Күйгөндөн айтылган кеп

Мага "ак жол" каалабачы...
Реформа кадамы арыш керген сайын, ар кылка саясатчылар ар түркүн кадамдарга барып, бир топторунун ички дүйнөсү эңшерилип, коомчулукка көрүнө баштады. Адахан Жогорку Кеңешти жаңгак менен каптайм дегенде, "акжолчулар" өзүн жаңгактай чагып туруп, "боктой бозала" кылып ээрден эңип түшкөндөрү али коомчулуктун эсинен чыга элек. Анан аны (спикер, өлкөнүн экинчи адамы болуп турганында) "күлгө чапкандай" кылган "акжолчулар", бүгүн ал кызматтан бошоп, көчөдө калганында, Мадумаровдун "өлүм жазасы" долбоорун кош колдоп колдоп жатышкандарын карачы.


Бул "айдатма, күнкарамалар" өз баштарына өздөрү ээ эмес экени башынан белгилүү. Жогору жактан команда түштү дегиче болду, "коммунисттик ишембиликке" чыккандай жабалакташат да турушат. Уят болуп жатабыз эй, деген бирөө-жарымы деле байкалбайт. Баягы Американын базасын кетсин деп чечим кабыл алып, Жунусовго окшогон айрым жашыктары "от гордости" ыйлап басыла электе, "фас!" деген команда түшүп, баары жапырт "база кетпесинге" өткөнү, негизинен эле бул "кашык" парламент эл алдындагы абройун эмес, кожоюндун балээсине калбоону гана ойлошорун кимдер гана билбейт. Андыктан бу сапар дагы, жакында эле өлүм жазасын, референдум аркылуу Конституциядан алып салганыбызга карабай, кайра киргизебиз деп жатышкандыктарында бир мандем бар сыяктуу.
Айрым аналитиктердин айтымында өлүм жазасы капыстан чыккан маселе эмес. Реформанын мыйзамдык базасын тартипке салыш үчүн Конституцияны кайрадан бычуу кажет болуп отурган сыяктуу. Анан анткорлонушуп, калп эле ажалды оозанышып, өлүм жазасын талкуулап отуруп референдумга жеткизип, анан бюллетенгет толгон-токой өзгөртүүлөрдү кошуп жаза салуу үчүн жасалып отурган саясат дешүүдө. Себеби, ЖК Конституцияга өзгөртүү киргизиши үчүн, эки ирет окуусу кажет, андай жол үч айдан ашык убакытты талап кылат, ал эми өтө ашыгышкан "реформаторлор" анча күтө алчудай эмес. Анын үстүнө биринчи бөлүмгө өзгөртүү киргизүү ЖКнын колунан келбейт, ал референдум жолу менен кабыл алынган, референдум жолу менен гана өзгөртүүгө болот дешүүдө. Кептин баары, реформанын "оромпой" тээп озуп кеткен жоругун мыйзамдаштыруу үчүн Конституциянын так ошол биринчи бөлүмүнө айкалыштыруу кажет болгонунда. Андыктан, жакын арада жалпы элдик референдум, анан, эки иштен бир иш деп, парламенттик шайлоонун кошо болушу күтүлүүдө десе болчудай.
Ошентип бийлик жөө туман кое берип, ыпылас саясат менен элдин башын айландырып жаткан сыяктанат. Эл дагы мындай "саясаттан" тажап бүттү. Тажабаган, күжүрмөн эле баягы "акжолчулар". "Өмүр - сахна, жашоо - сахна" деген артисттер биякта эле калышты. Бири "Өлүм жазасын сөзсүз киргизбесек болбойт" десе, бирөө аларды бакканга акча жок дейт. Дагы бири түрмө жок деп, "жаңы Американы" ачып салды. Аргумент болбосоң, кое кал. Маселе кайдан пайда болду, эмнеге "бул огородго кирип кеттик" демей жок, чындап эле кызуу талкууламыш болуп жатышат. Анан дагы бирөө чыкты, Аскар Салымбеков деген, "Ой, менин үч бирдей жакынымды бир түндө атып кетишкен, азыр жүрүшөт ошолор, алар бошонуп кетсе эмне болот" дейт, атыш керек дегенсип.
Салымбековдордун үйүнө кылмышкерлер кирип үчөөнү атып кеткени чын. Аскардын да, өмүр бою кайсы бийлик болсун жагынып күн көрүп жүргөнүн бүт Кыргызстан билет деңизчи, бирок шейит кеткен бир туугандарынын арбактарын нааразы кылып, ушундай "ыпылас комедияга" аралаштырып артисттенгени эмнеси? Же антпесе күнү өтпөй калганбы? Ал байкуш чебелектебесе деле бүтөт эле го бул бийликтин заказы.
Кыскасы, "акжолчулардын" бул "шоусу" өтө эле оркоюп калды. Алар эмес, аларды шайлаган мен уялып жатам.

