"Ак шумкары" төшүндө

Баатырдын баатырдан неси артык?

Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарынын арасынан эң жогорку даражалуусу - "Ак шумкар" өзгөчө төш белгиси бар "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам эсептелет. Баатырлык наамга кимдер татыктуу болгон? Жогорку даражалуу сыйлыкка жараша жөлөк пул же кошумча колдоо көрсөтүлөбү?


Баатырлар кимдер?

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көптөгөн сыйлык, наамдары белгилүү. Алардын арасынан эң жогорку даражалуусу -"Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам болуп эсептелет. Бул наам өлкөнүн президенти тарабынан мамлекеттин жана элдин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн каармандык эмгек өтөгөндөргө берилет. "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы менен кошо "Ак шумкар" өзгөчө төш белгиси ыйгарылат.
"Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзам" Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 1996-жылдын 26- июнунда кабыл алынган.
Ал мезгилден бери Кыргызстандын 15 жараны "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку даражалуу наамга татыктуу болгон. Алардын арасында калкка кадыры бар инсандар: Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Тургунбай Садыков,Салижан Шарипов, Турдакун Усубалиев, Сабира Күмүшалиева, Асанкан Жумакматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Мамбет Мамакеев жана башкалар бар. Ал эми 15- тизмедеги баатыр болуп жакында депутат Эрнест Акрамов сыйланганы белгилүү.
Коомчулук арасында "Кыргыз Республикасынын баатыры" сыяктуу жогорку даражалуу наам жөн адамга берилбеши керек деген сыяктуу пикирлер арбын болуп жүрөт. Эгер баатырлардын мамлекеттин жана элдин алдында сиңирген эмгегин тизмектеп олтурса, кээ биринин эмгеги ырас эле салмактуу, кээ бириники андан төмөнүрөөк болуп чыга келет.
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген өзгөчө наамга татыгандарды тизмектеп келгенде, ушул он беш киши гана Кырыгз мамлекетине өзгөчө эмгек сиңирди бекен деген да суроо туулбай койбойт. Мурунку доордо элге, мамлекетке эбегейсиз эмгек өтөгөн инсандарыбыз кайда калат, алардын эмгегин эмне, баалабай коебузбу? Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө салымын кошуп келген инсандардын бир далайы, алсак, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов ж.б. залкар инсандарыбыз мамлекеттин баатыры эмей ким эле?-деген суроолор жаралат. Тарыхый инсандарыбызга эмнеге андай наамдар берилбей калганы да ойлоно турган маселелерден экен.

"Жылаңач Баатырлар"

Советтик мезгилде "Социалисттик эмгектин баатыры", "Советтер Союзунун баатыры" деген наамдарга татыктуу болгондор да "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам менен бир катарда турат. Советтер Союзунун баатыры наамын алгандар Кыргызстанда калбай калды, көзү өтүп кетти. "Акыркы Могиканы" Дайыр Асанов болгону белгилүү.
Бирок ушул баатырлар, "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген жогорку наамга татыктуу болгондор, мамлекеттин сый-урматынын барып турган чегине жеткендер жетиштүү жөлөк пул менен камсыз болобу? Болсо канча болду экен?-деп азыркы рынок заманында кызыккандарыбыз аз эмес болот чыгаар. Бул суроого жооп издеп, баатырлардын бир катарынан сурап көрсөм, "мындай маселени козгобой эле койгулачы" деп айтышат. Анткени баатырлар баатырлык наам алганы менен, анын артында эч кандай жөлөк пул кабыл албаптыр. Мамлекет жогорку сыйлык бергени менен, жөлөк пул берүү жагын карабаптыр, көрсө баатырларыбыз "жылаңач Баатырлар" экен. Башкача айтканда, бийик даражалуу наамынын аркасынан бир тыйын да жөлөк пул алышпайт. Болгону көзү өтүп кеткенде эстелиги өкмөттүн эсебинен коюлат дегендей шарты бар.
Мурунку жылдары Баатырлар буга арданып, арызданып, өлкөнүн башчысына барышкан. Азыркы мамлекет башчысы К. Бакиев өткөн жылдын 31- декабрында "Кыргыз Республикасынын Баатырларынын" эмгек маянасын 100 пайызга көтөрүү боюнча Указ кабыл алган экен. Бирок, Баатырлардын дээрлик баары эле эс алууда, пенсияда , Мамбет Мамакеев, Эрнест Акрамовдор эле иштебесе, көбү иштебейт. Демек, пенсиядагыларга андай жеңилдик да каралган эмес.
"Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наамга ээ болгондордун энеси "Баатыр эне" наамына ээ болот экен. Баатырлык бери дегенде 70-80 жашта ыйгарылып жатса, (Салижан Шариповду эске албаганда) кимисинин энеси тирүү болот эле?
Айтор, баатырдан баатырдын неси артык? Иштегендердин айлыгына 100 пайыз кошулат деген жөлөк пул, бардык Баатыр наамын алгандарга, иштебегендерине пенсиясына кошулса, Баатырдын Баатырдан айырмасы болбойт эле деген ойдобуз.
Андан дагы "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамынан кийинки сыйлык- биринчи даражадагы "Манас" орденине татыктуу болгондорго жөлөк пул каралган экен? Анда неге Баатырларды андай сыйдан куру калтырышты? "Баатырыңарды коюп эле андан көрө жаныма жайлуу -жөлөк пулу бар биринчи даражадагы "Манас" орденин эле бергилечи" дей баштабас бекен биздин Баатырларыбыз?

Айгүл Бакеева