Жарыяланганга кайрылабыз

"Жарыгы жок, суусу жок,
таштандынын түбүнө там кургандар"
Ушундай аталыштагы макала гезиттин ушул жылдын 1-октябрдагы №45 санында жарык көргөн эле. Анда Бишкек шаарындагы эл арасында "Алтын казык" деп аталган жаңы конуштагы адам чыдагыс көйгөй тууралуу сөз болгон. Ал сөздү улап, аталган конуштун төрагасы Осмон Рыскулбеков мына буларды билдирди:

Биздин "Алтын казык" конушу шаардын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү полигондун жанынан орун алган. Себеби ошол Аламүдүн районуна караштуу 84 гектар жер үлүшү шаарга өткөрүлүп берилсин жана ал жер жеке менчик турак жай куруу үчүн муктаждарга берилсин деген өкмөттүн 2005-жылдын 17- июнунда № 241 токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде , ага удаа Бишкек шаардык мэриясынын 2005-жылдын 22-июнунда 84 гектар жерге жеке менчик үйлөр салына берсин деген токтому да жарык көргөн. Эки-үч курдай ошол учурда иштеп турган шаардын вице-мэри Ч. Алымкулов бизди таштанды төгүлүүчү жерге алып барып, "ушул жерге силерге чечим чыгарып беребиз, таштандыларды болсо кайра иштетүүчү завод куруп, жок кылабыз" деп бир далай убадаларды берген. Бирок биз "башка таза жерден бергиле, бул жер көрүп турасыңар, санитардык абалы начар, балдарыбыз ооруп же бир эпидемия болсо, ким жооп берет" деп макул болгон эмеспиз. Тилекке каршы бизге убада кылган жердин бөлүнүшү улам кечиге берип, убакыт күзгө таяп калганда, октябрдын он бешинде 16 коом биригип, "башка жер таптакыр берилбейт окшойт, андан көрө ушул жерди жоктон көрө жогору, ала берели" деп ошол жерге отурукташып калганбыз.
Андан бери төрт жыл өттү. Ал жерде учурда 2000ден ашык фундамент куюлуп, 80 пайыз үйлөр курулуп, үстү жабылып, 37 пайыз үйлөр толугу менен бүткөрүлүп, эл жашап жатат. Ишенсеңиз, биздин эл, сиздер жазгандай, төрт жылы кышты суусу жок, жолу жок, электр жарыгы жок өткөрүштү! Элдин абалы ит ыйлагыдай. Барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калган жок. Ушул кезге чейин элибиз мыйзамдуу чечимин ала албай кыйналып келет. Чечим болбогондуктан, жогоруда айтылган көйгөйлөр да аткарылбайт эмеспи. Ал турсун, элге көрсөтүлүүчү кызматтар, тез жардам, милиция кызматы бизге көрсөтүлбөй келет. Балдарды мектепке орноштуруу да өзүнчө проблема. Төрт жылдан бери эл катышкан шайлоо, референдум дегендерди да унуттук.
Туура, ал жердин санитардык абалы абдан начар. Таштанды полигону 1976-жылы 20 жылдык мөөнөт менен ачылган. 1996-жылы жабылышы керек болучу. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, шаарга М. Керимкулов мэр болуп турганда шаардык санэпидемстанциясы тарабынан 3-4 жолу таштанды полигонун жабуу тууралуу кат жазылган экен. Бул маселени мэр өз колуна алып, бирок кандайдыр себептер менен унутта калып калганын ошол мекеменин орун басарларынын өз ооздорунан 2005-жылы укканбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде мындай мыйзамдуу суроо туулат: таштанды полигону 1976-жылы ачылып, ушул кезге чейин тынбай иштесе, бизге 84 гектар жер бөлүнсүн деп эмнеге токтом чыккан? Ырас, президент жалгыз киши. Күнүгө миңдеген маалыматтар келип, миңдеген проблемаларды чечүү керек болот. Ал эми ал кишиге токтомду ким даярдап, ким кол койдурган? Ал эми токтомго кол коюлгандан кийин ал эмнеге токтоп калган? Таштандынын төгүлө турган өз мөөнөтү, мезгили бар го. Таштандыны ал жерге жүз жыл бою деле төгө беребизби? Акыры бир күнү токтотулушу керек го. Токтоо мөөнөтү 1996-жылы бүткөн турбайбы. Быйыл ал мөөнөттүн бүткөнүнө 13 жыл болуптур.
Башка мамлекеттер какыраган чөлдү гүлгө айлантып,океан- деңиздердин жээгинен 10-15 километрге чейин кургак жер жасап, элине берип, көптөгөн элинин турак- жай маселелерин чечип жаткан маалда, ушул таштанды проблемасын чечкенге неге болбосун? Эгер биздин мамлекет ал жерди жабууга мүмкүнчүлүгү жетпесе, өкмөт макул болсо, ошол маселени конуштун эли, өзүбүз бүткөрүп алуу колубуздан келет.
Таштанды төгүлүүчү жердин Кызыл сызыгы 1000 метр деп союз учурунда жазылып калыптыр. Макул, 1000 метр экен дейли. Ал эми Ала Тоо жаңы конушундагы шаардык мурдагы таштанды полигонун кандай кылабыз? Ал жер ушул кезге чейин жабылбай, ачык эле жатпайбы? Ал жердин тургундары, тамдарын тыкыр свалканын түбүнө чейин салып алып, чечимдерин чыгарып алышкан. Кээ бир жерлеринде ушундай фактыларга күбө болдук, таштандынын үстүнө топурак төгө салып, таштанды территориясына 10-15 метр кирип кетишкен.
Эми сөзүбүздүн акырында айтарыбыз, урматтуу редакция, жогоруда жазылгандарды тийиштүү мекемелердин кызматкерлери окуп чыкса, ошондой эле президентибиз окуп чыкса, өзүнүн революциядан кийинки токтомун эстеп, элдин кыйналганын, жашоо- шартын, биздин конуштун жашоосун көрүп, жакындан жардам берип, биздин проблемаларыбызды оң жакка чечип берет деген тилек менен сиздерге кат жолдоп жатабыз.