Табылды ЖУМАШЕВ,
Тоң району




  Бурганак

Замана
Кайнатып канды жоругу,
Карайлап таппайм жолуму.
Какшатат бийлик, кантейин,
Калыстык деген жогубу?

Ак жерден жаап жалааны,
Абакка, ырас, камаары.
Алганды гана билеби,
Ачылып барат арааны.

Соодалап сатса жер кенен,
Соогатка, ана, көл белен.
Сүйлөөгө тили күрмөлбөй,
Сүзүлөт кайран эл деген.

Керемет эле Каркыра,
Кантем ай, жетпей баркына.
Кастарлап күтүп алар деп,
Карматтык казак калкына.


Уурулар чыгып колу узун,
Уурдалат Ата-Конушуң.
Уурдалып жатат атүгүл,
Урнага салган добушуң.

Учканы окшойт кутуңун,
Уурдалып кетти укугуң.
Улантсаң ушул жолунду,
Узабайт кыргыз тукумуң.

Чыга албай тордон бакырып,
Чындык да кеткен сатылып.
Чымчылап жыйган дүйнөбүз,
Чөмүчтөп кетти чачылып.

Жан-жакка сатып абыдан,
"Жакшылар" суудан байыган.
Жапайы болуп кетербиз,
Жарыктын өчкөн айынан.


Ишенген кожоң сууга агып,
Изинде бүтпөс чуу калып.
Ириңдеп бийлик жарадай,
Ичинен жатат ууланып.

Баш ийип калкым "Ай"
дебей,
Болдук го кайра бай-кедей.
Бечара журтум томсорот,
Берилбей калган байгедей.

Азамат жоктон чечерге,
Алданып бийлик чет элге.
Алтынга кошуп берүүдө,
Абийирин деле бекерге.

Тыйылбас болсо алкымың,
Тойгузбас тоодой алтының.
Таалайсыз болуп калабы,
Тагдыры кыргыз калкынын.

Оомат, кут күтүп акыйып,
Ошентип, болдук макулук.
Оромпой тепкен оёндор,
Олтурат төрдө БАКЫЙЫП.

Өпкөлөп айтсак чет-четин,
Өгөйбү бизге өкмөтүң?
Өзгөнүн колун караткан,
Өз элиң беле көк жетим.

Эркинбиз, өлкө эгемен,
Эч ким жок баскан төбөдөн.
Элибиз жыргап жатат дейт,
Эртеден кечке теледен.

Болочок кандай, шарт кандай,
Болалбай башка калктардай.
Билгенин кылып бийлигиң,
Баш мыйзам калды
баркталбай.


Бүгүндүн бар го эртеңи,
Бир үйдүн келип кел-кели.
Беш-алты тууган биригип,
Бийлешип жатат өлкөнү.


Калың эл жапырт ойлонуп,
Кайрылар намыс ойгонуп.
Каалаган жакка айдаган,
Калбастыр калкым кой болуп.

Аман бол, элим, аман бол!
Аяктаар баскан жаман жол.
Ала-Тоо башын айланып,
Акыйкат келген заман бол!

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