Спорт

Гудбай,
Гуус Хиддинк!
Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо албай калган Россия курама командасына ачуу сындар айтылууда. Россия футболдук союзунун президенти Виталий Мутко отставкага кетти. "Баарыңарга жага берчүдөй бойго жеткен кыз эмесмин" дептир эшикти тарс жаап.
Анысы ырас, футболдук чарбанын иши чатак, бардыгына текши жагуу мүмкүн эмес. Бирок, кеп төркүнү миңдеген күйөрмандын үмүт-тилегине, Россия сындуу кубаттуу державанын абыроюна доо кеткенинде болуп жатпайбы!
Голланд Гуус Хиддинк машыктырган Россиянын улуттук командасы, чындап келсе, тандап алуу таймаштарында эле өз тобунан суурулуп чыкса болмок. Немистер менен тең ата ойноого, алтургай айласын алты курутуп утууга акылуу эле. Болбоду.
Ушуну менен бүтүп калбай, орустарга дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк берилди. Чүчүкулак оңдой берди түшүп, күчтүү атаандаш эмес, чыканактай Словения туш келди. Ошону ээрден оодара тартууга кудурети жетпеди, чиркин!
Эми Мамлекеттик Дума баш болуп, орустун атактуу акындарына чейин чуу түшүп, күнөөкөрлөрдү издөө менен алек. Бардыгыбыз орусча түш жоруйбуз, төмөнкү ачуу саптарды чогуу окуп көрөлүчү:

"Трудовыми нашими деньгами
Щедро осыпала их казна,
Свой престиж отстаивать ногами
Им, козлам, доверила страна.

Вы не просто попинали мячик,
Вы с дерьмом престиж смешали наш,
И теперь десятка вам маячит
По статье "спортивный шпионаж".

