Аша чабуучулардын уюткусу...

"АЛЬ-ВАКФ АЛЬ-ИСЛАМИЙ" КАЙРЫМДУУЛУК УЮМБУ ЖЕ "КӨМҮСКӨ СПОНСОРБУ"?...
(Уландысы. Башы 1-бетте)

Ал жардамдарын сураган жерге эмес, өздөрүнүн пландары боюнча колдонушууда. Койнунда котур ташы бар динди жамынгандар кайсы өлкөгө кирбесин, чыныгы ислам атынан жеке кызыкчылыктарын, максат-мүдөөлөрүн каалагандай аткарып келишет. Албетте, андай экстремисттик маанайдагы уюмдар, топтор жалпы элге, мейли бийликке да, койдон жоош, момун, боорукер мусулман болуп келери турган иш. Кыргызстанга да бир топ шектүү, радикалдык, маанайдагы топтор, уюмдар бар. Алар өлкөгө жаңыдан келишкен, асты он-он беш жылдап иштерин жасоодо. Дароо эле өздөрүнүн кытмыр мүдөөлөрүн ачыкка чыгаруу эзелтеден келе жаткан ыкмага туура келбейт. Ошондуктан, элдин талуу жеринен тутуу - максатка жетүүнүн эң ынанымдуу усулу. Азыркы замандын, дегеле азыркы деле эмес, эзелтеден эле шордуу азиялыктардын көйгөйү - экономикалык көйгөй эмеспи. Адегенде, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары динчилдер көбүнчө окутуу өңдүү руханий иштери менен келишкен. Бирок, эл ага анча деле баш ийип бербегендиктен, өйдөдө айткандай, кийинчерээк алар элдин талуу жеринен - материалдык муктаждыгынан кармашкан. Ошондо баарыбыз - жада калса бардарыбыз да, жардыбыз да жоошуп берип отурабыз.
Бүгүнкү күндө мына ушундай социалдык маселелер ишмердүүлүгүн алдыңкы орунга коюп келген экстремисттик жарлыгы бар уюмдар биздин да аймакта бар экендигин билгени да, билбегени да бар. Алар Кыргызстанга кандай жол менен келгенин бир кудай билбесе, башка эч ким белбегендей. Дегеним, ошол дүйнөлүк денгээлдеги экстремисттик уюмдар, бизге келсе эле чыныгы элдик уюмга айланып кетет. Мына ушундай Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, борбору Голландияда турган атактуу эларалык фундаменталисттик уюмдун бири - "Аль-Вакф-Аль-Исламий" жана "Өзбекстан ислам кыймылын" каржылагандардын бири Эларалык ислам "Спасение" уюму. (Бул уюм тууралуу кеп өзүнчө). Бул уюмдар Кыргызстанда иш жүргүзгөнүнө бир топ жыл болуп калды. Ал уюмдун ак-карасын караган деле киши жоктой. Болбосо, "Аль-вакф аль-исламий" уюму тууралуу көптөгөн оң-терс пикирлер бар. РИА "Новостинин" кабарчысы А. Добровольский: "Также в городе по одному адресу с мечетью "Аль-Фуркан" находится голландское отделение международной фундаменталисткой организации "Аль-Вакф Аль-Исламий", занимающееся вербовкой кадров для джихада за границей… По некоторым данным, голландские исламские экстремисты участвовали даже в заговоре по уничтожению лидера афганской оппозиции Ахмеда Шаха Масуда…", - деп кабарласа. Американын мамдепартаментинин жана биздин атайын кызматтардын террористтердин кытмыр пландары тууралуу маалыматтарына караганда, радикализм көбүнчө Иран, Өзбекстан жана Сауд Арабиясы тарабынан колдоого алынганын, исламисттердин ишмердүүлүгү - мечит салуу, диний-агартуу мекемелерин, ажылыкты жана кыргыздын диний жетекчилерин мусулман өлкөлөрүнөн окутууну уюштуруу экенин билдирет. Кыргызстанда 30дан ашуун мусулман уюм, коомдору бар. Алардын арасынан эң эле активдүүлүгүн көрсөткөн Эл аралык кайрымдуулук "Аль-Вакф Аль-Исламий" уюму. Анын жетекчиси - Мунтазир Абу Хасан. Анын Кыргызстандагы А. Нарматов, Ө. Чотонов, М. Магомедов өңдүү диний лидерлер, а түгүл А.Акаев менен достук мамиледе жүргөнү жазылып келет.
