Чүрөк-чырк

Тимошенко Робин Гуд
Украинада "оюнчуктар аукциону" болуп өттү. Президент Владимир Ющенко баштаган расмий бийлик өкүлдөрүнүн элесин берген куурчактар сатыкка коюлду. Бул эмгектердин автору Елена Кузнецов ар бир саясий ишмерге атайын образ жараткан. Янукович - "полковник", украин шым-көйнөгүн кийген Ющенко ойго чөмүлгөн абалда, парламент спикери Владимир Литвин - "уктабас" деген аталышта коюлган. Бардык лоттордун баштапкы баасы 5 миң доллар делип, Робин Гуд образындагы Тимошенко гана баарынан кымбатка - 53 миң долларга кетти. Уюштуруучулар жалпысынан 250 миң доллар менен чөнтөк кампайтышты.


Оренбург губернатору бизди сыйлап...
Оренбургда 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин "Восток & Запад. Классика и Авангард" деген эларалык фестиваль болуп өттү. Жалпысынан Сербия, Венгрия, Чехия, Финляндия, Норвегия, Кыргызстан, Армения, Хорватия, Греция, Швейцариядан деп он тасма көрсөтүлгөн. Гран-прини жана режиссура сыйлыгын норвегиялык режиссер Ове Раймонд Гилденастын "Томми в аду" тасмасы алды. Бизден барган режиссер Марат Саруулунун "Семья" деген тасмасы Оренбург облусунун губернаторунун сыйлыгын утуп алды.

Виктор Цойдун апасы көз жумду
Легендарлуу "Кино" тобунун лидери, рок-музыкант Виктор Цойдун апасы Валентина Цой ушул жекшембиде көз жумду. Ал акыркы айда эки жолу инфаркт болгон. 72 жашында сапары карыган Валентина жыйырма жыл мурун жоготкон уулунун жанынан жай тапты.

Софиябы же Аллабы?!
Бул жылдын "Песни года" берүүсү Алла Пугачевасыз өтө турган болду. Учурда ал Киевде өткөрүлө турган "Рождественские вечера" автордук шоусуна даярданып жатат. Үч заводго декорациялар жайгаштырылып, ар бир деталы тыкыр иштелип жатат. Ал эми берки берүүнүн продюсери Игорь Крутой Алланын ролун - алып баруучулукту София Ротаруга сунуштаптыр, бирок ал чоң гонорар сурап койгондуктан, бул жылды жыйынтыктаган шоуну ким алып барары азырынча күмөн экен. София менен атаандаштыгы бар Алла кайра макулдугун берет болуш керек дешет жакшы билгендер. Бирок анын гонорары София сурагандан жогору болот имиш.