Эртең, 12-декабрь - заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү...

"Манастан" кийин кыргызым-
Мактаныч кылчу Чыңгызын…..."
Айтайын сөздүн чындыгын,
Азалуу болду бул кылым.
Манастан кийин кыргызым -
Мактаныч кылчу Чыңгызын:
- Айтматов Чыңгыз жаркыган
Ак таңыбыз дечү элек.
Айтылып бүтпөс дүйнөдө,
Дастаныбыз дечү элек.

Ааламда сиздей аз эле,
Алатоо болуп угулчу
Айтматов деген ат эле.
Алыскы башка өлкөдө,
Ал өзүнчө маселе..,
Тарыхты билбей кээ бир эл
Бизди,
Тааныбай калса эч эле:
"Кыргыздын" дебей кыргызды,
"Чынгыздын" эли дечү эле.

Эми ошол атабызды көрө албай,
Атабыз бар дей албай
Эңгиреп турбуз кайгыдан,
Эх, арман,
Эсибизге келе албай:
Ак жамгыр - боздоп төккөндөй,
Ак бороон - улуп өткөндөй,
Алатоонун башынан
Ак мөңгү - эрип көчкөндөй.
Атасы кетти рухтун,
Айласыз дүйнө көнгөндөй.
Ааламың калды томсоруп
Асмандан Айды бөлгөндөй.
Элибиз кыргыз кайгыда,
Эр Манас эки өлгөндөй.

Ак дайра болуп актыныз,
Ааламды жиреп бөксөрбөй.
Ордунда ушул шум дүйнө
Оо, качан турган өзгөрбөй?
Жалгандын улуу мыйзамы,
Жазмышка аалам көнгөндөй.
Көкүрөк түтөп турабыз,
Көктөн бир Күндү бөлгөндөй.
Кайгыда кыргыз элибиз,
Кан Бакай кайра өлгөндөй.
Өмүрдүн жолу бурулуш
Өзүңдү жоктоп турубуз.
Көз өткөнчө жарыктан
Көр тирликтин кулубуз.
Айрымаңыз атаке
Сиз,
Андайдан бийик турдуңуз.
Акылдын асыл жарыгын,
Адамзатына сундуңуз.
Алатоонун койнунан,
Атылып чыгып булактай,
Алп деңиздерге куйдуңуз.
Атланттын ар жагын,
Кайра,
Азия көздөй бурдуңуз.
Алтындан ордо курбастан,
Акылдан ордо курдуңуз.
Биз жүрөбүз,
Аялым, балам, тууган деп,
Сиз,
Ааламга кызмат кылдыңыз.

Атагың "кылым карыткан"
Асыл жан элең даанышман,
Өзгө эл бизден көп сүйүп,
Өзүмдүк кылып алышкан.
Күн батыштын аржагы
"Гүлсары" атка жем берип,
Күнүгө таптап багышкан,
"Жамиляны" эңсешип,
Жабыла сүйүп калышкан.
"Акбара менен Ташчайнар",
Аларды билет алыстан.
Кайра эми сиздей чыгабы?
Калкын тургай, жеринин,
Карышкырын журтка тааныткан.

Кээ бирөөлөр Чыкемде,
Арман жок деп ойлошоор.
Жыргалдар Чыкем көрбөгөн
Калган жок деп ойлошоор.
Акылына жараша,
Ар кимдер ар кыл болжошоор.
А бирок Чыке ким билет,
Арманды катып ичиңе…
Алыста ооруп жаттыңбы,
Алатооң кирип түшүңө?

Андагы заман шартынан,
Айдоонун жүрүп зарпынан,
Элдик баатыр Төрөкул
Атакең,
Эртелеп кетип калкынан,
Энеден таалим үйрөнүп,
Эбелек кезден күүлөнүп,
Калкындан таалим үйрөнүп,
Канатың эрте күүлөнүп,
Кан күйгөн согуш маалында,
Каргадай бала чагында,
Олуя-Ата, Маймактын,
Оң түштүк чыгыш жагында,
Аскерден кара кат келип,
Апалардын көзүнө
Армандан ачуу жаш келип,
Араба тартып кеткен жер,
Карабуура дайрасын,
Какшатып бутуң кечкен жер,
Башына тоодой иш жүктөп,
Балалыгың өткөн жер,
Толгонай апа зар айтып,
Томсоруп жашын төккөн жер.
Шекер, Жийде, Чон-Капка,
Төрүң эске түшкөндүр.

Түндүгүң түрсө кыргыздар
Түртүшүп турган жылдыздар,
Арчасы айды желпиген,
Аркары булут эрчиген,
Жериң эске түшкөндүр.
Ар качан барып жүрчү элең,
Артыкча баалап сүйчү элең,
Акуусу сүзүп ойногон,
Ааламда болбогон,
Каркырадай керилген,
Кандай бейиш дедирген,
Көлүң эске түшкөндүр.
Кабыргасы ката элек,
Элиң эске түшкөндүр.

Жактырган батыш элдери
Хэмингуэй, Маркести,
Гете, Гегель, Гейнени.
Өзгөчө талант элде көп,
Өзүнчө ачтың бейнеңи.
Ааламга кеткен атагы,
Алптардын арбын катары.
Ажалга келип токтогон
Алардын дагы сапары.

Эми,
Алтындан турган дүнүйө -
Тонолгонун көргөмүн…
Акылдан курган дүнүйө -
Тонолгонун көрбөдүм!
Эл сүйбөгөн бийликтин -
Жоголгонун көргөмүн.
Эл сүйлөгөн өнөрдүн -
Жоголгонун көрбөдүм!
Ошол,
Өнөргө таазим ийгиздиң.
Өлбөстүгүң билгиздиң.
Таанылып далай элдерди
Талантың менен сүйгүздүң.
Батыш менен чыгыштын
Баары көңүл айтышты.
Орусия өлкөсү
Президент, пример
Дагы көнүл айтышты.

Жылдыз өчпөс болсочу!..
Чыңгыз өлбөс болсочу!..
Кыраанынын өлгөнүн,
Кыргыз көрбөс болсочу!..

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ
төкмө акын




  Чыкемди эскерүү

Кыш. Декабрь. Эч кимге жок чатагым,
Бар болгону өзүмө өзүм капамын.
Элесиңиз көз алдымда турса да,
Сиз жөнүндө ыр жаза албай жатамын.

Жан дүйнөмө үстү- үстүнө үйүп жүк,
Көкүрөктөн күйүт кетпей жатат түк.
Сиз дүйнөнү калем менен жеңсеңиз,
Сизди жеңди сексен деген бийиктик.

Бири болуп эки сеңир Чыңгыздын
Сиз аркылуу дүйнө тааныйт. Кыргыз ким?
Арбагыңыз аздектелбей жаткансыйт,
Мокогунан, бирок ошол кыргыздын.

Мына Шекер, тоолоруңуз тигине,
Кулак төшөп Күркүрөөнүн үнүнө
"Каралдым ай, кайсыл жакта жүрсүң?" деп
Томсоргонсуйт сизди күтүп күнүгө.

Эмне бердик, эл деп жашап өттүңүз,
Талап кылдык кайра сизден көптү биз,
Тирүүлүктө баркыңызга жете албай,
Бүгүн келет изиңизди өпкүбүз…

Алты ай күтпөй ажал сизге шашканбы,
Айла канча, көтөрөбүз жазганды.
Чекесине сыйбаса да кыргыздын,
Чыкем үчүн экинчи өмүр башталды

Тургунбек Бекболотов