Ошондой эле, Б. Байсаловдун жазганына караганда, Жалал-Абад областында расмий түрдө болгону 123 мечит, 2 медресе катталса, 200дөн ашуун мечит, 4 медресе мыйзамсыз түрдө иш жүргүзөт жана ошондой мыйзамсыздык диний экстремизмдин көчөтүн отургузуучулар экенин жазат. Аларды чет мамлекеттик өлкөлөр марттык менен каржыларын, өзгөчө "Аль-Вакф Аль-Исламий" өкүлчүлүгү, анын жетекчиси Абу Хасан Мунтазир негизги спонсорлордон экендигин белгилеп өткөн. Ушундан улам Жалал-Абаддагы жок кылынган экстремисттер да ушул өңдүү уюмдардын тамагынын, идеяларынын даамын татып калгандар десек жаңылбаспыз.
Экстремизмдин символу болуп калган атактуу "Аль-Каиданын" ишин иликтөө менен алектенген АКШнын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү: "Бир канча жолу "Аль-Каиданын" структурасындагы негизги уюм - Сауд Аравиясынын ири кайрымдуулук "Аль-Вакф" уюму экенин билдиришкен жана Кабулдагы операциянын биринде Абд аль-Азиз аттуу "Аль-Каиданын" жетекчилеринин бири кармалган. Ал "Аль-Каиданын" каражаттарын "Аль-Вакф" уюму аркылуу которуп турган", - деп жазат ("Вашингтон пост" 15.03.02).
Чынында, айрым бир кайрымдуулук, гуманитардык уюм, фонддор Эл аралык террористтердин акчаларын чайкоо гана эмес, өздөрүнүн адамдарынын ошол өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө да чоң жардам берерин билет. Маселен, ошол өлкөдө ар кандай жеңилдиктер, жардам алгандар тарабынан колдоолор өңдүү.
Ошондой эле, Россияда көптөгөн чуу менен жабылган, куйругу чубалып 1999-жылкы кандуу окуяга жеткен "Фуркан" медресеси, анын лидери И. Шангараев тууралуу көп эле айтылууда. Ал тууралуу Аравия боюнча россиялык улуу адис, окумуштуу Г. Косач өзүнүн илимий "Муфтият российского постсоветского региона: становление и эволюция" эмгегинде жазат: "Финансирование медресе регулярно обеспечивается фондом "Аль-Вакф Аль-Исламий" (Саудовская Аравия)…". Чынында, ушул медресенин тегерегиндеги ызы-чууга кеңири орун берсек, сырттынан аппак көрүнгөндөр ичинен кандай карара баштаганына күбө болобуз. (Бирок, ал өзүнчө кеп).
Жогоруда айтылгандай экстремизмдин көчөтүн сугаруу, өстүрүү үчүн албетте каражат талап кылынат. Ал каражаттын булагы да болбой койбойт. Эгер биз ошондой булактын бири "Аль-Вакф" өңдүү аппак жана сүйкүмдүү көрүнгөн уюм-фонддор десек жаңылбаспыз. Ал анын жетекчиси Мунтазир шейх бир тобубузга сүйкүмдүү. Анткени ал колунда токоч кармап турат… Тарса дининин экстремисттери дүйнөнү токоч менен басып алабыз деген ыкманы эми мусулман атыккандар колдонгондой …

Эрнест Абдрахман

Редакциядан: Андай эмес, мындай деп экинчи тараптын да айта турган пикири болсо, ММК мыйзамына ылайык, гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.