Жебе жетеби, жанып өтөбү?

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Элди өз укугун коргоого чакырабыз"
Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларды жеке колго сатуу чечимин айыптоодо.
Эки жылдан бери созулган энергетикалык кризистен чыгуунун жолун кыргыз өкмөтү болсо энергетикалык компанияларды сатыкка коюп, жеке колго өткөрүү керек деп чечти. Бул тармакты жаңыча башкарууга өткөрмөйүн энергетикалык туңгуюктан чыгууга мүмкүн эместигин өлкө жетекчилиги да калкка түшүндүрүү аркетинде. Ушул жана башка суроолорго "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө. Текебаевди маекке тарттык.


- Өмүрбек мырза, буга чейин өлкөдөгү солчул күчтөрдү бириктирип, конфедерация түзүү максатыбыз бар дедиңиз эле. Ошол аракетиңер ишке ашуудабы?
- Бул багытта иштер жүрүп жатат. Социал-демократиялык партия жана солчул багыттагы уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Менин оюмча өкмөттүн тариф саясатына каршылык акцияларын жүргүзүүдө келечектеги конфедерациясынын формасы жана катышуучулары аныкталып калышы мүмкүн.

- Коомдук парламент чакырылып энергетикалык абал талкууланат деп да айттыңыз эле?
- Жакынкы күндөрү бул жыйналышты да уюштурабыз.

- Демек, Коомдук парламент жакынкы күндөрү өлкө боюнча чакырылат экен десек болобу?
- Өлкө боюнча эмес, анын алтымыштай мүчөсү бар. Көптөн бери, тилекке каршы жыйын чакырылбай келген. Канча мүчөсү калган-калбаганын тактап туруп декабрь айынын он бештерине чейин жыйынды чакырабыз.

- Кыргыз өкмөтү жаңы энергетикалык тарифти тааныштыргандан кийин элдин нааразылыгы күчөп, митингдер болсо анын катышуучуларын колдой турганыңарды билдирдиңер эле. Бул оюңар дагы деле бекемби?
- Биз өкмөттүн тариф саясатын элге каршы, элдин кызыкчылыгына каршы саясат деп эсептейбиз. Ошондуктан биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бүгүнкү тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз. Ага каршы чыгуунун формалары ар кандай болот. Ал - акцияларга катышуучулар, убактысы, өтө турган жери ар кандай формада болушу мүмкүн. Муну жергиликтүү эл, шаарлардын жашоочулары өздөрү аныкташы керек.
Мурункулардан айырмаланып, биздин партия же башка саясий уюм демилгечи болуп чыгып, качан, кайсыл жерде, кандай формада болоорун биз аныктайбыз деп айтканыбыз жок. Биз эмгекчил элди активдүү болууга, өз кызыкчылыгын коргоого чакырдык. Зарыл болгон учурда кеп-кеңешибизди жана уюштуруу иштеринде жардам берүүгө даяр экенибизди, андан баш тартпай турганыбызды билдиребиз. Азыр Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде жаңы тарифтер кызуу талкууланып жатат.
Биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бул тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз.
Өзүңүздөр деле күбө болуп жатсаңыздар керек, жакында Бишкекте бир-эки чакан, ачык нааразычылык акциялары болуп, эл өзү нааразычылыгын билдирди. Мына ушуга окшогон элдин күтүүсүз, өз алдынча чыккан акциялары Таласта, Нарында, Баткенде жана башка жерлерде байкалып жатат. Ушинтип коом бул саясатка каршы. Биз өтө турган иш-чараларды саясий эмес, биринчи кезекте социалдык, экономикалык талаптар менен өтчү акциялар болот деп турабыз.

- Энергетикалык жаңы тарифти оппозициялык күчтөр, саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланууда, же болбосо ошого максат кылып жатат деген ойго кошуласызбы?
- Кандайдыр бир даражада кошулса болот. Биз бул саясатка каршы экенибиздин он жылдан ашуун айтып келе жатабыз. Мына, баа көтөрүлүп, көтөрүлбөй жатып эле өкмөт декабрь айынын аягында энергокомпанияларды сатуу боюнча тендер жарыя кылынганын айтты. Мунун максаты элден акча жыйнап, бул тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү. Мына ушундай аракеттери менен өкмөттүн, бүгүнкү бийликтин максаты ачык көрүндү.
Элден акча жыйнап, аталган тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү дегендик.

- Нааразылыкка чыкчуларга колдоо көрсөтүү, алар менен бирге болуу, балким, кийинки ыңкылап дейбизби, төңкөрүш дейбизби, айтор туруксуздукка алып келчү кадам эмеспи?
- Элдин нааразылыгынын күчөшү жана алардын активдешүүсү биринчи кезекте оппозициянын иш-аракетинен эмес, бийликтин жасап жаткан саясатынан, алардын кетирген кемчиликтеринен, адам укуктарын көзгө илбей тебелегендиктен келип чыгат. Эгерде ошондой абал түзүлсө, буга биринчи кезекте бийлик, анын жүргүзүп жаткан саясаты себепчи болот.

- Сиздин партия, анын ичинде өзүңүз ушундай агымдын алдында болуу максатыңар айкынбы?
- Биз, Бириккен элдик оппозиция, бүгүн оппозициялык маанайдагы кыймылдарды координациялап, бир багытка бурганга даяр. Ал боюнча экономикалык планда, саясий планда да даяр документтери, көз караштары бар.

- Бирок, ошол эле учурда чоң кооптонуу бар да, саясий куугунтуктоо, саясий лидерлердин жеке коопсуздугу деген. Бул жагын кандай баалайсыз?

- Ооба, абал курчуган сайын бул коркунуч реалдуу болоорун биз билебиз. "Эми корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт" дейт. Бешенеге жазганды көрөбүз деген ишеним менен өзүбүздүн идея, принциптер үчүн күрөшүүбүз керек. "Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм анда жарыкты ким чачат" деген чыгыш ойчулу Назим Хикменттин сөзүндөй, баарыбыз башыбызды кумга катып отура берсек, эртең эмне болот? Биздин социалисттердин негизги принциби - биз көрбөсөк, балдарыбыз көрөт. Биз ушул принцип менен аянбастан күрөшүүгө даярбыз.

Гүлайым Ашакеева




  Сот процессинде

Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу суралууда
Топоев учурунда тоңуп калган армияны ийге келтирип, кыргыз армиясы үчүн опол-тоодой иш кылган мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу сот кечээ уланды. Анда мамлекеттик айыптоочу И. Исаковго сегиз жыл, Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимовго он үч жыл берүүнү өтүндү. Ал эле эмес, айыпталып жаткандардын аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялоону сурады. Актоочулар мамлекеттик айыптоочунун мындай кадамын мыйзамсыз деп билдиришти. Бул процесстин өзөгү - экс-коргоо министрине кызматынан пайдаланган деген айып коюлууда. Ал эми генерал Исмаил Исаков өзүнө каршы ачылган мындай кылмыш ишин саясий куугунтук жана оппозициянын башка өкүлдөрүнө багышталган "сигнал" деп эсептейт.