А-уу, адилеттик...

Абийир соту, кыйылган жаш өмүр
Бажырайган Бакыт аттуу баласынан айрылган Айсулуу Юлдашева адилеттик издеген каты менен бизге кайрылып, анын негизиндеги макала "Мыкаачы колунан мерт болгон өспүрүм" (27.10.09-ж., №35) деген аталыш менен жарык көрдү эле. Ага кайрылып отурганыбыздын себеби, Баткен жеринде болгон ошол мүшкүл окуя бир үй-бүлөнүн кайгысы эмес, ал биздеги жеке адам коопсуздугу, анын укуктук жактан корголушу кандай абалда экенинин кайгылуу да, азаптуу да мисалы болуп жаткандыгы. Же Кыргызстандын карапайым жарандарынын элементардык да, конституциялык да укуктары, эң оболу ар бир адамдын жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестигине укуктуу экендиги тепсендиде калып жатканы жалганбы?! Кашкайган чындык! Сот системабыздын жабырлануучусу бир эле Айсулуу эмес, андайлар жүздөп, миңдеп саналат.


Бул саам көтөрүлүп жаткан маселеге эларалык маанилүү бир дата да туура келип калыптыр. Ал - БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган Адам укугунун жалпы Декларациясы - Адам укуктары күнү. Жалпы маалымат үчүн айтып койсок, ал декларация кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан туруп, эларалык масштабда адам укуктарын коргоо боюнча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, анда бардык мамлекеттер сактоого тийиш болгон адам эркиндиги менен негизги укук маселелеринин чөйрөсү аныкталган. "Ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин, укугун таануу, эркиндик, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот" деп жарыяланган. Ага ылайык ар бир өлкөдө инсандын элементардык укуктары, жарандык, саясий, социалдык-экономикалык укуктарын урматтоо, сактоо көңүл борборунда болушу керек эле. Маселен, эч ким башка адам тарабынан кыйноого же адамды кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбай, ар бир жаран сот тарабынан адилеттүү корголууга тийиш эле. Андай болсо кана! Болбосо, адам өмүрүнө каршы багытталган кылмыштуу аракеттерден кырчындай жаш өмүр кыйылып, Айсулуудай эне алмончоктой баласынан ажырап боздоп калат беле? Бул жерде сот системасынын абалына чейин айтылчу маанилүү бир жагдай бар. Ал - аймактарда участкалык милиция кызматкери, милиция бөлүмдөрүнүн иш-аракеттеринин аксап жаткандыгы.

Эмне үчүн...?

Себеби, коомдук тартипти одоно бузууга бир жолу баргандар, теске алынбаса, кайталап жасай берет. Бул жерден Камчыбек уулу Бакыттын өмүрүн алган уруп-сабоого түздөн-түз катышы бар балдардын жүрүм-туруму мурда көзөмөлгө алынганбы деген суроо туулат. Үч айынан багып, түйшүгүн да, ырахатын да көрүп чоңойткон небересинин сөздөрүн эстеп, сүрөтүн, ал тартылган видеотасмаларды көрүп көз жашын төккөн таянеси Алча апанын, Эргеш атанын алдына айыпкер Сабырдын ата-энесинен башкасы басып келбей койгону, каалаган жагыңа барып арыздан-даттанган деген мамилелери эмнени каңкуулап турат? Бул - бир. Соңуна чыгып бараткан жылдын башында - 28-январда жүз алган бул окуя соттук териштирүүгө өткөндө сот иш боюнча топтолгон жана кошумча көрсөтүлгөн материалдардын негизинде, тең укуктуулук принцибинде, далилдердин бурмаланышына жол бербей, мыйзамдуу жана негиздүү жыйынтык чыгарышы керек болчу. Жабырлануучу тараптын айтымында, бир жактуулук басымдуулук кылып, Көк-Таш айлынан Жаңы-Бак айлына конокко барган балдарды ур-тепкиге алган топ баладан бир балага - Карим уулу Сабырга гана Бакыттын өлүмү жүктөлүп, калгандары жеңилдетилген жаза менен кутулган, экспертиза бүтүмү көпкө созулуп кармалып, бурмаланып жасалган. Аны далилдеген адамдар табылса да, негизги айыпталуучу Сабыр чырылдап айтып берсе да, атайынбы же жетиштүү эмес деппи, маани берилген эмес. Эми эксгумация тууралуу сөз козгоп чыгышыптыр. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышты. Айланайын, неберемди жайынан кантип козгомок элек?" дейт Алча апа чырылдап. Айтор, бул окуяны териштирүүгө алган райондук, анан облустук соттордун өкүм-аныктамаларына нааразы болгон Муратов Эргеш аба жана Муратова Алча апа, алардын кыз-күйөө баласы - Бакыттын ата-энеси 21-сентябрда Жогорку Сотко кайрылышкан. Ал жерде 18-ноябрда карайбыз деп, анан 2-декабрга жылдырып, акыры карап чыгып, жыйынтыгын берди. Өкүм-аныктамалардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү, б.а. ишти жүргүзүүдө процесстик тартиптин сакталгандыгы, төмөнкү инстанциядагы соттордун соттук иш-аракеттеринде жаңылыштыктар кетирилген-кетирилбегени каралып, жыйынтыгында иш жеринде - Баткен райондук сотуна кайрадан териштирүүгө алынсын деп жөнөтүлдү.

Р.S. Жогорку Сотко кайрылган күндөн жыйынтык күтүп кесерген Алча апа менен Эргеш атага бир ыйлап, бир өздөрүн кармап, "кайра Баткенге кетип жатабыз, ал жактан адилеттик болор бекен" деп жөнөп жатканда жолуктук. Алча апа: "Ырахмат, силерге, биздин тагдыр кайталанбасын деп коомчулукка жар салып жатканыңарга. Өлүмдөн, соттук териштирүү азап турбайбы! Калган өмүрүмдү ушулар соолута турган болду" дейт көз жашын төгүп. Абийир соту үстөмдүк кылабы же акча күчүбү, күтө туралы.

Салима
ЖАКШЫЛЫК кызы