күн бүгүн

Ала булут качан кетет?
Бүгүн Кыргызстанды ала булут каптап турат. Саясий лидерлерди сабап кетүү, тоноп кетүү, соттоо жана башка бийлик кысымдары токтобой эле, кайра күч алгандай. Жогорку Сотто Медет Садыркуловдун жана анын жанындагы адамдардын өлүмүнүн себеби ачылбай, "жол кырсыгынан каза болгон" делинип, иши жабылып калды. Исмаил Исаковго 8 жыл сурап жатышат. Кечээ жакында "Кут" партиясынын лидери Болот Жанузаковду сабап кетишкени маалым болду. Анын жубайынын айтуусуна караганда бул анын саясий ишмердүүлүгө байланыштуу болуп жаткандай. Журналисттерге, укук коргоочуларга да ушундай эле кысым болуп жатат. Политолог Александр Князевди да сабап кетишкендиги маалым болду.
Саясий лидерлердин канчасы Ала Тоону, элин таштап, сыртка кетүүгө мажбур болушту.
Биздин мамлекетибиз укуктук, демократиялык өлкө болуп саналат, көз карандысыздыктын 18 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бирок биз ушу эгемендүүлүккө кан төкпөй, тынчтык жол менен жетпедик беле! Тагдыр, тарых бизге дал ушундай жакшына жолду тартуулабады беле! Эми ошол эбегейсиз мүмкүнчүлүктү биз өз колубузга алган күндө, анын жарандары, саясий лидерлери ушунтип куугунтукка алынып, кордолуп, соттолуп, ар кайсы жакка чачылып, тарап- тарап кетеби? Деги биз эмне болуп, кай жолго түшүп баратабыз, калайык!
Бийлик, укук коргоо органдары өлкөдө болуп жаткан мыйзам бузууларга туура баа берер күн деги келээр бекен?
"Назар" пресс




  өй...

Болот Жанузаковду ким сабап кетти?
9- декабрда кечинде "Кут" саясий партиясынын лидери Болот Жанузаковду белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Болот Жанузаковдун буту сынып, денеси көгала болгон. Учурда абалы түзүк болгону менен, ооруканада дарыланууда. Жубайы Жумагүл Жанузакованын билдиргенине караганда бул саясий максатта жасалган деп болжолдонууда.
Москвадан Аскар Акаев бул кол салууну айыптап, кылмышкерлер жазаланышы керек деп билдирди.

Медет Садыркулов жол кырсыгынан каза болду деп табылды
Жогорку сот Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук ишти 4-декабрда карап, анда каза болгондор Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулайманов жол кырсыгынан каза болгон деп тапкан. Аудинин айдоочусун 12 жылга кести. Адвокат Лужанский ал ишти кайрадан карап чыгуу керектигин билдирсе да, Жогорку сот аны кабыл алган жок.




  Хи-хи-хи

Тарс эткен тамаша Байкеси инисинен сурайт:
- Сен эмне дале үйлөнбөй жүрөсүң?
- Мен... жеңемди ойлоп... - мукактанат иниси.
- Эмне? Менин аялымдыбы?.. Сен эмне айнып калгансыңбы? - ачууланат агасы.
- Жок... мага да жеңемдей бирөө туш келип калса, эмне болом деп эле... - дагы мукактанат экен иниси.

Паркта философ менен абышка сүйлөшүп
отурушат
- Бу адам дегениң түшүнүксүз жан экен го, - дейт философ.
- Эмнеге антип ойлойсуң? - таң калат абышка.
- Мисалы, адамга асманда 9567432876932186978 жылдыз бар десең ишенет да, "абайлагыла, сырдалган" деген жазуу турса да ишенбей, баары бир колу менен кармап көрөт, - деп далилдептир философ.





Беймаза суроолор

o Закиржан Салиев
Курманбек Бакиевге
ким болот?

o Нарындын жаңы
губернатору - Тынчтыкбек Чекиев, Бакиевге эмнеси
менен жакты?

o Жогоркулар мурункудай башкара албай калса да, ага болбой эле башкарууну уланта берсе, төмөнкүлөр мурункудай жашагысы келбесе да, жашай берсе, анда эмне болот?

o Кылычын алып кыш кирип келсе, тону жокко салам айтып, өтүгү жокко өзү келсе да, аны тоотпой койгондор, келерки кышты көрө алышабы?

o Сары изине чөп салбай эле, сары изине саман салып койсо болобу?