Ошентип, Мамдумада "Справедливая Россия" фракциясы чындап эле "саткындарды сотко берүүнү" талап кылып, букмекердик конторалардын ишин текшерди. "Человек и закон" теле көрсөтүүсүндө айрым футболчулар оюн болор түнү ичкилик ичип, кальян тартканы айыпталды.
Шумдугуң кур! Менимче, муну ашкере чуулдатпай, "спорттук шпионажга" барып такабай эле, орус футболунун чабалдыгы катары түшүнтүү оң.
Бар болгону 12 миң киши батчу Маримордогу стадиондо Гуус Хиддинктин өңү бордой агарып-кубарганын көгүлтүр экрандан көрдүңөр. Жанындагы Словения устаты Матьяж Кеждин колун кысууну да унутуп, дал болуп турбадыбы. Ага аалам астын-үстүн түшүп кеткендей сезилди! Кейиди Хиддинк, башкалардын бардыгынан артык кейиди. Ушул көз ирмемде орус футболунун бүтүндөй бир доору урап, өзү устат катары кашыктап чогулткан кадыр-баркы таруудай чачылганын даана сезип турду.
Буга чейин сыпайы жылмайып, сыйда, төрдө, жеңиште жүрүп көнгөн бул адам. Кайда барбасын, кайсы жашыл талаага чыкпасын ити чөп жеп, "Везучий" атка конгон. Европа командаларына алтын таажы кийгизип, Түштүк Корея менен Австралияны дүйнөлүк чемпионатка чыгарып, бир нече өлкөнүн кадимкидей улуттук баатырына айланган.
2006-жылы Австралия менен бирге дүйнөлүк чемпионатта кадыр-барк күткөн Хиддинк үчүн Россияга кетүү оңойго турган эмес. Ойлонгон, кыйылган. Акыры тобокелге бел байлап, орус тилин үйрөнүүгө, алтурсун мамлекеттик Гимнди ырдоого убада берген. Убакыт жетпедиби же дээрин койбодубу, айтор, ал убадасын аткара алган жок.
Кантсе да, бул устат орус футболунун кадырын арттырып, боорун жерден (балким, балчыктан) көтөрүүгө кайталангыс эмгек сиңирди. 2008-жылы Европа биринчилигинде коло медалды алып, Россияга кокусунан келбегенин эң мыкты ырастады.
Орус күйөрмандарынын көзү ачылып, көкүрөгү көтөрүлө баштады. "Европадан кийин дүйнөгө таанылабыз" деген ой эчендердин жүрөгүн балкытты. Голланд машыктыргычын Илья Муромецке теңеп же улуттук баатыр катары "Гуус Иванович" деп тергеп, сүрөтүнө сыйына баштагандар көбөйдү.
"Мээнет жалпак, дөөлөт тоголок" дейт эмеспи кыргыз. Мээнетиңдин дөөлөтүн көрөм десең, беттеген багыттан түк тайбоого тийишсиң. "Улуттук баатыр" ушуну унутуп, кайсы бир учурда токпейил тарта баштады шекилди. Европада сыймыкка бөлөнгөн футболчуларына биротоло ишенип, команда мүчөлөрүн ооштурбай калды. Жаңы чакырылгандар болсо, жашыл талаага чыгара бербей, четкебирээк отургузуп жүрдү.
Хиддинк дүйнөлүк чемпионатка барчу жол такталбай, тагдыр кыйчалышты турган эки ортодо Англиянын "Челси" командасын машыктырып келүүгө макулдугун берди. Орус устатынын Лондонго шашылыш бет алганын көрүп, кыргыздын дагы бир макалы эсиме түштү эле: "Эки тоонун чөбүн эңсеген ачка өлөт".
Албетте, Хиддинк ачкадан өлгөн жок, Р.Абрамович деген олигархтын калтасын кагып келүүгө үлгүрдү. "Челсинин" Англияда ээлеген ордун сактап калса да, чемпион кылууга кудурети дагы, убактысы дагы жетпеди. Эсиңизде бар чыгар, Европанын Чемпиондор лигасынын жарым финалында "Челсинин" жеңишин Т.Овребо деген калыс "Барселона" тарапка оодарып тынган.
Ошондо Г.Хиддинктин айласы кетип, заманасы куурулду. Колундагы устуканды жулдуруп жиберген момун кейпинде элтейип турганын алгач ирет көрдүк. "Орустар эмнеге бул адамды "Везучий" атаган?" деген күмөн суроо алгач ирет келген башыма.
Орус улуттук командасы жеңилип калышынын Г.Хиддинкке баш ийбеген дагы көп себептери бар, албетте. Алчы-таасын жеген адистер аларды жиликтей келип, каржылоо маселесине басым коюуда. Улуттук команданы, ЦСКА сындуу ири клубдарды, алтурсун Россия футбол союзунун өзүн каржылоо ачык жүргүзүлбөй, олигархтардын колуна берилген деген айыптар дагы тагылууда. Мунун чындыгы бардай сезилет. Антпесе, Россиянын курама кошуунун машыктырган Г.Хиддинкти эки ортодон Р.Абрамович Лондондогу "Челсиге" чакыртып кетет беле?
Азыр орус футболуна көзөмөлдү сактап калуу үчүн эки күч тирешип, Р.Абрамовичтин тобун "Газпром" четтете баштаган имиш. "Өкмөт башчысы В.Путин Россия футбол союзунун башына убагында "Зениттин" президенти В.Муткону алып келген. Эми да "Зениттин" президенти С.Фурсенкону сунуш кылат" деген божомолду билдирет "Футбол" апталыгы.
Ушинтип, азыркы заманда эрендердин эр оюнунун өзү саясатташып кеткен. Биз ошол саясаттан оолак бололу десек дагы, жүрөктө жүргөн оюбузду айтып калалы: клубдук футбол сатылса мейли, улуттук футбол сатылбоого тийиш.
Бул макала Г.Хиддинк өзүнүн акыркы чечимин айта элек кезде жазылып отурат. Бирок, менин баамымда, голланд машыктыруучусу орус футболунан кетүүгө мурдатан эле ичтен камынып калган.
Жакында Россиянын кезектеги футбол чемпионатынын жеңүүчүлөрүн, сезондун мыкты оюнчуларын сыйлоо аземи өттү. Экрандан футболчулардын арасында жүргөн Хиддинктин дагы тааныш элеси көрүнөт. Ошондо орустун легендарлуу ардагер оюнчусу Никита Симонян минтип өкүнөт имиш:
- Аттиң, бул кишини эми сүрөттөн гана көрүп калдык го...
Гуус Хиддинк сындуу адистер, албетте, жерде калбайт. Ага арбын сунуштар түшүп, "Манчестер Сити" сындуу абыройлуу клубдар, улттук курама командалар эмитен эле "кудалашып" жатат. Бирок, Хиддинк бир жагдайды ачык айтып, "ЮАРга Россиядан башка команда менен барууга менин моралдык укугум жок" деди.
Залкар тактик Гуус Хиддинктин кейиштүү кайтып баратканы гана ичти ачыштырат. Бирок, түбүң түшкүр жалган дүйнөдө түбөлүккө жеңиште жүргөн ким болгон? Таймаш бар жерде утуш бар, утулуш бар. Утулган жерде умсунуу, күрсүнүү коштор адамды.
Хиддинктин жердеши Дик Адвокаат дагы "Зениттен" былтыр ушинтип көзүнө жаш ирмеп кайткан. Нева жээгиндеги команданы Россиянын, Европанын чемпиону кылып, кийинки жылы жолу болбой калбады беле!
Даңазалуу дарбазачы Лев Яшин, чабуулчу Пеле, болбосо биздин "Алганын" коргоочусу Зарлык Султанов дагы чоң футболдон дал ушинтип кайтышкан. Грузин жылдызы Давид Кипианинин дарбазага далысын сала узап бараткан карааны алиге көз алдымда.
Эң негизгиси, колдон келгенин жасап, коштошуп бараткан адамдын артынан жылуу сөз, жакшы тилек ээрчий жүрсө болгону. Өзүн түгүл, көзүн көрбөсөм дагы голланд Гуус Хиддинке кыргыз күйөрманы катары минтип айткым келет:
"Рахмат Сизге, талантыңызга терең таазим!"




