчка" отургузуп койгон. Алардын бирөөсү гана элүү градустук суукка чыдап, аман калып, жыйынтыгында Өлбөс атыгып кеткен.
- Сени эмне кылышым керек? - боор тарткансып суроо салды Веселовский. - Эгерде жок болуп кетсең, сен тууралуу эч ким сурап да койбойт. Сен жоксуң да! Сен эчак эле өлгөндөрдүн катарында келесиң. Эсиңден чыгарган жок белең?
Беспалый күтүүсүз деми кыстыгып, тамагына туруп калган абаны кыйналып жутту. Ал Веселовский сындуу адамдарды жакшы билчү: алар үчүн адамды тигил дүйнөгө жөнөтүү тамекини өчүргөндөй эле жөнөкөй иш боло турган.
- Жок, унуткан жокмун.
- Мунуң жакшы, - маашырланган Веселовский сөзүн жандуу улантты:
- Билесиңби, менде сага сунуш бар.
- Кандай?
- Ушундай, өзүңдү өзүң дагы бир жолу сактап калгыдай... Мага айтышты эле, сени бычак менен дурус иштейт деп. Аны кайдан үйрөнгөнсүң?
- Мен деген багар-көрөрү жок баламын, бычак бала кезимен жанымда.
- Анда мындай, өз күнөөңдү бир катар өлүм жазаларды ишке ашыруу менен жууйсуң,- деди Веселовский, колунун манжаларын салаалап. - Ошондо биздин шарттарды күчүндө калтырам, башкача айтканда, Беспалый деген фамилия менен жаңы паспорт аласың да, төрт жагың кыбыла, каалаган жагыңа кете бересиң. Макулсуңбу?
- Байкашымча, жолдош начальник, менде башка жол жок көрүнөт? - деди, күңкүл жооп кылган Тимофей.
- Туура, - жайдары жылмайган Веселовский. - Эмесе, макулдаштык. Мындан нары бул лагерде калбайсың, мени менен кетесиң.
- Кайда?
- Шашпай билесиң. Эми алдыда сен үчүн эң сонун өсүш болгону турат! - Веселовский кайрадан жылмайды.
Тимофей Беспалый жолдош Веселовский менен болгон кыска баарлашуудан эле бул олуттуу адамдын болбогон нерсеге азуу кайрай бербестигине ынанды. Веселовскийдин ага, Беспалыйга, арнаган ар бир жылмаюусу өтө эле кымбатка туруп жатты: алгач ал бир ай жалгыз отуруп чыкты, анан Веселовский аны жер бүткөн жайга алып барып тыгып салды. Бул жолу эмнеси күтүп турду экен?
- Эки жолу өлүмдү көрүп, аман калганына көрүнгөн эле мактана бербейт! Ха-ха-ха! - деген каткырыкты салды чоң начальник.
Беспалый өзү да амалсыз бул тамашага жыйрыла түштү: тээ туңгуюктун кырында турганында ага жардам чынында эле Жараткандан болбосо керек.
***
Беспалый отургуч сүйөнгүчүнө боюн оор таштап, унчукпай, куш уйкуда жаткандай көзүн жуумп калды. Тимофей Егорович эс алганча дегендей Варяг да кыймылдабай күтүп отурду. Айтып жаткан баяны отставкадагы ИИМ полковнигин чарчатып эле ийбестен, катуу түйшөлтүп койгону түшүнүктүү болуп турду. Владиславдын өзүндө да бул шалбыраган карыга карата аео сезим байкалган жок, ага жийиркендей туюм аралашып кетип жатты. Бирок кызыгы: ал "сукалар зонасынын" мурунку "кумуна" жек көрүүнү туйган жок. Анын себеби Беспалыйдын мурда өткөн жана унутулган иштер тууралуу сырды ачканында эмес эле, - азыр алар менен кимдин иши бар? Бирок, Игнатовдун түшүнгөнү боюнча, башынан өткөргөндөрүнөн бул кары узак жылдар бою ичинен кыйноо тартып келген.