Осмон Рыскулбеков,
"Алтын казык" жаңы конушунун төрагасы




  Ойлонолу, окурман…

Бийлик "касапчылыгы"
Кыргыз бийлиги базарлардагы кадимки касапчылардын деңгээлинен да төмөн түштү. Бул сөздүн маанисин төмөндө түшүнөсүздөр.

Кыргыз Республикасынын 2010-2012- жылдар ичинде жылуулук энергиясына болгон "орточо шашылыштагы" тариф саясатын -Кыргыз Өкмөтү 2009-жылдын 12-ноябрында бекитти. Ушул документтердин негизинде ААК Бишкекжылуулук тармактарынын жылуу сууга жана жылуулукка болгон эсептерине көз жүгүртөлүчү: эсептөөлөр 1-2-3 бөлмөлүү квартираларга эсептелгендиктен, 2 бөлмөлүү квартирага мисал алалы.
48 чарчы метрден турган 2 бөлмөлүү квартирага жылуулук бериш үчүн 4.93 Гкалория сарпталып, акысына 5176.5 сом төлөйт экен керектөөчү. Ал эми жылуу сууга болгон төлөмдөр жан башына эсептелген. Маселен эки адамга 651.1 сом төлөнүшү керек. Болуптур деп коелу. Үйдүн жылышына сырттагы абанын таасири эске алынып, Бишкекте сырттагы абанын орточо температурасы төмөндөгүчө болот экен. Ноябрь айында плюс 3.8 градус , декабрь айында минус 1.1 градус , январда минус 2.6 градус, март айында плюс 4.5 градус, орточо температура деп алынган.
Чындыгында Бишкек жылуулук тармактары сырткы абанын эң төмөнкү температурасын тандап алган. Минтип сырткы абанын температурасын төмөндөткөндүн себеби эмнеде? Себеби сырткы абанын орточо температурасы 15 градус болуп жаткан учурда келүүчү жылуулуктун күчүн жоготот да керектөөчү тарифтерде көрсөтүлгөн Гкалорияны пайдалана албай калат. Бирок ошентсе да Бишкек жылуулук тармактары алдын- ала түзүлгөн келишимдеги акчаны талап кыла берет. Керектөөчү далилдейин десе алиге чейин квартираларда эсептегичтер жок. Муну бир деп коелу. Экинчи бир одоно жагдай жөнүндө. Жылуулук калкка Бишкек ТЭЦи аркылуу тарайт эмеспи. Бул таратуучу жерден жылуулук шаардын ар кайсы райондоруна ар кандай деңгээлде жетет. Анткени сырткы абанын температурасына жараша көп жерлери жылаңач трубалар аркылуу өтүп, дагы эле болсо жылуулуктун илеби кайтат. Бул физиканын закону. Маселен, ТЭЦ шаардын түштүк, батыш тараптарында (аралыгы 5-6 км) жайгашкан. Эл, борбордо жашагандардан кыйла төмөн температурадагы Гкалорияны колдонот. Ошентсе да, физиканын закондору далил өтүп жатса деле Бишкек жылуулук тармактары шаардын керектөөчүлөрүнүн шартын эске албай, баарына бирдей, стандарттуу дүңүнөн тарифтерди сунуштоодо. Бул тарифтерде дагы бир казус уюп жатат азырынча. Дегеним, эгер сырткы абанын январь, февраль айларында температурасы 25-35 ке жетсе, эл, керектөөчүлөр тарифтерде көрсөтүлгөн Гкалорияны пайдаланбастыгы айдан анык. Калк Бишкекжылуулук тармактары менен алдын-ала келишим түзүп койсо, колдонулбаган жылуулук жарым-жартылай Гкалория үчүн акча төлөй бериши керекпи?..
Жогоруда мен бийлик касапчынын деңгээлинен төмөн түштү дегенимдин жагдайы ушундай. Касапчы мал этинин көкүрөк, кабырга, кол жагына өзүнчө, ал эми арка, сан жагына өзүнчө, моюн, кар жиликке өзүнчө баа коюп сатат. Бул аларманды канааттандырат. Касапчы эт эскире түшсө, анын баасын төмөндөтөт. Себеби эски эт сапатын жоготот.
Менин жылуулук энергиясына, аны пайдалануучуларга айтаар кеңешим мындай: тарифтерде көрсөтүлгөн Гкалория бөлмөдөгү жылуулукка плюс 18 градусту кармап турушу керек. Эгерде температура андан төмөн болсо, үйүңүзгө тийиштүү Гкалория албагандыгыңыз. Демек, кызылдай акчаны ашык төлөгөндүгүңүз. Дагы бир кеңеш: Бишкек жылуулук тармагы менен келишим түзөөрдө юристке кайрылыңыз.

Жолдошбек Токоев,
эркин журналист