Европа Лигасындагы эрегиш
Өткөн жумада УЕФАнын экинчи кадырлуу турнири Европа Лигасында 5-айлампадагы таймаштар өттү.
Демейкиден демдүү ойноп жаткан украиналык "Шахтер", немистин "Вердери" жана түрктүн "Галатасарайы" 4-айлампада эле өз тобунан озуп чыгып, күрөштү он алтыдан бир финалда улантаары белгилүү болгон.
Шаршембинин кечинде алардын катарына "Фенербахче", "Вильяреал", "Бенфика", "Зальцбург", "Эвертон", "Гамбург", "Аякс" жана "Хапоэль" кошулду. Бейшембиде бул укукка ПСВ, "Рома", "Спортинг" жана "Атлетик" ээ болду.
Ошентип, он алтыдан бир финалга жеткен 15 мыкты кошуундун аты азыртан белгилүү. Алар менен ат салышчу 9 команда акыркы 6-айлампада аныкталат.
Ал эми дагы 8 команда булардын катарына Чемпиондор Лигасынан келип кошулат. Чемпиондор тобунда 3-орунда калган командалар мындан ары Европа Лигасындагы "үкөлөрү" менен күч сынашмакчы.
5-айлампадагы бардык эле таймаштар курч мүнөздө өткөн жок, анткени турнирдик милдетин ар ким ар кандай жолдор менен чечүүнү көздөдү. Мисалы, "Шахтер" Донецкиде "Брюгге" менен 0:0 ойноп, J тобундагы лидерлик ордун биротоло бекемдеп койду. ПСВ менен "Спарта" 90 мүнөт топту ары-бери тоголото тээп турушту. Эң соңку көз ирмемде гана чехтер өз дарбазасына автогол киргизип алып, голландыктарга жол бошотуп беришти.
Европа Лигасында ойногон орус командалары калбаса дагы, чет өлкөдөгү орус легионерлери бул мелдешке катышууда. Д.Билялетдиновдун жалгыз голу I тобунда "Эвертонду" плей-оффко өткөрдү. Диниярга топту ЦСКАнын мурдагы бразилиялык чабуулчусу Жо узатып, дарбазачы менен бетме-бет чыгарган эле.
32 команда эми Европа лигасында жекеме-жеке (плей-офф) таймаштарга чыгат. Атаандаштардын тизмеси УЕФАнын штаб-квартирасы жайгашкан Швейцариянын Ньон шаарында 18-декабрда чүчүкулак аркылуу аныкталат.

Күчтүүлөр да күрсүнөт
Дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Лондондун "Челсиси" быйылкы сезондогу алгачкы байгеден кол жууп калды.
Улуу Британиянын Лига Кубогунун жарым финалына "Челси" билекти түрүп аттанган. Анткени жаңы машыктыруучу Карло Анчелоттинин тушунда алгачкы трофейди алууну көксөгөн.
Бирок, күчтүүлөр да оор күрсүнөт турбайбы! Демейде орто заар "Блэкберн" бул ирет катуу каршылык көрсөтүп, оюндун негизги жана кошумча бөлүгү 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
11 метрлик айып тобун тебүүдө "аксөөктөр" 3:4 эсебинде жеңишти колдон чыгарып жиберди. Тажрыйбалуу М.Баллак менен 18 жашар Г.Какута бутаны жаздым мээлесе, дарбазачы Э.Илариу бир гана топту четке кага алды.
Лига Кубогунда "Челсинин" шайы ооп калган белем, Англиянын Премьер-лигасындагы кезектеги таймашты да "Манчестер Ситиге" 1:2 эсебинде уттурду. Ф.Лэмпард эсепти теңеши мүмкүн эле, бирок 11 метрлик айып тобун акырын тээп алды.
Дегиңкиси, "Челсинин" пенальти тебүүдөн бактысы жок. 1998-жылдан бери "футболдук лотереядан" бешинчи ирет катары менен жыдып келген. Мына, эми алтынчысы!..
Пенальтиң курсун! Күчтүү делген "Челси" эки ирет оор күрсүндү.