  Эх, сүйүү, сенин көзүң жок

Таксисттин махабатына кабылып…...
Ооба, экөөбүз ойдо жок жерден таанышканбыз. Студенттер күнүндө биз кафеден чыккан элек. Күн кечтеп кеткенинен такси кармап кетмей болдум. Кудай буйруп тагдырыма сен келдиң. Жолдо карата таанышып, а түгүл эски тааныштардай тез эле тил табышып сүйлөшүп кеттик. Үйгө жетип калганда "Телефонуңду, мүмкүн болсо, бербейсиңби?" дедиң. "Телефон өзүмө керек, кааласаңыз номерин берейин" дедим. Номеримди жазаарын жазып, атымды унутуп калсаң керек. "Менин колум рулдан бошобой атат, атыңды жазып берчи" дедиң. Жок. Эгер атымды эстеп калсаңыз колуңуз бошогондо жазып аласыз деп койдум. "Кай жактан болосуң?" дедиң. "Кыргызстандан эле" дедим. "Бир жерден көргөндөй болуп атам, таластык эмессиңби?" дедиң. "Талас жакка эч тиешем жок, Сынташ деген жерди билесизби, ошол жерликмин" дедим. Кудай жалгап сен да ал жердин атып биринчи угуп атышың экен. Сыр билгизбей сынташтык болуп койдум. "Ысык-Ата жактабы?" - дедиң. Дагы суроо берип ийбесе экен деп, сыр бербей отурдум. Болбосо ал айылдын атын эле укпасам, билбейт элем. Оозума ошол айылдын аты келип айта салгандагым болчу.
Убакыт өтүп, сени унутуп калыптырмын. Кээде телефон чалып калганыңда эч маани деле берчү эмесмин. Телефондон эле сүйлөшүп атып, жакын болуп кеттик. Анан жолугуша баштадык. Жолуга баштагандан бери жакын болуп кеттик. Сендей, анан да таластык бала менен мамиле түзөм деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сени менен жолуккан күн мен үчүн чоң бакыт болчу. Бир жолу "Атам мен башталгыч класста окуп жүргөндө каза болгон. Шаарга келип көп жумуштарды иштегем, мен иштебеген жумуш калган жок" дедиң. "Эмне тачка түртүп, ботинка дагы тазаладың беле?" - десем: "Таппаган сурооң жок, бирок андан башка жумуштарды иштегем" - дедиң. Мен сени алгач эч капарыма албасам, кийинки күндөрү эң жакын адамымдай көрүп калдым. Бирок сенин үй-бүлөң, балдарың бар экенин укканда, жер астын-үстүн болгондой болдум. Мага келип жакшы сүйлөп жүргөн сени жек көрө албай, үйүңдө сени күтүп, суугуңа тоңгон, ысыгыңа күйгөн аялыңды аядым.

Эх, чиркин, үй-бүлөң бар экенин башта билсем эмне?! Мен сени жакшы көрөм, бирок аялыңды, балдарыңды аяйм. Мүмкүн бул убактылуу сезимдир. Сага жолуккандан бери "таксистти күйөөм дебе" дегенге ишенип калдым. Алгач бир көрүп телефон номеримди берип, өз жүрөгүмдү өзүм жараладым. Өзүмдү алаксытып, мурда көңүл бурбай, теңиме албай жүргөн бала менен жүрөгүмдү дарылайм. Сүйүүнүн жалыны күчтүү экенин эми сездим. Үй-бүлөлүү адамды азгырбай, мен да өз теңимди издеп келем. Мектепте окуп жүргөндө артымдан чуркаган Азаттын сүйүүсүн эми барк-тап отурам. Бир жолу "Мейли, сүйбөсөң сүйбө. Бирок сага болгон махабатты аябайсыңбы" дегени кулагыма жаңырып турат. "Сүйүп көрбөгөн сүйүүнүн баркын билбейт" деген чын экен. Мына мен таксисттин махабатына кабылып, махабат эмне экенин эми билип отурам...

Айдай,
Жалал-Абад шаары